Check out the new design

Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Сура: Анфол   Оят:
۞ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا غَنِمۡتُم مِّن شَيۡءٖ فَأَنَّ لِلَّهِ خُمُسَهُۥ وَلِلرَّسُولِ وَلِذِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِ إِن كُنتُمۡ ءَامَنتُم بِٱللَّهِ وَمَآ أَنزَلۡنَا عَلَىٰ عَبۡدِنَا يَوۡمَ ٱلۡفُرۡقَانِ يَوۡمَ ٱلۡتَقَى ٱلۡجَمۡعَانِۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Оо, ыймандуулар, билип алгыла, Аллах жолундагы казатта каапырлардан тартып алган олжолор беш бөлүккө бөлүнөт да бештен төрт бөлүгү казатка катышкандарга бөлүнүп берилет. Ал эми калган бир бөлүгү дагы бешке бөлүнүп, анын бир бөлүгү Аллахка жана Аллахтын элчисине иешелүү болуп, аны жалпы мусулмандарга иштетет. Экинчи бөлүгү пайгамбарыбыздын жакын туугандары болгон Хашим жана Муталибдин балдарына берилет. Үчүнчү бөлүгү жетимдерге, төртүнчүсү колунда жок кедей, жакырларга, бешинчиси максат кылган жерине жете албай ара жолдо калган мусаапырларга берилет. Эгер Аллахка жана Аллах силерге душманыңарды жеңдирип, акыйкат менен жалганды ажыраткан Бадр күнү мухаммад пайгамбарга түшкөн нерсеге (Куран аятына) ыйман келтирүүчү болсоңор. Силерге жардам берген Аллах бардык нерсеге күчү жетүүчү.
Арабча тафсирлар:
إِذۡ أَنتُم بِٱلۡعُدۡوَةِ ٱلدُّنۡيَا وَهُم بِٱلۡعُدۡوَةِ ٱلۡقُصۡوَىٰ وَٱلرَّكۡبُ أَسۡفَلَ مِنكُمۡۚ وَلَوۡ تَوَاعَدتُّمۡ لَٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡمِيعَٰدِ وَلَٰكِن لِّيَقۡضِيَ ٱللَّهُ أَمۡرٗا كَانَ مَفۡعُولٗا لِّيَهۡلِكَ مَنۡ هَلَكَ عَنۢ بَيِّنَةٖ وَيَحۡيَىٰ مَنۡ حَيَّ عَنۢ بَيِّنَةٖۗ وَإِنَّ ٱللَّهَ لَسَمِيعٌ عَلِيمٌ
Эстегиле, силер Мадинага жакын өрөөндө, а бутпарастар болсо андан четирээк Мекке тараптагы өрөөндө, кербен болсо, силерден төмөнүрөөк кызыл деңиздин жээги тарапта бара жаткан. Эгерде силер бутпарастар менен Бадрда жолугушууну мурдатан убадалашып алганыңарда бири-бириңерге макул болмок эмессиңер. Бирок, Аллах Таала силерди эч кандай убадасыз эле Бадрда кезиктирип койду; Аллах муну болгон ишти болтуруу б.а. ыймандууларды жеңдирүү, каапырларды кордоо, динди кубаттандыруу жана ширкти жок кылуу, өлгөндөрдү саны да, күчү да аз ыймандууларды жеңдирген далилин көргөндөн кийин өлтүрүү, тирүүлөрдү далилди көргөндөн кийин тирүү калтыруу үчүн ушундай кылды. Ошентип эч кимге Аллах менен талаша турган далили калбады. Аллах баарынын сөзүн угуучу, кылган иштерин билүүчү, Ага мындан эч нерсе жашыруун тейде калбайт, кийин ошого жараша сыйлайт же жазалайт.
Арабча тафсирлар:
إِذۡ يُرِيكَهُمُ ٱللَّهُ فِي مَنَامِكَ قَلِيلٗاۖ وَلَوۡ أَرَىٰكَهُمۡ كَثِيرٗا لَّفَشِلۡتُمۡ وَلَتَنَٰزَعۡتُمۡ فِي ٱلۡأَمۡرِ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ سَلَّمَۚ إِنَّهُۥ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
Оо, элчи, эстегин, түшүңдө бутпарастарды аз санда көргөнүң Аллахтын силерге кылган жакшылыктарынын бири. Сен муну ыймандууларга айтып, жакшылыкты сүйүнчүлөдүң, душман менен беттешип, согушууга эрк берип күчтөндүрдүң. А эгер Аллах сенин түшүңө бутпарастардын саны көп экенин көрсөткөндө, сахабаларыңдын эрки алсыздап, согуштан коркуп калышмак. Бирок, Аллах мындан саламат кылып, көйгөйдөн сактады, алардын санын Аллахтын элчисине аз кылып көрсөтүп койду. Акыйкатта Ал жүрөктү ээлеген жана напсиде жашырылган сырларды Билүүчү.
Арабча тафсирлар:
وَإِذۡ يُرِيكُمُوهُمۡ إِذِ ٱلۡتَقَيۡتُمۡ فِيٓ أَعۡيُنِكُمۡ قَلِيلٗا وَيُقَلِّلُكُمۡ فِيٓ أَعۡيُنِهِمۡ لِيَقۡضِيَ ٱللَّهُ أَمۡرٗا كَانَ مَفۡعُولٗاۗ وَإِلَى ٱللَّهِ تُرۡجَعُ ٱلۡأُمُورُ
Оо, ыймандуулар, эстегиле, бутпарастарга бетме-бет келгениңерде Аллах алардын санын силердин көзүңөргө аз кылып көрсөтүп, согушка кирүүгө кайрат берди. Силерди да алардын көзүнө аз көрсөтүп, алар кайра кайтууну пикир кылбастан согушка киришти. Муну Аллах тагдырга жазылган бутпарастардын өлүп жана туткун болуп жеңилүүсүн, мусулмандарга душманын жеңүү жакшылыгы берилүүсүн ишке ашыруу үчүн жасады. Иштин баары бир гана Аллахка кайтат. Кийин күнөөкөрдү күнөөсүнө жараша жазалап, сооптуунун сообуна жараша сыйлайт.
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا لَقِيتُمۡ فِئَةٗ فَٱثۡبُتُواْ وَٱذۡكُرُواْ ٱللَّهَ كَثِيرٗا لَّعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчигендер, эгер каалаганыңарга жетип, каалабаганыңардан алыс болууну үмүт кылсаңар, анда каапырлардын жамааты менен бет келгенде, аларга жолукканда бекем болуп, коркпогула. Аллахты көбүрөөк эстеп, дуба кылгыла. Ал силерге жардам берип, аларды жеңдирүүгө кадыр;
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• الغنائم لله يجعلها حيث شاء بالكيفية التي يريد، فليس لأحد شأن في ذلك.
Олжолор Аллахка таандык, аны Өзү каалагандай бөлүштүрөт, ага эчкимдин тиешеси жок.

• من أسباب النصر تدبير الله للمؤمنين بما يعينهم على النصر، والصبر والثبات والإكثار من ذكر الله.
Жеңиштин негизги себеби - ыймандуулардын жеңишине Аллахтын чара көрүүсү, сабырдуулук, бекем туруу жана Аллахты көп эстөө.

• قضاء الله نافذ وحكمته بالغة وهي الخير لعباد الله وللأمة كلها.
Аллахтын тагдырды аткаруусу сөзсүз болот, Анын даанышмадыгы жеткиликтүү, ал бүт пенделерине жана үммөттөрго жакшылык.

 
Маънолар таржимаси Сура: Анфол
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - Қуръон Карим мухтасар тафсирининг қирғизча таржимаси - Таржималар мундарижаси

Тафсир маркази томонидан нашр этилган.

Ёпиш