Check out the new design

పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - అల్ ఖుర్ఆన్ అల్ కరీమ్ సంక్షిప్త వ్యాఖ్యానం * - అనువాదాల విషయసూచిక


భావార్ధాల అనువాదం సూరహ్: అల్-బఖరహ్   వచనం:
ٱلۡحَجُّ أَشۡهُرٞ مَّعۡلُومَٰتٞۚ فَمَن فَرَضَ فِيهِنَّ ٱلۡحَجَّ فَلَا رَفَثَ وَلَا فُسُوقَ وَلَا جِدَالَ فِي ٱلۡحَجِّۗ وَمَا تَفۡعَلُواْ مِنۡ خَيۡرٖ يَعۡلَمۡهُ ٱللَّهُۗ وَتَزَوَّدُواْ فَإِنَّ خَيۡرَ ٱلزَّادِ ٱلتَّقۡوَىٰۖ وَٱتَّقُونِ يَٰٓأُوْلِي ٱلۡأَلۡبَٰبِ
Ажылык убагы белгилүү айлар, Шаввал айынан башталып, Зулхижжа айынын онунчу күнү бүтөт. Ким ушул айларда ажылык кылууну өзүнө милдет кылса жана ихрамга кирсе, ал үчүн жыныстык мамиле жана ага алып бара турган иштерди кылуу арам болот. Убакыттын жана жердин улуктугунан улам күнөө кылып Аллахка баш ийбей кетүүнүн арамдыгы анын акысында күчтүүрөөк болот. Ошондой эле ачууланууга жана душмандыкка алып баруучу талаш-тартыштар да ал үчүн арам. Кандай жакшылык кылсаңар да, Аллах аны билет жана анын сыйлыгын берет. Ажылык кылууга жардам суроо менен өзүңөргө керектүү тамак-аш жана суусундуктарды алгыла. Билгиле, бардык ишиңерде жардам катары колдоно тургандардын эң жакшысы – Аллах таалага такыбалык кылуу. Оо, тунук акыл ээлери! Буйруктарымды аткарып, тыйгандарымды таштоо менен Менден корккула.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
لَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَبۡتَغُواْ فَضۡلٗا مِّن رَّبِّكُمۡۚ فَإِذَآ أَفَضۡتُم مِّنۡ عَرَفَٰتٖ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ عِندَ ٱلۡمَشۡعَرِ ٱلۡحَرَامِۖ وَٱذۡكُرُوهُ كَمَا هَدَىٰكُمۡ وَإِن كُنتُم مِّن قَبۡلِهِۦ لَمِنَ ٱلضَّآلِّينَ
Ажылык маалында соода жана башка нерселер менен адал ырыскы издөө күнөө эмес. Тогузунчу күнү Арафатта турганыңардан кийин Зулхижжанын онунчу түнү Муздалифаны көздөй жөнөгөнүңөрдө, ал жердеги Аль-Машар аль-Харамда Аллахты аруулоо, келме айтуу, дуба кылуу менен зикир кылгыла. Аллах силерди диний белгилерине жана Анын үйүнө ажылык кылуу жөрөлгөлөрүнө багытташ үчүн Аны зикир кылгыла. Анткени силер буга чейин Анын шариятынан бейкапар элеңер.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
ثُمَّ أَفِيضُواْ مِنۡ حَيۡثُ أَفَاضَ ٱلنَّاسُ وَٱسۡتَغۡفِرُواْ ٱللَّهَۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Андан соң силер Исламга чейинки доордун адамдары Арафатта турбастан эле кетип калышкандай эмес, Ибрахимди ээрчиген адамдар кылгандай Арафаттан түшкүлө жана Аллахтын шариятын аткаруудагы кетирген кемчиликтериңер үчүн Андан кечирим сурагыла. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Ырайымдуу.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
فَإِذَا قَضَيۡتُم مَّنَٰسِكَكُمۡ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَذِكۡرِكُمۡ ءَابَآءَكُمۡ أَوۡ أَشَدَّ ذِكۡرٗاۗ فَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ رَبَّنَآ ءَاتِنَا فِي ٱلدُّنۡيَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖ
Ажылык ибадаттарын бүтүрүп, андан бошосоңор, Аллахты зикир кылгыла жана ата-бабаларыңар менен сыймыктанып, аларды мактаган сыяктуу Аллахты да көп мактагыла же Аллахты ата-бабаларыңарды эстегенден да көбүрөөк эстегиле. Анткени силер пайдаланып жаткан ар бир жакшылык Аллахтан. Адамдар ар түрдүү, алардын арасында бул дүйнөгө гана ишенген мушрик каапырлар бар, алар Раббисинен дүйнө жыргалчылыктары жана кооздуктары болгон ден-соолук, байлык жана бала-чака гана сурашат. Алар дүйнөнү сүйүп, акыреттен жүз бургандыктан, Аллах Өзүнүн ыймандуу пенделери үчүн даярдап койгон нерселерден насипке ээ болушпайт.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
وَمِنۡهُم مَّن يَقُولُ رَبَّنَآ ءَاتِنَا فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ حَسَنَةٗ وَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ
Адамдардын дагы бир тобу Аллахка ыйман келтирип, акыретке ишенишет. Алар Раббисинен бейишке жеткирүүнү жана тозок азабынан куткарууну сурашкан сыяктуу бул дүйнө жыргалчылыгын жана андагы жакшылык иштерди сурашат.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ نَصِيبٞ مِّمَّا كَسَبُواْۚ وَٱللَّهُ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурап дуба кылгандар бул дүйнөдө жасаган жакшылык иштери үчүн улуу сыйлыктарга ээ болушат. Аллах иш-аракеттердин эсебин тез алуучу.
అరబీ భాషలోని ఖుర్ఆన్ వ్యాఖ్యానాలు:
ఈ పేజీలోని వచనాల ద్వారా లభించే ప్రయోజనాలు:
• يجب على المؤمن التزود في سفر الدنيا وسفر الآخرة، ولذلك ذكر الله أن خير الزاد هو التقوى.
Ыймандуу адам дүйнө жана акырет сапары үчүн азык камдоого тийиш. Ошол себептен Аллах азыктын эң жакшысы – такыбалык деп айтты.

• مشروعية الإكثار من ذكر الله تعالى عند إتمام نسك الحج.
Ажы ибадаттары толук бүткөндө Аллахты көп зикир кылуу шариятта келген.

• اختلاف مقاصد الناس؛ فمنهم من جعل همّه الدنيا، فلا يسأل ربه غيرها، ومنهم من يسأله خير الدنيا والآخرة، وهذا هو الموفَّق.
Адамдардын максаттары ар түрдүү болгондуктан, алардын кээ бирлери дүйнөнү гана көздөп, Раббисинен андан башканы сурашпайт. Ал эми кээ бирлери Андан дүйнө жана акырет жакшылыктарын сурашат. Мына ушунусу ийгиликке жетет.

 
భావార్ధాల అనువాదం సూరహ్: అల్-బఖరహ్
సూరాల విషయసూచిక పేజీ నెంబరు
 
పవిత్ర ఖురాన్ యొక్క భావార్థాల అనువాదం - కిర్గిజ్ అనువాదం - అల్ ఖుర్ఆన్ అల్ కరీమ్ సంక్షిప్త వ్యాఖ్యానం - అనువాదాల విషయసూచిక

ఇది తఫ్సీర్ అధ్యయన కేంద్రం ద్వారా విడుదల చేయబడింది.

మూసివేయటం