Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (21) Сура: Каҳф сураси
وَكَذَٰلِكَ أَعۡثَرۡنَا عَلَيۡهِمۡ لِيَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞ وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ لَا رَيۡبَ فِيهَآ إِذۡ يَتَنَٰزَعُونَ بَيۡنَهُمۡ أَمۡرَهُمۡۖ فَقَالُواْ ٱبۡنُواْ عَلَيۡهِم بُنۡيَٰنٗاۖ رَّبُّهُمۡ أَعۡلَمُ بِهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُواْ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيۡهِم مَّسۡجِدٗا
Биз аларды таң каларлык кудуретибиз менен узак убакытка уктатып жана уйкудан тургуздук. Ошондой эле шаардын эли Аллах өлүктөрдү кайра тирилтүүсү акыйкат экендигине жана кыямат күнү анык экиндигине ишенүүлөрү үчүн аларды шаар элине билдирдик. Үңкүр ээлери шаар элине билинип алар жашап өтүшкөндөн кийин аларды кантип жерге беребиз дешип талашып кетишти. Алардын бир тобу: “Ошол үңкүргө аларды сактап турган бир ак сарай куралы. Алардын абалын Раббиси жакшы билет. Алардын мындай абалы Аллахтын алдында өзгөчө абал экендиги болуп турат” – деп айтышты. Сөздөрү өтүмдүү бирок илимдери жок жана туура нерсеге чакыра билбеген кишилер: “Алардын бул жерине аларды урматтоо үчүн жана алардын жерин эстеп туруу үчүн ибадат кылууга мечит курабыз” – деп чыгышты.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• اتخاذ المساجد على القبور، والصلاة فيها، والبناء عليها؛ غير جائز في شرعنا.
Кабырлардын үстүнө же жанына мечит курган болбойт. Эгерде курулуп калган мечит болсо, анда намаз окубаш керек. Ошондой эле күмбөздөрдү да курган туура эмес.

• في القصة إقامة الحجة على قدرة الله على الحشر وبعث الأجساد من القبور والحساب.
Бул окуяда сурак берүүгө кайрадан тирилтүүгө жана кабырдан тургузууга Аллахтын толук кудуреттүү экенине далилдер так айтылды.

• دلَّت الآيات على أن المراء والجدال المحمود هو الجدال بالتي هي أحسن.
Туура ыкма менен талашып-тартышуу – ал адеп жана далилдер менен талашып-тартышуу экендигине бул аяттар далил болот.

• السُّنَّة والأدب الشرعيان يقتضيان تعليق الأمور المستقبلية بمشيئة الله تعالى.
Келечектеги иштерди Аллахтын каалоосуна байлоону шарияттагы адеп жана сүннөт талап кылат.

 
Маънолар таржимаси Оят: (21) Сура: Каҳф сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Таржималар мундарижаси

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Ёпиш