Check out the new design

Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима * - Таржималар мундарижаси

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Маънолар таржимаси Сура: Марям   Оят:
يَٰيَحۡيَىٰ خُذِ ٱلۡكِتَٰبَ بِقُوَّةٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡحُكۡمَ صَبِيّٗا
«Оо, Яхья! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде эле берген элек.
Арабча тафсирлар:
وَحَنَانٗا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةٗۖ وَكَانَ تَقِيّٗا
Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал - такыба болгон эле.
Арабча тафсирлар:
وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَيۡهِ وَلَمۡ يَكُن جَبَّارًا عَصِيّٗا
Ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду.
Арабча тафсирлар:
وَسَلَٰمٌ عَلَيۡهِ يَوۡمَ وُلِدَ وَيَوۡمَ يَمُوتُ وَيَوۡمَ يُبۡعَثُ حَيّٗا
Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллахтын) салам(ы) болсун!
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَرۡيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتۡ مِنۡ أَهۡلِهَا مَكَانٗا شَرۡقِيّٗا
(Оо, Мухаммад,) сен Китепте (Куранда) Мариямды(н окуясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып,
Арабча тафсирлар:
فَٱتَّخَذَتۡ مِن دُونِهِمۡ حِجَابٗا فَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرٗا سَوِيّٗا
алардан чүмбөттөнүп алды.[1] Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.
[1] Эч кимге көрүнбөгөн жерге барып, Аллахка сыйынып, таат-ибадат менен алек болду.
Арабча тафсирлар:
قَالَتۡ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيّٗا
(Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».
Арабча тафсирлар:
قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمٗا زَكِيّٗا
«(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.
Арабча тафсирлар:
قَالَتۡ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞ وَلَمۡ أَكُ بَغِيّٗا
(Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».
Арабча тафсирлар:
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞۖ وَلِنَجۡعَلَهُۥٓ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِ وَرَحۡمَةٗ مِّنَّاۚ وَكَانَ أَمۡرٗا مَّقۡضِيّٗا
(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)
Арабча тафсирлар:
۞ فَحَمَلَتۡهُ فَٱنتَبَذَتۡ بِهِۦ مَكَانٗا قَصِيّٗا
Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды.
Арабча тафсирлар:
فَأَجَآءَهَا ٱلۡمَخَاضُ إِلَىٰ جِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ قَالَتۡ يَٰلَيۡتَنِي مِتُّ قَبۡلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسۡيٗا مَّنسِيّٗا
Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын өзөгүнө алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «Кана эми, ушуга чейин эле өлүп, таптакыр унутулуп калган болсом!» – деди.
Арабча тафсирлар:
فَنَادَىٰهَا مِن تَحۡتِهَآ أَلَّا تَحۡزَنِي قَدۡ جَعَلَ رَبُّكِ تَحۡتَكِ سَرِيّٗا
Ошондо, андан ылдыйраак жерден (үн катты): «Кайгырба, Раббиң астыңдан суу (дарыя) агызып койду.
Арабча тафсирлар:
وَهُزِّيٓ إِلَيۡكِ بِجِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ تُسَٰقِطۡ عَلَيۡكِ رُطَبٗا جَنِيّٗا
Жана өзүңө курма өзөгүн силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт.
Арабча тафсирлар:
 
Маънолар таржимаси Сура: Марям
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қирғизча таржима - Таржималар мундарижаси

Шамсуддин Ҳақимов Абдулхолиқ томонидан таржима қилинган, Руввадут Таржама маркази назорати остида ишлаб чиқилган.

Ёпиш