Check out the new design

قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - المختصر فی تفسیر القرآن الکریم کا قیرغیزی ترجمہ * - ترجمے کی لسٹ


معانی کا ترجمہ سورت: آل عمران   آیت:
ٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَآ إِنَّنَآ ءَامَنَّا فَٱغۡفِرۡ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ
Мына ушул бейиш адамдары дубаларында Раббисине айтышат: «Раббибиз, биз Сага жана Сенин элчилериңе түшүргөн нерселерге ыйман келтирдик, Сенин шариятыңды ээрчидик. Эми биздин кылган күнөөлөрүбүздү кечир жана бизди тозок азабынан алыстат».
عربی تفاسیر:
ٱلصَّٰبِرِينَ وَٱلصَّٰدِقِينَ وَٱلۡقَٰنِتِينَ وَٱلۡمُنفِقِينَ وَٱلۡمُسۡتَغۡفِرِينَ بِٱلۡأَسۡحَارِ
Алар ибадаттарды аткарууда, күнөөлөрдү таштоодо жана баштарына түшкөн сыноодо сабыр кылуучулар, сөздөрүндө жана иш-аракеттеринде чынчылдар, Аллахка толук моюн сунгандар, мал-мүлктөрүн Аллах жолуна сарптагандар, түндүн акырында кечирим сурагандар, анткени бул учурда дубанын кабыл болуу ыктымалы жогору жана жүрөк түйшүктөрдөн алыс болот.
عربی تفاسیر:
شَهِدَ ٱللَّهُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَأُوْلُواْ ٱلۡعِلۡمِ قَآئِمَۢا بِٱلۡقِسۡطِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок экенине күбөлүк берди. Мунун себеби Ал Өзүнүн сыйынууга татыктуулугун көрсөткөн шарияттык жана ааламдык аят-белгилерди белгиледи. Жана буга периштелер күбөлүк беришти. Ошондой эле буга илим ээлери да жалгыз кудайлуулукту (таухид) түшүндүрүү жана ага чакыруу менен күбөлүк беришти. Алар эң чоң күбөлүк болгон Аллахтын жалгыздыгына (таухид) жана Анын жараткандарында, шариятында адилеттүүлүктү орнотуусуна күбөлүк беришти. Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана Ал жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
عربی تفاسیر:
إِنَّ ٱلدِّينَ عِندَ ٱللَّهِ ٱلۡإِسۡلَٰمُۗ وَمَا ٱخۡتَلَفَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ مَا جَآءَهُمُ ٱلۡعِلۡمُ بَغۡيَۢا بَيۡنَهُمۡۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ سَرِيعُ ٱلۡحِسَابِ
Акыйкатта Аллахтын алдында кабыл боло турган дин – Ислам. Ал – ибадат кылуу аркылуу Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуу жана кулчулук кылуу менен Ага толук берилүү, ошондой эле акыркы пайгамбар Мухаммадга чейинки бардык пайгамбарларга ыйман келтирүү. Аллах аны менен пайгамбарчылыкты жыйынтыктады жана анын шариятынан башкасы кабыл кылынбайт. Жөөттөр менен христиандар өздөрүнө келген илим себептүү далил келтирилгенден кийин көрө албастыктан жана дүйнөгө берилгендиктен улам диндеринде талашып-тартышып, агымдарга жана жамааттарга бөлүнүп кетишти. Кимде-ким Аллахтын элчисине түшүргөн аяттарына каапырлык кылса, анда Аллах Өзүнө каапырлык кылгандардын жана Анын элчилерин жалганга чыгаргандардын эсебин тез берүүчү.
عربی تفاسیر:
فَإِنۡ حَآجُّوكَ فَقُلۡ أَسۡلَمۡتُ وَجۡهِيَ لِلَّهِ وَمَنِ ٱتَّبَعَنِۗ وَقُل لِّلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡأُمِّيِّـۧنَ ءَأَسۡلَمۡتُمۡۚ فَإِنۡ أَسۡلَمُواْ فَقَدِ ٱهۡتَدَواْۖ وَّإِن تَوَلَّوۡاْ فَإِنَّمَا عَلَيۡكَ ٱلۡبَلَٰغُۗ وَٱللَّهُ بَصِيرُۢ بِٱلۡعِبَادِ
Оо, пайгамбар! Эгер алар сага түшүрүлгөн акыйкат жөнүндө сени менен талашып-тартышса, анда аларга: «Мен жана ыймандуулардан мени ээрчигендер Аллах таалага моюн сундук» – деп жооп бер. Оо, пайгамбар! Китеп ээлерине жана мушриктерге айт: «Мен алып келген нерсеге ээрчип, Аллах таалага чын ыкластан моюн сундуңарбы?». Эгер алар Аллахка моюн сунуп, сенин шариятыңды ээрчишсе, анда алар туура жолго түшкөн болот. А эгер Исламдан баш тартышса, анда сен жиберилген нерсени гана жеткирүүгө милдеттүүсүң. Ал эми алардын ишин Аллах чечет, Ал пенделерин Көрүүчү. Жакында ар биринин кылган иш-аракетине жараша сыйлыгын же жазасын берет.
عربی تفاسیر:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡفُرُونَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَيَقۡتُلُونَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ بِغَيۡرِ حَقّٖ وَيَقۡتُلُونَ ٱلَّذِينَ يَأۡمُرُونَ بِٱلۡقِسۡطِ مِنَ ٱلنَّاسِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Аллахтын аларга түшүргөн далилдерине каапырлык кылгандар жана укугу жок туруп зулумдук жана душмандык менен пайгамбарларын өлтүргөндөр, ошондой эле адамдарды жакшылыкка чакырып, жамандыктан тыйып, аларды адилеттүүлүккө чакыргандарды өлтүргөн канкор каапырларга кыйноочу азапты сүйүнчүлө.
عربی تفاسیر:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِ وَمَا لَهُم مِّن نَّٰصِرِينَ
Мындай сыпаттагы адамдардын иш-аракеттери жокко чыгарылат жана Аллахка ыйман келтиришпегени үчүн алардын пайдасын дүйнөдө да, акыретте да көрүшпөйт. Аларды азаптан куткара турган эч бир жардамчы болбойт.
عربی تفاسیر:
حالیہ صفحہ میں آیات کے فوائد:
• من أعظم ما يُكفِّر الذنوب ويقي عذاب النار الإيمان بالله تعالى واتباع ما جاء به الرسول صلى الله عليه وسلم.
Күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон жана тозок азабынан сактаган эң чоң иштердин бири – Аллах таалага ыйман келтирүү жана пайгамбар алып келген нерсеге ээрчүү.

• أعظم شهادة وحقيقة هي ألوهية الله تعالى ولهذا شهد الله بها لنفسه، وشهد بها ملائكته، وشهد بها أولو العلم ممن خلق.
Эң чоң күбөлүк жана акыйкат – бул Аллах тааланын сыйынууга татыктуулугу (улухият). Ушул себептен Аллах Өзү ага күбөлүк берди, периштелер күбөлүк беришти жана жаратылгандардын ичинен илим ээлери күбөлүк беришти.

• البغي والحسد من أعظم أسباب النزاع والصرف عن الحق.
Аша чабуучулук жана көрө албастык – талаш-тартыштын жана акыйкаттан бурулуунун эң чоң себептеринен.

 
معانی کا ترجمہ سورت: آل عمران
سورتوں کی لسٹ صفحہ نمبر
 
قرآن کریم کے معانی کا ترجمہ - المختصر فی تفسیر القرآن الکریم کا قیرغیزی ترجمہ - ترجمے کی لسٹ

مرکز تفسیر للدراسات القرآنیۃ سے شائع ہوا ہے۔

بند کریں