قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية * - ترجمے کی لسٹ

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

معانی کا ترجمہ سورت: سورۂ مُدثِّر   آیت:

Мудасир

يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ
Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!
عربی تفاسیر:
قُمۡ فَأَنذِرۡ
Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!
عربی تفاسیر:
وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ
Жана Раббиңдин улуулугун даңазала![1]
[1] Пайгамбарыбыз «Хира» үңкүрүндө Жебирейил периштеден алгачкы вахийди кабыл алганда, адаттан тышкары окуяга кабылганы себептүү катуу коркуп, үйүнө келип, оронуп-чүмкөнүп жатып алат. Ошол убакытта ушул аяттар түшүп, элдерди ыйманга чакыруу вазыйпасы жүктөлөт жана ишенбеген адамдарга акыреттеги тозокту эскертүү буюрулат.
عربی تفاسیر:
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ
Жана кийимиңди тазала![1]
[1] Аллах таала – Аруу, Таза. Андан келген дин-ыйман дагы таза. Демек, бул Таза Жолго чакыруу үчүн тазаланыш керек. Бул аятты түз маанисинде «тазаалык (даарат)тын шарттарынан бири» деп түшүнүүгө да болот. Бирок, кээ бир уламалар «кийим» дегенден максат инсандын бардык иш – аракеттери, кыял-жоруктары дешет.
عربی تفاسیر:
وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ
Жана ыпластыктан ыраак бол![1]
[1] Бул аяттагы «ыпластык» сөзүн да уламалар эки түрлүү түшүндүрүшөт. Биринчи тайпалары «ыпластык – бул Аллахтан башка ар түрдүү кудайлар» дешет. Дагы кээ бирөөлөрү «бардык ыплас иштер» дешет.
عربی تفاسیر:
وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ
Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.[1]
[1] Бул тафсир Имам Куртубийге тиешелүү.
عربی تفاسیر:
وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ
(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!
عربی تفاسیر:
فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ
Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).
عربی تفاسیر:
فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٖ يَوۡمٌ عَسِيرٌ
Мына ушул күн – өтө оор күн!
عربی تفاسیر:
عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٖ
Каапырларга жеңил болбогон (күн)!
عربی تفاسیر:
ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدٗا
(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.[1]
[1] Бул аяттагы «каапыр пенде», Мекке мушриктеринин бири Валид ибн Мугира аль Махзуумий. Ал пайгамбарыбызга көп душманчылык көргөзүп, өзүнүн байлыгы, бала-чакасы көп адам экени менен мактанаар эле. Аллах таала бул аятта пайгамбарына эки чындыкты айтууда: Биринчиси, “аны Мен менен жалгыз кой, жазасын Өзүм беремин” деп пайгамбарынын көңүлүн көтөрүү. Экинчиси, пайгамбарына Валидди тегеректеген балдары, жардамчылары көп болгону менен жаратылганда (туулганда) эл катары жалгыз, алсыз туулганын билдирүү.
عربی تفاسیر:
وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالٗا مَّمۡدُودٗا
Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.
عربی تفاسیر:
وَبَنِينَ شُهُودٗا
Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.
عربی تفاسیر:
وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدٗا
Жана ага өтө кененчилик бердим.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ
Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.[1]
[1] Ал жана ага окшогондор Аллахтын бул берешендиги истидраж (акырындап, сездирбей жазага кириптер кылуу) экенин түшүнбөй «Аллах мени сүйөт. Бул дүйнөдө берген жакшылыгын Акыретте да берет» деп ойлошот.
عربی تفاسیر:
كَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدٗا
Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!
عربی تفاسیر:
سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا
Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!
عربی تفاسیر:
إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ
Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү![1]
[1] Ыйык Куранды окуган, аяттарынын үстүндө пикир кылган бардык адамдарга хидаят (туура жол) боло бербейт. Аны окуп жаткандагы ниет кандай болсо, ошого жараша болот. Куранды өзүнүн кыска акылына ченеп окугандар албетте, адашышат.
عربی تفاسیر:
فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ
Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!
عربی تفاسیر:
ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ
Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!
عربی تفاسیر:
ثُمَّ نَظَرَ
Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ
Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды.
عربی تفاسیر:
ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ
Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди.
عربی تفاسیر:
فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ يُؤۡثَرُ
Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр.
عربی تفاسیر:
إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ
Бул - адамдын гана сөзү».
عربی تفاسیر:
سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ
Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин.
عربی تفاسیر:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ
(Оо, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң.
عربی تفاسیر:
لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ
Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт.
عربی تفاسیر:
لَوَّاحَةٞ لِّلۡبَشَرِ
(Терини карартып,) өзгөртүп койот!
عربی تفاسیر:
عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ
Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар.[1]
[1] Аллах таала тозок периштелерине атайлап ушундай табият берген. Бул дагы тозокуларды кыйноонун бир көрүнүшү. Тозок периштелерин «Забаниялар» деп аталат. Ал эми, бейиштеги кызматчылар өтө жумшакпейил болушат.
عربی تفاسیر:
وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةٗۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةٗ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنٗا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلٗاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ
Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудилер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллах бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллах тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллах мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын туура жолго салат. (Оо, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес.
عربی تفاسیر:
كَلَّا وَٱلۡقَمَرِ
Жок, Мен айга ант (ичип),
عربی تفاسیر:
وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ
кайтып кеткен түнгө ант (ичип),
عربی تفاسیر:
وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ
(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип),
عربی تفاسیر:
إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ
(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири![1]
[1] Аллах таала Өзү жараткан олуттуу нерселер менен ант ичет. Бирок, пенделер Аллахтан башка нерсе менен ант бербеши керек. Ошондуктан, кээ бир адамдардын "жер урсун", көк урсун", "арбак урссун", "нан урсун", "кара түндө турамын", "дасторкондун үстүндө турамын" деген сыяктуу анттары чоң күнөө болуп саналат.
عربی تفاسیر:
نَذِيرٗا لِّلۡبَشَرِ
(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү!
عربی تفاسیر:
لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ
Силердин араңардагы, (Аллахтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн
عربی تفاسیر:
كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ
Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну.
عربی تفاسیر:
إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ
Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес.[1]
[1] Бул аяттагы «Оң тарап ээлери» ким экенин түшүндүрүүдө ар кандай пикирлер айтылган. Али разияллоху анху “алар – бөбөктөр” деген болсо, Ибн Аббас “алар – периштелер” деп түшүндүргөн. Анткени, бөбөктөр менен периштелер тап-такыр күнөөсүз болушат. (Тафсиру Табарий) Тафсирчи аалымдардын арасында “алар – амал китеби оң тарабынан берилип, бейишке өкүм кылынган ыкластуу мусулмандар” дегендери да бар. (Тафсийру Куртубий) Эң туурасын Аллах билүүчү.
عربی تفاسیر:
فِي جَنَّٰتٖ يَتَسَآءَلُونَ
Алар бейиштерде туруп сурашат -
عربی تفاسیر:
عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ
(тозоктогу) кылмышкерлерден:
عربی تفاسیر:
مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ
«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?»
عربی تفاسیر:
قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ
Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук.
عربی تفاسیر:
وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ
Жана бей-бечараларды тамактандырбадык.
عربی تفاسیر:
وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ
(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк.
عربی تفاسیر:
وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ
Жана Акырет күндү жалган дедик.
عربی تفاسیر:
حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ
Башыбызга өлүм келгенге чейин»
عربی تفاسیر:
فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ
Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт.[1]
[1] Акыретте Аллах таала Өзү каалаган пенделерине шапаатчылык (күнөөлөрдү сурап алуучулук, ортомчулук) укугун берет. Мына ошол шапаатчылардын бирөө жарымы эгер тозоктогу өзүнө жакын ыймансыз кылмышкердин күнөөсүн кечирүүнү Аллахтан сурачу болсо, Аллах аны кабыл кылбайт.
عربی تفاسیر:
فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ
Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Курандан) жүз буруп качышат?
عربی تفاسیر:
كَأَنَّهُمۡ حُمُرٞ مُّسۡتَنفِرَةٞ
Жапайы эшектерге окшоп,
عربی تفاسیر:
فَرَّتۡ مِن قَسۡوَرَةِۭ
арстандан үркүп качкан?
عربی تفاسیر:
بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفٗا مُّنَشَّرَةٗ
Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат![1]
[1] Каапырлар ушундай текебер болушат. Алар Курандын акыйкат экенин жокко чыгаруу үчүн ар кандай айла-амалдарды жасап, ар кандай доомат сөздөрдү айтышты. Эч бир майнап чыкпаган соң, Абу Жахл баш болгон мушриктер пайгамбарыбызга келип: “Эй, Мухаммад, эгер сен чын пайгамбар болсоң, Раббиңе айткын, биздин ар бирибизге бирден китеп жиберсин жана анда “Мен чыны менен Мухаммадды силерге элчи кылып жибергенмин” деген жазуу болсун” деп талап кылышты. (Куртубий).
عربی تفاسیر:
كَلَّاۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ
Жок, андай эмес! (Чынында) алар Акыреттен коркушпайт!
عربی تفاسیر:
كَلَّآ إِنَّهُۥ تَذۡكِرَةٞ
Жок, андай эмес! Чынында, бул (Куран эң чоң) эскерме-насаат!
عربی تفاسیر:
فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ
Ким кааласа андан сабак алат.
عربی تفاسیر:
وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ
Бирок, (андан) Аллах каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллах таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу!
عربی تفاسیر:
 
معانی کا ترجمہ سورت: سورۂ مُدثِّر
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية - ترجمے کی لسٹ

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

بند کریں