للإطلاع على الموقع بحلته الجديدة

ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: الشورى   آية:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِ ٱلۡجَوَارِ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ
Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген аят-белгилерден – деңизде тоолордой бийик болгон кемелердин жүрүүсү.
التفاسير العربية:
إِن يَشَأۡ يُسۡكِنِ ٱلرِّيحَ فَيَظۡلَلۡنَ رَوَاكِدَ عَلَىٰ ظَهۡرِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٍ
Эгерде Аллах кемелерди жүргүзгөн шамалды токтотууну кааласа, аны токтотуп коймок. Анан алар деңизде кыймылсыз бир ордунда туруп калмак. Чындыгында кемелерди жаратуу жана шамалды моюн сундуруу сыяктуу бул айтылган нерселерде сыноолорго жана кыйынчылыктарга сабыр кылган жана Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылган адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар.
التفاسير العربية:
أَوۡ يُوبِقۡهُنَّ بِمَا كَسَبُواْ وَيَعۡفُ عَن كَثِيرٖ
Же Аллах катуу шамал жиберип ал кемелерди жок кылууну кааласа, анда адамдардын кылган күнөөлөрү себептүү аларды кыйратып жок кылмак. Аллах пенделеринин көптөгөн күнөөлөрүн кечирип, аларды жазалаган жок.
التفاسير العربية:
وَيَعۡلَمَ ٱلَّذِينَ يُجَٰدِلُونَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٖ
Катуу шамал жиберип ал кемелерди жок кыла турган кезде Аллахтын аят-белгилерин жокко чыгарыш үчүн талашып-тартышкандар, алар үчүн кыйроодон качып кутулуу жок экенин билишет. Ошондо алар Аллахтан башкаларды таштап, Ага гана жалбарышат.
التفاسير العربية:
فَمَآ أُوتِيتُم مِّن شَيۡءٖ فَمَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَمَا عِندَ ٱللَّهِ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَلَىٰ رَبِّهِمۡ يَتَوَكَّلُونَ
Эй, адамдар! Силерге берилген мал-мүлк же кадыр-барк же бала-чака бул дүйнө жашоосунун убактылуу ырахаттары. Ал эми түбөлүк жыргалчылык – Аллах Өзүнө жана пайгамбарларына ыйман келтирген жана бүткүл иштеринде жалгыз Ага тобокел кылгандарга даярдап койгон бейиш жыргалчылыгы.
التفاسير العربية:
وَٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ وَإِذَا مَا غَضِبُواْ هُمۡ يَغۡفِرُونَ
Алар чоң жана жийиркеничтүү күнөөлөрдөн алысташат. Эгерде аларга кимдир бирөө сөзү же иши менен зыян берсе, анын каталыгын кечирет жана ал үчүн жазалашпайт. Бул кечиримдүүлүк алардан болгон айкөлдүк, анткени анда жакшылыктар жана пайдалар бар.
التفاسير العربية:
وَٱلَّذِينَ ٱسۡتَجَابُواْ لِرَبِّهِمۡ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَمۡرُهُمۡ شُورَىٰ بَيۡنَهُمۡ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ
Алар Раббисинин буйругун аткарып, тыйгандарын таштоо менен Ага жооп беришет жана намазды талаптагыдай толук аткарышат. Ошондой эле алар үчүн маанилүү болгон иштерде өз ара кеңешишет жана Биз аларга берген ырыскыдан Аллахтын жүзүн каалап сарпташат.
التفاسير العربية:
وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَصَابَهُمُ ٱلۡبَغۡيُ هُمۡ يَنتَصِرُونَ
Эгерде аларга зулумдук кылынса жана ал зулумдук кылган адам кечиримге татыксыз болсо, анда алар өз кадырын түшүрбөстөн жеңишке жетишет. Бул анык жеңиш, айрыкча кечирип коюуда эч кандай пайда болбогон болсо.
التفاسير العربية:
وَجَزَٰٓؤُاْ سَيِّئَةٖ سَيِّئَةٞ مِّثۡلُهَاۖ فَمَنۡ عَفَا وَأَصۡلَحَ فَأَجۡرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ
Кимде-ким өз акысын алууну кааласа, анда ал аны алганга акылуу. Бирок ашырбастан же чектен чыкпастан дал өзүндөй болсун. Ал эми ким ага жамандык кылган адамды кечирсе, ал жамандыгы үчүн аны жазалабаса жана аны менен мусулман бир тууганын жараштырса, анда анын сооп-сыйлыгы Аллахтын алдында. Чындыгында Аллах адамдардын өзүнө же мал-мүлкүнө же абийирине тийишип зулумдук кылгандарды сүйбөйт, атүгүл аларды жек көрөт.
التفاسير العربية:
وَلَمَنِ ٱنتَصَرَ بَعۡدَ ظُلۡمِهِۦ فَأُوْلَٰٓئِكَ مَا عَلَيۡهِم مِّن سَبِيلٍ
Ким өз таламы үчүн жеңишке жетсе, анда аларга өз акыларын алганы үчүн эч кандай жаза жок.
التفاسير العربية:
إِنَّمَا ٱلسَّبِيلُ عَلَى ٱلَّذِينَ يَظۡلِمُونَ ٱلنَّاسَ وَيَبۡغُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Чындыгында жазалоо адамдарга зулумдук кылып жана жер бетинде күнөө иштерди кылгандар үчүн. Мына ошолорго акыретте кыйноочу азаптар бар.
التفاسير العربية:
وَلَمَن صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنۡ عَزۡمِ ٱلۡأُمُورِ
Ал эми ким башкалардын зыянына сабыр кылып, аларды кечирсе, анда мындай сабырдуулук өзүнө жана коомго жакшылык алып келет. Бул мактоого татыктуу иш. Буга улуу энчиге ээ болгондор гана жетишет.
التفاسير العربية:
وَمَن يُضۡلِلِ ٱللَّهُ فَمَا لَهُۥ مِن وَلِيّٖ مِّنۢ بَعۡدِهِۦۗ وَتَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ لَمَّا رَأَوُاْ ٱلۡعَذَابَ يَقُولُونَ هَلۡ إِلَىٰ مَرَدّٖ مِّن سَبِيلٖ
Аллах кимге туура жолго түшүүгө колдоо көргөзбөй, аны акыйкаттан адаштырса, анда ал үчүн анын иштерин колго алган Андан башка эч кандай колдоочу болбойт. Сен көрөсүң, каапырлык жана күнөө иштерди кылып өздөрүнө зулумдук кылгандар кыяматта азапты өз көздөрү менен көрүшкөндө: «Дүйнөгө кайра кайтуунун жолу бар бекен, биз кайтып Аллахка тообо кылалы?» – деп үмүттөнө айтышат.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الصبر والشكر سببان للتوفيق للاعتبار بآيات الله.
Сабыр кылуу жана шүгүр кылуу – Аллахтын аят-белгилеринен сабак алууга карай ийгиликтин себептери.

• مكانة الشورى في الإسلام عظيمة.
Ислам дининде кеңешүүнүн орду чоң.

• جواز مؤاخذة الظالم بمثل ظلمه، والعفو خير من ذلك.
Залымды өз зулумдугуна жараша жазалоонун уруксаттыгы. Бирок кечирип коюу андан да жакшыраак.

 
ترجمة معاني سورة: الشورى
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

صادرة عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق