Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: جاسىيە   ئايەت:

Жатия

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
بيان أحوال الخلق من الآيات الشرعية والكونية، ونقض حجج منكري البعث المتكبرين وترهيبهم.
Жаратылгандардын шарий жана кавний аяттардагы абалын баяндоо жана кайра тирилүүнү жокко чыгарган текеберлердин далилдерин жокко чыгарып, коркутуу.

حمٓ
Бул тууралуу Бакара сүрөсүнүн башталышында сөз болгон.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ
Куран эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, пенделеринин кызыкчылыктарын Билүүчү Аллах тараптан түштү.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ لَأٓيَٰتٖ لِّلۡمُؤۡمِنِينَ
Чындыгында асмандар менен жерде ыймандуулар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген далилдер бар. Анткени ошолор аят-белгилерден сабак алышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَفِي خَلۡقِكُمۡ وَمَا يَبُثُّ مِن دَآبَّةٍ ءَايَٰتٞ لِّقَوۡمٖ يُوقِنُونَ
Оо, адамдар! Силердин бел суудан, кийин бир үзүм эттен, кийин коюу кандан жаралууңарда жана Аллах жер бетиндеги жан-жаныбарларды таркатып жаратуусунда Аллах Жаратуучу экенине ишенген адамдар үчүн Анын жалгыздыгына далилдер бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَٱخۡتِلَٰفِ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن رِّزۡقٖ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَا وَتَصۡرِيفِ ٱلرِّيَٰحِ ءَايَٰتٞ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Күн менен түндүн алмашуусунда, Аллах асмандан жамгыр жаадырып эч кандай өсүмдүк өспөгөн өлүк жерди өндүрүп тирилтүүсүндө жана силердин пайдаңар үчүн бирде бул тараптан, бирде тигил тараптан соккон шамалдарды жүргүзүүсүндө акыл жүгүрткөн адамдар үчүн далилдер бар. Алар буларды Аллахтын жалгыздыгына, кайра тирилтүүгө жана бардык нерсеге кудуреттүү экендигине далил кылышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱللَّهِ نَتۡلُوهَا عَلَيۡكَ بِٱلۡحَقِّۖ فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَ ٱللَّهِ وَءَايَٰتِهِۦ يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сага бул аяттар менен далилдерди акыйкат менен окуп беребиз. Эгерде алар пендебизге түшүргөн Аллахтын сөзүнө жана далилдерине ишенишпесе, анда мындан кийин кайсы сөзгө ишенишет, кайсы далилдерди чындык деп билишет?!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَيۡلٞ لِّكُلِّ أَفَّاكٍ أَثِيمٖ
Күнөөлөрү көп ар бир жалганчыга Аллах тараптан кыйроо жана азап болсун!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَسۡمَعُ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ثُمَّ يُصِرُّ مُسۡتَكۡبِرٗا كَأَن لَّمۡ يَسۡمَعۡهَاۖ فَبَشِّرۡهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٖ
Бул каапыр Курандагы ага окулган Аллахтын аяттарын уккандан кийин да акыйкатты ээрчүүдөн өзүнчө бой көтөрүп каапырлыгын жана күнөөлөрүн уланта берсе, анда ал ага окулган аяттарды укпаган сыяктуу эле. Оо, пайгамбар! Ага акыретте зыян алып келген жан кыйноочу азап күтүп турганын кабарла!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِذَا عَلِمَ مِنۡ ءَايَٰتِنَا شَيۡـًٔا ٱتَّخَذَهَا هُزُوًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Эгерде ага Курандан бир нерсе жетсе, ал аны шылдыңдап баштайт. Куранды шылдыңга алган сыпаттагы ал адамдарга кыямат күнү кордоочу азап бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مِّن وَرَآئِهِمۡ جَهَنَّمُۖ وَلَا يُغۡنِي عَنۡهُم مَّا كَسَبُواْ شَيۡـٔٗا وَلَا مَا ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ أَوۡلِيَآءَۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٌ
Аларды акыретте алдынан тозок оту күтүп турат. Аларга тапкан байлыктары Аллахтын алдында эч пайда келтирбейт жана алардын кудай тутуп сыйынган Андан башка айкел кудайлары аларды эч нерседен коргой алышпайт. Алар үчүн кыяматта чоң азап бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
هَٰذَا هُدٗىۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ لَهُمۡ عَذَابٞ مِّن رِّجۡزٍ أَلِيمٌ
Биз элчибиз Мухаммадга түшүргөн бул Китеп акыйкат жолго багыттоочу. Ал эми алардын Раббисинин Өз элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандарга катуу кыйноочу азап бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
۞ ٱللَّهُ ٱلَّذِي سَخَّرَ لَكُمُ ٱلۡبَحۡرَ لِتَجۡرِيَ ٱلۡفُلۡكُ فِيهِ بِأَمۡرِهِۦ وَلِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, адамдар! Аллах жалгыз Өз буйругу менен кемелер жүрүш үчүн жана силер ар түрдүү адал эмгектер аркылуу Анын жакшылыктарын сурашыңар үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Балким силер Аллахтын силерге кылган жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَسَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا مِّنۡهُۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ
Аллах Таала Өзүнүн артыкчыыгы жана жакшылык кылуусу менен силерге асмандагы күн, ай, жылдыздарды жана жердеги дарыя, бак-дарак, тоолорду жана башка нээмттарын моюн сундурду. Чынында, бул нерселерди моюн сундурууда, Аллахтын аят-белгилерине ой жүгүртүп ибарат алгандар үчүн Анын кудуреттүүлүгүнө жана жалгыздыгына далилдер бар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الكذب والإصرار على الذنب والكبر والاستهزاء بآيات الله: صفات أهل الضلال، وقد توعد الله المتصف بها.
Жалгандык, күнөөдөн кайтпастык, текеберлик, Аллахтын аяттарын шылдыңдоо – адашкандардын сыпаттарынан. Мындай сыпаттагы адамдарга Аллах азапты убада кылган.

• نعم الله على عباده كثيرة، ومنها تسخير ما في الكون لهم.
Аллахтын пенделерине кылган жакшылыктары көп жана ааламдагы нерселерди аларга моюн сундуруу да ошолорго кирет.

• النعم تقتضي من العباد شكر المعبود الذي منحهم إياها.
Аллахтын пенделерге берген жакшылыктары Ага шүгүр келтирүүлөрүн талап кылат.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: جاسىيە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش