Check out the new design

قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف * - ترجمے کی لسٹ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

معانی کا ترجمہ سورت: نساء   آیت:
وَإِذَا كُنتَ فِيهِمۡ فَأَقَمۡتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَةٞ مِّنۡهُم مَّعَكَ وَلۡيَأۡخُذُوٓاْ أَسۡلِحَتَهُمۡۖ فَإِذَا سَجَدُواْ فَلۡيَكُونُواْ مِن وَرَآئِكُمۡ وَلۡتَأۡتِ طَآئِفَةٌ أُخۡرَىٰ لَمۡ يُصَلُّواْ فَلۡيُصَلُّواْ مَعَكَ وَلۡيَأۡخُذُواْ حِذۡرَهُمۡ وَأَسۡلِحَتَهُمۡۗ وَدَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡ تَغۡفُلُونَ عَنۡ أَسۡلِحَتِكُمۡ وَأَمۡتِعَتِكُمۡ فَيَمِيلُونَ عَلَيۡكُم مَّيۡلَةٗ وَٰحِدَةٗۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِن كَانَ بِكُمۡ أَذٗى مِّن مَّطَرٍ أَوۡ كُنتُم مَّرۡضَىٰٓ أَن تَضَعُوٓاْ أَسۡلِحَتَكُمۡۖ وَخُذُواْ حِذۡرَكُمۡۗ إِنَّ ٱللَّهَ أَعَدَّ لِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٗا مُّهِينٗا
(О, Мухаммад!) Эгер сен алардын (сахабалардын) арасында (имам болуп) намаз окусаң, сени менен бирге болгон алардын бир тобу (кароолдо) турсун жана куралдарын алып алышсын. Сажда кылып (намаз окуп) бүткөндө аркаңарга өтүп (коргоп) турушсун. Анан намаз окуй элек башка топ келип, сени менен намаз окусун. Бирок, этияттап жана курал-жарактарын алып алышсын. Эгер силер куралыңар менен керек-жарагыңардан капарсыз калсаңар, каапырлар силерге капыстан кол салууну самап турушат. Эгер силерге жамгырдын кесепети тийсе же ооруп калсаңар, анда куралыңарды (жерге) койсоңор күнөө эмес. Бирок, абайлагыла. Чынында, Аллах каапырларга кордоочу азапты даярдап койгон.
عربی تفاسیر:
فَإِذَا قَضَيۡتُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ قِيَٰمٗا وَقُعُودٗا وَعَلَىٰ جُنُوبِكُمۡۚ فَإِذَا ٱطۡمَأۡنَنتُمۡ فَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا
Ал эми, намазды окуп бүткөнүңөрдөн кийин, турган, отурган жана жамбаштап жаткан (бардык) убактыңарда Аллахты зикир кылгыла. Эгер (согуштан) тынч болсоңор намазды толук окугула. Албетте, намаз ыймандуу адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парз болду.[1]
[1] Бул аяттагы “ыймандуу адамдар үчүн” жана “өз убактысында” деген сөздөргө көңүл буруу зарыл. Намаз момун (ыймандуу) адамдын ыйманы үчүн тараза сыяктуу. Эгер адамдын ыйманы таза болсо, намазы толук, сапаттуу болот. Ыйманы начар болсо намазы дагы эптемей болот. Намаз - ыймандуу кишилер үчүн, балакат жашына жеткен ар бир эркек-аялга “өз убактысында окулуучу парыз”.
عربی تفاسیر:
وَلَا تَهِنُواْ فِي ٱبۡتِغَآءِ ٱلۡقَوۡمِۖ إِن تَكُونُواْ تَأۡلَمُونَ فَإِنَّهُمۡ يَأۡلَمُونَ كَمَا تَأۡلَمُونَۖ وَتَرۡجُونَ مِنَ ٱللَّهِ مَا لَا يَرۡجُونَۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمًا
(Душман) коомдун артынан сая түшүүдөн талыкпагыла. Эгер силер азап чеккен болсоңор, алар деле силер сыяктуу азап чегишти. (Экинчиден) силер Аллахтан, алар үмүт кылбаган нерсени (бейишти) үмүт кылып жатасыңар. Аллах Билүүчү, Даанышман.
عربی تفاسیر:
إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِتَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ بِمَآ أَرَىٰكَ ٱللَّهُۚ وَلَا تَكُن لِّلۡخَآئِنِينَ خَصِيمٗا
(О, Мухаммад!) Биз сага китепти (Куранды) акыйкат менен (бузулбай турган жана бардык кабарлары чындык болгон абалда) адамдар арасында Аллах көргөзгөн жол менен өкүм кылууң үчүн түшүрдүк. Жана сен эми кыянатчыга тарапкер болбогун!
عربی تفاسیر:
 
معانی کا ترجمہ سورت: نساء
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف - ترجمے کی لسٹ

شمس الدین حکیموف عبدالخالق نے اس کا ترجمہ کیا، مرکز رواد الترجمہ کے زیر اشراف اسے اپڈیٹ کیا گیا ہے۔

بند کریں