Check out the new design

የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ * - የትርጉሞች ማዉጫ


የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አን-ነሕል   አንቀጽ:
۞ يَوۡمَ تَأۡتِي كُلُّ نَفۡسٖ تُجَٰدِلُ عَن نَّفۡسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفۡسٖ مَّا عَمِلَتۡ وَهُمۡ لَا يُظۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Ал жердин ушунчалык кыйынчылыгы себептүү ар бир адам башкаларды унутуп, өзүнүн гана таламын талашып калган күндү эстегин. Ар бир адамга кылган жакшылык-жамандыгы үчүн сыйгылы же жазасы толук берилет. Алардын жакшылыктары кемитилип же күнөөлөрү көбөйтүлүп зулумдук кылынбайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَضَرَبَ ٱللَّهُ مَثَلٗا قَرۡيَةٗ كَانَتۡ ءَامِنَةٗ مُّطۡمَئِنَّةٗ يَأۡتِيهَا رِزۡقُهَا رَغَدٗا مِّن كُلِّ مَكَانٖ فَكَفَرَتۡ بِأَنۡعُمِ ٱللَّهِ فَأَذَٰقَهَا ٱللَّهُ لِبَاسَ ٱلۡجُوعِ وَٱلۡخَوۡفِ بِمَا كَانُواْ يَصۡنَعُونَ
Аллах Мекке шаарын мисал кылды. Ал шаардын тургундары коркунучтан коопсуз жана тынч эле. Ошол эле учурда анын айланасындагы адамдар таланып тонолууда болчу. Ал шаардын ырыскысы бүт тараптан оңой жолдо келип турчу. Кийин анын жашоочулары Аллахтын аларга берген жакшылыктарын танышып, Ага шүгүр кылышпады. Ошондо Аллах аларды ачкачылык жана жүздөрүнөн эле билинген катуу коркунуч менен жазалады. Бул нерсе алардын каапырлык кылгандары жана жалганга чыгаргандары себептүү алардын кийими сыяктуу эле болуп калды.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٞ مِّنۡهُمۡ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ ٱلۡعَذَابُ وَهُمۡ ظَٰلِمُونَ
Меккенин элине өздөрүнөн эле болгон пайгамбар келди. Алар аны аманаткөй жана чынчыл деп билишчи. Ал – Мухаммад эле. Алар Раббиси тараптан ага түшкөн нерсени жалганга чыгарышканда аларга ачкачылык, коркунуч сыяктуу Аллахтын азабы түштү. Алар Аллахка ширк кылып, Анын пайгамбарын жалганга чыгарышып өздөрүн кыйроого дуушар кылып залым болушту.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
فَكُلُواْ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُ حَلَٰلٗا طَيِّبٗا وَٱشۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ إِن كُنتُمۡ إِيَّاهُ تَعۡبُدُونَ
Оо, пенделер! Аллах силерге ырыскы кылып берген жегенге жагымдуу адал нерселерден жегиле! Жана Аллах силерге берген жакшылыктарды танбастан моюнга алып Ага шүгүр кылгыла! Эгерде Ага ширк кылбай жалгыз Ага гана сыйынган болсоңор, анда ал жакшылыктарды Ал ыраазы болгон жолдорго сарптагыла!
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحۡمَ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۖ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Аллах силерге адалдап союлбастан өлгөн малды, аккан канды, чочконун бүт мүчөлөрүн, Аллахтан башкага жакындаш максатта курмандыкка чалынган малдын этин арам кылды. Бул арам кылуу – ыктыяры бар болгон абалга гана тийиштүү. Ал эми ким ушул айтылгандарды аргасыз жегенге мажбур болуп, ал арамга көңүлү тартпай, бирок зарылдык чекте гана жеген болсо, анда ал күнөөкөр эмес. Чындыгында Аллах Кечиримдүү, Ал анын жегенин кечирет. Ал ага Ырайымдуу, анткени аргасыз абалда аны жешке уруксат берди.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَلَا تَقُولُواْ لِمَا تَصِفُ أَلۡسِنَتُكُمُ ٱلۡكَذِبَ هَٰذَا حَلَٰلٞ وَهَٰذَا حَرَامٞ لِّتَفۡتَرُواْ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَ لَا يُفۡلِحُونَ
Эй, мушриктер! Аллахка жалган жалаа жабыш максатта «Бул нерсе адал, бул нерсе арам» – деп адалды арам кылып же арамды адал кылып Аллахка карата тилиңерден чыккан жалганды айтпагыла! Чындыгында Аллахка жалган жалаа жапкандар көздөгөн ой-максаттарына жетишпейт жана корккон нерселеринен да кутулушпайт.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
مَتَٰعٞ قَلِيلٞ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Алар өз каалоолорун ээрчип кетишкендиги себептүү бул дүйнөдө аларга арзыбаган гана нерселер бар. Ал эми кыяматта алар үчүн жан ооруткан азаптар бар.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا مَا قَصَصۡنَا عَلَيۡكَ مِن قَبۡلُۖ وَمَا ظَلَمۡنَٰهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Биз сага (Анъаам сүрөөсүнүн 146-аятында) айтып өткөн нерселерди айрыкча жөөттөргө арам кылдык. Биз муну арам кылуу менен аларга зулумдук кылган жокпуз. Бирок алар жазага татыктуу себептерди кылып өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылышты. Анан Биз аларды чектен чыккандыгы үчүн жазалап, алардын жазасы катары ошол нерселерди аларга арам кылдык.
የአረብኛ ቁርኣን ማብራሪያ:
ከአንቀጾቹ የምንማራቸዉ ቁም ነገሮች:
• الجزاء من جنس العمل؛ فإن أهل القرية لما بطروا النعمة بُدِّلوا بنقيضها، وهو مَحْقُها وسَلْبُها ووقعوا في شدة الجوع بعد الشبع، وفي الخوف والهلع بعد الأمن والاطمئنان، وفي قلة موارد العيش بعد الكفاية.
Сыйлык же жаза – кылынган иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Качан шаар жашоочулары жакшылыкты танып кетишкенде аларга анын тескериси болуп калды, тагыраак айтканда ал жакшылык алардан кетти жана тартылып алынды. Жана алар токчулуктан кийин ачарчылыкка, тынчтыктан кийин коркунучка, бакубатчылыктан кийин жокчулукка туш болушту.

• وجوب الإيمان بالله وبالرسل، وعبادة الله وحده، وشكره على نعمه وآلائه الكثيرة، وأن العذاب الإلهي لاحقٌ بكل من كفر بالله وعصاه، وجحد نعمة الله عليه.
Аллахка жана пайгамбарга ыйман келтирүүнүн, жалгыз Аллахка сыйынуунун жана Анын көптөгөн жакшылыктарына шүгүр кылуунун парздыгы. Ал эми Аллахка каапырлык кылып, Ага баш ийбегендер жана Анын жакшылыктарын танып кеткендер Аллахтын азабына дуушар болушат.

• الله تعالى لم يحرم علينا إلا الخبائث تفضلًا منه، وصيانة عن كل مُسْتَقْذَر.
Аллах таала Өз жакшылыгы менен жана бардык жийиркеничтүү нерселерден коргоо максатта бизге ыпылас нерселерди гана арам кылды.

 
የይዘት ትርጉም ምዕራፍ: አን-ነሕል
የምዕራፎች ማውጫ የገፅ ቁጥር
 
የቅዱስ ቁርዓን ይዘት ትርጉም - የቁርአን አጭር ማብራርያ ትርጉም በቂርጊዝኛ ቋንቋ - የትርጉሞች ማዉጫ

ከቁርአን ተፍሲር ጥናት ማዕከል የተገኘ

መዝጋት