Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: كەھپ   ئايەت:
۞ قَالَ أَلَمۡ أَقُل لَّكَ إِنَّكَ لَن تَسۡتَطِيعَ مَعِيَ صَبۡرٗا
Кызыр Мусага айтты: «Оо, Муса! Менин кылган иштериме сабырың жетпейт деп айттым элем го».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ إِن سَأَلۡتُكَ عَن شَيۡءِۭ بَعۡدَهَا فَلَا تُصَٰحِبۡنِيۖ قَدۡ بَلَغۡتَ مِن لَّدُنِّي عُذۡرٗا
Муса (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) мындай деди: «Мындан кийин дагы бир нерсе сурачу болсом, мени калтырыңыз. Анткени, мен эки жолу сизге каршы чыгып, мени жолдоштуктан ажырата турган чекке жеткирдим».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٱنطَلَقَا حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَيَآ أَهۡلَ قَرۡيَةٍ ٱسۡتَطۡعَمَآ أَهۡلَهَا فَأَبَوۡاْ أَن يُضَيِّفُوهُمَا فَوَجَدَا فِيهَا جِدَارٗا يُرِيدُ أَن يَنقَضَّ فَأَقَامَهُۥۖ قَالَ لَوۡ شِئۡتَ لَتَّخَذۡتَ عَلَيۡهِ أَجۡرٗا
Андан ары жол жүрүшүп, бир шаардын жашоочуларына жолугушту. Алардан тамак сураганда тамак бермек түгүл, коноктобой да коюшту. Анан ошол шаардан кулайын деп турган бир дубалды көрүп, аны Кызыр оңдоп-түздөп тургузду. Ошондо Муса Кыдырга: «Эгер кааласаңыз, эмгегиңиздин акысын алсаңыз» – деди. Алар бизди коноктобой койгондуктан, биз да каражатка зарыл болуп турабыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ هَٰذَا فِرَاقُ بَيۡنِي وَبَيۡنِكَۚ سَأُنَبِّئُكَ بِتَأۡوِيلِ مَا لَمۡ تَسۡتَطِع عَّلَيۡهِ صَبۡرًا
Кызыр Мусага айтты: «Дубалды тургузганыбыз үчүн акы албай койгонума каршы болгонуң – экөөбүздүн ажырашуубузга негизги себеп болду. Эми, сен менин кылгандарымды көрүп, ага сабыр кыла албаган нерселерди сага чечмелеп берейин:
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمَّا ٱلسَّفِينَةُ فَكَانَتۡ لِمَسَٰكِينَ يَعۡمَلُونَ فِي ٱلۡبَحۡرِ فَأَرَدتُّ أَنۡ أَعِيبَهَا وَكَانَ وَرَآءَهُم مَّلِكٞ يَأۡخُذُ كُلَّ سَفِينَةٍ غَصۡبٗا
Мен сага тешүүгө каршы болгон кеме тууралуу айтсам, ал деңизде тиричилик кылган алсыз(кедей-кембагал)дардын кемеси болчу. Падыша зордук менен жарактуу кемелердин бардыгын тартып алып жаткан. Кембагалдардын кемесин да тартып албаш үчүн кемени тешип, жараксыз абалда көрсөтүүнү кааладым.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأَمَّا ٱلۡغُلَٰمُ فَكَانَ أَبَوَاهُ مُؤۡمِنَيۡنِ فَخَشِينَآ أَن يُرۡهِقَهُمَا طُغۡيَٰنٗا وَكُفۡرٗا
Ал эми сен мага эмнеге өлтүрдүңүз деп нааразы болгон жаш бала тууралуу айтсам, анын ата-энеси ыймандуу адамдар эле. Бирок ал бала Аллахтын илиминде каапыр болот деп жазылган. Эгер ал балагатка жетсе, анда ата-энесинин ага болгон ашыкча сүйүүсү, же ага болгон муктаждыктарынан улам, аларды каапырлыкка же чектен ашууга түрткү бериши мүмкүн деп кооптондук.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَأَرَدۡنَآ أَن يُبۡدِلَهُمَا رَبُّهُمَا خَيۡرٗا مِّنۡهُ زَكَوٰةٗ وَأَقۡرَبَ رُحۡمٗا
Анан Аллах ал экөөсүнө андан жакшы диндар, такыба, күнөөсү жок жана ата-энесине мээримдүү перзентке алмаштырып берүүсүн кааладык.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأَمَّا ٱلۡجِدَارُ فَكَانَ لِغُلَٰمَيۡنِ يَتِيمَيۡنِ فِي ٱلۡمَدِينَةِ وَكَانَ تَحۡتَهُۥ كَنزٞ لَّهُمَا وَكَانَ أَبُوهُمَا صَٰلِحٗا فَأَرَادَ رَبُّكَ أَن يَبۡلُغَآ أَشُدَّهُمَا وَيَسۡتَخۡرِجَا كَنزَهُمَا رَحۡمَةٗ مِّن رَّبِّكَۚ وَمَا فَعَلۡتُهُۥ عَنۡ أَمۡرِيۚ ذَٰلِكَ تَأۡوِيلُ مَا لَمۡ تَسۡطِع عَّلَيۡهِ صَبۡرٗا
Ал эми сен мени жактырбай тургузган дубал болсо, ал биз барган шаардагы атасыз эки жетим баланыкы болчу. Ошол дубалдын астында атайын экөөнө арналып көмүлгөн байлык бар эле. Бул жаш жетимдердин атасы такыба адам болгон. Эй, Муса! Раббиң алар бойго жетип чоңоюгондо анын алдында көмүлгөн байлыкты табууларын каалады. Эгерде дубал азыр куласа, алардын байлыгы көрүнүп, жоголуп кетмек. Мына ушундай кылынганы – бул Раббиңдин аларга болгон мээримдүүлүгү. Муну мен өзүм билип кылган жокмун. Сен чыдап, сабыр кыла албаган нерселердин чечмелениши мына ушундай!».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَن ذِي ٱلۡقَرۡنَيۡنِۖ قُلۡ سَأَتۡلُواْ عَلَيۡكُم مِّنۡهُ ذِكۡرًا
Оо, пайгамбар! Мушриктер менен жөөттөр сени сынаш үчүн Зулкарнайн (эки мүйүз ээси) тууралуу окуяны сурашат. Айткын: «Мен силерге ал тууралуу айрым бир окуяларды айтып берейин. Балким андан сабак алып эсиңерге келерсиңер».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• وجوب التأني والتثبت وعدم المبادرة إلى الحكم على الشيء.
Бир нерсеге өкүм кыларда шашылбоо жана тактык менен терең кароо милдет.

• أن الأمور تجري أحكامها على ظاهرها، وتُعَلق بها الأحكام الدنيوية في الأموال والدماء وغيرها.
Мал-мүлк, адамдардын ортосундагы төгүлгөн кан ж.б.у.с. дүйнөлүк иштерге сыртынан карап өкүм берилет.

• يُدْفَع الشر الكبير بارتكاب الشر الصغير، ويُرَاعَى أكبر المصلحتين بتفويت أدناهما.
Чоң жамандыктан сактануу үчүн айласыздан кичине жамандыкты кылуу мүмкүн. Эки иштин чоң жана кичине пайдасын бирдей алууга мүмкүн болбосо, анын чоң пайдалуулугун тандоо керек.

• ينبغي للصاحب ألا يفارق صاحبه ويترك صحبته حتى يُعْتِبَه ويُعْذِر منه.
Киши досун таштай турган абал пайда болсо, ага кемчилигин айтып, таштоонун себебин түшүндүргөндөн кийин гана кеткени жакшы.

• استعمال الأدب مع الله تعالى في الألفاظ بنسبة الخير إليه وعدم نسبة الشر إليه .
Жакшылыкты Аллахка тийиштүү кылуу жана Аны жамандыкка катышы жок кылуу тууралуу сөздөрдө Аллахка менен болгон адептүүлүктү кармануу.

• أن العبد الصالح يحفظه الله في نفسه وفي ذريته.
Аллах такыба пендесин жана анын урпактарын Өзү коргойт.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: كەھپ
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش