قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية * - ترجمے کی لسٹ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

معانی کا ترجمہ سورت: سورۂ مؤمنون   آیت:

Муbминyн

قَدۡ أَفۡلَحَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Чынында, ыймандуулар жеңишке (бейишке) жетишти.
عربی تفاسیر:
ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي صَلَاتِهِمۡ خَٰشِعُونَ
Алар намаздарында (Аллахтан) коркуп турушат.[1]
[1] Арабчадагы «хушуу» сөзү, «коркуп жана үмүт кылып туруу» деген маанини билдирет.
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَنِ ٱللَّغۡوِ مُعۡرِضُونَ
Алар жакшылыгы жок сөз-иштерден ыраак болушат.[1]
[1] Анткени, ар-нерсени чалды-куйду сүйлөй берсең, кадыр баркың кетет жана көбүнчө башыңа балээ түшөт. Пайгамбарыбыз өзүнүн тилин кармап: «Ушуну сактасаңар өзүңөрдү сактаган болсуңар» деген.
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِلزَّكَوٰةِ فَٰعِلُونَ
Алар (напсилерин) тазалагандар (мал-мүлкүнөн) зекет бергендер.[1]
[1] «Зекет» - «тазартуу» деген мааниде. Эгер бай адамдар байлыгынан зекет бербесе, өз байлыгы өзүнө арам болуп калат.
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ
Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.
عربی تفاسیر:
إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ
Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен[1] жатса айыптуу болбойт.
[1] Күңдөр согуштарда туткунга же олжого алынган душмандардын аялдары. Туткун бул – эрксиз адам. Согуш туткундары ошол (Куран түшкөн) замандарда дуйнөлүк үрп-адат боюнча мүлк катары бөлүштүрүп алынган.
عربی تفاسیر:
فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ
Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе – алар чектен чыгуучулар.
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ
Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар.
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَوَٰتِهِمۡ يُحَافِظُونَ
Дагы алар намаздарын сактоочулар.[1]
[1] Намазды сактоо аларды өз убактысында, бардык шарттарын ордуна коюп окуу менен болот. Экинчи аятта келген «хушуу» (жоош-муңайымдык) менен ушул «сактоочулук» касиеттери чогулган намаз эң жогорку деңгээлдеги намаз болот. «Хушуу» менен бирок, өз убактысында окулбаган намазда жакшылык жок болгондой эле, өз убактысында окулуп, бирок хушуу болбогон намазда да сооп өтө аз болот.
عربی تفاسیر:
أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡوَٰرِثُونَ
Дал ошолор – мурас алуучулар!
عربی تفاسیر:
ٱلَّذِينَ يَرِثُونَ ٱلۡفِرۡدَوۡسَ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус бейишин мурас кылып алышат.
عربی تفاسیر:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٖ مِّن طِينٖ
Биз инсанды (топурагы жердин бардык тарабынан алынып, суу кошулган) ылайдан[1] жараттык.
[1] «Сулаала» - бул чогултуп, тандап, сууруп алынган нерсе. Анткени, Аллах таала жиберген периште Адам-Атанын ылайын жердин ар кайсы жеринен тандап, чогултуп, ичинен сууруп алган. Ошондуктан адамдар ак, кара, кызыл түстө, пейили да ар түрдүү болуп калган.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ جَعَلۡنَٰهُ نُطۡفَةٗ فِي قَرَارٖ مَّكِينٖ
Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) тамчы суу абалында кылдык.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ خَلَقۡنَا ٱلنُّطۡفَةَ عَلَقَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡعَلَقَةَ مُضۡغَةٗ فَخَلَقۡنَا ٱلۡمُضۡغَةَ عِظَٰمٗا فَكَسَوۡنَا ٱلۡعِظَٰمَ لَحۡمٗا ثُمَّ أَنشَأۡنَٰهُ خَلۡقًا ءَاخَرَۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحۡسَنُ ٱلۡخَٰلِقِينَ
Кийин ал бир тамчы бел суудан «алака»[1] (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта өнүктүрдүк.[2] Эң мыкты жаратуучу болгон Аллах Улук-Берекеттүү!
[1] «Алака» - бул инсан уругунун нутфадан (бир тамчы суу) кийинки баскычы .Бул баскычтагы түйүлдүк кудум эле сүлүк куртка окшош болот.
[2] Түйүлдүк жатында «нутфа», «алака», жана «мудга» баскычтарынын ар биринде кырк күндөн өнүгүп, бир жүз жыйырма күндөн соң, «башкача жаратылышта» болот. Мунун мааниси ага рух (жан киргизилет).
عربی تفاسیر:
ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ
Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ إِنَّكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ تُبۡعَثُونَ
Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер.
عربی تفاسیر:
وَلَقَدۡ خَلَقۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعَ طَرَآئِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ ٱلۡخَلۡقِ غَٰفِلِينَ
Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз.
عربی تفاسیر:
وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءَۢ بِقَدَرٖ فَأَسۡكَنَّٰهُ فِي ٱلۡأَرۡضِۖ وَإِنَّا عَلَىٰ ذَهَابِۭ بِهِۦ لَقَٰدِرُونَ
Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.[1] Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз.
[1] Кээ бирөөлөрү тоо бийиктиктеринде мөңгү, болуп жайгашса, кээ бирөөлөрү жер койнундагы көл-деңиздер же болбосо артезиан (жер асты) суулары болуп жайгашат.
عربی تفاسیر:
فَأَنشَأۡنَا لَكُم بِهِۦ جَنَّٰتٖ مِّن نَّخِيلٖ وَأَعۡنَٰبٖ لَّكُمۡ فِيهَا فَوَٰكِهُ كَثِيرَةٞ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер.
عربی تفاسیر:
وَشَجَرَةٗ تَخۡرُجُ مِن طُورِ سَيۡنَآءَ تَنۢبُتُ بِٱلدُّهۡنِ وَصِبۡغٖ لِّلۡأٓكِلِينَ
Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада[1] өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана жегендер үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт.
[1] Синай жарым аралындагы тоонун аты.
عربی تفاسیر:
وَإِنَّ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَنۡعَٰمِ لَعِبۡرَةٗۖ نُّسۡقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهَا وَلَكُمۡ فِيهَا مَنَٰفِعُ كَثِيرَةٞ وَمِنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер.
عربی تفاسیر:
وَعَلَيۡهَا وَعَلَى ٱلۡفُلۡكِ تُحۡمَلُونَ
Мингенге да пайдаланасыңар. (Ал эми деңизде) кемелерге минип жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллах таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет:)
عربی تفاسیر:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوۡمِهِۦ فَقَالَ يَٰقَوۡمِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум, Аллахка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка сыйынылуучу-кудай жок. (Ошол кудайдан) коркпойсуңарбы эми?!
عربی تفاسیر:
فَقَالَ ٱلۡمَلَؤُاْ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ مَا هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يُرِيدُ أَن يَتَفَضَّلَ عَلَيۡكُمۡ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَأَنزَلَ مَلَٰٓئِكَةٗ مَّا سَمِعۡنَا بِهَٰذَا فِيٓ ءَابَآئِنَا ٱلۡأَوَّلِينَ
Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллах (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз!
عربی تفاسیر:
إِنۡ هُوَ إِلَّا رَجُلُۢ بِهِۦ جِنَّةٞ فَتَرَبَّصُواْ بِهِۦ حَتَّىٰ حِينٖ
Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!».
عربی تفاسیر:
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ
(Нух) Айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал залымдарга каршы) мага жардам бер!»
عربی تفاسیر:
فَأَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡهِ أَنِ ٱصۡنَعِ ٱلۡفُلۡكَ بِأَعۡيُنِنَا وَوَحۡيِنَا فَإِذَا جَآءَ أَمۡرُنَا وَفَارَ ٱلتَّنُّورُ فَٱسۡلُكۡ فِيهَا مِن كُلّٖ زَوۡجَيۡنِ ٱثۡنَيۡنِ وَأَهۡلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيۡهِ ٱلۡقَوۡلُ مِنۡهُمۡۖ وَلَا تُخَٰطِبۡنِي فِي ٱلَّذِينَ ظَلَمُوٓاْ إِنَّهُم مُّغۡرَقُونَ
Биз ага вахий кылдык: «(Оо, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана залым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба![1] Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт!
[1] Бул аят «мен баланчанын тукумунан боломун» деп мактанып, бирок өзү исламдык амалдарды жасабаган адамдарга сабак болууга тийиш.
عربی تفاسیر:
فَإِذَا ٱسۡتَوَيۡتَ أَنتَ وَمَن مَّعَكَ عَلَى ٱلۡفُلۡكِ فَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي نَجَّىٰنَا مِنَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди залым коомдордон куткарган Аллахка мактоолор болсун!» - дегин.
عربی تفاسیر:
وَقُل رَّبِّ أَنزِلۡنِي مُنزَلٗا مُّبَارَكٗا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡمُنزِلِينَ
Жана айткын: «Оо, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!»
عربی تفاسیر:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ وَإِن كُنَّا لَمُبۡتَلِينَ
Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ
Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык.
عربی تفاسیر:
فَأَرۡسَلۡنَا فِيهِمۡ رَسُولٗا مِّنۡهُمۡ أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ مَا لَكُم مِّنۡ إِلَٰهٍ غَيۡرُهُۥٓۚ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллахка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп чакырык кылды).
عربی تفاسیر:
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ وَأَتۡرَفۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مَا هَٰذَآ إِلَّا بَشَرٞ مِّثۡلُكُمۡ يَأۡكُلُ مِمَّا تَأۡكُلُونَ مِنۡهُ وَيَشۡرَبُ مِمَّا تَشۡرَبُونَ
Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам!
عربی تفاسیر:
وَلَئِنۡ أَطَعۡتُم بَشَرٗا مِّثۡلَكُمۡ إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ
Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер анык зыян тартып каласыңар.
عربی تفاسیر:
أَيَعِدُكُمۡ أَنَّكُمۡ إِذَا مِتُّمۡ وَكُنتُمۡ تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَنَّكُم مُّخۡرَجُونَ
Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы?
عربی تفاسیر:
۞ هَيۡهَاتَ هَيۡهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ
Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе!
عربی تفاسیر:
إِنۡ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا ٱلدُّنۡيَا نَمُوتُ وَنَحۡيَا وَمَا نَحۡنُ بِمَبۡعُوثِينَ
Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз!
عربی تفاسیر:
إِنۡ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا وَمَا نَحۡنُ لَهُۥ بِمُؤۡمِنِينَ
А, бул болсо, жалгандан («мен пайгамбармын» – деп) Аллахка жалган жалаа жапкан адам! Биз ага ишенбейбиз!»
عربی تفاسیر:
قَالَ رَبِّ ٱنصُرۡنِي بِمَا كَذَّبُونِ
(Ошондо пайгамбар) айтты: «Оо, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!»
عربی تفاسیر:
قَالَ عَمَّا قَلِيلٖ لَّيُصۡبِحُنَّ نَٰدِمِينَ
(Аллах) айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат.
عربی تفاسیر:
فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّيۡحَةُ بِٱلۡحَقِّ فَجَعَلۡنَٰهُمۡ غُثَآءٗۚ فَبُعۡدٗا لِّلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
Чынында кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган көбүк сыяктуу кылдык. Жоголсун залым коомдор![1]
[1] Бул аятта пайгамбар менен элинин аты айтылбаган. Ошентсе да, окуянын окшоштугунан улам, кээ бир аалымдар Худ пайгамбар менен Аад эли болсо керек дешет. Аныгын Аллах Билүүчү.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ أَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قُرُونًا ءَاخَرِينَ
Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык.
عربی تفاسیر:
مَا تَسۡبِقُ مِنۡ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسۡتَـٔۡخِرُونَ
Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا تَتۡرَاۖ كُلَّ مَا جَآءَ أُمَّةٗ رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُۖ فَأَتۡبَعۡنَا بَعۡضَهُم بَعۡضٗا وَجَعَلۡنَٰهُمۡ أَحَادِيثَۚ فَبُعۡدٗا لِّقَوۡمٖ لَّا يُؤۡمِنُونَ
Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор!
عربی تفاسیر:
ثُمَّ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَٰرُونَ بِـَٔايَٰتِنَا وَسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ
Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен бир тууганы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик,
عربی تفاسیر:
إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَٱسۡتَكۡبَرُواْ وَكَانُواْ قَوۡمًا عَالِينَ
Фараон жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту.
عربی تفاسیر:
فَقَالُوٓاْ أَنُؤۡمِنُ لِبَشَرَيۡنِ مِثۡلِنَا وَقَوۡمُهُمَا لَنَا عَٰبِدُونَ
Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (Исраил урпактары) биздин кулдарыбыз болсо?!» - дешти.
عربی تفاسیر:
فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡلَكِينَ
Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты.
عربی تفاسیر:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ لَعَلَّهُمۡ يَهۡتَدُونَ
Биз (Мусанын коому) туура жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик.
عربی تفاسیر:
وَجَعَلۡنَا ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَأُمَّهُۥٓ ءَايَةٗ وَءَاوَيۡنَٰهُمَآ إِلَىٰ رَبۡوَةٖ ذَاتِ قَرَارٖ وَمَعِينٖ
Жана Биз Мариямдын уулу (Иса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Мариям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык.[1]
[1] Мариям ошол жердеги курма дарагынын бутагына асылып боюнан жеңилдейт жана кыйналганын Аллахка арызданганда ал жерден суу агып, үстүндөгү курма мөмөлөп калат.
عربی تفاسیر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلرُّسُلُ كُلُواْ مِنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ وَٱعۡمَلُواْ صَٰلِحًاۖ إِنِّي بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ
Оо, пайгамбарлар! Таза-адал ырыскылардан жегиле жана жакшы амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн.
عربی تفاسیر:
وَإِنَّ هَٰذِهِۦٓ أُمَّتُكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَأَنَا۠ رَبُّكُمۡ فَٱتَّقُونِ
Силердин бул үммөтүңөр (негизинен) бир эле үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллахка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен – силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула!
عربی تفاسیر:
فَتَقَطَّعُوٓاْ أَمۡرَهُم بَيۡنَهُمۡ زُبُرٗاۖ كُلُّ حِزۡبِۭ بِمَا لَدَيۡهِمۡ فَرِحُونَ
(Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды.
عربی تفاسیر:
فَذَرۡهُمۡ فِي غَمۡرَتِهِمۡ حَتَّىٰ حِينٍ
Сен (оо, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой.[1]
[1] Алар далилдер менен айтылган дааватты укпай коюшту. Эми аларга азап келишинен башка «шыпаа» калбады.
عربی تفاسیر:
أَيَحۡسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِۦ مِن مَّالٖ وَبَنِينَ
Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду
عربی تفاسیر:
نُسَارِعُ لَهُمۡ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ بَل لَّا يَشۡعُرُونَ
Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат![1]
[1] Кежирленип, Акыйкатты кабыл албай койгон элдерге Аллах ушундай амал колдонот. Аларга нээмат-берекени төгүп-чачып берет. Алар болсо эч нерседен бейкапар «Биз Аллахка сүймөнчүк экенбиз» деп күнөө үстүнө күнөө кылып жүрө берет. Натыйжада түбөлүк тозокко ылайыгыраак болуп калат.
عربی تفاسیر:
إِنَّ ٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ خَشۡيَةِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ
Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُم بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ يُؤۡمِنُونَ
Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер,
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمۡ لَا يُشۡرِكُونَ
жана Раббисине шерик кылбагандар
عربی تفاسیر:
وَٱلَّذِينَ يُؤۡتُونَ مَآ ءَاتَواْ وَّقُلُوبُهُمۡ وَجِلَةٌ أَنَّهُمۡ إِلَىٰ رَبِّهِمۡ رَٰجِعُونَ
жана садакаларын, Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар...,
عربی تفاسیر:
أُوْلَٰٓئِكَ يُسَٰرِعُونَ فِي ٱلۡخَيۡرَٰتِ وَهُمۡ لَهَا سَٰبِقُونَ
Дал ушулар бири-бири менен жарышып,[1] жакшылыктарды кылууда башкалардан алдын болгондор.
[1] Алар бейишке да эң абалкылардан болуп жарышып киришет.
عربی تفاسیر:
وَلَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ وَلَدَيۡنَا كِتَٰبٞ يَنطِقُ بِٱلۡحَقِّ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Биз эч бир жанга көтөрө албаган ашыкча нерсени жүктөбөйбүз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт.
عربی تفاسیر:
بَلۡ قُلُوبُهُمۡ فِي غَمۡرَةٖ مِّنۡ هَٰذَا وَلَهُمۡ أَعۡمَٰلٞ مِّن دُونِ ذَٰلِكَ هُمۡ لَهَا عَٰمِلُونَ
Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Куранда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат.
عربی تفاسیر:
حَتَّىٰٓ إِذَآ أَخَذۡنَا مُتۡرَفِيهِم بِٱلۡعَذَابِ إِذَا هُمۡ يَجۡـَٔرُونَ
Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат.
عربی تفاسیر:
لَا تَجۡـَٔرُواْ ٱلۡيَوۡمَۖ إِنَّكُم مِّنَّا لَا تُنصَرُونَ
(Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт» - (дейбиз)
عربی تفاسیر:
قَدۡ كَانَتۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَكُنتُمۡ عَلَىٰٓ أَعۡقَٰبِكُمۡ تَنكِصُونَ
(Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер.
عربی تفاسیر:
مُسۡتَكۡبِرِينَ بِهِۦ سَٰمِرٗا تَهۡجُرُونَ
(«Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Куран жөнүнүдө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр![1]
[1] Демек, бул аяттар Мекке мушриктерине арналууда.
عربی تفاسیر:
أَفَلَمۡ يَدَّبَّرُواْ ٱلۡقَوۡلَ أَمۡ جَآءَهُم مَّا لَمۡ يَأۡتِ ءَابَآءَهُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Алар Сөзгө (Куранга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби?![1]
[1] Ыйык Китептин келиши жаңылык эмес. Куран сыяктуу Ыйык Китеп мурунку ата-бабаларынын мезгилинде деле келген. Бирок, ата-бабалары ал пайгамбарлардын жолун унутуп, өздөрүнчө мушрикийлик (Аллахка шерик кошкон) дин жасап алышкан.
عربی تفاسیر:
أَمۡ لَمۡ يَعۡرِفُواْ رَسُولَهُمۡ فَهُمۡ لَهُۥ مُنكِرُونَ
Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны(н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай?!
عربی تفاسیر:
أَمۡ يَقُولُونَ بِهِۦ جِنَّةُۢۚ بَلۡ جَآءَهُم بِٱلۡحَقِّ وَأَكۡثَرُهُمۡ لِلۡحَقِّ كَٰرِهُونَ
Же аны жинди деп жатышабы?![1] Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт.
[1] Мекке мушриктери пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын саламы болсун!) далилдүү сөздөрүнө далилдүү жооп бере албагандан улам, айласы түгөнгөндө, эмне кылаарын билбей «бул жинди» дешкен.
عربی تفاسیر:
وَلَوِ ٱتَّبَعَ ٱلۡحَقُّ أَهۡوَآءَهُمۡ لَفَسَدَتِ ٱلسَّمَٰوَٰتُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهِنَّۚ بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِذِكۡرِهِمۡ فَهُمۡ عَن ذِكۡرِهِم مُّعۡرِضُونَ
Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Куран менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан[1] жүз буруп жатышат!
[1] Эгер алар Куранга моюн сунганда бүт дүйнөгө атактуу адамдар болушмак. Чынында, ыйман келтирип, Куранга моюн сунган сахабалар кийинчерээк бүт дүйнө элдерине таанымал тарыхый адамдарга айланышты.
عربی تفاسیر:
أَمۡ تَسۡـَٔلُهُمۡ خَرۡجٗا فَخَرَاجُ رَبِّكَ خَيۡرٞۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلرَّٰزِقِينَ
Оо, Мухаммад!) Же сен (ыйманга чакырыгың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү.
عربی تفاسیر:
وَإِنَّكَ لَتَدۡعُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Албетте, сен аларды туура жолго чакырасың.
عربی تفاسیر:
وَإِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ عَنِ ٱلصِّرَٰطِ لَنَٰكِبُونَ
Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар.
عربی تفاسیر:
۞ وَلَوۡ رَحِمۡنَٰهُمۡ وَكَشَفۡنَا مَا بِهِم مِّن ضُرّٖ لَّلَجُّواْ فِي طُغۡيَٰنِهِمۡ يَعۡمَهُونَ
Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет.
عربی تفاسیر:
وَلَقَدۡ أَخَذۡنَٰهُم بِٱلۡعَذَابِ فَمَا ٱسۡتَكَانُواْ لِرَبِّهِمۡ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ
Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат.
عربی تفاسیر:
حَتَّىٰٓ إِذَا فَتَحۡنَا عَلَيۡهِم بَابٗا ذَا عَذَابٖ شَدِيدٍ إِذَا هُمۡ فِيهِ مُبۡلِسُونَ
Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат.
عربی تفاسیر:
وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَ لَكُمُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَٱلۡأَفۡـِٔدَةَۚ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ
Ал (Аллах) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар.
عربی تفاسیر:
وَهُوَ ٱلَّذِي ذَرَأَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَإِلَيۡهِ تُحۡشَرُونَ
Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар.
عربی تفاسیر:
وَهُوَ ٱلَّذِي يُحۡيِۦ وَيُمِيتُ وَلَهُ ٱخۡتِلَٰفُ ٱلَّيۡلِ وَٱلنَّهَارِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ
Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби!
عربی تفاسیر:
بَلۡ قَالُواْ مِثۡلَ مَا قَالَ ٱلۡأَوَّلُونَ
Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай)
عربی تفاسیر:
قَالُوٓاْ أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ
дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз?!
عربی تفاسیر:
لَقَدۡ وُعِدۡنَا نَحۡنُ وَءَابَآؤُنَا هَٰذَا مِن قَبۡلُ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ
Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес»
عربی تفاسیر:
قُل لِّمَنِ ٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهَآ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?»
عربی تفاسیر:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ
Алар дароо: «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллахты?!»)
عربی تفاسیر:
قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلسَّبۡعِ وَرَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ
Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?»
عربی تفاسیر:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ
Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллахтан?!»)
عربی تفاسیر:
قُلۡ مَنۢ بِيَدِهِۦ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيۡءٖ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيۡهِ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ал каалаганын коргойт, ал эми кимге жамандыкты кааласа, аны эч ким тосо албайт. Эгер (башка бир ушундай болсо айткылачы) билсеңер?».
عربی تفاسیر:
سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ فَأَنَّىٰ تُسۡحَرُونَ
Алар дароо «Аллахка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?».[1]
[1] Мушриктер Аллах таалага ишенишкен, Аны жер-асмандардын толук кожоюну катары тааныган. Бирок, сыйынууга келгенде ошол жеке-жалгыз Кудайга башка нерселерди шерик кылышкан. Албетте, бул акыл-эсинен ажыраган адамдардын напсиге жана шайтанга алдануусу.
عربی تفاسیر:
بَلۡ أَتَيۡنَٰهُم بِٱلۡحَقِّ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Жок, Биз аларга акыйкатты алып келгенбиз. Бирок, алар «жалган» деп, четке кагышты.
عربی تفاسیر:
مَا ٱتَّخَذَ ٱللَّهُ مِن وَلَدٖ وَمَا كَانَ مَعَهُۥ مِنۡ إِلَٰهٍۚ إِذٗا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهِۭ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ
Аллах (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллах (мушриктер) сыпаттагандан[1] Аруу!
[1] Баласы, жардамчысы, теңи жана шериги бар болуудан.
عربی تفاسیر:
عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик!
عربی تفاسیر:
قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ
Айткын: «Оо, Раббим! Эгер убада кылынган азап алардын башына түшүп жатканын мага көргөзчү болсоң,
عربی تفاسیر:
رَبِّ فَلَا تَجۡعَلۡنِي فِي ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ
оо, Раббим, мени залым коомдун ичинде калтырба!».
عربی تفاسیر:
وَإِنَّا عَلَىٰٓ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمۡ لَقَٰدِرُونَ
Биз сага да (оо, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз.
عربی تفاسیر:
ٱدۡفَعۡ بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ ٱلسَّيِّئَةَۚ نَحۡنُ أَعۡلَمُ بِمَا يَصِفُونَ
(Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз.
عربی تفاسیر:
وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنۡ هَمَزَٰتِ ٱلشَّيَٰطِينِ
Айткын: «Оо, Раббим! Мен шайтандардын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
عربی تفاسیر:
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحۡضُرُونِ
Оо, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын!
عربی تفاسیر:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَ أَحَدَهُمُ ٱلۡمَوۡتُ قَالَ رَبِّ ٱرۡجِعُونِ
Качан алардын (каапырлардын) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «Оо, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы!
عربی تفاسیر:
لَعَلِّيٓ أَعۡمَلُ صَٰلِحٗا فِيمَا تَرَكۡتُۚ كَلَّآۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَآئِلُهَاۖ وَمِن وَرَآئِهِم بَرۡزَخٌ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ
Балким, (бул өмүрүмдө) мурда жасай албаган жакшы амалдарды жасап калаармын!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) артында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (мүрзө жашоосу) бар.
عربی تفاسیر:
فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ فَلَآ أَنسَابَ بَيۡنَهُمۡ يَوۡمَئِذٖ وَلَا يَتَسَآءَلُونَ
(Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда..., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт.
عربی تفاسیر:
فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер.
عربی تفاسیر:
وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ فِي جَهَنَّمَ خَٰلِدُونَ
Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар.
عربی تفاسیر:
تَلۡفَحُ وُجُوهَهُمُ ٱلنَّارُ وَهُمۡ فِيهَا كَٰلِحُونَ
Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (куйкаланган баш сөөгүнө окшоп, эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат.
عربی تفاسیر:
أَلَمۡ تَكُنۡ ءَايَٰتِي تُتۡلَىٰ عَلَيۡكُمۡ فَكُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ
(Оо, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле?!
عربی تفاسیر:
قَالُواْ رَبَّنَا غَلَبَتۡ عَلَيۡنَا شِقۡوَتُنَا وَكُنَّا قَوۡمٗا ضَآلِّينَ
(Ошондо каапырлар) айтышат: «Оо, Раббибиз! Бизге (дүйнөдө) бактысыздык үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык!
عربی تفاسیر:
رَبَّنَآ أَخۡرِجۡنَا مِنۡهَا فَإِنۡ عُدۡنَا فَإِنَّا ظَٰلِمُونَ
Оо, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта залымдарбыз».
عربی تفاسیر:
قَالَ ٱخۡسَـُٔواْ فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ
(Ошондо Аллах) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!».
عربی تفاسیر:
إِنَّهُۥ كَانَ فَرِيقٞ مِّنۡ عِبَادِي يَقُولُونَ رَبَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَا وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың» дешет.
عربی تفاسیر:
فَٱتَّخَذۡتُمُوهُمۡ سِخۡرِيًّا حَتَّىٰٓ أَنسَوۡكُمۡ ذِكۡرِي وَكُنتُم مِّنۡهُمۡ تَضۡحَكُونَ
Силер болсо (оо, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр.
عربی تفاسیر:
إِنِّي جَزَيۡتُهُمُ ٱلۡيَوۡمَ بِمَا صَبَرُوٓاْ أَنَّهُمۡ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ
Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер.
عربی تفاسیر:
قَٰلَ كَمۡ لَبِثۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ عَدَدَ سِنِينَ
(Аллах тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди.
عربی تفاسیر:
قَالُواْ لَبِثۡنَا يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖ فَسۡـَٔلِ ٱلۡعَآدِّينَ
«Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти.
عربی تفاسیر:
قَٰلَ إِن لَّبِثۡتُمۡ إِلَّا قَلِيلٗاۖ لَّوۡ أَنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
(Аллах) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер.
عربی تفاسیر:
أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ
«Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?».
عربی تفاسیر:
فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ ٱلۡمَلِكُ ٱلۡحَقُّۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡكَرِيمِ
Чыныгы Падыша – Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллах (бир нерсени максатсыз жаратуудан алыс) Бийик!
عربی تفاسیر:
وَمَن يَدۡعُ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ لَا بُرۡهَٰنَ لَهُۥ بِهِۦ فَإِنَّمَا حِسَابُهُۥ عِندَ رَبِّهِۦٓۚ إِنَّهُۥ لَا يُفۡلِحُ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллахка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт!
عربی تفاسیر:
وَقُل رَّبِّ ٱغۡفِرۡ وَٱرۡحَمۡ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Айткын: «Оо, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен ырайымдуулардын эң жакшысысың!».[1]
[1] Аллах таала абалкы-акыркы (бардык) каталары кечирилген Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды кечирим сурашка буюргандан кийин, башка пенделер мындан үлгүлүү сабак алуулары кажет.
عربی تفاسیر:
 
معانی کا ترجمہ سورت: سورۂ مؤمنون
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية - ترجمے کی لسٹ

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

بند کریں