Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: جاسىيە   ئايەت:
أَفَرَءَيۡتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَٰهَهُۥ هَوَىٰهُ وَأَضَلَّهُ ٱللَّهُ عَلَىٰ عِلۡمٖ وَخَتَمَ عَلَىٰ سَمۡعِهِۦ وَقَلۡبِهِۦ وَجَعَلَ عَلَىٰ بَصَرِهِۦ غِشَٰوَةٗ فَمَن يَهۡدِيهِ مِنۢ بَعۡدِ ٱللَّهِۚ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Оо, пайгамбар! Өз напси каалоосун ээрчип, ага каршы чыкпастан аны кудай тутуп алган адамды карабайсыңбы. Аллах аны Өзү билип адаштырып койду. Анткени ал адашууга татыктуу. Анын жүрөгүн мөөрлөп койду, ал пайда ала тургандай деңгээлде укпайт жана анын көзүн акыйкатты көрүүдөн тосуп койду. Аллах аны адаштырып койгондон кийин ким аны акыйкатка баштай алат?! Силер напси каалоону ээрчүүнүн зыяндуулугун жана Аллахтын шариятын ээрчүүнүн пайдалуулугун ойлонбойсуңарбы?!
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَقَالُواْ مَا هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا يُهۡلِكُنَآ إِلَّا ٱلدَّهۡرُۚ وَمَا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِنۡ هُمۡ إِلَّا يَظُنُّونَ
Кайра тирилүүнү четке каккан каапырлар айтышты: «Бул дүйнөдөгү гана жашообуз бар, андан кийин эч кандай жашоо жок. Муундар өтөт, алар кайра кайтып келишпейт. Муундар жаңырат жана аларды түн менен күндүн алмашуусу гана өлтүрөт». Аларда кайра тирилүүнү жокко чыгаруу тууралуу илим жок. Алар божомол ойлорго гана таянышат. Чындыгында божомол ойлор акыйкатка эч кандай пайда келтирбейт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ مَّا كَانَ حُجَّتَهُمۡ إِلَّآ أَن قَالُواْ ٱئۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган мушриктерге ачык-айкын аяттарыбыз окулганда алардын пайгамбарга жана сахабаларга айткан бул сөздөрүнөн башка келтирер эч кандай далилдери жок: «Биз өлгөндөн кийин кайра тирилебиз деген сөзүңөр чын болсо, анда биздин ата-бабаларыбызды тирилткилечи?!».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قُلِ ٱللَّهُ يُحۡيِيكُمۡ ثُمَّ يُمِيتُكُمۡ ثُمَّ يَجۡمَعُكُمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ لَا رَيۡبَ فِيهِ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Аллах силерди жаратып тирилтет, кийин өлтүрөт. Өлгөнүңөрдөн кийин кыяматта сурак жана жаза-сыйлык үчүн силерди чогултат. Ал күн шек-күмөнсүз келет». Бирок көпчүлүк адамдар билишпейт. Ошондуктан ал үчүн жакшылык иштерди кылып даярдык көрүшпөйт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَلِلَّهِ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَيَوۡمَ تَقُومُ ٱلسَّاعَةُ يَوۡمَئِذٖ يَخۡسَرُ ٱلۡمُبۡطِلُونَ
Асмандар менен жердин мүлкү жалгыз Аллахка таандык. Ал экөөсүндө Андан башка эч ким сыйынууга татыктуу эмес. Аллах өлүктөрдү сурак жана жаза-сыйлык үчүн кайра тирилткен кыямат күнү болгондо Аллахтан башкага сыйынган жана акыйкатты жок кылып, жалганды орнотууга аракет кылгандар жоготууга учурашат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَتَرَىٰ كُلَّ أُمَّةٖ جَاثِيَةٗۚ كُلُّ أُمَّةٖ تُدۡعَىٰٓ إِلَىٰ كِتَٰبِهَا ٱلۡيَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Ал күнү бардык үммөттөр бизге эмне кылынат деп күткөн абалда тизилеп тургандарын көрөсүң. Бардык үммөттөр сакчы периштелер жазып койгон амал китебине чакырылат. Эй, адамдар! Силер бүгүн дүйнөдө кылган жакшылык-жамандык иштериңердин сыйлыгын же жазасын аласыңар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
هَٰذَا كِتَٰبُنَا يَنطِقُ عَلَيۡكُم بِٱلۡحَقِّۚ إِنَّا كُنَّا نَسۡتَنسِخُ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Биздин периштелер иш-аракеттериңерди жазып койгон бул китебибиз акыйкат менен силерге күбөгө өтөт, эми аны окугула. Чындыгында Биз сакчы периштелерди дүйнөдө кылган иштериңерди жазгыла деп буйруганбыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُدۡخِلُهُمۡ رَبُّهُمۡ فِي رَحۡمَتِهِۦۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡمُبِينُ
Ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарды Раббиси Өз ырайымы менен бейишке киргизет. Аллах аларга берген бул сыйлык – эч бир жеңиш тең келбеген анык жеңиш.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ أَفَلَمۡ تَكُنۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَٱسۡتَكۡبَرۡتُمۡ وَكُنتُمۡ قَوۡمٗا مُّجۡرِمِينَ
Ал эми Аллахка каапырлык кылгандарга жемелеп айтылат: «Силерге Менин аяттарым окулганда, аларга ыйман келтирүүдөн текеберлик кылбадыңар беле? Силер каапырлык жана күнөөлөрдү кылган күнөөкөр коом болчусуңар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِذَا قِيلَ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَٱلسَّاعَةُ لَا رَيۡبَ فِيهَا قُلۡتُم مَّا نَدۡرِي مَا ٱلسَّاعَةُ إِن نَّظُنُّ إِلَّا ظَنّٗا وَمَا نَحۡنُ بِمُسۡتَيۡقِنِينَ
Эгерде силерге: «Чындыгында Аллахтын пенделерине аларды кайра тирилтип, сыйлык-жазаларын берем деген убадасы жана кыяматтын болушу шек-күмөнсүз акыйкат. Эми силер ал үчүн аракет кылгыла» – деп айтылса, силер мындай дедиңер: «Биз бул кыямат дегенди билбейбиз. Биз анын келери тууралуу ара ойдобуз, анын келерине такыр ишенбейбиз».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• اتباع الهوى يهلك صاحبه، ويحجب عنه أسباب التوفيق.
Напси каалоону ээрчүү адамды кыйроого учуратат жана ийгиликтин себептерине жолтоо болот.

• هول يوم القيامة.
Кыямат күндүн коркунучу.

• الظن لا يغني من الحق شيئًا، خاصةً في مجال الاعتقاد.
Божомол ой акыйкатка эч пайда келтирбейт, айрыкча ишеним жаатында.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: جاسىيە
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش