Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (143) Сура: Аъроф сураси
وَلَمَّا جَآءَ مُوسَىٰ لِمِيقَٰتِنَا وَكَلَّمَهُۥ رَبُّهُۥ قَالَ رَبِّ أَرِنِيٓ أَنظُرۡ إِلَيۡكَۚ قَالَ لَن تَرَىٰنِي وَلَٰكِنِ ٱنظُرۡ إِلَى ٱلۡجَبَلِ فَإِنِ ٱسۡتَقَرَّ مَكَانَهُۥ فَسَوۡفَ تَرَىٰنِيۚ فَلَمَّا تَجَلَّىٰ رَبُّهُۥ لِلۡجَبَلِ جَعَلَهُۥ دَكّٗا وَخَرَّ مُوسَىٰ صَعِقٗاۚ فَلَمَّآ أَفَاقَ قَالَ سُبۡحَٰنَكَ تُبۡتُ إِلَيۡكَ وَأَنَا۠ أَوَّلُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Муса Раббиси менен кырк түндүк сүйлөшүүгө убадалашкан күнү келгенде, Раббиси ага буйруктар, тыюулар жана башка нерселерди айтты. Муса Аллахтын жүзүн көргүсү келип, Аны көрүүнү суранды. Аллах Таала ага жооп берип: "Мени бул дүйнө жашоосунда көрө албайсың; көрүүгө кудуретиң жетпейт. Азыр мобу тоону кара, Мен ага көрүнгөнүмдө ал таасирленбей, ордунда кала алса, анда сен да Мени көрө аласың, а эгер жерге тегизделип кетсе, анда Мени бул дүйнөдө көрө албайсың" - деди. Ошентип Аллах тоого көрүнгөндө аны жер менен жексен кыла койду. Мусанын эси ооп жыгылды. Качан өзүнө келип, ордунан турганда: "Эй, Рабби, Сени Сага ылайыксыз болгон кемчиликтин баарынан аруулаймын, Сени бул дүйнөдө көрүүнү суранганыма тобо кылдым, мен коомумдагы биринчи ыйман келтирген адам болдум" - деди.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• تؤكد الأحداث أن بني إسرائيل كانوا ينتقلون من ضلالة إلى أخرى على الرغم من وجود نبي الله موسى بينهم.
Исраил урпактары Муса пайгамбар алардын арасында жүргөн учурда да бир адашуудан экинчи адашууга өтө беришкенин ушул окуялардан билебиз.

• من مظاهر خذلان الأمة أن تُحَسِّن القبيح، وتُقَبِّح الحسن بمجرد الرأي والأهواء.
Үммөттүн жардамсыз калуусуна алардын жакшыны жаман, жаманды жакшы деп каалоо напсилерин ээрчип кетүүсу себеп болот.

• إصلاح الأمة وإغلاق أبواب الفساد هدف سام للأنبياء والدعاة.
Үммөттү оңдоо, бузукулук эшигин жабуу пайгамбарлар жана дааватчылардын максаты.

• قضى الله تعالى ألا يراه أحد من خلقه في الدنيا، وسوف يكرم من يحب من عباده برؤيته في الآخرة.
Аллах Таала бул дүйнөдө Аны эч ким көрө албастыгын өкүм кылган,жакшы көргөн пенделерин Өзүн көрсөтүү менен сыйлайт.

 
Маънолар таржимаси Оят: (143) Сура: Аъроф сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Таржималар мундарижаси

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Ёпиш