ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني آية: (92) سورة: النساء
وَمَا كَانَ لِمُؤۡمِنٍ أَن يَقۡتُلَ مُؤۡمِنًا إِلَّا خَطَـٔٗاۚ وَمَن قَتَلَ مُؤۡمِنًا خَطَـٔٗا فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖ وَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦٓ إِلَّآ أَن يَصَّدَّقُواْۚ فَإِن كَانَ مِن قَوۡمٍ عَدُوّٖ لَّكُمۡ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ وَإِن كَانَ مِن قَوۡمِۭ بَيۡنَكُمۡ وَبَيۡنَهُم مِّيثَٰقٞ فَدِيَةٞ مُّسَلَّمَةٌ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ وَتَحۡرِيرُ رَقَبَةٖ مُّؤۡمِنَةٖۖ فَمَن لَّمۡ يَجِدۡ فَصِيَامُ شَهۡرَيۡنِ مُتَتَابِعَيۡنِ تَوۡبَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَكِيمٗا
ыймандуу адам ыймандуу адамды өлтүрүүгө болбойт, бирок адашып кокустан өлтүрүп алуусу мүмкүн. Ким ушинтип кокустан ыймандуу адамды өлтүрүп алса, мунусун жуу үчүн бир кулду азаттыкка чыгаруусу керек. Өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары өлгөн адамдан мурас ала турган жакындарына кун төлөп берүүсү кажет. А эгер туугандары кечип жиберсе, анда кун төлөөдөн кутулат. Эгерде өлтүрүлгөн адам ыймандуу, бирок мусулмандарга каршы согушуп жаткан коомдон болсо, анда өлтүрүүчү бир кулду азат кылса жетиштүү, кун төлөнбөйт. А эгер өлтүрүлгөн адам ыймандуу болбосо, бирок мусулмандар менен анын коомунун ортосунда тынчтык келишим түзүлгөн коомдон болсо (мусулмандарга салык төлөп, алардын арасында жашаган каапырлар сыяктуу), анда өлтүргөн адамдан мурас ала турган жакын туугандары кун төлөйт жана өлтүрүүчү күнөөсүн жуу үчүн кул азат кылат. Эгер азат кылууга кыл таппаса же кулдун баасын төлөй албаса, анда Аллах Таала анын тообосун кабыл кылуусу үчүн, катары менен арасын үзбөстөн алтымыш күн орозо кармасын. Аллах Таала пенделеринин иштерин жана ниеттерин Билүүчү, шарият кылууда жана башкарууда Данышман.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• جاء القرآن الكريم معظِّمًا حرمة نفس المؤمن، وناهيًا عن انتهاكها، ومرتبًا على ذلك أشد العقوبات.
Куран Карим ыймандуу адамдын жанын улуу, кол тийгис кылды, аны өлтүрүүгө тыюу салды жана өлтүргөн адамдын акыбети оор болорун эскертти

• من عقيدة أهل السُّنَّة والجماعة أن المؤمن القاتل لا يُخلَّد أبدًا في النار، وإنما يُعذَّب فيها مدة طويلة ثم يخرج منها برحمة الله تعالى.
Ахлу суннат вал жамаат (сүннөт жана жамаат ээлери) ишениминде ыймандуу адамды өлтүргөн киши тозокто түбөлүк калбайт, күнөөсүнө жараша азапталгандан кийин Аллахтын ырайымы менен тозоктон чыгат

• وجوب التثبت والتبيُّن في الجهاد، وعدم الاستعجال في الحكم على الناس حتى لا يُعتدى على البريء.
Казаттка чыкканда ким менен согушаарын жакшы билип, тактоо милдет, ошондой эле чындыкты билмейинче бирөөлөргө өкүм чыгарууга шашылбоо зарыл.

 
ترجمة معاني آية: (92) سورة: النساء
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق