పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - అనువాదాల విషయసూచిక


భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (40) సూరహ్: సూరహ్ యూసుఫ్
مَا تَعۡبُدُونَ مِن دُونِهِۦٓ إِلَّآ أَسۡمَآءٗ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِ أَمَرَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер өзүңөр жана ата-бабаларыңар кудайлар деп атап алышкан атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок. Силер аларга ысымдарды ыйгарып алганыңарды туура дегенге Аллах эч кандай далил түшүргөн эмес. Бүткүл жаратылгандардын өкүмү – силер жана ата-бабаларыңар атап алган ысымдарга эмес, жалгыз Аллахка гана таандык. Аллах силерди жалгыз Ага гана сыйынууңарды буйруду жана Ага башкаларды шерик кылууңарды тыйды. Мына ошол жалгыз Аллахка сыйынуучулук – эч кандай бурмалануусу жок туура дин. Бирок көпчүлүк адамдар муну билишпейт. Ошол себептен алар Аллахка шерик кошушуп, кээ бир жаратылгандарга сыйынышат.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
ఈ పేజీలోని వచనాల ద్వారా లభించే ప్రయోజనాలు:
• وجوب اتباع ملة إبراهيم، والبراءة من الشرك وأهله.
Ибрахим пайгамбардын динин ээрчүнүн жана ширк менен мушриктерден баш тартуунун милдеттиги.

• في قوله:﴿ءَأَرْبَابٌ مُّتَفَرِّقُونَ ...﴾ دليل على أن هؤلاء المصريين كانوا أصحاب ديانة سماوية لكنهم أهل إشراك.
Аллахтын «бытыранды кудайларбы?...» деген сөзүндө айтылган адамдар – көктөн түшкөн диндерди тутунгандар экенине далил болот. Бирок алар ширк кылган адамдар.

• كلُّ الآلهة التي تُعبد من دون الله ما هي إلا أسماء على غير مسميات، ليس لها في الألوهية نصيب.
Аллахтан башка сыйынылган кудайлар – алар атына заты туура келбеген аталыштардан башка эч нерсе эмес. Алардын кудай болууга эч кандай укугу жок.

• استغلال المناسبات للدعوة إلى الله، كما استغلها يوسف عليه السلام في السجن.
Аллахка даават кылууда мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып калуу. Юсуф пайгамбар да зынданда ошондой мүмкүнчүлүктү пайдаланды.

 
భావార్ధాల అనువాదం వచనం: (40) సూరహ్: సూరహ్ యూసుఫ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - అనువాదాల విషయసూచిక

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

మూసివేయటం