Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mealler fihristi


Anlam tercümesi Sure: Sûratu Yâsîn   Ayet:

Ya Sin

Surenin hedefleri:
إثبات الرسالة والبعث ودلائلهما.
Элчиликти, кайра тирилүүнү жана алардын белгилерин тастыктоо.

يسٓ
Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
Arapça tefsirler:
وَٱلۡقُرۡءَانِ ٱلۡحَكِيمِ
Аяттары бекемделген жана алдынан да, артынан да жалган келе албаган Куран менен Аллах ант берди.
Arapça tefsirler:
إِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Аллах пенделерин жалгыз Өзүнө сыйынууга жана ибадат кылууга буйруу үчүн жиберген пайгамбарлардансың.
Arapça tefsirler:
عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн.
Arapça tefsirler:
تَنزِيلَ ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ
Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн.
Arapça tefsirler:
لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمۡ فَهُمۡ غَٰفِلُونَ
Биз аны сага араб коомун коркутуп, эскертиш үчүн түшүрдүк. Аларга эскертүүчү пайгамбар келген эмес, алар ыйманга жана Аллахка сыйынууга көңүл бурушпайт. Ошондой эле эскертүү жетпеген бардык коомдордун абалы ушундай, алар эскертүүчү пайгамбарларга муктаж.
Arapça tefsirler:
لَقَدۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَىٰٓ أَكۡثَرِهِمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Алардын көпчүлүгүнө Аллахтын азабы милдет болду. Анткени ага чейин аларга пайгамбардын өз оозу менен Аллахтын акыйкаты жеткен, бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришкен жок жана аларга келген акыйкатты иш жүзүндө аткарышкан жок.
Arapça tefsirler:
إِنَّا جَعَلۡنَا فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ أَغۡلَٰلٗا فَهِيَ إِلَى ٱلۡأَذۡقَانِ فَهُم مُّقۡمَحُونَ
Алардын бул нерседеги мисалы моюндарына кишен салынып, жаактарынан ылдый моюндары менен кошо колдору байланган адамдар сыяктуу. Алар баштарын асманга көтөрүп турууга аргасыз. Андыктан алар аны ылдый кыла алышпайт. Мына ошолор Аллахка ыйман келтирүүдөн кишенделгендер, алар Ага моюн сунушпайт жана Ал үчүн баштарын да ийишпейт.
Arapça tefsirler:
وَجَعَلۡنَا مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ سَدّٗا وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ سَدّٗا فَأَغۡشَيۡنَٰهُمۡ فَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ
Биз аларды алдынан да, артынан да акыйкаттан тосуп койдук жана алардын көздөрүн акыйкатты көрүүдөн бууп койдук. Андыктан алар аны пайда ала тургандай көрө алышпайт. Бул нерсе алар баш ийбестик кылып, каапырлыктан баш тартпагандан кийин болду.
Arapça tefsirler:
وَسَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Оо, Мухаммад! Сен акыйкатка каршы чыккан каапырларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, аларга баары бир. Алар сен Аллах тараптан алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт.
Arapça tefsirler:
إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكۡرَ وَخَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِۖ فَبَشِّرۡهُ بِمَغۡفِرَةٖ وَأَجۡرٖ كَرِيمٍ
Чындыгында сенин эскертмеңден бул Куранды чындык дегендер, андагы келгенге ээрчигендер жана эч ким көрбөй тургандай жалгыз калган учурда Раббисинен корккон адамдар чындап пайда алышат. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгондорго аларды кубандырган нерсени кабар бер, Аллах алардын күнөөлөрүн өчүрөт жана кечирет, ошондой эле акыретте аларды улуу сыйлык болгон бейишке кирүү күтүп турат.
Arapça tefsirler:
إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ
Чындыгында Биз кыямат күнү сурак алуу үчүн өлүктөрдү кайра тирилтебиз жана алар дүйнө жашоосунда кылган жакшылык жана жамандык иштерин жазып коёбуз, ошондой эле алар өлгөндөн кийин артында калтырып кеткен сообу улануучу садака же каапырлык сыяктуу жамандыктарын да жазып коёбуз. Биз бүткүл нерселерди анык Китепте (Лаухуль Махфузда) эсептеп жазып койгонбуз.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• العناد مانع من الهداية إلى الحق.
Баш ийбестик акыйкат жолго түшүүнү тосот.

• العمل بالقرآن وخشية الله من أسباب دخول الجنة.
Куранда келгенди аткаруу жана Аллахтан коркуу бейишке кирүүнүн себептеринен.

• فضل الولد الصالح والصدقة الجارية وما شابههما على العبد المؤمن.
Такыба баланын, сообу улануучу садаканын жана башка ушуга окшогон нерселердин ыймандуу адамга тийгизген жакшылыгы.

وَٱضۡرِبۡ لَهُم مَّثَلًا أَصۡحَٰبَ ٱلۡقَرۡيَةِ إِذۡ جَآءَهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Оо, пайгамбар! Ал баш ийбеген каапырларга сабак алчу бир мисалды айтып бер, ал бир шаар элине элчилердин келгендиги тууралуу окуя.
Arapça tefsirler:
إِذۡ أَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهِمُ ٱثۡنَيۡنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزۡنَا بِثَالِثٖ فَقَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَيۡكُم مُّرۡسَلُونَ
Биз башында аларды Аллахты жалгыздоого жана Ага ибадат кылууга чакырыш үчүн эки элчини жибергенбиз. Алар ал экөөсүн жалганга чыгарышты, анан Биз аларга үчүнчү элчини кошуп кубаттадык. Ошондо үч элчи шаардын элине айтты: «Чындыгында биз үчөөбүз тең силерди Аллахка гана сыйуунуга жана Анын шариятын ээрчүүгө чакыруу үчүн пайгамбар болуп жиберилдик».
Arapça tefsirler:
قَالُواْ مَآ أَنتُمۡ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُنَا وَمَآ أَنزَلَ ٱلرَّحۡمَٰنُ مِن شَيۡءٍ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا تَكۡذِبُونَ
Шаардын эли элчилерге айтышты: «Силер бизге окшогон эле адамсыңар, бизден артык эмессиңер. Ырайымдуу силерге эч кандай вахий түшүргөн жок жана силер бул сөзүңөр менен Аллахка жалган жалаа жаап жатасыңар».
Arapça tefsirler:
قَالُواْ رَبُّنَا يَعۡلَمُ إِنَّآ إِلَيۡكُمۡ لَمُرۡسَلُونَ
Ал үч элчи шаар элинин жалганга чыгарганына жооп кылып айтышты: «Оо, шаар эли! Раббибиз билет, биз силерге Ал тараптан элчи болуп жиберилдик. Ушул нерсе биз үчүн далилге жетиштүү.
Arapça tefsirler:
وَمَا عَلَيۡنَآ إِلَّا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
Биздин милдет буйрулган нерсени гана силерге ачык-айкын жеткирүү. Ал эми силерди туура жолго салуу биздин колубузда эмес».
Arapça tefsirler:
قَالُوٓاْ إِنَّا تَطَيَّرۡنَا بِكُمۡۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهُواْ لَنَرۡجُمَنَّكُمۡ وَلَيَمَسَّنَّكُم مِّنَّا عَذَابٌ أَلِيمٞ
Шаар эли элчилерге айтышты: «Биз силерди жамандыкка жоруп жатабыз. Эгер бизди жалгыз Аллахка сыйынгыла деп даават кылганыңарды токтотпосоңор, силерди таш бараң кылып өлтүрөбүз жана бизден аёсуз азапты көрөсүңөр».
Arapça tefsirler:
قَالُواْ طَٰٓئِرُكُم مَّعَكُمۡ أَئِن ذُكِّرۡتُمۚ بَلۡ أَنتُمۡ قَوۡمٞ مُّسۡرِفُونَ
Элчилер аларга жооп кылып: «Силер Аллахка каапырлык кылып, Анын элчилерин ээрчүдөн баш тартканыңар себептүү жоруган жамандыгыңар өзүңөргө кайтат. Биз силерге Аллахты эскертсек да жамандыкка жоруйсуңарбы?! Силер каапырлыкта жана күнөө кылууда анык эле чектен чыккан коомсуңар».
Arapça tefsirler:
وَجَآءَ مِنۡ أَقۡصَا ٱلۡمَدِينَةِ رَجُلٞ يَسۡعَىٰ قَالَ يَٰقَوۡمِ ٱتَّبِعُواْ ٱلۡمُرۡسَلِينَ
Ошондо шаардан алыс жерден бир адам эли элчилерди жалганга чыгарып коюшпасын, аларды өлтүрүп же зыян берип коркутушпасын деп алар үчүн коркуп шашып-бушуп келип мындай деди: «Оо, элим! Бул элчилер алып келген нерсеге ээрчигиле.
Arapça tefsirler:
ٱتَّبِعُواْ مَن لَّا يَسۡـَٔلُكُمۡ أَجۡرٗا وَهُم مُّهۡتَدُونَ
Оо, элим! Келген нерсени жеткиргени үчүн силерден акы сурабаган адамдарга ээрчигиле! Алар Аллах тараптан силерге жеткирген нерседе туура жолду тутунгандар. Ким ушундай болсо, анда ал ээрчитүүгө татыктуу.
Arapça tefsirler:
وَمَالِيَ لَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Ал насаатчы адам айтты: «Мени жараткан Аллахка сыйынуудан мени эмне тосуп жатат?! Силерди жараткан Аллахка сыйынуудан силерди эмне тосуп жатат?! Силер сыйлык же жаза алыш үчүн кайрадан тирилип Ага гана кайтасыңар.
Arapça tefsirler:
ءَأَتَّخِذُ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةً إِن يُرِدۡنِ ٱلرَّحۡمَٰنُ بِضُرّٖ لَّا تُغۡنِ عَنِّي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا يُنقِذُونِ
Мен акым жок туруп мени жараткан Аллахтан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Ырайымдуу жамандыкты кааласа, мага ал кудайлардын ортомчулугу эч пайда бербейт жана алар мага пайда да, зыян да келтире алышпайт. Ошондой эле мен каапырлыкта өлгөн болсом, Аллах мага каалаган жамандыктан мени куткара алышпайт.
Arapça tefsirler:
إِنِّيٓ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٍ
Эгерде мен Аллахтан башкаларды кудай кылып алсам, анда мен анык жаңылган болом. Анткени мен сыйынууга татыктууну таштап, сыйынууга татыктуу эмеске сыйындым.
Arapça tefsirler:
إِنِّيٓ ءَامَنتُ بِرَبِّكُمۡ فَٱسۡمَعُونِ
Оо, элим! Чындыгында мен өзүмдүн жана силердин жалпы Раббибизге ыйман келтирдим, эми мени уккула, мен силердин өлтүрөм деп коркутканыңарга көңүл да бурбайм». Ошондо аны эли өлтүрүп коюшат. Анан Аллах аны бейишке киргизди.
Arapça tefsirler:
قِيلَ ٱدۡخُلِ ٱلۡجَنَّةَۖ قَالَ يَٰلَيۡتَ قَوۡمِي يَعۡلَمُونَ
Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыкты көргөндө өзүнчө кыялдана: «Аттиң, мени жалганга чыгарган, мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!».
Arapça tefsirler:
بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ
Ал шейит болгондон кийин ага сый көргөзүлүп: «Бейишке кир!» – деп айтылды. Ал бейишке кирип, андагы жыргалчылыкты көргөндө өзүнчө кыялдана: «Аттиң, мени жалганга чыгарган, мени өлтүргөн элим күнөөлөрүмдү кечирилгенин жана Раббим мага кандай сый-урмат көргөзгөнүн билишсе кана, алар мага окшоп ыйман келтирип, мага берилгендей сыйлыкка жетишсе кана!».
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• أهمية القصص في الدعوة إلى الله.
Аллахка даават кылууда окуялардын маанилүүлүгү.

• الطيرة والتشاؤم من أعمال الكفر.
Ырым-жырым кылуу жана жамандыкка жоруу каапырлардын иш-аракеттеринен.

• النصح لأهل الحق واجب .
Акыйкат ээлери үчүн насаат кылуу милдет.

• حب الخير للناس صفة من صفات أهل الإيمان.
Адамдарга жакшылык каалоо ыймандуу адамдардын сыпаттарынан.

۞ وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِن جُندٖ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَمَا كُنَّا مُنزِلِينَ
Аны жалганга чыгарган жана өлтүргөн элине асмандан периштелерден болгон аскер түшүрүп, аларды жок кылууга Биз муктаж эмеспиз. Кайсы бир коомду жок кылганда аларага перителерди түшүргөн эмеспиз, аларды жок кылуу Бизге өтө жеңил. Биз, алардын кыйроосу азап периштелерин түшүрүү менен эмес, асмандан келген катуу кыйкырык аркылуу болсун деп чечтик.
Arapça tefsirler:
إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ خَٰمِدُونَ
Анын элинин окуясы Биз аларга жиберген бир кыйкырык гана болду. Ошондо алар сулайып өлүштү, алардын эч бири калбады. Алардын мисалы жарк этип күйүп, жалп этип өчкөн оттой болду, алардын артында эч нерсе калбады.
Arapça tefsirler:
يَٰحَسۡرَةً عَلَى ٱلۡعِبَادِۚ مَا يَأۡتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Кыямат күнү азапты көргөндө өкүнүчкө баткан, өкүттө калган кайран гана жалганчы пенделер! Анткени дүйнөдө пайгамбар аларга Аллах тараптан кандай нерсени алып келбесин, аны сөзсүз шылдыңга алып маскаралашкан. Мына ошондуктан кыямат күнү алардын акыбети Аллах тарапка кош көңүл карагандарына өкүнүү болду.
Arapça tefsirler:
أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّنَ ٱلۡقُرُونِ أَنَّهُمۡ إِلَيۡهِمۡ لَا يَرۡجِعُونَ
Пайгамбарларды шылдыңдашкан жалганчылар сабак алыш үчүн алардан мурунку коомдорду көрүшпөйбү?! Алар өлүштү, эми дүйнөгө эч качан кайтып келишпейт. Алар кылган иш-аракеттерин көздөй кетишти. Жакында Аллах аларга сыйлыгын же жазасын берет.
Arapça tefsirler:
وَإِن كُلّٞ لَّمَّا جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ
Кыяматта бардык коомдор кайра тирилгенден кийин алардын бири да калбастан кылган иш-аракеттеринин сыйлыгын же жазасын алыш үчүн Биздин алдыбызга келишет.
Arapça tefsirler:
وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلۡأَرۡضُ ٱلۡمَيۡتَةُ أَحۡيَيۡنَٰهَا وَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهَا حَبّٗا فَمِنۡهُ يَأۡكُلُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгаргандарга анын чындык экендигинин аят-белгиси – бул кургап калган жер. Биз ага асмандан жамгыр жаадырып, түркүн-түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрдүк жана адамдар жеш үчүн ар кандай дан азыктарын чыгардык. Жамгыр жаадырып, өсүмдүктөрдү чыгарып бул жерди тирилткен Зат өлүктөрдү да кайра тирилтүүгө кудуреттүү.
Arapça tefsirler:
وَجَعَلۡنَا فِيهَا جَنَّٰتٖ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَٰبٖ وَفَجَّرۡنَا فِيهَا مِنَ ٱلۡعُيُونِ
Биз жамгыр жаадырган бул жерди курма жана жүзүм бакчаларына айланттык жана аларды сугарууга булактарды чыгардык.
Arapça tefsirler:
لِيَأۡكُلُواْ مِن ثَمَرِهِۦ وَمَا عَمِلَتۡهُ أَيۡدِيهِمۡۚ أَفَلَا يَشۡكُرُونَ
Аллах адамдарга берген ал бакчалардын мөмө-жемиштеринен алар жешсин деп. Бул нерселер алардын аракети менен болгон жок. Эми алар бул жакшылыктарга шүгүр кылуу үчүн жалгыз Аллахка ибадаттарды кылышпайбы, Анын пайгамбарларына ыйман келтиришпейби?!
Arapça tefsirler:
سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَزۡوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلۡأَرۡضُ وَمِنۡ أَنفُسِهِمۡ وَمِمَّا لَا يَعۡلَمُونَ
Түрлүү-түрлүү өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды өстүргөн, адамдардын өздөрүнөн эркектер менен аялдарды жараткан жана ошондой эле кургактык менен деңизде адамдар билбеген Аллахтын башка макулуктарын жараткан Аллах аруу жана ыйык.
Arapça tefsirler:
وَءَايَةٞ لَّهُمُ ٱلَّيۡلُ نَسۡلَخُ مِنۡهُ ٱلنَّهَارَ فَإِذَا هُم مُّظۡلِمُونَ
Адамдарга Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – Биз күндүз менен кошо жарыкты кетиребиз, күндүздү түндөн ажыратып түндү келтиребиз жана күндүз бүткөндөн кийин караңгылыкты алып келебиз. Ошондо адамдар карыңгылыкка киришет.
Arapça tefsirler:
وَٱلشَّمۡسُ تَجۡرِي لِمُسۡتَقَرّٖ لَّهَاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ
Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Күн. Ал Аллах Өзү билген чектен ашып кетпестен, өз ордунда сүзүп жүрөт. Бул Кудуреттүүнүн белгилеп койгон тагдыры. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Билүүчү, Ага макулуктардын эч бир нерсеси жашыруун эмес.
Arapça tefsirler:
وَٱلۡقَمَرَ قَدَّرۡنَٰهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَٱلۡعُرۡجُونِ ٱلۡقَدِيمِ
Дагы алар үчүн Аллахтын жалгыздыгын билдирген белги – бул Ай. Биз ар бир түнгө анын өз ордун белгилеп койгонбуз. Ал кичине болуп башталып, улам чоңоё берет, кийин кайра кичирейип баштайт. Ал ичкелигинде, ийилчектигинде, саргычтыгында жана эскилигинде кудум ийилип жок болуп бара жаткан курманын шагы сымал.
Arapça tefsirler:
لَا ٱلشَّمۡسُ يَنۢبَغِي لَهَآ أَن تُدۡرِكَ ٱلۡقَمَرَ وَلَا ٱلَّيۡلُ سَابِقُ ٱلنَّهَارِۚ وَكُلّٞ فِي فَلَكٖ يَسۡبَحُونَ
Күн, Ай жана түн менен күндүздүн белгилери Аллахтын тагдыры менен белгиленген. Алар белгиленген чектен ашып кетишпейт. Күн Айдын жолун өзгөртүп же анын нурун кетирип, Ага кошулуп кетпейт. Ошондой эле түн дагы күндүздөн ашып кетпейт, анын убактысы бүтө электе эле кирип келбейт. Планеталар, орбиталар ж.б. сыяктуу Аллахтын тагдыры жана коргоосу менен моюн сундурулган бул макулуктардын ар биринин жеке өзүнө тийиштүү жолдору бар.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• ما أهون الخلق على الله إذا عصوه، وما أكرمهم عليه إن أطاعوه.
Адардардын эң кору Аллахка баш ийбестик кылгандар, алардын эң урматтуулары Ага моюн сунгандар.

• من الأدلة على البعث إحياء الأرض الهامدة بالنبات الأخضر، وإخراج الحَبِّ منه.
Кургак жерге жашыл өсүмдүктөрдү өстүрүп, андан дандарды чыгаруу менен аны жандандыруу кайра тирилүүлүүнүн далилдеринен.

• من أدلة التوحيد: خلق المخلوقات في السماء والأرض وتسييرها بقدر.
Аллахтын жалгыздыгынын далилдеринен – асман менен Жерде макулуктарды жаратып, аларды белгиленген чекте жүргүзүү.

وَءَايَةٞ لَّهُمۡ أَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُمۡ فِي ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ
Ошондой эле аларга Аллахтын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз Нухтун заманында топон суудан аман калган Адамдын кээ бир урпактарын Аллахтын макулуктары менен толгон кемеге түшүрдүк. Аллах ага ар бир түркүмдөн бирден жупту түшүрдү.
Arapça tefsirler:
وَخَلَقۡنَا لَهُم مِّن مِّثۡلِهِۦ مَا يَرۡكَبُونَ
Дагы аларга Анын жалгыздыгын жана пенделерине кылган жакшылыгынын белгиси – Биз алар үчүн Нухтун кемеси сыяктуу унааларды жараттык.
Arapça tefsirler:
وَإِن نَّشَأۡ نُغۡرِقۡهُمۡ فَلَا صَرِيخَ لَهُمۡ وَلَا هُمۡ يُنقَذُونَ
Эгерде Биз аларды чөктүрүүнү кааласак, чөктүрүп жибермекпиз. Эгер Биз алардын чөгүшүн каалаганда, аларга эч ким жардам бере алмак эмес. Эгер алар Биздин буйругубуз жана чечимибиз менен чөгүшкөндө, аларды эч ким куткара алмак эмес.
Arapça tefsirler:
إِلَّا رَحۡمَةٗ مِّنَّا وَمَتَٰعًا إِلَىٰ حِينٖ
Бирок Биз аларды чөгүүдөн куткарып жана алар өтүп кете албагандай белгилүү бир мөөнөткө чейин жашоодон пайдалануулары үчүн аларды кайра кайтарсак, балким ошондо алар сабак алышып ыйман келтирет чыгар.
Arapça tefsirler:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّقُواْ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيكُمۡ وَمَا خَلۡفَكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Эгерде ыймандан жүз бурган мушриктерге: «Аллахтын силерге кылган ырайымын үмүт кылуу менен алдыңардагы акыреттен жана анын азаптарынан сактангыла жана артта калуучу дүйнөдөн сактагыла!» – деп айтылса, алар баш ийишпейт.
Arapça tefsirler:
وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ
Качан ал баш ийбестик кылган мушриктерге Аллахтын жалгыздыгына жана Ал Өзү гана сыйынууна татыктуу экендигине далил болгон аят-белгилер келсе, алар андан сабак албастан туруп жүз бурушат.
Arapça tefsirler:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ أَنفِقُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَنُطۡعِمُ مَن لَّوۡ يَشَآءُ ٱللَّهُ أَطۡعَمَهُۥٓ إِنۡ أَنتُمۡ إِلَّا فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Эгер ал баш ийбестерге: «Аллах силерге ырыскы кылган мал-мүлктөн кедей-кембагалдарга да жардам бергиле!» – деп айтылса, ыймандууларды беттен алып мындай дешет: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган адамдарды биз тамактандырмак белек?! Биз анын каалоосуна каршы чыкпайбыз. Эй, момундар! Силер акыйкаттан алыстап, анык эле адашып жатасыңар».
Arapça tefsirler:
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا ٱلۡوَعۡدُ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарып, аны мүмкүн эмес деп четке каккан каапырлар айтышат: «Эй, момундар! Силер кайра тирилүү анык болот деген сөзүңөрдө чынчыл болсоңор айткылачы, ал качан болот экен?».
Arapça tefsirler:
مَا يَنظُرُونَ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ تَأۡخُذُهُمۡ وَهُمۡ يَخِصِّمُونَ
Кайра тирилүүнү мүмкүн эмес деп жалганга чыгаргандар сурнайдын биринчи тартылышын гана күтүп жатышат. Бул катуу кыйкырык алар соода-сатык, сугатчылык, чарбачылык ж.б. башка дүйнө иштери менен алек болуп жатышканда капыстан келет.
Arapça tefsirler:
فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ تَوۡصِيَةٗ وَلَآ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمۡ يَرۡجِعُونَ
Бул кыйкырык аларга күтүүсүз келгенде алар бири-бирине осуят кылганга да жетишпей калат, өз үйлөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпай калат. Алар ошол иштеп жаткан жерлеринде жан беришет.
Arapça tefsirler:
وَنُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَإِذَا هُم مِّنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ يَنسِلُونَ
Кайра тирилүүгө экинчи жолу сурнай тартылганда, алардын баарысы сурак бериш үчүн, сыйлык же жаза алыш үчүн Раббисине карай шашылып кабырларынан чыгышат.
Arapça tefsirler:
قَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا مَنۢ بَعَثَنَا مِن مَّرۡقَدِنَاۜۗ هَٰذَا مَا وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَصَدَقَ ٱلۡمُرۡسَلُونَ
Кайра тирилүүнү жалганга чыгарган каапырлар өкүнгөн абалда: «Шорубуз кургур ай! Бизди ким кабырдан тирилтип чыгарды?» – дегенде, аларга жооп берилет: «Бул Аллахтын берген убадасы. Чындыгында ал сөзсүз ишке ашат. Пайгамбарлар да Раббиси тараптан жеткирген бул нерседе чындыкты айтышкан».
Arapça tefsirler:
إِن كَانَتۡ إِلَّا صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَإِذَا هُمۡ جَمِيعٞ لَّدَيۡنَا مُحۡضَرُونَ
Кабырлардан кайра тирилип чыгуу кернейди бир жолу үйлөгөндө эле болот. Ошондо кыямат күнү сурак бериш үчүн бардык макулуктар Биздин алдыбызга келишет.
Arapça tefsirler:
فَٱلۡيَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٞ شَيۡـٔٗا وَلَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Ал күндө адилеттик менен өкүм кылынат. Эй, пенделер! Ошондо силерге күнөөлөрүңөр көбөйтүлүп же соопторуңардан кемитилип зулумдук кылынбайт. Чындыгында силер дүйнө жашоосунда кылган иштериңердин сыйлыгын же жазасын толук түрдө аласыңар.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• من أساليب تربية الله لعباده أنه جعل بين أيديهم الآيات التي يستدلون بها على ما ينفعهم في دينهم ودنياهم.
Аллахтын пенделерин тарбиялоо ыкмаларынан – Ал алардын бет алдына аят-белгилерди кылып койду, алар аны динине жана дүйнөсүнө пайда келтирген нерселерге далил кылышат.

• الله تعالى مكَّن العباد، وأعطاهم من القوة ما يقدرون به على فعل الأمر واجتناب النهي، فإذا تركوا ما أمروا به، كان ذلك اختيارًا منهم.
Аллах пенделерине алар Анын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштоого кудурети жете турганчалык мүмкүнчүлүк жана күч-кубат берди. Эгер алар буйрукту таштай турган болсо, бул алардын тандоосу болот.

إِنَّ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ ٱلۡيَوۡمَ فِي شُغُلٖ فَٰكِهُونَ
Кыямат күнү бейиш ээлери түбөлүк жыргалчылыкты жана улуу жеңишти көрүшкөндө башкаларды ойлонбой калышат. Алар кубанычта ошону гана ойлонуп калышат.
Arapça tefsirler:
هُمۡ وَأَزۡوَٰجُهُمۡ فِي ظِلَٰلٍ عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ مُتَّكِـُٔونَ
Алар жана алардын жубайлары бейиш көлөкөлөрүндө сөрүлөрдүн үстүндө жыргалчылыкта болушат.
Arapça tefsirler:
لَهُمۡ فِيهَا فَٰكِهَةٞ وَلَهُم مَّا يَدَّعُونَ
Ал бейиште алар үчүн жүзүм, анжир, анар сыяктуу мөмө-жемиштер болот. Ошондой эле алар ырахаттын жана жыргалчылыктын кандай түрүн сурашпасын, ал нерселер аларга берилет.
Arapça tefsirler:
سَلَٰمٞ قَوۡلٗا مِّن رَّبّٖ رَّحِيمٖ
Алар үчүн бул жакшылыктардан да өткөн жакшылык – аларга Ырайымдуу Раббиси тараптан айтылган салам болот. Эгерде Ал аларга салам айтса, алар бүт тараптан саламатта болушат жана эң жогорку деңгээлдеги саламдашууга жеткен болушат.
Arapça tefsirler:
وَٱمۡتَٰزُواْ ٱلۡيَوۡمَ أَيُّهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Кыямат күнү мушриктерге айтылат: «Ыймандуулардан бөлүнгүлө! Алар силер менен болууга ылайыктуу эмес. Анткени силердин жазаңар менен аларды сыйлыгы, силердин сыпаттарыңар менен алардын сыпаттары ар башка».
Arapça tefsirler:
۞ أَلَمۡ أَعۡهَدۡ إِلَيۡكُمۡ يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ أَن لَّا تَعۡبُدُواْ ٱلشَّيۡطَٰنَۖ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Мен силерге пайгамбарларымдын тили менен осуят кылып жана буйруп мындай деп айткан элем го: «Эй, адам баласы! Каапырлыктын жана күнөөлөрдүн түр-түрүн кылып шайтанга баш ийбегиле! Чындыгында шайтан силерге анык душман. Акылы бар адам ага душмандыгын ачык эле көргөзгөн душманына кантип эле баш ийсин?!
Arapça tefsirler:
وَأَنِ ٱعۡبُدُونِيۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ
Эй, адам баласы! Силерди Мага гана ибадат кылгыла жана Мага эч нерсени шерик кылбагыла деп буйрудум! Жалгыз Мага ибадат кылуу жана баш ийүү – Менин ыраазылыгыма жана бейишке алып барган туура жол. Бирок, силер Менин осуятымды жана буйругумду аткарбадыңар.
Arapça tefsirler:
وَلَقَدۡ أَضَلَّ مِنكُمۡ جِبِلّٗا كَثِيرًاۖ أَفَلَمۡ تَكُونُواْ تَعۡقِلُونَ
Шайтан силерден көптөгөн адамдарды адаштырды. Силерди Раббиңерге баш ийүүгө, жалгыз Ага сыйынууга буйругандай жана силерге ачык эле душмандык кылган шайтанга моюн сунуудан эскерткендей да акылыңар жокпу?!
Arapça tefsirler:
هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي كُنتُمۡ تُوعَدُونَ
Мына бул каапырлыгыңар үчүн дүйнөдө убада кылынган тозок. Ал силерге көрүнгөн эмес. Бүгүн болсо аны өз көзүңөр менен көрүп турасыңар.
Arapça tefsirler:
ٱصۡلَوۡهَا ٱلۡيَوۡمَ بِمَا كُنتُمۡ تَكۡفُرُونَ
Бүгүн ал жакка киргиле! Дүйнө жашоосунда Аллахка каапырлык кылганыңар себептүү анын жалындуу ысыгын таткыла!».
Arapça tefsirler:
ٱلۡيَوۡمَ نَخۡتِمُ عَلَىٰٓ أَفۡوَٰهِهِمۡ وَتُكَلِّمُنَآ أَيۡدِيهِمۡ وَتَشۡهَدُ أَرۡجُلُهُم بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Бүгүн Биз алардын ооздоруна мөөр басабыз, алар каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагып сүйлөй албай дудук болуп калышат. Бизге алардын кылган иштерин колдору айтып беришет жана алар басып барып кылган күнөөлөрүнө буттары күбө болушат.
Arapça tefsirler:
وَلَوۡ نَشَآءُ لَطَمَسۡنَا عَلَىٰٓ أَعۡيُنِهِمۡ فَٱسۡتَبَقُواْ ٱلصِّرَٰطَ فَأَنَّىٰ يُبۡصِرُونَ
Эгер Биз алардын көздөрүн сокур кылып коюуну кааласак, аларды көр кылып коймокпуз, анан алар көрө албай калышмак. Кийин алар Сыраттан бейишке өтүш үчүн жарышышат. Алардын көзү көрбөсө, алар андан кантип өтүшмөк эле?!
Arapça tefsirler:
وَلَوۡ نَشَآءُ لَمَسَخۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ مَكَانَتِهِمۡ فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مُضِيّٗا وَلَا يَرۡجِعُونَ
Эгерде Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртүүнү жана аларды буттарына отургузуп коюуну кааласак, анда Биз алардын дене түзүлүшүн өзгөртмөкпүз жана аларды буттарына отургузуп коймокпуз. Анан алар ордунан жыла албай калышат жана алдыга да, артка да кете албай калышат.
Arapça tefsirler:
وَمَن نُّعَمِّرۡهُ نُنَكِّسۡهُ فِي ٱلۡخَلۡقِۚ أَفَلَا يَعۡقِلُونَ
Биз жашоодо адамдардын кимисинин өмүрүн узун кылсак, аны алсыз куракка кайтарабыз. Алар акыл жүгүртүшпөйбү жана түбөлүк кала турган жай бул дүйнө эмес, акырет экенин аңдап түшүнүшпөйбү?!
Arapça tefsirler:
وَمَا عَلَّمۡنَٰهُ ٱلشِّعۡرَ وَمَا يَنۢبَغِي لَهُۥٓۚ إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ وَقُرۡءَانٞ مُّبِينٞ
Биз Мухаммадга ыр үйрөткөн жокпуз. Бул ага ылайык келбейт. Анткени ал анын табиятында жок жана силердин аны акын деген сөзүңөр туура болгудай табияты аны талап да кылбайт. Биз ага үйрөткөн нерсе ойлонгон адам үчүн ачык-айкын эскертме жана Куран.
Arapça tefsirler:
لِّيُنذِرَ مَن كَانَ حَيّٗا وَيَحِقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ
Мындан пайда алган жүрөгү тирүү, акылы тунук адамдарга эскертүү үчүн жана каапырларга азапты түшүрүш үчүн. Анткени аларга анын келиши жана дааваттын жетиши менен далил коюлду. Эми алар эч кандай шылтоо айта алышпайт.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• في يوم القيامة يتجلى لأهل الإيمان من رحمة ربهم ما لا يخطر على بالهم.
Кыямат күнү ыймандууларга алардын оюна келбегендей Аллахтын ырайымдуулугу ачык болот.

• أهل الجنة مسرورون بكل ما تهواه النفوس وتلذه العيون ويتمناه المتمنون.
Бейиштегилер адамдын жан дүйнөсү эңсеген, көздөрдү сүйүнткөн жана адамдар кыялданган бүткүл нерселер менен кубанычка батышат.

• ذو القلب هو الذي يزكو بالقرآن، ويزداد من العلم منه والعمل.
Жүрөгү бар адам Куран менен тазаланат жана аны көбүрөөк үйрөнүп, аны иш жүзүндө аткарат.

• أعضاء الإنسان تشهد عليه يوم القيامة.
Кыямат күнү адамдын дене-мүчөлөрү да күбөгө өтүшөт.

أَوَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّا خَلَقۡنَا لَهُم مِّمَّا عَمِلَتۡ أَيۡدِينَآ أَنۡعَٰمٗا فَهُمۡ لَهَا مَٰلِكُونَ
Алар көрүшпөйбү, Биз алар үчүн үй жаныбарларын жаратып, алар ал үй жаныбарларына ээлик кылышат, аларды өз кызыкчылыктарына жараша пайдаланышат.
Arapça tefsirler:
وَذَلَّلۡنَٰهَا لَهُمۡ فَمِنۡهَا رَكُوبُهُمۡ وَمِنۡهَا يَأۡكُلُونَ
Жана Биз аларды моюн сундуруп, аларга баш ийе турган кылдык. Алардын кээ бирлерин минишет, аларга жүктөрүн артышат жана кээ бирлеринин эттерин жешет.
Arapça tefsirler:
وَلَهُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ وَمَشَارِبُۚ أَفَلَا يَشۡكُرُونَ
Жана аларды мингенден жана эттерин жегенден башка дагы пайдалары бар, мисалы, жүндөрү, тыбыттары, кылдары жана майлары. Алардан төшөктөрдү жана кийимдерди тигишет. Ошондой эле алардын сүттөрүн суусундук катары ичишет. Эми алар Аллахтын аларга берген ушундай жакшылыктары үчүн Ага шүгүр кылышпайбы?
Arapça tefsirler:
وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةٗ لَّعَلَّهُمۡ يُنصَرُونَ
Мушриктер Аллахтан башкаларга сыйынып, аларды Анын азабынан куткарууга жардам берет деген үмүттө кудай тутуп алышты.
Arapça tefsirler:
لَا يَسۡتَطِيعُونَ نَصۡرَهُمۡ وَهُمۡ لَهُمۡ جُندٞ مُّحۡضَرُونَ
Алардын кудайлары өздөрүнө да, Аллахты таштап аларга сыйынгандарга да жардам бере алышпайт. Алар жана алардын айкелдеринин баарысы азапка алынып келинет, алардын ар бири бири-биринен баш тартышат.
Arapça tefsirler:
فَلَا يَحۡزُنكَ قَوۡلُهُمۡۘ إِنَّا نَعۡلَمُ مَا يُسِرُّونَ وَمَا يُعۡلِنُونَ
Оо, пайгамбар! Алардын «сен пайгамбар эмессиң» же «сен акынсың» деген сыяктуу сөздөрү жана башка жалган жалаалары сени капалантпасын. Чындыгында Биз алардын бул тууралуу жашыргандарын да, ачык айткандарын да билебиз. Бизге алардын эч бири жашыруун эмес. Жакында Биз аларга анын сыйлыгын же жазасын беребиз.
Arapça tefsirler:
أَوَلَمۡ يَرَ ٱلۡإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَٰهُ مِن نُّطۡفَةٖ فَإِذَا هُوَ خَصِيمٞ مُّبِينٞ
Өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү четке каккан инсан ойлонбойбу, Биз аны бел суудан жараттык, кийин ал төрөлгөнгө чейин бир нече баскычтардан өттү жана тарбияланды. Кийин ал көп талашып тартышканга өттү. Ал муну кайра тирилүү мүмкүн экендигине далил катары көрбөйбү?!
Arapça tefsirler:
وَضَرَبَ لَنَا مَثَلٗا وَنَسِيَ خَلۡقَهُۥۖ قَالَ مَن يُحۡيِ ٱلۡعِظَٰمَ وَهِيَ رَمِيمٞ
Бул каапыр унутту жана наадандык кылды, чириген сөөктү кайра тирилүүнүн мүмкүн эмес экендигине далил кылып: «Муну ким кайра тирилте алат?» – деди. Ал өзүнүн жоктон жаралганын көргөн эмес.
Arapça tefsirler:
قُلۡ يُحۡيِيهَا ٱلَّذِيٓ أَنشَأَهَآ أَوَّلَ مَرَّةٖۖ وَهُوَ بِكُلِّ خَلۡقٍ عَلِيمٌ
Оо, Мухаммад! Ага жооп бер: «Бул чириген сөөктөрдү аны баштапкы жолу жараткан Аллах тирилтет. Аны баштапкы жолу жараткан Зат аны кайрадан тирилтүүгө кудуреттүү. Ал бардык жаратылгандарды Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес».
Arapça tefsirler:
ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلشَّجَرِ ٱلۡأَخۡضَرِ نَارٗا فَإِذَآ أَنتُم مِّنۡهُ تُوقِدُونَ
Оо, адамдар! Ал силерге көк жана суу дарактан отту пайда кылып, силер андан от тутандырып жатасыңар. Көк жана суу дарак менен жалындаган от сыяктуу эки карама-каршылыкты бириктирген Зат өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү.
Arapça tefsirler:
أَوَلَيۡسَ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يَخۡلُقَ مِثۡلَهُمۚ بَلَىٰ وَهُوَ ٱلۡخَلَّٰقُ ٱلۡعَلِيمُ
Асмандар менен Жерди жана алардын ортосундагы эбегейсиз чоң нерселерди жараткан Зат өлүктөрдү кайра тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?! Албетте, Ал ага кудуреттүү! Ал бүткүл макулуктарды жараткан Жаратуучу, аларды Билүүчү.
Arapça tefsirler:
إِنَّمَآ أَمۡرُهُۥٓ إِذَآ أَرَادَ شَيۡـًٔا أَن يَقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
Чындыгында Аллахтын иши, эгер Ал бир нерсени жаратууну кааласа, анда «бол!» деп гана айтат, Анын каалаган нерсеси ошол замат ишке ашат. Бул нерсеге Анын жан салууга, өлтүрүүгө жана кайра тирилтүүгө ж.б. каалоолору да кирет.
Arapça tefsirler:
فَسُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيۡءٖ وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ
Аллах мушриктердин Ага алсыздыкты таңуулап жаткандарынан аруу жана ыйык. Бүткүл нерселердин бийлиги Ага гана таандык. Ал аларды Өзү каалагандай башкарат. Бардык нерселердин ачкысы Анын гана колунда. Силер акыретте жалгыз Ага гана кайтып барасыңар. Ошондо Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.
Arapça tefsirler:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• من فضل الله ونعمته على الناس تذليل الأنعام لهم، وتسخيرها لمنافعهم المختلفة.
Аллахтын адамдарга кылган жакшылыктарынан аларга үй жаныбарларын моюн сундурганы жана ар кыл максатта пайдалануулары үчүн баш ийдиргени.

• وفرة الأدلة العقلية على يوم القيامة وإعراض المشركين عنها.
Кыямат күнгө акыл жактан далилдердин көптүгү жана мушриктердин андан баш тартуулары.

• من صفات الله تعالى أن علمه تعالى محيط بجميع مخلوقاته في جميع أحوالها، في جميع الأوقات، ويعلم ما تنقص الأرض من أجساد الأموات وما يبقى، ويعلم الغيب والشهادة.
Аллахтын сыпаттарынан – Анын илими бардык макулуктарды бүткүл абалдарында, бүткүл убактарда өзүнө камтып алат. Жана Ал Жер өлүктөрдүн денелеринен эмнени кемиткенин жана эмнеси калганын билет, ошондой эле Ал кайыпты да, ашкерени да билет.

 
Anlam tercümesi Sure: Sûratu Yâsîn
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mealler fihristi

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Kapat