Check out the new design

Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (74) Сура: Бақара
ثُمَّ قَسَتۡ قُلُوبُكُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ فَهِيَ كَٱلۡحِجَارَةِ أَوۡ أَشَدُّ قَسۡوَةٗۚ وَإِنَّ مِنَ ٱلۡحِجَارَةِ لَمَا يَتَفَجَّرُ مِنۡهُ ٱلۡأَنۡهَٰرُۚ وَإِنَّ مِنۡهَا لَمَا يَشَّقَّقُ فَيَخۡرُجُ مِنۡهُ ٱلۡمَآءُۚ وَإِنَّ مِنۡهَا لَمَا يَهۡبِطُ مِنۡ خَشۡيَةِ ٱللَّهِۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُونَ
Ошондо силердин жүрөгүңөр бул жеткиликтүү насааттардан жана айкын аят-белгилерден кийин таштай болуп катыды, андан дагы катуураак болуп калды. Ал бул абалынан эч качан өзгөрбөйт, ал эми таштар өзгөрөт. Анткени кээ бир таштардан дарыялар атылып чыгат, кээ бири жарылып, жер бетинде аккан булак суулары чыгат, алардан адамдар жана жаныбарлар пайдаланат. Кээ бири Аллахтан коркуп, сестенгенинен тоолордун чокусунан кулайт. А силердин жүрөгүңөр андай эмес. Аллах силердин кылганыңардан бейкапар эмес, Ал аны билет жана жакында силерге анын жазасын берет.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• أن بعض قلوب العباد أشد قسوة من الحجارة الصلبة؛ فلا تلين لموعظة، ولا تَرِقُّ لذكرى.
Кээ бир адамдардын жүрөгү катуу таштан да катуураак, насаатка жумшарбайт, эскертмеге жибибейт.

• أن الدلائل والبينات - وإن عظمت - لا تنفع إن لم يكن القلب مستسلمًا خاشعًا لله.
Эгер жүрөк Аллахка өзүн толук арнап, моюн сунбаса, анда далилдер жана айкын белгилер канчалык күчтүү болсо да эч кандай пайда алып келбейт.

• كشفت الآيات حقيقة ما انطوت عليه أنفس اليهود، حيث توارثوا الرعونة والخداع والتلاعب بالدين.
Бул аяттар жөөттөрдүн ичинде катылган чындыкты ачып берди. Анткени алар кем акылдыкты, алдамчылыкты жана динге шылдың мамиле кылууну муундан-муунга мураска калтырышты.

 
Маънолар таржимаси Оят: (74) Сура: Бақара
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси - Таржималар мундарижаси

Тафсир маркази томонидан нашр этилган.

Ёпиш