ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (119) سورة: النساء
وَلَأُضِلَّنَّهُمۡ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمۡ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُبَتِّكُنَّ ءَاذَانَ ٱلۡأَنۡعَٰمِ وَلَأٓمُرَنَّهُمۡ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلۡقَ ٱللَّهِۚ وَمَن يَتَّخِذِ ٱلشَّيۡطَٰنَ وَلِيّٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ فَقَدۡ خَسِرَ خُسۡرَانٗا مُّبِينٗا
Аларды Сенин туура жолуңдан тосом, аларга адашуусун кооз көрсөтө турган жалган убадаларды берем, Аллах адал кылган малдарын арамга чыгартуу үчүн алардын кулагын кесүүгө буйруймун (айкелдерине арнап кээ бир төөлөрүнүн кулагын кесип, эн тамга салып, ошол төөнү ыйык санап, аны минбей, иштетпей, сойбой бош коё берип коюшкан) Аллахтын жаратканын жана табиятын өзгөртүүгө буйруймун (дейт шайтан). Ким шайтанды дос-башчы кылып, ага баш ийсе куулган шайтанды дос кылганы үчүн анык зыянга туш болуптур
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• أكثر تناجي الناس لا خير فيه، بل ربما كان فيه وزر، وقليل من كلامهم فيما بينهم يتضمن خيرًا ومعروفًا.
Адамдардын сүйлөшүүлөрүнүн көбүндө жакшылык жок, тескерисинче,кээде жамандык көп болот. Алардын сөзүнүн азы гана жакшылыкты камтыйт

• معاندة الرسول صلى الله عليه وسلم ومخالفة سبيل المؤمنين نهايتها البعد عن الله ودخول النار.
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоосу болсун) кежирлик кылып, тоң моюн болуунун жана ыймандуулардын жолуна каршы туруунун акыр-аягы Аллахтан алыстап, тозокко кирүү менен бүтөт.

• كل الذنوب تحت مشيئة الله، فقد يُغفر لصاحبها، إلا الشرك، فلا يغفره الله أبدًا، إذا لم يتب صاحبه ومات عليه.
Ширктен башка күнөөнүн баары Аллахтын каалоосунда, каалаганын кечирет. Ал эми ширк кылган адам тообо кылбай өлүп кетсе, аны Аллах эч качан кечирбейт.

• غاية الشيطان صرف الناس عن عبادة الله تعالى، ومن أعظم وسائله تزيين الباطل بالأماني الغرارة والوعود الكاذبة.
Шайтандын самаганы - адамдарды Аллахка ибадат кылуудан тыюу, анын негизги куралы - куру кыял салуу жана жалган убада берүү менен туура эмести кооз кылып көрсөтүү

 
ترجمة معاني آية: (119) سورة: النساء
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق