Check out the new design

పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - షంసుద్దీన్ హకిమోవ్ * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం సూరహ్: ఫాతిర్   వచనం:
هُوَ ٱلَّذِي جَعَلَكُمۡ خَلَٰٓئِفَ فِي ٱلۡأَرۡضِۚ فَمَن كَفَرَ فَعَلَيۡهِ كُفۡرُهُۥۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ إِلَّا مَقۡتٗاۖ وَلَا يَزِيدُ ٱلۡكَٰفِرِينَ كُفۡرُهُمۡ إِلَّا خَسَارٗا
(Оо, момундар!) Ал силерди жер бетинде Өзүнүн халифа-орун басарлары кылды! Кимде-ким каапыр болсо, каапырчылыгы өзүнө зыян! Раббилеринин алдында алардын каапырчылыгы (Аллах тарабынан болгон) жек көрүүнү гана көбөйтөт. Каапырларга өздөрүнүн каапырлыгы зыянды гана көбөйтөт.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ شُرَكَآءَكُمُ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَرُونِي مَاذَا خَلَقُواْ مِنَ ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ لَهُمۡ شِرۡكٞ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَمۡ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ كِتَٰبٗا فَهُمۡ عَلَىٰ بَيِّنَتٖ مِّنۡهُۚ بَلۡ إِن يَعِدُ ٱلظَّٰلِمُونَ بَعۡضُهُم بَعۡضًا إِلَّا غُرُورًا
Айт: «(Оо, мушриктер) өзүңөр дуба (ибадат) кылган, Аллахтан башка «кудайыңарга» карагылачы! Алар жерден эмнени жаратканын мага көргөзгүлөчү! Же алар үчүн асмандарда(гы кээ бир нерселерди жаратууда Аллахка) шерикчилик барбы?! Же Биз аларга, анын далилдерине таяна турган Китеп бериптирбизби?! Жок! Залымдар бири-бирине (далил-чындыктарды эмес) жалганды гана убада беришкен».
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ يُمۡسِكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ أَن تَزُولَاۚ وَلَئِن زَالَتَآ إِنۡ أَمۡسَكَهُمَا مِنۡ أَحَدٖ مِّنۢ بَعۡدِهِۦٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ حَلِيمًا غَفُورٗا
Чынында, асмандар менен жерди жок болуп кетүүдөн Аллах гана кармап турат. Эгер ал экөөсү жок болуп кетчү болсо, Аллахтан башка эч ким аларды (жок болуудан) тосо албайт! Ал пейили Жумшак, Кечиримдүү!
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِن جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ لَّيَكُونُنَّ أَهۡدَىٰ مِنۡ إِحۡدَى ٱلۡأُمَمِۖ فَلَمَّا جَآءَهُمۡ نَذِيرٞ مَّا زَادَهُمۡ إِلَّا نُفُورًا
(Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, туура жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү - пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( туура жолдон ) качууларын гана көбөйттү.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
ٱسۡتِكۡبَارٗا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَمَكۡرَ ٱلسَّيِّيِٕۚ وَلَا يَحِيقُ ٱلۡمَكۡرُ ٱلسَّيِّئُ إِلَّا بِأَهۡلِهِۦۚ فَهَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ ٱلۡأَوَّلِينَۚ فَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَبۡدِيلٗاۖ وَلَن تَجِدَ لِسُنَّتِ ٱللَّهِ تَحۡوِيلًا
(Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (туура жолго ээрчибей коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун[1] гана күтүп калышты. Сен Аллахтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллахтын жолун өзгөртө албайсың!
[1] Аллахтын жолу-эрежеси боюнча, ким дааватка текеберленсе, башына азап түшөт.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
أَوَلَمۡ يَسِيرُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرُواْ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَكَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنۡهُمۡ قُوَّةٗۚ وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُعۡجِزَهُۥ مِن شَيۡءٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَلِيمٗا قَدِيرٗا
Алар жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү![1] Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллахты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Ал Билүүчү, Кудуреттүү.[2]
[1] Ар кайсы жерлерде байыркы, Аллах кыргын салган мушрик элдердин кооз сарайларынын урандылары, өнүккөн маданияттарынын издери калган.
[2] Бирок мээримдүүлүгү каардуулугун жеңген Аллах мушрик-каапыр коомдорго дагы эле мөөнөт берүүдө. Көпчүлүгүнүн жазасын Кыяматка калтырууда.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం సూరహ్: ఫాతిర్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - షంసుద్దీన్ హకిమోవ్ - అనువాదాల విషయసూచిక

దీనిని షంస్ అల్-దీన్ హకీమోవ్ అబ్దుల్ ఖాలిక్ అనువదించారు, రువాద్ అనువాద కేంద్రం యొక్క పర్యవేక్షణలో అభివృద్ధి చేయబడింది.

మూసివేయటం