ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (19) سورة: النساء
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا يَحِلُّ لَكُمۡ أَن تَرِثُواْ ٱلنِّسَآءَ كَرۡهٗاۖ وَلَا تَعۡضُلُوهُنَّ لِتَذۡهَبُواْ بِبَعۡضِ مَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ إِلَّآ أَن يَأۡتِينَ بِفَٰحِشَةٖ مُّبَيِّنَةٖۚ وَعَاشِرُوهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ فَإِن كَرِهۡتُمُوهُنَّ فَعَسَىٰٓ أَن تَكۡرَهُواْ شَيۡـٔٗا وَيَجۡعَلَ ٱللَّهُ فِيهِ خَيۡرٗا كَثِيرٗا
Оо, Аллахка ыйман келтирип, пайгамбарды ээрчиген ыймандуулар, атаңардан жана жакындарыңардан калган жесир аялдарды малды мураска алгандай мурастап алганыңар, аларды никеге алганыңар, каалаганыңарга никелегениңер жана аларды башка бирөөгө турмушка чыгуудан тыйып койгонуңар туура эмес жорук. Силер өзүңөргө жакпаган аялыңарды, эгер ал махыр акысынын бир бөлүгүн же башка нерсени силерге төлөп, ажырашууну талап кылса, аны жазалайын деп кетирбей койбогула. Эгерде ал аял зына сыяктуу жаман ишке бут койсо, анда махыр акысын кайтарып алуу үчүн аны кетирбей турсаңар болот. Аялыңарга зыян азар бербей, напаканы жакшы берип жылуу-жумшак болгула. Кайсы бир кемчилиги үчүн жаман көрсөңөр, ага сабыр кылгыла; ошол силерге жакпаган нерсе аркылуу бул дүйнөдө да, акыретте да жакшылык табышыңар толук мүмкүн
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• ارتكاب فاحشة الزنى من أكثر المعاصي خطرًا على الفرد والمجتمع؛ ولهذا جاءت العقوبات عليها شديدة.
Зынага берилүү жеке адамга да, коомго да олуттуу зыянын тийгизет, ошон үчүн анын азабы да катуу

• لطف الله ورحمته بعباده حيث فتح باب التوبة لكل مذنب، ويسر له أسبابها، وأعانه على سلوك سبيلها.
Бардык күнөөкөрлөргө тообо эшигинин ачыктыгы, тообонун жеңилдиги жана тообо кылуу жолуна түшүүгө жардам берүүсү, мунун баары Аллахтын пенделерине болгон ырайымдуулугу жана жумшактыгы

• كل من عصى الله تعالى بعمد أو بغير عمد فهو جاهل بقدر من عصاه جل وعلا، وجاهل بآثار المعاصي وشؤمها عليه.
Аллах Таалага атайын же кокустан күнөө кылган адам күнөөнүн зыянын, акыбетин билбесе да баары бир күнөө кылган болот

• من أسباب استمرار الحياة الزوجية أن يكون نظر الزوج متوازنًا، فلا يحصر نظره فيما يكره، بل ينظر أيضا إلى ما فيه من خير، وقد يجعل الله فيه خيرًا كثيرًا.
Үй-бүлөлүк жашоо ынтымактуу улануусу үчүн күйөө аялына тең салмактуулук менен кароого тийиш, анын жаман жактарын гана карабай, жакшы жактарына да көңүл буруусу кажет, мына ошондо Аллах ага көп жакшылык берет

 
ترجمة معاني آية: (19) سورة: النساء
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق