Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (26) Сура: Каҳф сураси
قُلِ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا لَبِثُواْۖ لَهُۥ غَيۡبُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَبۡصِرۡ بِهِۦ وَأَسۡمِعۡۚ مَا لَهُم مِّن دُونِهِۦ مِن وَلِيّٖ وَلَا يُشۡرِكُ فِي حُكۡمِهِۦٓ أَحَدٗا
Оо, пайгамбар! Алар үңкүрдө канча убакыт болгонун Аллах гана билет деп айткын. Биз алардын канча убакыт тургандыгы боюнча кабарын бердик. Аллах таала бул туурасында айткандан кийин эч ким өз оюн айта албайт. Асмандардагы жана жердеги кайып илимдин жана жаратылган нерселердин баары Аллахка таандык. Ал канчалык көп нерсени көрүп турарын айт! Ал бардык нерсени көрүп турат. Ал канчалык көп нерсени угуп турарын айт! Ал бардык нерсени угуп турат. Алардын иштерин колуна алган Аллахтан башка коргоочу жок. Ал Өзүнүн өкүмүндө эч кимди шериктеш кылбайт. Өкүм кылуу Анын Өзүнө гана таандык.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• اتخاذ المساجد على القبور، والصلاة فيها، والبناء عليها؛ غير جائز في شرعنا.
Кабырлардын үстүнө же жанына мечит курган болбойт. Эгерде курулуп калган мечит болсо, анда намаз окубаш керек. Ошондой эле күмбөздөрдү да курган туура эмес.

• في القصة إقامة الحجة على قدرة الله على الحشر وبعث الأجساد من القبور والحساب.
Бул окуяда сурак берүүгө кайрадан тирилтүүгө жана кабырдан тургузууга Аллахтын толук кудуреттүү экенине далилдер так айтылды.

• دلَّت الآيات على أن المراء والجدال المحمود هو الجدال بالتي هي أحسن.
Туура ыкма менен талашып-тартышуу – ал адеп жана далилдер менен талашып-тартышуу экендигине бул аяттар далил болот.

• السُّنَّة والأدب الشرعيان يقتضيان تعليق الأمور المستقبلية بمشيئة الله تعالى.
Келечектеги иштерди Аллахтын каалоосуна байлоону шарияттагы адеп жана сүннөт талап кылат.

 
Маънолар таржимаси Оят: (26) Сура: Каҳф сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Таржималар мундарижаси

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Ёпиш