Check out the new design

قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف * - ترجمے کی لسٹ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

معانی کا ترجمہ سورت: اعراف   آیت:
قُل لَّآ أَمۡلِكُ لِنَفۡسِي نَفۡعٗا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ وَلَوۡ كُنتُ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ لَٱسۡتَكۡثَرۡتُ مِنَ ٱلۡخَيۡرِ وَمَا مَسَّنِيَ ٱلسُّوٓءُۚ إِنۡ أَنَا۠ إِلَّا نَذِيرٞ وَبَشِيرٞ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ
Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын.
عربی تفاسیر:
۞ هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ وَجَعَلَ مِنۡهَا زَوۡجَهَا لِيَسۡكُنَ إِلَيۡهَاۖ فَلَمَّا تَغَشَّىٰهَا حَمَلَتۡ حَمۡلًا خَفِيفٗا فَمَرَّتۡ بِهِۦۖ فَلَمَّآ أَثۡقَلَت دَّعَوَا ٱللَّهَ رَبَّهُمَا لَئِنۡ ءَاتَيۡتَنَا صَٰلِحٗا لَّنَكُونَنَّ مِنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
Ал (Аллах) силерди бир жандан (Адам-Атадан) жараткан. Кийин аны менен тынчтанып, ырахат алсын деп, андан жубайын (Обо-Энени) жаратты. Анан (Адам Ата менен Обо Эненин урпактарынан) эки жуп кошулганда, жеңил жүктүү болуп, аны менен жүрө берди.[1] Ал эми (боюндагы) оорлошкон мезгилде (бала бүткөнүн билишип) Раббисине: “Эгер бизге жакшы (соо-таза) перзент берсең шүгүр кылуучулардан болор элек” деп дуба кылышты.
[1] Бул биринчи боюна бүтүү болгондуктан, баштапкы мезгилдерде “жүктүү” болгонун сезген жок.
عربی تفاسیر:
فَلَمَّآ ءَاتَىٰهُمَا صَٰلِحٗا جَعَلَا لَهُۥ شُرَكَآءَ فِيمَآ ءَاتَىٰهُمَاۚ فَتَعَٰلَى ٱللَّهُ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
(Аллах) экөөнө жакшы перзент бергенде, берген нерсесинде Аллахка ширк келтиришти. Аллах алардын ширктеринен Бийик-Жогору!
عربی تفاسیر:
أَيُشۡرِكُونَ مَا لَا يَخۡلُقُ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ
Эч нерсени жаратпаган, тескерисинче, жаратылган нерселерди Аллахга шерик кылышабы?!
عربی تفاسیر:
وَلَا يَسۡتَطِيعُونَ لَهُمۡ نَصۡرٗا وَلَآ أَنفُسَهُمۡ يَنصُرُونَ
(Адамдар Аллахка шерик кылган башка “кудайлар”) Алар ары турсун, өздөрүнө да жардам бере албайт!
عربی تفاسیر:
وَإِن تَدۡعُوهُمۡ إِلَى ٱلۡهُدَىٰ لَا يَتَّبِعُوكُمۡۚ سَوَآءٌ عَلَيۡكُمۡ أَدَعَوۡتُمُوهُمۡ أَمۡ أَنتُمۡ صَٰمِتُونَ
(О, мушриктер!) Эгер силер аларды (“кудайыңарды”) туура жолго чакырсаңар ээрчип келбейт (укпайт). Аларды чакырдыңарбы же унчукпай турдуңарбы, силерге эч айырмасы жок.
عربی تفاسیر:
إِنَّ ٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ عِبَادٌ أَمۡثَالُكُمۡۖ فَٱدۡعُوهُمۡ فَلۡيَسۡتَجِيبُواْ لَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ
Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан “кудайлар” өзүңөр сыяктуу эле пенделер. (Аллахтын макулуктары). Эгер чынчыл болсоңор, аларга дуба кылгылачы кана, жооп беришет бекен?!
عربی تفاسیر:
أَلَهُمۡ أَرۡجُلٞ يَمۡشُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ أَيۡدٖ يَبۡطِشُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ أَعۡيُنٞ يُبۡصِرُونَ بِهَآۖ أَمۡ لَهُمۡ ءَاذَانٞ يَسۡمَعُونَ بِهَاۗ قُلِ ٱدۡعُواْ شُرَكَآءَكُمۡ ثُمَّ كِيدُونِ فَلَا تُنظِرُونِ
Эмне, алардын жүрө турган буттары барбы? Же (күч менен) кармагыдай колдору барбы? Же көрөөр көздөрү барбы? Же болбосо, уккудай кулактары барбы?! Айткын: “Аллахга шерик кылган “кудайыңарга” дуба кыла бергиле дагы, эч нерсеге карабай (мага каршы) айлакерлигиңерди баштай бергиле” (бирок, колуңардан эч нерсе келбейт!)
عربی تفاسیر:
 
معانی کا ترجمہ سورت: اعراف
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - کرغیز ترجمہ - شمس الدین حکیموف - ترجمے کی لسٹ

شمس الدین حکیموف عبدالخالق نے اس کا ترجمہ کیا، مرکز رواد الترجمہ کے زیر اشراف اسے اپڈیٹ کیا گیا ہے۔

بند کریں