పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (4) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అహ్'జాబ్
مَّا جَعَلَ ٱللَّهُ لِرَجُلٖ مِّن قَلۡبَيۡنِ فِي جَوۡفِهِۦۚ وَمَا جَعَلَ أَزۡوَٰجَكُمُ ٱلَّٰٓـِٔي تُظَٰهِرُونَ مِنۡهُنَّ أُمَّهَٰتِكُمۡۚ وَمَا جَعَلَ أَدۡعِيَآءَكُمۡ أَبۡنَآءَكُمۡۚ ذَٰلِكُمۡ قَوۡلُكُم بِأَفۡوَٰهِكُمۡۖ وَٱللَّهُ يَقُولُ ٱلۡحَقَّ وَهُوَ يَهۡدِي ٱلسَّبِيلَ
Аллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар»[1] кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.[2]
[1] «Зихар» - бул бир кишинин өз аялына «Сенин көкүрөгүң (же белиң, же балтырың, же билегиң) апамдыкына окшойт экен» - деп, анын бир уяттуу жерин апасыныкына окшотуу. Исламдан илгери арабтар, эгер бир киши аялын «зихар» кылса «Эми аялың сага апа болуп калды» - деп өкүм чыгарып жүрүшкөн. Аллах бул аят менен Исламга чейинки доордон калган «зихарды да», «зихар» себептүү араб мушриктери чыгарган өкүмдү да жокко чыгарды. Бир адамда бир эле жүрөк болгондой, бир эле эне болот. Эгер шайтан азгырып аялын «зихар» кылса, тообо кылып, каффаарат төлөп жашай берет, талак түшпөйт.
[2] Исламга чейинки доорунун мыйзамы боюнча бакма бала өзүнүн канынан жаралган перзент катары кабыл алынып, багып алган атанын ысымын алып, анын өз перзенти сыяктуу мурас алуу укугуна да ээ болгон. Аллах бул аятта ушул эрежени да бекер кылды. Эми Ислам өкүмү боюнча бакма бала анын ысымын көтөрбөйт. Бул дүйнөгө келүүсүнө себеп болгон атасынын аты менен «Баланчанын баласы» деп аталат. Аллахтын ушул жолу - Акыйкат жана эң туура жол.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (4) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అహ్'జాబ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية - అనువాదాల విషయసూచిక

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

మూసివేయటం