Check out the new design

قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف * - ترجمے کی لسٹ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

معانی کا ترجمہ آیت: (103) سورت: مائدہ
مَا جَعَلَ ٱللَّهُ مِنۢ بَحِيرَةٖ وَلَا سَآئِبَةٖ وَلَا وَصِيلَةٖ وَلَا حَامٖ وَلَٰكِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۖ وَأَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡقِلُونَ
Аллах “бахийраны” да, “саибаны” да, “васийланы” да, “хамийди”[1] да (силерге дин буйругу) кылган эмес. Бирок, каапырлар Аллахтын атынан жалган айтышат жана алардан көпчүлүгү акылсыз адамдар.
[1] Исламга чейинки (жахилият) доорунда арабдар ата-бабаларынан келе жаткан ырым боюнча, Аллахтын адал ырыскыларын өздөрүнө арам кылып: “Ушул Аллахтын буйругу” дешчү. Ошол ырым-жырымдарынын бири, алар беш бала тууган төөнү “бахийра” деп атап, кулагын тилип же минбей, же союп жебей өздөрүнө арам кылышчу. Дагы алар карып калган төө, уй же койду “саиба” деп атап, иштетпей, союп да жебей, бош коюп жиберишчү. Ошондой эле, удаама-удаа эки ургаачы бото тууган төөнү “васила” деп, ал эми, он бото төрөткөн эркек төөнү “хамий” деп аташып, этин да, кызматын да арам деп эсептешчү. Бул аятта Аллах, алардын бул жоруктары дин буйругу эмей эле, акылсыз ата-бабалары ойлоп чыгарган ырым-жырымдар экенин баяндаган.
عربی تفاسیر:
 
معانی کا ترجمہ آیت: (103) سورت: مائدہ
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف - ترجمے کی لسٹ

شمس الدین حکیموف عبدالخالق نے اس کا ترجمہ کیا، مرکز رواد الترجمہ کے زیر اشراف اسے اپڈیٹ کیا گیا ہے۔

بند کریں