قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - ترجمے کی لسٹ


معانی کا ترجمہ آیت: (11) سورت: سورۂ ھود
إِلَّا ٱلَّذِينَ صَبَرُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُم مَّغۡفِرَةٞ وَأَجۡرٞ كَبِيرٞ
Бирок кыйынчылыктарга, ибадаттарга сабыр кылгандар жана күнөөлөрдөн тыйылып, жакшы иш-аракеттерди аткаргандар андай эмес. Алардын абалы мындан башкача болот. Анткени алар үмүтсүз болушпайт. Аллахтын жакшылыктарын четке кагышпайт. Жана адамдарга бой көтөрүшпөйт. Мына ушул сыпаттарга ээлик кылган адамдарга Раббиси күнөөлөрүн кечирет. Жана Акыретте аларды чоң сыйлык күтөт.
عربی تفاسیر:
حالیہ صفحہ میں آیات کے فوائد:
• سعة علم الله تعالى وتكفله بأرزاق مخلوقاته من إنسان وحيوان وغيرهما.
Аллах тааланын илиминин чексиздиги. Жана адамдардын, жаныбарлардын жана башка макулуктарынын ырыскысын берүү кепилдигин алуусу.

• بيان علة الخلق؛ وهي اختبار العباد بامتثال أوامر الله واجتناب نواهيه.
Жаралуунун себебин баяндоо. Ал пенделердин кимиси Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйган нерселеринен тыйылат деп сыноо.

• لا ينبغي الاغترار بإمهال الله تعالى لأهل معصيته، فإنه قد يأخذهم فجأة وهم لا يشعرون.
Аллах таала күнөөкөр адамдарды жөн коюусу менен азгырылбоо керек. Анткени алар билбей турган абалда Аллах аларды күтүлбөстөн алып кетиши мүмкүн.

• بيان حال الإنسان في حالتي السعة والشدة، ومدح موقف المؤمن المتمثل في الصبر والشكر.
Адамдын жыргалчылыктагы жана кыйынчылыктагы абалын ачыктоо. Жана сабырдуулук, шүгүрчүлүк кылган ыймандуу адамдын абалын мактоо.

 
معانی کا ترجمہ آیت: (11) سورت: سورۂ ھود
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - ترجمے کی لسٹ

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

بند کریں