Check out the new design

Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Сура: Мумтаҳана   Оят:
لَقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِيهِمۡ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَۚ وَمَن يَتَوَلَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Бул жакшы өрнөктү Аллахтан дүйнө жана акырет жакшылыктарын үмүт кылгандар гана ээрчишет. Ал эми ким мындай жакшы өрнөктөн баш тартса, анда Аллах пенделерине муктаж эмес, Ал алардын баш ийүүсүнө муктаж эмес. Ал бардык абалда мактоого татыктуу.
Арабча тафсирлар:
۞ عَسَى ٱللَّهُ أَن يَجۡعَلَ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَ ٱلَّذِينَ عَادَيۡتُم مِّنۡهُم مَّوَدَّةٗۚ وَٱللَّهُ قَدِيرٞۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, ыймандуулар! Балким Аллах силерге душмандык кылган каапырлар менен силердин ортоңордо сүйүү жаратып, Аллах аларды Исламга карай багыттайт. Ошондо алар силердин диндеш бир туугандарыңар болот. Аллах силердин жүрөгүңөрдү ыйманга өзгөртүүгө Кудуреттүү. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү.
Арабча тафсирлар:
لَّا يَنۡهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ لَمۡ يُقَٰتِلُوكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَلَمۡ يُخۡرِجُوكُم مِّن دِيَٰرِكُمۡ أَن تَبَرُّوهُمۡ وَتُقۡسِطُوٓاْ إِلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُقۡسِطِينَ
Исламга киргениңер себептүү силер менен согушпаган жана силерди өз мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык кылууңарды жана аларга тийиштүү акыларын берип, алардын ортосунда адилеттүү болууңарды Аллах силерге тыйбайт. Чындыгында Аллах өздөрүнө, үй-бүлөсүнө жана кол астындагыларга адилеттүүлүк кылгандарды сүйөт.
Арабча тафсирлар:
إِنَّمَا يَنۡهَىٰكُمُ ٱللَّهُ عَنِ ٱلَّذِينَ قَٰتَلُوكُمۡ فِي ٱلدِّينِ وَأَخۡرَجُوكُم مِّن دِيَٰرِكُمۡ وَظَٰهَرُواْ عَلَىٰٓ إِخۡرَاجِكُمۡ أَن تَوَلَّوۡهُمۡۚ وَمَن يَتَوَلَّهُمۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Силер менен ыйманыңар себептүү согушуп, силерди өз мекениңерден чыгарган же чыгарууга жардам берген адамдар менен достук мамиле түзүүңөрдү Аллах силерге тыйды. Араңардан ким алар менен достошсо, мына ошолор Аллахтын буйругуна каршы чыгып, өздөрүн кыйроого учураткан залымдар.
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا جَآءَكُمُ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ مُهَٰجِرَٰتٖ فَٱمۡتَحِنُوهُنَّۖ ٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِإِيمَٰنِهِنَّۖ فَإِنۡ عَلِمۡتُمُوهُنَّ مُؤۡمِنَٰتٖ فَلَا تَرۡجِعُوهُنَّ إِلَى ٱلۡكُفَّارِۖ لَا هُنَّ حِلّٞ لَّهُمۡ وَلَا هُمۡ يَحِلُّونَ لَهُنَّۖ وَءَاتُوهُم مَّآ أَنفَقُواْۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ أَن تَنكِحُوهُنَّ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّۚ وَلَا تُمۡسِكُواْ بِعِصَمِ ٱلۡكَوَافِرِ وَسۡـَٔلُواْ مَآ أَنفَقۡتُمۡ وَلۡيَسۡـَٔلُواْ مَآ أَنفَقُواْۚ ذَٰلِكُمۡ حُكۡمُ ٱللَّهِ يَحۡكُمُ بَيۡنَكُمۡۖ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Эгерде силерге ыймандуу аялдар каапырлардын жеринен мусулмандардын жерине көчүп келишсе, алардын ыйманынын чындыгын сынап көргүлө. Аллах алардын ыйманын жакшы билет. Алардын жүрөгүндөгү катылган нерселер Ага жашыруун эмес. Эгерде алардын чынчылдыгын текшергенден кийин ыймандуу экенин билсеңер, анда аларды каапыр күйөөлөрүнө кайтарбагыла. Ыймандуу аялдар каапырларга турмушка чыгууга болбойт жана каапырлар ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө болбойт. Күйөөлөрүнө аларга берген калыңды кайтарып бергиле. Оо, ыймандуулар! Силер алардын идда мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга калың берип, үйлөнсөңөр күнөө эмес. Кимдин аялы каапыр болсо же Исламдан баш тартса, анда аны кармабасын. Анткени анын каапыр болушу менен алардын никеси токтойт. Динден баш тарткан аялдарыңарга берген калыңды каапырлардан сурагыла жана алар дагы Исламды кабыл алган аялдарынын калыңын сурашсын. Силер тараптан жана алар тараптан калыңдын кайтарылып берилүүсү тууралуу бул айтылган нерсе – Аллахтын өкүмү. Аллах силердин араңарда Өзү каалагандай өкүм чыгарат. Аллах пенделеринин абалдарын жана иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал пенделерине кылган шариятында Даанышман.
Арабча тафсирлар:
وَإِن فَاتَكُمۡ شَيۡءٞ مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُمۡ إِلَى ٱلۡكُفَّارِ فَعَاقَبۡتُمۡ فَـَٔاتُواْ ٱلَّذِينَ ذَهَبَتۡ أَزۡوَٰجُهُم مِّثۡلَ مَآ أَنفَقُواْۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ ٱلَّذِيٓ أَنتُم بِهِۦ مُؤۡمِنُونَ
Эгерде аялдарыңардын кээ бирлери динден баш тартып, каапырларга кетип калса жана силер каапырлардан алардын калыңын талап кылып, бирок алар бербей коюшса, кийин силер каапырлардан олжого ээ болсоңор, анда динден баш тартып кетип калган аялдардына күйөөлөрү берген калыңды бергиле. Жана силер буйругуна баш ийип жана тыйгандарын таштап, ыйман келтирген Аллахтан корккула!
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• في تصريف الله القلب من العداوة إلى المودة، ومن الكفر إلى الإيمان إشارة إلى أن قلوب العباد بين إصبعين من أصابعه سبحانه، فليطلب العبد منه الثبات على الإيمان.
Аллахтын жүрөктү кастыктан сүйүүгө, каапырлыктан ыйманга өзгөртүүсүндө, пенделердин жүрөктөрү Анын манжаларынын эки манжасынын ортосунда экенине ишарат камтылган. Андыктан пенде Андан ыйманга болгон бекемдикти суроосу керек.

• التفريق في الحكم بين الكفار المحاربين والمسالمين.
Согушчан каапырлар менен тынч каапырлардын ортосундагы өкүмдүн айырмалануусу.

• حرمة الزواج بالكافرة غير الكتابية ابتداءً ودوامًا، وحرمة زواج المسلمة من كافر ابتداءً ودوامًا.
Христиан жана жөөт аялдан башка каапыр аялдарга үйлөнүү башынан жана түбөлүккө тыюу салынган. Жана мусулман аялдын каапырга турмушка чыгуусу башынан жана түбөлүккө тыюу салынган.

 
Маънолар таржимаси Сура: Мумтаҳана
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси - Таржималар мундарижаси

Тафсир маркази томонидан нашр этилган.

Ёпиш