పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (10) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అహ్'జాబ్
إِذۡ جَآءُوكُم مِّن فَوۡقِكُمۡ وَمِنۡ أَسۡفَلَ مِنكُمۡ وَإِذۡ زَاغَتِ ٱلۡأَبۡصَٰرُ وَبَلَغَتِ ٱلۡقُلُوبُ ٱلۡحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِٱللَّهِ ٱلظُّنُونَا۠
Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.[1]
[1] Бул окуя белгилүү «Хандак» казатында болгон. Мушриктер менен яхудилердин бириккен күчтөрү Исламды тамырынан курутуп жиберүү үчүн Мединага (Ислам борборуна) ар тараптан кол салышкан. Жогор жактан Мекке, Хижаз мушриктери, ылдый жактан Нажд каапырлары. Мединанын айланасындагы яхудилер аларга колдоо көргөзүп турган. Пайгамбарыбыз Салман Фарисий деген сахабанын сунушу менен Мединанын айланасына хандак (окоп) каздырган. Ошондон улам «Хандак» казаты деп аталат. Ушундой оор кырдаалда мусулмандардын арасындагы мунафыктар «Эми, Исламдын өмүрү бүттү» - деп ызы-чуу чыгарып жиберишкен. Кээ бир ыйманы начар адамдар буга ишенип, «Эми Аллах мусулмандарга жардам бербейт экен» деп Аллахка жаман ойлоп калышкан.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (10) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అహ్'జాబ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية - అనువాదాల విషయసూచిక

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

మూసివేయటం