ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (11) سورة: النساء
يُوصِيكُمُ ٱللَّهُ فِيٓ أَوۡلَٰدِكُمۡۖ لِلذَّكَرِ مِثۡلُ حَظِّ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۚ فَإِن كُنَّ نِسَآءٗ فَوۡقَ ٱثۡنَتَيۡنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَۖ وَإِن كَانَتۡ وَٰحِدَةٗ فَلَهَا ٱلنِّصۡفُۚ وَلِأَبَوَيۡهِ لِكُلِّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا ٱلسُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُۥ وَلَدٞۚ فَإِن لَّمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلَدٞ وَوَرِثَهُۥٓ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ ٱلثُّلُثُۚ فَإِن كَانَ لَهُۥٓ إِخۡوَةٞ فَلِأُمِّهِ ٱلسُّدُسُۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصِي بِهَآ أَوۡ دَيۡنٍۗ ءَابَآؤُكُمۡ وَأَبۡنَآؤُكُمۡ لَا تَدۡرُونَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ لَكُمۡ نَفۡعٗاۚ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Аллах Таала силерге келишим кылып, балдарыңардын мурасы тууралуу буларга буйруду; Мурас уул балага эки кыз балага берилчү өлчөмдө берилет. Эгер маркумда уулу жок жалаң кыз болсо, анда эки кызына мурастын үчтөн экиси тиет. А эгер мурас алуучу жалгыз эле кыз болсо, ага мурастын жарымы берилет. Эгер маркумдун уул же кызы болсо, бул учурда анын ата-энесине алтыдан бири тиешелүү болот. А эгер маркумдун перзенти болбосо, анда анын энесине үчтөн бири берилип, калганы атасына берилет. Эгер маркумдун эки же андан көп ага-ини, эже-карындаштары болсо, анда энесине милдеттүү түрдө алтынан бири берилет да, калганы атасына калат, бир туугандарына эч нерсе берилбейт. Мурасты мындай тартипте бөлүштүрүү, маркум мурасты осуят кылгандан кийин жана маркумдун карыздары болсо, аны төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Анан да мурасты маркумдун малынын үчтөн биринен ашырып жибербөө керек, тагыраагы, андан калган мал-мүлктөн үчтөн бири гана мураска бөлүнөт. Мурасты ушинтип бөлүштүрүүнү парз кылганынын себеби, адамдар ата-энесинин же балдарынын кимиси ага бул дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу экенин билбейт. Билбегени себептүү бирөөсүн жакшы көрүп, бүт малын ага мураска калтырышы мүмкүн. Дагы бирин жаман көрүп,ага такыр мурас калтырбай коюшу да мүмкүн. А чынында, ал ойлогондой болбой (жакшы көргөнү зыянкеч, жаман көргөнү пайдалуу болуп) калуусу толук мүмкүн. Мунун баарын Ага эч нерсе жашыруун калбаган Аллах билет. Ошон үчүн мурасты жогорудагыдай бөлүштүрүүнү буйруду. Муну пенделери сөзсүз аткара турган милдет кылды. Аллах Таала чынында Билүүчү, пенделерине эмне жагары Ага жашыруун эмес. Ал шарият кылууда, жана өкүм чыгарууда Даанышман.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• دلت أحكام المواريث على أن الشريعة أعطت الرجال والنساء حقوقهم مراعية العدل بينهم وتحقيق المصلحة بينهم.
Мурас бөлүштүрүү шариятта эркек менен аялдын укугу бирдей, адил сакталарына далил, муну менен мамилелери да бекемделет

• التغليظ الشديد في حرمة أموال اليتامى، والنهي عن التعدي عليها، وعن تضييعها على أي وجه كان.
Жетимдин мал-мүлкүн ар кандай жол менен каалагандай иштетип, жеш арам экени катуу эскертилген

• لما كان المال من أكثر أسباب النزاع بين الناس تولى الله تعالى قسمته في أحكام المواريث.
Адамдарды талашып-тартышуусуна негизги себеп байлык болгону үчүн, Аллах Таала аны мурас аркылуу бөлүштүрүү жолун көрсөттү

 
ترجمة معاني آية: (11) سورة: النساء
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق