పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية * - అనువాదాల విషయసూచిక

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (148) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అన్ఆమ్
سَيَقُولُ ٱلَّذِينَ أَشۡرَكُواْ لَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ مَآ أَشۡرَكۡنَا وَلَآ ءَابَآؤُنَا وَلَا حَرَّمۡنَا مِن شَيۡءٖۚ كَذَٰلِكَ كَذَّبَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ حَتَّىٰ ذَاقُواْ بَأۡسَنَاۗ قُلۡ هَلۡ عِندَكُم مِّنۡ عِلۡمٖ فَتُخۡرِجُوهُ لَنَآۖ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَإِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَخۡرُصُونَ
Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.[1] Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!
[1] Алардын тагдырга шылтагандары жалган-жалаа жана карандай калп. Анткени: 1. Аллах ар бир адамга, Өзү буюрган ишти аткара ала турган идирек жана кудурет берген. Аллах эч кимди кудурети жетпеген ишке буюрбайт. Ошондой эле, эч кимге сактанууга мүмкүн болбогон нерсени арам кылбайт. Демек, тагдырга шылтоо ачык эле, Аллахка каршы чыгуу дегенди билдирет. 2. Адамдын иши өзүнүн ыктыярынан келип чыгат. Эгер бир ишти кааласа - жасайт, каалабаса - койот. Муну жүрөгү сокур адамдар гана четке кагат. Ооба, ааламдагы ар бир кыймыл-аракет Аллахтын каалоосуна байланыштуу. Бирок, ар бир акыл-эстүү адам өзүнүн ыктыярдуу аракети менен мажбур болгондогу аракетинин айырмасын билет. 3. Күнөөсүн тагдырга шылтоологон адамдар, эгер бир адам аны урса же мал-мүлкүн уурдаса, эмне үчүн туталанып, ачууланат?! “Тагдыр экен” деп жөн эле койбойбу! Алардын пейилиндеги бул карама-каршылыктын мааниси, алар бир акыйкаттын түбүнө жетейин деген максат менен тагдыр маселесине жармашып жатышканы жок.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (148) సూరహ్: సూరహ్ అల్-అన్ఆమ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية - అనువాదాల విషయసూచిక

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

మూసివేయటం