Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Таржималар мундарижаси


Маънолар таржимаси Оят: (72) Сура: Анфол сураси
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱلَّذِينَ ءَاوَواْ وَّنَصَرُوٓاْ أُوْلَٰٓئِكَ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۚ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَلَمۡ يُهَاجِرُواْ مَا لَكُم مِّن وَلَٰيَتِهِم مِّن شَيۡءٍ حَتَّىٰ يُهَاجِرُواْۚ وَإِنِ ٱسۡتَنصَرُوكُمۡ فِي ٱلدِّينِ فَعَلَيۡكُمُ ٱلنَّصۡرُ إِلَّا عَلَىٰ قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Аллахка ыйман келтиргендер, Анын элчисин тастыктагандар, шариятын иш жүзүндө аткаргандар, каапырлардын шаарынан ислам шаарына, же Аллахка коопсуз ибадат кылууга мүмкүн болгон жерге көчүп келгендер, Аллахтын сөзү бийик болсун үчүн мал-жаны менен жихад кылгандар жана ошондой эле аларды өз жайларына отурукташтырып жардам бергендер, б.а. тиги мухажирлер (көчүп келгендер) менен аларды тосуп алган ансарлар (жергиликтүүлөр) жардам, кол кабыш кылууда бири-бирине дос. Ал эми Аллахка ыйман келтирип, бирок каапырлардын шаарынан Ислам шаарына көчүп келе электерге көчүп келүүсүнө жардам берип, кол кабыш кылсаңар болот, эй, ыймандуулар. Эгер аларга каапырлар зулум кылып, алар силерден жардам сураса, душмандарга каршы аларга жадам бергиле. Бирок, алардын душмандары менен силердин ортоңордо келишим болсо, анда ал келишимди бузбагыла (аларга жардам бербегиле). Аллах силердин эмне кылганыңарды Көрүүчү, силердин иш-амалдарыңардан эч нерсеси Ага билинбей калбайт, кийин силерди ошого жараша жазалайт.
Арабча тафсирлар:
Ушбу саҳифадаги оят фойдаларидан:
• يجب على المؤمنين ترغيب الأسرى في الإيمان.
Туткундарды ыйманга чакырып үндөө ыймандууларга важыб

• تضمنت الآيات بشارة للمؤمنين باستمرار النصر على المشركين ما داموا آخذين بأسباب النصر المادية والمعنوية.
Бул аяттар, ыймандуулар материалдык жана маанавий себептерди аткарып турган учурда, аларга мушриктерге каршы Аллахтын жардамы улам улана берерин сүйүнчүлөйт.

• إن المسلمين إذا لم يكونوا يدًا واحدة على أهل الكفر لم تظهر شوكتهم، وحدث بذلك فساد كبير.
Эгер мусулмандар каапырлыкка каршы бир муштум болуп согулбаса, чоң бузукулук пайда болот

• فضيلة الوفاء بالعهود والمواثيق في شرعة الإسلام، وإن عارض ذلك مصلحة بعض المسلمين.
Ислам шариятында убада-келишимди сактоонун орду зор, эгер кээ бир мусулмандардын пайдасына каршы болсо дагы

 
Маънолар таржимаси Оят: (72) Сура: Анфол сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Таржималар мундарижаси

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Ёпиш