Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (19) Сура: Анфол сураси
إِن تَسۡتَفۡتِحُواْ فَقَدۡ جَآءَكُمُ ٱلۡفَتۡحُۖ وَإِن تَنتَهُواْ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَإِن تَعُودُواْ نَعُدۡ وَلَن تُغۡنِيَ عَنكُمۡ فِئَتُكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَوۡ كَثُرَتۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Эй, бутпарастар, эгер залым, чектен чыгуучуларга Аллах азабынтүшүрсүн деп талап кылсаңар, Аллах силер талап кылган нерсени түшүрдү. Муну силерге жаза, такыбаларга өрнөк кылып түшүрдү. Эгер дагы талап кылуудан өзүңөрдү тыйсаңар, бул силерге жакшы. ошондо мөонөтүңөрду узартып, силерди кыйратууга шашылбайт. А эгер кайра талап кылсаңар жана ыймандуулар менен согушууга кайтсаңар, анда жаматыңар жана жардамчыңар канчалык көп болсо да ыймандуулардын аздыгына карабай, жеңишке жете албайсыңар. Акыйкатта, Аллах жардамы жана колдоосу аркылуу ыймандуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ага үстөмдүк кылуучу болбойт.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• من كان الله معه فهو المنصور وإن كان ضعيفًا قليلًا عدده، وهذه المعية تكون بحسب ما قام به المؤمنون من أعمال الإيمان.
Аллах ким менен бирге болсо, ал жеңишке жетет, эгер алсыз жана саны аз болсо дагы. Бул ыймандуулардын ыйман, иш-аракеттерине жараша болот.

• المؤمن مطالب بالأخذ بالأسباب المادية، والقيام بالتكليف الذي كلفه الله، ثم يتوكل على الله، ويفوض الأمر إليه، أما تحقيق النتائج والأهداف فهو متروك لله عز وجل.
Ыймандуу адам материалдык себептерин даярдап, Аллах моюнуна жүктөгөн нерсени аткарууга бел байлап, анан Аллахка тобокел кылып, ишти Ага тапшырууга милдеттүү. Ал эми иштин натыжасы жана максаттары Аллахка тиешелүү.

• في الآيات دليل على أن الله تعالى لا يمنع الإيمان والخير إلا عمَّن لا خير فيه، وهو الذي لا يزكو لديه هذا الإيمان ولا يثمر عنده.
Аяттарда Аллах Таала ыйманды жана жакшылыкты жакшылыгы жок адамдан гана тыят. Андайлардынколунда ыйман өспөйт жана мөмөсүн бербейт.

• على العبد أن يكثر من الدعاء: يا مقلب القلوب ثبِّت قلبي على دينك، يا مُصرِّف القلوب اصرف قلبي إلى طاعتك.
Пенде: "Оо, жүрөктөрдү алмаштыруучу, менин жүрөгүмдү диниңе бекем кыл. Оо, жүрөктөрдү башкаруучу, менин жүрөгүмдү Өзүңө баш ийүүгө багытта" дген дубаны коп айтуусу керек.

• أَمَرَ الله المؤمنين ألا يُقِرُّوا المنكر بين أظهرهم فيعُمَّهم العذاب.
Аллах ыймандууларды ачыкка чыккан жаман иштерге ыраазы болбоого буйруду, антпесе, азап баарына чогуу болот.

 
Маънолар таржимаси Оят: (19) Сура: Анфол сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Таржималар мундарижаси

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Ёпиш