Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллахтын алдында эң чоң күнөө![1]
[1] Кээ бир мусулмандар каапырлардын зулумдугуна чыдабай кеткенде "Эх, качан Аллахтан согуш жөнүндө өкүм келээр экен" деп бейсабыр болушкан. Анан, убактысы жетип, Аллах тааладан жихадка чыккыла деген өкүм келгенде, жанагы "баатырлар" болбогур нерселерди шылтоолоп согуштан кара жанын калкалап калышты.
(Оо, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «Оо, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллахтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңер го!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллах дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!
Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Иса (мындай) деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен силерге Аллахтан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын".[1] Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкыр го!» дешти.
[1] «Ахмад» - бул пайгамбарыбыздын Инжилде жазылган аты. Бул ысымдын биринчи мааниси «Аллахты мактаган», экинчи мааниси «Макталган». Христиандар Инжилди өзгөрткөндө ал ысымды өчүрүп жиберишкен. Бирок, байыркы латын тилиндеги нускаларында «Параклет» (Макталган) деген ысым сакталып калган.
(Ал соода төмөндөгүчө:) Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллахтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер.
(Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул – Улуу Жеңиш!
Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллах силерге белек кылат. Ал –) Аллахтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (Оо, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө!
Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Иса дагы шакирттерине «Аллах Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз – Аллахтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исраил урпактарынан бир тайпасы (Исанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалары каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
అన్వేషణ ఫలితాలు:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".