ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: التوبة   آية:

سورة التوبة - Тayба

من مقاصد السورة:
البراءة من المشركين والمنافقين وجهادهم، وفتح باب التوبة للتائبين.
Ошондой эле бутпарас жана эки жүздүү мунафыктардан жуз буруу, аларга каршы жихад, тобо кылуучуларга тобонун эшиги ачыктыгы (тууралуу айтылган).

بَرَآءَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ
Оо, мусулмандар! Бул Аллах тараптан жана Анын Элчиси тарабынан болгон баш тартуу жана Араб жарым аралындагы мушриктер менен түзгөн келишимдердин бүткөндүгү тууралуу жарыя.
التفاسير العربية:
فَسِيحُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ أَرۡبَعَةَ أَشۡهُرٖ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِ وَأَنَّ ٱللَّهَ مُخۡزِي ٱلۡكَٰفِرِينَ
Эй, мушриктер! Жер бетинде төрт ай бою тынч жүргүлө. Андан кийин силер үчүн келишим да жок, тынчтык да жок. Эгер силер Аллахка каапырлык кылып жүрө берсеңер, анда Анын азабынан жана жазасынан эч качан кутулбайсыңар. Мына ушуну билгиле! Аллах каапырларды бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткундоо менен кордойт жана кыямат күнү тозокко киргизип кордойт. Бул нерсе келишимди бузгандарга жана чектелбеген мөөнөткө келишим кылынгандарга тиешелүү. Ал эми убактылуу келишим кылынгандарга, алардын келишими төрт айдан ашса дагы, анын келишими өз мөөнөтүнө чейин аткарылат.
التفاسير العربية:
وَأَذَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦٓ إِلَى ٱلنَّاسِ يَوۡمَ ٱلۡحَجِّ ٱلۡأَكۡبَرِ أَنَّ ٱللَّهَ بَرِيٓءٞ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ وَرَسُولُهُۥۚ فَإِن تُبۡتُمۡ فَهُوَ خَيۡرٞ لَّكُمۡۖ وَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُمۡ غَيۡرُ مُعۡجِزِي ٱللَّهِۗ وَبَشِّرِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Эй, мушриктер! Жер бетинде төрт ай бою тынчтыкта жүргүлө.Эскертүү: 186 копия болуп калыптыр!!!
التفاسير العربية:
إِلَّا ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّم مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ ثُمَّ لَمۡ يَنقُصُوكُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَمۡ يُظَٰهِرُواْ عَلَيۡكُمۡ أَحَدٗا فَأَتِمُّوٓاْ إِلَيۡهِمۡ عَهۡدَهُمۡ إِلَىٰ مُدَّتِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ
Бирок силер менен түзгөн келишимди аткарган жана андан эч нерсени кемитпеген мушриктер жогорудагы өкүмгө киришпейт. Алар менен болгон келишимдин мөөнөтү бүткөнгө чейин келишимди толук аткаргыла. Чындыгында Аллах такыбаларды жакшы көрөт. Алар Анын буйруктарына баш ийип, келишимди аткарышат. Ошондой эле Анын тыйгандарынан алыстап, келишимге кыянаттык кылышпайт.
التفاسير العربية:
فَإِذَا ٱنسَلَخَ ٱلۡأَشۡهُرُ ٱلۡحُرُمُ فَٱقۡتُلُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ حَيۡثُ وَجَدتُّمُوهُمۡ وَخُذُوهُمۡ وَٱحۡصُرُوهُمۡ وَٱقۡعُدُواْ لَهُمۡ كُلَّ مَرۡصَدٖۚ فَإِن تَابُواْ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ فَخَلُّواْ سَبِيلَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Душманыңарга коопсуз болгон ыйык арам айлары бүткөндө мушриктерди жолуккан жерде өлтүргүлө, чептеринде камоого алгыла, жолдорун тосуп аңдыгыла. Эгерде алар ширкти таштап Аллахка тобо кылса, намаз окуса, мал-мүлкүнөн зекет берсе, анда силердин Исламдагы бир туугандарыңар болушат жана мындай учурдаа алар менен согушпагыла. Чындыгында, Аллах тобо кылган пенделерине Кечиримдүү жана Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
وَإِنۡ أَحَدٞ مِّنَ ٱلۡمُشۡرِكِينَ ٱسۡتَجَارَكَ فَأَجِرۡهُ حَتَّىٰ يَسۡمَعَ كَلَٰمَ ٱللَّهِ ثُمَّ أَبۡلِغۡهُ مَأۡمَنَهُۥۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَعۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде канын төккөнгө жана мал-мүлкүн тартып алганга уруксат берилген мушриктерден бирөө жарымы сага кирип коргоо сураса, ал Куранды угушу үчүн суранычын кабыл кыл. Андан соң аны коопсуз жайга жеткир. Мунун себеби каапырлар бул диндин баалуулуктарын билбеген коом. Эгер алар Куран окулганда кулак салып ошол нерселер тууралуу билишсе, балким туура жолго түшүшөр.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• في الآيات دليل واضح على حرص الإسلام على تسوية العلاقات الخارجية مع الأعداء على أساس من السّلم والأمن والتّفاهم.
Ислам дини душмандар менен болгон сырткы мамилелерди тынчтык, бейпилдик жана өз ара түшүнүшүүнүн негизинде жөнгө салууга умтуларына бул аяттарда ачык далил бар.

• الإسلام يُقَدِّر العهود، ويوجب الوفاء بها، ويجعل حفظها نابعًا من الإيمان، وملازمًا لتقوى الله تعالى.
Ислам дини келишимдерди урматтайт, аларды аткарууну милдеттендирет жана аларды аткаруу ыймандан жана Аллахтан коркуунун бөлүнгүс бөлүгү деп эсептейт.

• أَنَّ إقامة الصّلاة وإيتاء الزّكاة دليل على الإسلام، وأنهما يعصمان الدّم والمال، ويوجبان لمن يؤدّيهما حقوق المسلمين من حفظ دمه وماله إلا بحق الإسلام؛ كارتكاب ما يوجب القتل من قتل النفس البريئة، وزنى الزّاني المُحْصَن، والرّدّة إلى الكفر بعد الإيمان.
Намаз окуу жана зекет берүү мусулман экендигине далил болот. Бул экөөсү адамдын жанын жана мал-мүлкүн сактайт. Ошондой эле мусулмандардын жанын жана мал-мүлкүн сактоо сыяктуу укуктарын аткарууну милдет кылат. Бир гана Ислам дини укук берген абалдарда гана өлтүрүү уруксат, мисалы күнөөсүз адамды өлтүрсө, никелүү адам зына кылса жана ыйман келтиргенден кийин кайра каапырлыкка кайтып динден чыкса аны өлтүрүү уруксат.

• مشروعيّة الأمان؛ أي: جواز تأمين الحربي إذا طلبه من المسلمين؛ ليسمع ما يدلّ على صحّة الإسلام، وفي هذا سماحة وتكريم في معاملة الكفار، ودليل على إيثار السِّلم.
Коргоо кепилдикке алуунун уруксаттыгы, б.а. эркин адам мусулмандардан коргоо кепилдигин сурап келсе, ал Ислам дининин акыйкаттыгын билдирген нерселерди угушу үчүн аны коргоого алууга уруксат. Бул нерседе каапырлар менен болгон мамиледеги сый-урматтуулук жана айкөлдүк, ошондой эле тынчтыкты артык көрүү камтылган.

كَيۡفَ يَكُونُ لِلۡمُشۡرِكِينَ عَهۡدٌ عِندَ ٱللَّهِ وَعِندَ رَسُولِهِۦٓ إِلَّا ٱلَّذِينَ عَٰهَدتُّمۡ عِندَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۖ فَمَا ٱسۡتَقَٰمُواْ لَكُمۡ فَٱسۡتَقِيمُواْ لَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلۡمُتَّقِينَ
Аллах жана Анын элчисинин алдында мушриктер үчүн келишимге жана коргоо кепилдигине уруксат жок. Оо, мусулмандар! Бирок Аль-Харам мечитинин алдында силер менен Худайбия тынчтык келишимин түзгөн мушриктерге гана уруксат. Алар ортоңордо болгон келишимди бузган жок, силер дагы ага бекем болгула жана аны бузбагыла. Чындыгында Аллах пенделеринен такыбаларын жакшы көрөт. Алар Анын буйруктарына баш ийишет жана тыйгандарынан алысташат.
التفاسير العربية:
كَيۡفَ وَإِن يَظۡهَرُواْ عَلَيۡكُمۡ لَا يَرۡقُبُواْ فِيكُمۡ إِلّٗا وَلَا ذِمَّةٗۚ يُرۡضُونَكُم بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَتَأۡبَىٰ قُلُوبُهُمۡ وَأَكۡثَرُهُمۡ فَٰسِقُونَ
Алар душманыңар болуп атса, анан кантип аларга келишим жана коргоо кепилдиги болсун?! Эгер алар жеңишке жетишсе, анда Аллахтын алдындагы акыңарга да, туугандыкка да, келишимге да карашпайт. Тескерисинче, силерди катуу азапка салышат. Бал тилге салып жакшы сөз менен силерди ыраазы кылабыз дешет, бирок алардын айткан сөздөрү менен жүрөктөгү ойлору башка. Алар айткандарын аткарышпайт жана келишимди бузушканы себептүү алардын көпчүлүгү Аллахка моюн сунушпайт.
التفاسير العربية:
ٱشۡتَرَوۡاْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ ثَمَنٗا قَلِيلٗا فَصَدُّواْ عَن سَبِيلِهِۦٓۚ إِنَّهُمۡ سَآءَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Убадага турууну өзүнө камтыган Аллахтын аяттарын ээрчүүнү бул дүйнөнүн арзыбаган баасына алмаштырып жиберишти жана алар бул дүйнө жыргалчылыктары аркылуу напсилери, шакыбаттары каалаган нерселерге жетүүгө арекет кылышат. Ошондуктан акыйкатты ээрчүүдөн баш тартышты жана башкаларды да акыйкаттан тосушту. Алардын кылган иш-аракеттери кандай жаман!
التفاسير العربية:
لَا يَرۡقُبُونَ فِي مُؤۡمِنٍ إِلّٗا وَلَا ذِمَّةٗۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُعۡتَدُونَ
Алар душмандык себептүү мусулмандын Аллах алдындагы акысына да, туугандыкка да, келишимге да карашпайт. Аларда душмандык жана зулумдук болгон үчүн Аллахтын чектеринен чыгып кетишти.
التفاسير العربية:
فَإِن تَابُواْ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَوُاْ ٱلزَّكَوٰةَ فَإِخۡوَٰنُكُمۡ فِي ٱلدِّينِۗ وَنُفَصِّلُ ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ
Эгер алар каапырлыктан Аллахка кайтышса, күбөлүк келмени айтышса, намаз окушса, мал-мүлкүнөн зекет беришсе, анда алар мусулман болушат. Ошолор диндеги бир туугандарыңар. Силер кандай укукка ээ болсоңор, алар да ошондой укукка ээ. Силерге алар менен согушууга болбойт. Алар Исламды кабыл алышканы үчүн алардын каны, мал-мүлкү, ар намысы корголот. Билген адамдар үчүн аяттарды ачыктап баяндайбыз. Мына ошолор аяттардан пайда алышат, башкаларга да пайда беришет.
التفاسير العربية:
وَإِن نَّكَثُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُم مِّنۢ بَعۡدِ عَهۡدِهِمۡ وَطَعَنُواْ فِي دِينِكُمۡ فَقَٰتِلُوٓاْ أَئِمَّةَ ٱلۡكُفۡرِ إِنَّهُمۡ لَآ أَيۡمَٰنَ لَهُمۡ لَعَلَّهُمۡ يَنتَهُونَ
Белгилүү бир мөөнөткө чейин согушпайбыз деп силер менен келишим түзгөн мушриктер келишимдерин жана убадаларын бузушса, диниңерди айыпташса жана кемсинтсе, анда алар менен согушкула. Алар каапырлыктын жол башчылары. Алардын канын төгүүнү тыйган эч кандай убада да, келишим да жок. Алардын каапырлыгын жок кылыш максатта, ошондой эле келишимдерди бузушуп, динди кемсинткендери үчүн алар менен согушкула.
التفاسير العربية:
أَلَا تُقَٰتِلُونَ قَوۡمٗا نَّكَثُوٓاْ أَيۡمَٰنَهُمۡ وَهَمُّواْ بِإِخۡرَاجِ ٱلرَّسُولِ وَهُم بَدَءُوكُمۡ أَوَّلَ مَرَّةٍۚ أَتَخۡشَوۡنَهُمۡۚ فَٱللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخۡشَوۡهُ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ
Оо, ыймандуулар! Эмнеге силер келишим жана убадаларын аткарбаган адамдар менен согушпай жатасыңар? Алар пайгамбарды Меккеден чыгарыш үчүн “Даар ан-Надва (жыйын үйүндө)” чогулуш уюштурушту жана алар пайгамбардын өнөктөшү Хузаа уруусуна каршы Курайштын өнөктөшү Бакр уруусуна жардам берип силерге каршы согушту биринчи башташты. Алар менен согушууга эмнеге бет албадыңар, алардан корктуңарбы?! Эгерде чындап ыймандуу болсоңор, Аллах тааладан гана коркконуңар эң туура болот.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• دلَّت الآيات على أن قتال المشركين الناكثين العهد كان لأسباب كثيرة، أهمها: نقضهم العهد.
Келишимди бузган мушриктерге каршы согушуу көптөгөн себептерден улам болгон. Эң негизги себеби — келишимди бузуулары.

• في الآيات دليل على أن من امتنع من أداء الصلاة أو الزكاة فإنه يُقاتَل حتى يؤديهما، كما فعل أبو بكر رضي الله عنه.
Намаз жана зекеттен баш тарткандар кайра аткарып баштамайынча алар менен согушуу. Абу Бакр да ушундай кылган.

• استدل بعض العلماء بقوله تعالى:﴿وَطَعَنُوا فِي دِينِكُمْ﴾ على وجوب قتل كل من طعن في الدّين عامدًا مستهزئًا به.
Кээ бир аалымдар Аллахтын «... алар диниңерге акаарат кылышты» деген сөзүн далил кылып, динге атайын акаарат кылган, аны шылдыңдаган адамга тообо кылуу мүмкүнчүлүгү берилгенде тобо кылбаса, анда аны өлтүрүү милдет деген.

• في الآيات دلالة على أن المؤمن الذي يخشى الله وحده يجب أن يكون أشجع الناس وأجرأهم على القتال.
Жалгыз Аллахтан корккон ыймандуу адам — адамдардын арасынан согушка эң кайраттуусу жана тайманбасы болуш керек.

قَٰتِلُوهُمۡ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ بِأَيۡدِيكُمۡ وَيُخۡزِهِمۡ وَيَنصُرۡكُمۡ عَلَيۡهِمۡ وَيَشۡفِ صُدُورَ قَوۡمٖ مُّؤۡمِنِينَ
Оо, ыймандуулар! Мушриктер менен согушкула! Эгер алар менен согушсаңар, Аллах аларды силердин колуңар менен азаптайт, аларды жеңилүү жана туткундоо менен кордойт, аларга каршы жардам берип силерди үстөм кылат, ошондой эле согушка катышпай калган ыймандууларды алардын душмандары кабылган өлүм, туткундоо, жеңилүү жана Аллахтын ыймандууларды колдоосу менен көкүрөктөрүндөгү дарттарын айыктырат.
التفاسير العربية:
وَيُذۡهِبۡ غَيۡظَ قُلُوبِهِمۡۗ وَيَتُوبُ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Ыймандуулар мушриктердин үстүнөн жеңишке жетишкендиги себептүү Аллах алардын жүрөктөрүнөн ачууланууну кетирет. Аллах ошол каршы чыккандардын каалаганынын тообосун кабыл кылат, эгер алар Меккени багынтканда анын элинин кээ бирлери тообо кылган сыяктуу тообо кылышкан болсо. Аллах алардын кимиси чындап тообо кылганын Билүүчү. Ал – жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятты өкүм кылуусунда Даанышман.
التفاسير العربية:
أَمۡ حَسِبۡتُمۡ أَن تُتۡرَكُواْ وَلَمَّا يَعۡلَمِ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ جَٰهَدُواْ مِنكُمۡ وَلَمۡ يَتَّخِذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَلَا رَسُولِهِۦ وَلَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَلِيجَةٗۚ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, ыймандуулар! Аллах силерди сыноосуз таштап коёт деп ойлодуңарбы?! Сыноо – Аллахтын жолдорунун бир жолу. Араңардан Аллах үчүн гана согушкан пенделерин анык билгенге чейин сыналасыңар. Алар Аллахты, Анын Элчисин жана ыймандууларды таштап каапырлардан сырдаш дос тутушкан жок, алардан жакын дос күтүп жакшы көрүшкөн жок. Аллах силердин кылып жатканыңарды билет. Эч бир нерсе Ага жашыруун эмес жана Ал кылган иштериңерге жараша сыйлыгын же жазасын берет.
التفاسير العربية:
مَا كَانَ لِلۡمُشۡرِكِينَ أَن يَعۡمُرُواْ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ شَٰهِدِينَ عَلَىٰٓ أَنفُسِهِم بِٱلۡكُفۡرِۚ أُوْلَٰٓئِكَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ وَفِي ٱلنَّارِ هُمۡ خَٰلِدُونَ
Мушриктер үчүн Аллахтын мечиттерин ибадаттар менен жандантууга уруксат эмес! Алар каапырлыкта экендиктерин ачык эле өздөрү ырасташты. Алардын кылган иш-аракеттери жокко чыгарылды. Себеби анын кабыл кылынуу шарты болгон ыйман аткарылган жок. Эгер алар өлүм келгенге чейин ширкке тообо кылышпаса, анда алар кыямат күнү тозокко киришет, ал жайда түбөлүк калышат.
التفاسير العربية:
إِنَّمَا يَعۡمُرُ مَسَٰجِدَ ٱللَّهِ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَلَمۡ يَخۡشَ إِلَّا ٱللَّهَۖ فَعَسَىٰٓ أُوْلَٰٓئِكَ أَن يَكُونُواْ مِنَ ٱلۡمُهۡتَدِينَ
Чындыгында мечиттерди жандантууга жана анын акысын аткарууга – жалгыз Аллахка ыйман келтирген, Ага эч кимди шерик кылбаган, кыямат күнүнө ишенген, намаз окуган, мал-мүлкүнөн зекет берген, Аллах тааладан гана корккон адамдар гана татыктуу. Балким мына ошолор туура жолго түшкөндөр. Ал эми мушриктер болсо бул нерседен ушунчалык алыс.
التفاسير العربية:
۞ أَجَعَلۡتُمۡ سِقَايَةَ ٱلۡحَآجِّ وَعِمَارَةَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ كَمَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَجَٰهَدَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ لَا يَسۡتَوُۥنَ عِندَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Эй, мушриктер! Ажыларды суусундук менен камсыз кылган жана Аль-Харам мечитинин кызматындагы адамдарды — Аллахка ыйман келтирген, Ага эч кимди шерик кылбаган, кыямат күнүнө ишенген, Аллахтын сөзү улук болуш үчүн, каапырлардын сөзү төмөн болуш үчүн өз жанын жана байлыгын аябастан согушкан адамдарга теңеп жатасыңарбы? Аллахтын алдында аларды артыкчылык жактан бирдей кылып койдуңарбы?! Алар Аллахтын алдында эч убакта бирдей эмес! Ширк кылган залымдарга Аллах ийгилик бербейт, эгер алар ажыларды суусундук менен камсыз кылган сыяктуу жакшылык иштерди кылышса дагы.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَهَاجَرُواْ وَجَٰهَدُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ أَعۡظَمُ دَرَجَةً عِندَ ٱللَّهِۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ
Аллахка ыйман келтирүүнү, каапыр өлкөдөн ислам өлкөсүнө көчүүнү, жаны жана байлыгы менен Аллах жолунда согушууну чогу аткарган адамдар — Аллахтын алдында башкаларга караганда эң бийик даражада болушат. Ушул сыпаттарга ээ болгон ошол адамдар бейишке жетишет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• في الآيات دلالة على محبة الله لعباده المؤمنين واعتنائه بأحوالهم، حتى إنه جعل من جملة المقاصد الشرعية شفاء ما في صدورهم وذهاب غيظهم.
Бул аяттарда Аллахтын пенделерине болгон сүйүүсү жана аларга абалдарына жараша камкордук кылуу камтылган. Жадагалса алардын көкүрөгүндөгү нерселерге шыпааны жана алардын ачуусун кетирүүнү — шарияттын көздөгөн максаттарынан кылып койду.

• شرع الله الجهاد ليحصل به هذا المقصود الأعظم، وهو أن يتميز الصادقون الذين لا يتحيزون إلا لدين الله من الكاذبين الذين يزعمون الإيمان.
Аллах жолунда согушууну мына ушул улуу максатка жетиш үчүн Аллах шариятка киргизди, ал максат — Аллахтын динине гана ыктаган чынчылдарды, ыймандуумун деп ойлогон жалганчылардан айырмалоо.

• عُمَّار المساجد الحقيقيون هم من وُصِفوا بالإيمان الصادق، وبالقيام بالأعمال الصالحة التي أُمُّها الصلاة والزكاة، وبخشية الله التي هي أصل كل خير.
Мечиттерди чындап жандандыргандар — чыныгы ыйманга ээ адамдар, намаз менен зекет башында турган жакшы иш-аракеттерди кылгандар жана бардык жакшылыктын башаты болгон Аллахтан коркуу сыпатына ээ болгон адамдар.

• الجهاد والإيمان بالله أفضل من سقاية الحاج وعمارة المسجد الحرام بدرجات كثيرة؛ لأن الإيمان أصل الدين، وأما الجهاد في سبيل الله فهو ذروة سنام الدين.
Аллах жолунда согушуу жана Ага ыйман келтирүү — ажыларды суу менен камсыз кылуудан жана Аль-Харам мечитинин кызматында болуудан көп эсе жакшыраак. Анткени ыйман келтир — диндин негизи. Ал эми Аллах жолунда согушуу — диндин туу чокусу.

يُبَشِّرُهُمۡ رَبُّهُم بِرَحۡمَةٖ مِّنۡهُ وَرِضۡوَٰنٖ وَجَنَّٰتٖ لَّهُمۡ فِيهَا نَعِيمٞ مُّقِيمٌ
Алардын Раббиси Аллах Өз ырайымынан жана аларга сөзсүз ыраазы болгондугунан аларды кубандырган нерселерди кабарлады. Ал аларга эч качан ачууланбайт. Алар бейиштерге киргенде алар үчүн түгөнбөгөн түбөлүк ырахаттар болот.
التفاسير العربية:
خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥٓ أَجۡرٌ عَظِيمٞ
Алар бул дүйнөдө кылышкан жакшылык иштеринин сыйлыгы катары мына ошол бейиштерде түбөлүк калышат. Чындыгында динди Аллах үчүн чын ыкластан тутунуп Аллахтын буйруктарына баш ийген жана тыйгандарынан тыйылган адамдар үчүн Аллахтын алдында улуу сооптор бар.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَتَّخِذُوٓاْ ءَابَآءَكُمۡ وَإِخۡوَٰنَكُمۡ أَوۡلِيَآءَ إِنِ ٱسۡتَحَبُّواْ ٱلۡكُفۡرَ عَلَى ٱلۡإِيمَٰنِۚ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمۡ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана пайгамбар алып келген нерсеге ээрчигендер! Аталарыңарга, бир туугандарыңарга жана жакын туугандарыңарга ыймандуулардын сырларын ачып, алар менен кеңешип аларды жакын тутпагыла. Алар жалгыз Аллахка ыйман келтирүүдөн каапырлыкты артык көрүштү. Ким аларды каапырлыгына карабастан жакын тутса, аларды жакшы көрсө, анда ал Аллахка күнөөкөр болду жана күнөөсү себептүү өзүнө өзү зыян кылды.
التفاسير العربية:
قُلۡ إِن كَانَ ءَابَآؤُكُمۡ وَأَبۡنَآؤُكُمۡ وَإِخۡوَٰنُكُمۡ وَأَزۡوَٰجُكُمۡ وَعَشِيرَتُكُمۡ وَأَمۡوَٰلٌ ٱقۡتَرَفۡتُمُوهَا وَتِجَٰرَةٞ تَخۡشَوۡنَ كَسَادَهَا وَمَسَٰكِنُ تَرۡضَوۡنَهَآ أَحَبَّ إِلَيۡكُم مِّنَ ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَجِهَادٖ فِي سَبِيلِهِۦ فَتَرَبَّصُواْ حَتَّىٰ يَأۡتِيَ ٱللَّهُ بِأَمۡرِهِۦۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Ыймандууларга айт: «Эгерде силердин аталарыңар, балдарыңар, бир туугандарыңар, аялдарыңар, туугандарыңар, иштеп тапкан байлыгыңар, кирешелүү болушун каалап, зыян тартуудан корккон соода-сатыгыңар, жашаган жагымдуу үйлөрүңөр, мына ушулардын баарысы силер үчүн Аллахтан, Анын элчисинен жана Аллах жолунда согушуудан да сүйүктүү болсо, анда Аллахтын силерге жибере турган жазасын күткүлө. Аллах Өзү ыраазы болгон иштерде Ага моюн сунбагандарга ийгилик бербейт.
التفاسير العربية:
لَقَدۡ نَصَرَكُمُ ٱللَّهُ فِي مَوَاطِنَ كَثِيرَةٖ وَيَوۡمَ حُنَيۡنٍ إِذۡ أَعۡجَبَتۡكُمۡ كَثۡرَتُكُمۡ فَلَمۡ تُغۡنِ عَنكُمۡ شَيۡـٔٗا وَضَاقَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡأَرۡضُ بِمَا رَحُبَتۡ ثُمَّ وَلَّيۡتُم مُّدۡبِرِينَ
О, ыймандуулар! Бутпарас душмандарыңарга каршы чыкканыңарда, саныңардын аздыгына, даярдыгыңардын начардыгына карабай Аллах Таала көп согушта силерге жардам берди. Ал кездерде Аллахка тобокел кылгансыңар жана себептерин аткаргансыңар, көптүгүңөргө манчыркаган эмессиңер. Мушриктерди жеңген жеңишиңер силердин көптүгүңөрдөн улам болгон жок. Ал эми Хунайн согушу болгон күнү, силер көптүгүңөргө манчыркап: “Бүгүн биз жеңилбейбиз, биз көппүз” дедиңер. Силер манчыркаган көптүгүңөр силерге пайда бербеди. Душманыңар силерге үстөмдүк кылды. Кенен жер силерге тар болуп, душманыңардан жеңилип артка качтыңар.
التفاسير العربية:
ثُمَّ أَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَعَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَأَنزَلَ جُنُودٗا لَّمۡ تَرَوۡهَا وَعَذَّبَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ وَذَٰلِكَ جَزَآءُ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Силер душмандан качкандан кийин Аллах Өз элчисинин жүрөгүнө бейпилдик түшүрдү жана ыймандуулардын жүрөгүнө да түшүрдү. Ошондо алар согушка кайраттуу турушту жана силер көрбөгөн периштелерди түшүрдү. Алар каапырлык кылгандарды өлтүрүү, туткунга түшүрүү, мал-мүлктү тартып алуу жана аял, бала-чакаңарды туткунга менен азапташты. Аларга берилген мына ушул жаза — Аллахтын элчисине түшкөн нерседен баш тарткан жана аны жалганга чыгарган каапырлардын жазасы.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• مراتب فضل المجاهدين كثيرة، فهم أعظم درجة عند الله من كل ذي درجة، فلهم المزية والمرتبة العلية، وهم الفائزون الظافرون الناجون، وهم الذين يبشرهم ربهم بالنعيم.
Аллах жолунда согушкандардын артыкчылык даражалары көп. Алар Аллахтын алдында даражага ээ болгондордун арасынан эң улуу даражада болушат. Алар үчүн өзгөчө артыкчылык жана бийик даража берилет. Алар жеңүүчүлөр, ийгиликке жетүүчүлөр жана азаптан кутулуучулар. Мына ошолорго алардын Раббиси жакшылыктарды сүйүнчүлөгөн.

• في الآيات أعظم دليل على وجوب محبة الله ورسوله، وتقديم هذه المحبة على محبة كل شيء.
Бул аяттар Аллах жана Анын Элчисине болгон сүйүүнүн милдет экенине жана аны башка сүйүүлөрдөн алдын коюш керек экенине чоң далил болот.

• تخصيص يوم حنين بالذكر من بين أيام الحروب؛ لما فيه من العبرة بحصول النصر عند امتثال أمر الله ورسوله صلى الله عليه وسلم وحصول الهزيمة عند إيثار الحظوظ العاجلة على الامتثال.
Согуш күндөрүнүн арасынан Хунайн күнүн өзгөчөлөп айтты. Анткени бул күн сабак болду – Аллах жана Анын Элчисине моюн сунуу жеңишке жеткирет жана дүйнөнүн жыргалчылыктарын Аллахка моюн сунуудан өйдө коюу кыйроого учуратат.

• فضل نزول السكينة، فسكينة الرسول صلى الله عليه وسلم سكينة اطمئنان على المسلمين الذين معه وثقة بالنصر، وسكينة المؤمنين سكينة ثبات وشجاعة بعد الجَزَع والخوف.
Бейпилдик түшүүнүн артыкчылыгы. Пайгамбарга түшкөн бейпилдик – аны менен бирге болгон мусулмандарды тынчтандырган бейпилдик жана жеңишке болгон ишеним. Ал эми ыймандууларга түшкөн бейпилдик – бекемдиктин жана коркуудан кийинки кайраттуулуктун бейпилдиги.

ثُمَّ يَتُوبُ ٱللَّهُ مِنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَ عَلَىٰ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Ошондой азаптоодон кийин ким каапырлыктан жана адашуудан тообо кылып кайтса, анда Аллах анын тообосун кабыл кылат. Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү. Каапырлыктан жана күнөө кылгандан кийин тообо кылып Аллахка кайткан пенделерине Мээримдүү.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّمَا ٱلۡمُشۡرِكُونَ نَجَسٞ فَلَا يَقۡرَبُواْ ٱلۡمَسۡجِدَ ٱلۡحَرَامَ بَعۡدَ عَامِهِمۡ هَٰذَاۚ وَإِنۡ خِفۡتُمۡ عَيۡلَةٗ فَسَوۡفَ يُغۡنِيكُمُ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦٓ إِن شَآءَۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Оо, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер жана анын шариятын ээрчигендер! Чындыгында мушриктер ыпылас. Анткени аларда каапырлык, зулумдук, терс сыпаттар жана жаман адаттар бар. Мына ушул жылдан кийин (хижрийдин 9-жылы) алар ажылыкка же умрага келишсе да, алар ыйык Меккеге жана анын ичиндеги Аль-Харам мечитине киришпейт. Эй, ыймандуулар! Эгерде алар тараптан силерге келген азык-түлүк жана түрдүү соода-сатыктар токтоп калып жакырлыкка кабылабыз деп корксоңор, анда Аллах кааласа силерге Өз жакшылыгы менен жетиштүү болот. Чындыгында Аллах силердин абалыңарды Билүүчү жана силерге болгон башкаруусунда Даанышман.
التفاسير العربية:
قَٰتِلُواْ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَلَا بِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَلَا يُحَرِّمُونَ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَلَا يَدِينُونَ دِينَ ٱلۡحَقِّ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ حَتَّىٰ يُعۡطُواْ ٱلۡجِزۡيَةَ عَن يَدٖ وَهُمۡ صَٰغِرُونَ
О, ыймандуулар! Эч шериги жок Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирбеген, ошондой эле өлүмтүк, чочконун эти, спирт ичимдиктери, сүткорлук сыяктуу Аллах жана Анын элчиси арам кылган нерселерден тыйылбаган, Аллах шарият кылган нерселерге баш ийбеген (жөөт жана христиандардан болгон) каапырлар менен алар кор болуп, өз колдору менен салык төлөгөнгө чейин согушкула!
التفاسير العربية:
وَقَالَتِ ٱلۡيَهُودُ عُزَيۡرٌ ٱبۡنُ ٱللَّهِ وَقَالَتِ ٱلنَّصَٰرَى ٱلۡمَسِيحُ ٱبۡنُ ٱللَّهِۖ ذَٰلِكَ قَوۡلُهُم بِأَفۡوَٰهِهِمۡۖ يُضَٰهِـُٔونَ قَوۡلَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَبۡلُۚ قَٰتَلَهُمُ ٱللَّهُۖ أَنَّىٰ يُؤۡفَكُونَ
Чындыгында жөөттөр да, христиандар да мушриктер. Жөөттөр Узейрди Аллахтын баласы дешип Ага шерик кылышты. Ал эми христиандар Мариямдын баласы Исаны Аллахтын баласы дешип Ага шерик кылышты. Алар өздөрү ойлоп тапкан мына ошол жалган сөздү алар эч кандай далили жок эле ооздору менен айтып коюшту. Алардын бул айткан сөзү аларга чейинки мушриктердин «чындыгында периштелер – Аллахтын кыздары» деп айткан сөзүнө окшош. Аллах бул нерседен бийик. Аллах аларды кыйратсын! Алар кантип ачык чындыкты таштап жалганга кетип жатышат?!
التفاسير العربية:
ٱتَّخَذُوٓاْ أَحۡبَارَهُمۡ وَرُهۡبَٰنَهُمۡ أَرۡبَابٗا مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَٱلۡمَسِيحَ ٱبۡنَ مَرۡيَمَ وَمَآ أُمِرُوٓاْ إِلَّا لِيَعۡبُدُوٓاْ إِلَٰهٗا وَٰحِدٗاۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۚ سُبۡحَٰنَهُۥ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Жөөттөр менен христиандар Аллахты калтырып өздөрүнүн аалымдарын жана кечилдерин "кудай" кылып алышты. Ал "кудайлары" Аллах арам кылган нерселерди адал, Аллах адал кылган нерселерди арам кылып берди. Христиандар Мариямдын уулу Исаны Аллах менен бир катар "кудай" кылып алышты. Аллах жөөттөрдүн аалымдарына да, христиандардын кечилдерине да, ошондой эле Узайр менен Мариямдын уулу Исага да жалгыз Өзүнө гана ибадат кылгыла, Ага эч кимди шерик кылбагыла деп буйруган. Аллах Таала жалгыз Кудай, Андан башка ибадат кылууга татыктуу зат жок. Аллах Таала мушриктер (бутпарастар) жана башка ошол сыяктуулар айткан "шериги бар" деген айыптан Аруу, Таза.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• في الآيات دليل على أن تعلق القلب بأسباب الرزق جائز، ولا ينافي التوكل.
Бул аяттар ырыскынын себептерине жүрөк менен байлануунун уруксаттыгы жана бул Аллахка тобокел кылууга каршы келбейт дегенге далил болот.

• في الآيات دليل على أن الرزق ليس بالاجتهاد، وإنما هو فضل من الله تعالى تولى قسمته.
Ырыскыга жетүү аракет кылуу менен гана болбойт, чындыгында ал Аллах таала тараптан Өзү башкарып бөлүштүргөн жакшылыгы.

• الجزية واحد من خيارات ثلاثة يعرضها الإسلام على الأعداء، يقصد منها أن يكون الأمر كله للمسلمين بنزع شوكة الكافرين.
Салык (жизья) – Ислам дини душмандарга сунуштай турган үч сунуштун бирөөсү. Мындан максат – каапырлардын күч-кубатын кайтарып бийликти мусулмандарга толук өткөрүү.

• في اليهود من الخبث والشر ما أوصلهم إلى أن تجرؤوا على الله، وتنقَّصوا من عظمته سبحانه.
Жөөттөрдөгү бузукулук жана жамандык сыяктуу сыпаттар аларды Аллахка каршы чыгууга батынууга жана Анын улуктугуна шек келтирүүгө алып барды.

يُرِيدُونَ أَن يُطۡفِـُٔواْ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَيَأۡبَى ٱللَّهُ إِلَّآ أَن يُتِمَّ نُورَهُۥ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ
Каапырлар жана каапырлык жолун жолдогондор ушундай жалган жалааларды жабуу менен жана Мухаммад алып келген нерсени жалганга чыгаруу менен Исламды жок кылууну жана аны жокко чыгарууну каалашат. Андагы келген Аллахтын жалгыздыгы жана пайгамбар алып келген нерселер акыйкат экендиги тууралуу ачык-айкын далилдерди жокко чыгарышат. Аллах таала сөзсүз Өз динин толуктайт, ачыкка чыгарат жана башкалардан үстөм кылат. Каапырлар Аллахтын динин толук болушун, ачыкка чыгышын жана үстөм болушун каалашпаса дагы Аллах аны толуктайт, ачыкка чыгарат жана үстөм кылат. Эгерде Аллах бир ишти кааласа, анда башкалардын каалоолору жокко чыгат.
التفاسير العربية:
هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ
Аллах таала Өз элчиси Мухаммадды Куран менен жиберди. Ошондой эле каапырлар жаман көрүшсө да динде келген далилдер жана өкүмдөр аркылуу аны башка диндерден үстөм кылыш үчүн акыйкат дин болгон Ислам дини менен жиберди.
التفاسير العربية:
۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡأَحۡبَارِ وَٱلرُّهۡبَانِ لَيَأۡكُلُونَ أَمۡوَٰلَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡبَٰطِلِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۗ وَٱلَّذِينَ يَكۡنِزُونَ ٱلذَّهَبَ وَٱلۡفِضَّةَ وَلَا يُنفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٖ
Оо, ыйман келтиргендер жана Аллахтын шариятын аткаргандар! Чындыгында жөөттөрдүн көпчүлүк аалымдары жана христиандардын көпчүлүк кечилдери адамдардын мал-мүлктөрүн шарият уруксат бербеген жолдо алышат. Алар паракорлук жана башка жолдор менен алышат, ошондой эле адамдарды Аллахтын динине кирүүдөн тыйышат. Эй, пайгамбар! Алтын-күмүштү жыйнап алып, парз болгон зекетти беришпеген адамдарга кыямат күнүндө аларды өкүндүргөн жан ооруткан азапты кабарла!
التفاسير العربية:
يَوۡمَ يُحۡمَىٰ عَلَيۡهَا فِي نَارِ جَهَنَّمَ فَتُكۡوَىٰ بِهَا جِبَاهُهُمۡ وَجُنُوبُهُمۡ وَظُهُورُهُمۡۖ هَٰذَا مَا كَنَزۡتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡ فَذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَكۡنِزُونَ
Кыямат күнү алар чогулткан жана акысын бербеген нерселери тозок отуна кызытылат. Качан чоктой кызарганда алардын маңдайларына, капталдарына жана аркаларына басылат жана аларга эскертүү ирээтинде: «Мына бул силер жыйнаган жана милдет акыларын бербеген байлыктарыңар. Эми жыйнаган жана акысын бербеген нерсеңердин акыбетин көргүлө, азабын таткыла» – деп айтылат.
التفاسير العربية:
إِنَّ عِدَّةَ ٱلشُّهُورِ عِندَ ٱللَّهِ ٱثۡنَا عَشَرَ شَهۡرٗا فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ يَوۡمَ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ مِنۡهَآ أَرۡبَعَةٌ حُرُمٞۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُۚ فَلَا تَظۡلِمُواْ فِيهِنَّ أَنفُسَكُمۡۚ وَقَٰتِلُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ كَآفَّةٗ كَمَا يُقَٰتِلُونَكُمۡ كَآفَّةٗۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Чындыгында жыл ичиндеги айлардын саны Аллахтын өкүмүндө жана тагдырында он эки ай. Аллах оболу асмандар менен жерди жаратканда муну тагдыр китебинде бекемдеген. Бул он эки айдын ичиндеги төрт айында Аллах согушууну тыйган. Алар катар келген зуль-каада, зуль-хижжа, мухаррам айлары жана өзүнчө келген ражаб айы. Жыл ичиндеги айлардын саны жана алардын төртөөсүндө согушуу тыйылган деп айтылган мына ушул нерселер – туура дин. Андыктан бул ыйык айларда согушуп, анын ыйыктыгына шек келтирип өзүңөргө өзүңөр зулумдук кылбагыла. Бардык мушриктердин силер менен согушкандай силер дагы алар менен баарыңар согушкула. Билгиле, Аллах Өз колдоосу жана бекем кылуусу менен Анын буйруктарын аткарган, тыйгандарын таштаган такыба адамдар менен бирге. Ким Аллах менен бирге болсо, аны эч ким жеңе албайт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• دين الله ظاهر ومنصور مهما سعى أعداؤه للنيل منه حسدًا من عند أنفسهم.
Дин душмандары өздөрүндөгү көрө албастыктарынан улам көздөгөн максаттарына канчалык аракет кылышпасын акыры Аллахтын дини жеңет жана үстөм болот.

• تحريم أكل أموال الناس بالباطل، والصد عن سبيل الله تعالى.
Адамдардын мал-мүлктөрүн арам жолдо жештин жана аларды Аллахтын жолунан тосуунун арамдыгы.

• تحريم اكتناز المال دون إنفاقه في سبيل الله.
Аллах жолуна сарптабай мал-мүлк чогултуунун арамдыгы.

• الحرص على تقوى الله في السر والعلن، خصوصًا عند قتال الكفار؛ لأن المؤمن يتقي الله في كل أحواله.
Аллахтан ачык жана жашыруун коркууга умтулуу. Айрыкча каапырлар менен согушкан учурда. Анткени ыймандуу адам Аллахтан бардык абалда коркот.

إِنَّمَا ٱلنَّسِيٓءُ زِيَادَةٞ فِي ٱلۡكُفۡرِۖ يُضَلُّ بِهِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُحِلُّونَهُۥ عَامٗا وَيُحَرِّمُونَهُۥ عَامٗا لِّيُوَاطِـُٔواْ عِدَّةَ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُ فَيُحِلُّواْ مَا حَرَّمَ ٱللَّهُۚ زُيِّنَ لَهُمۡ سُوٓءُ أَعۡمَٰلِهِمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Караңгылык доорунда арабдар кылгандай ыйык айдын ыйыктык өкүмүн ыйык эмес айга жылдыруу жана анын ордуларын алмаштыруу алардын Аллахка кылган каапырлыгына каапырлык кошуп көбөйтөт. Анткени алар Анын ыйык айлар тууралуу өкүмүнө каапырлык кылышты. Шайтан аларга бул жаман жолду таап берип ушул аркылуу Аллахка каапырлык кылгандарды адаштырат. Алар бир жылы ыйык айды ыйык эмес айлардын бири менен орун алмаштырып, аны ыйык эмес кылышса, кийинки жылы ошол эле айды Аллах ыйык кылган айлардын санына туура келиш үчүн ыйык бойдон калтырышат. Кайсы айды ыйык эмес кылышса, анда анын ордуна сөзсүз башка айды ыйык кылышат. Муну менен алар Аллах ыйык кылган айларды ыйык эмес кылышып, Анын өкүмүнө каршы чыгышат. Шайтан аларга жаман иштерди жакшы кылып көрсөттү, алар аны аткарышты. Ошондой эле алар ойлоп тапкан айлардын ордун алмаштыруу да ушул нерселерден. Аллах каапырлыктан көшөрүп кайтпаган каапырларга ийгилик бербейт.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَا لَكُمۡ إِذَا قِيلَ لَكُمُ ٱنفِرُواْ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ ٱثَّاقَلۡتُمۡ إِلَى ٱلۡأَرۡضِۚ أَرَضِيتُم بِٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا مِنَ ٱلۡأٓخِرَةِۚ فَمَا مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فِي ٱلۡأٓخِرَةِ إِلَّا قَلِيلٌ
Оо, Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтиргендер жана Анын шариятын аткаргандар! Силерге эмне болду, Аллахтын жолунда душманыңарга каршы согушкула деп айтылса кыбырап калдыңар, үйүңөрдө эле болгуңар келип калды? Аллах жолунда согушкандарга даярдалган түбөлүк акырет жыргалчылыктарынан да бул убактылуу дүйнө жашоосунун жыргалчылыктарын ыраа көрдүңөрбү? Акырет жыргалчылыктарынын жанында бул дүйнөнүн жыргалчылыктары эч нерсеге арзыбайт. Акылы бар адам кантип убактылууну түбөлүккө, арзыбаган нерсени улуу нерсеге алмаштырсың?!
التفاسير العربية:
إِلَّا تَنفِرُواْ يُعَذِّبۡكُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَيَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَيۡرَكُمۡ وَلَا تَضُرُّوهُ شَيۡـٔٗاۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Оо, ыймандуулар! Эгерде силер душманыңарга каршы согушууга чыкпай турган болсоңор, анда Аллах силерди зордук-зомбулук, кордук жана башка жолдор менен жазалайт. Эгерде аларды согушка чакырса да алар качышса, анда Аллах алардын ордуна Өзүнө моюн сунган коомду алып келет. Силер Аллахка каршы чыгуу менен Ага эч зыян алып келбейсиңер. Ал силерге муктаж эмес. Силер Ага муктажсыңар. Аллах бардык нерсеге кудуреттүү. Аны эч бир нерсе алсыратпайт. Ал Өзүнүн динин жана пайгамбарын силерсиз эле жеңишке жеткирип коёт.
التفاسير العربية:
إِلَّا تَنصُرُوهُ فَقَدۡ نَصَرَهُ ٱللَّهُ إِذۡ أَخۡرَجَهُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ثَانِيَ ٱثۡنَيۡنِ إِذۡ هُمَا فِي ٱلۡغَارِ إِذۡ يَقُولُ لِصَٰحِبِهِۦ لَا تَحۡزَنۡ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَنَاۖ فَأَنزَلَ ٱللَّهُ سَكِينَتَهُۥ عَلَيۡهِ وَأَيَّدَهُۥ بِجُنُودٖ لَّمۡ تَرَوۡهَا وَجَعَلَ كَلِمَةَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلسُّفۡلَىٰۗ وَكَلِمَةُ ٱللَّهِ هِيَ ٱلۡعُلۡيَاۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٌ
Оо, ыймандуулар! Эгерде Аллахтын элчисине жардам бербесеңер жана Аллах жолунда согушкула деген чакырыгына жооп бербесеңер, мушриктер пайгамбар менен Абу Бакрды кууп чыкканда Аллах ага силерсиз эле жардам берген. Ал экөөсү каапырлардан Хира үнкүрүнө жашынышканда аларды издешти. Абу Бакр Аллахтын Элчисин көрүп калат экен деп кабатыр болгондо ал досуна: «Капаланба! Чындыгында Аллах биз менен бирге. Ал колдойт жана жардам берет» – деп айтты. Аллах Өз элчисинин жүрөгүнө бейпилдик орнотту жана аларга көрүнбөгөн периштелерден болгон аскерлерди жиберди. Алар ага жардам беришти. Аллах Исламды көтөрүү менен Өзүнүн сөзүн бийик кылды, мушриктердин сөзүн төмөн кылды. Аллах Өз Затында, багынтуусунда жана бийлигинде кубаттуу. Аны эч ким жеңе албайт. Ошондой эле Ал башкаруусунда, шариятында жана тагдыр кылуусунда даанышман.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• العادات المخالفة للشرع بالاستمرار عليها دونما إنكار لها يزول قبحها عن النفوس، وربما ظُن أنها عادات حسنة.
Шариятка каршы келген үрп-адаттар дайым кылына берсе жана аны эч ким тыйбаса, анда адамдар аны туура үрп-адаттар деп ойлоп калышат.

• عدم النفير في حال الاستنفار من كبائر الذنوب الموجبة لأشد العقاب، لما فيها من المضار الشديدة.
Согушка чакырса барбай коюу – катуу жазага дуушар кыла турган чоң күнөөлөрдөн. Анткени бул нерседе көптөгөн зыяндар бар.

• فضيلة السكينة، وأنها من تمام نعمة الله على العبد في أوقات الشدائد والمخاوف التي تطيش فيها الأفئدة، وأنها تكون على حسب معرفة العبد بربه، وثقته بوعده الصادق، وبحسب إيمانه وشجاعته.
Бейпилдиктин артыкчылыгы жана ал жашоодо адамдар кабылган коркунуч жана кыйынчылык кездерде Аллахтын пендеге берген түгөнгүс жакшылыгы. Бул нерсе пенденин Раббисин таанып билгенине, Анын чындык убадасына болгон ишеничине жана ыйманына, кайраттуулугуна жараша болот.

• أن الحزن قد يعرض لخواص عباد الله الصدِّيقين وخاصة عند الخوف على فوات مصلحة عامة.
Аллахтын тандаган чынчыл пенделери да кээде капалыкка кабылышат. Айрыкча жалпы кызыкчылыктырга байланыштуу иштерде болгон коркунуч.

ٱنفِرُواْ خِفَافٗا وَثِقَالٗا وَجَٰهِدُواْ بِأَمۡوَٰلِكُمۡ وَأَنفُسِكُمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ
Оо, ыймандуулар! Кыйынчылык жана бакубатчылыкта, жаштык жана карылыкта Аллах жолунда согушууга баргыла жана өз жаныңар жана мал-мүлкүңөр менен согушкула. Мына ошол силердин согушка барууңар жана мал-жаныңар менен согушканыңар бул дүйнөдө да, акыретте да силердин барбай койгонуңарга жана мал-жаныңардын амандыгын ойлогонуңарга караганда силерге көбүрөөк пайда алып келет. Эгерде муну билсеңер анда ага умтулгула.
التفاسير العربية:
لَوۡ كَانَ عَرَضٗا قَرِيبٗا وَسَفَرٗا قَاصِدٗا لَّٱتَّبَعُوكَ وَلَٰكِنۢ بَعُدَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلشُّقَّةُۚ وَسَيَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ لَوِ ٱسۡتَطَعۡنَا لَخَرَجۡنَا مَعَكُمۡ يُهۡلِكُونَ أَنفُسَهُمۡ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Оо, пайгамбар! Сенден согушка барбай эле коёлу деп уруксат сураган эки жүздүүлөргө силер чакырган нерседе оңой олжолор жана машакатсыз жол жүрүү болгондо алар сени сөзсүз ээрчишмек. Бирок силер душманга карай басып өтө турган аралык аларга алыс көрүнгөнү үчүн согушка барбай коюшту. Согушка барбай эле коёлу деп уруксат сураган мына ошол эки жүздүүлөр сен кайтып келгенде касам ичишип: «Эгерде биз дагы силер менен согушка барууга чамабыз жеткенде сөзсүз бармакпыз» – деп айтышат. Алар согушка барышпаганы жана ушундай жалган анттары себептүү өздөрүн Аллахтын жазасына дуушар кылып кыйратышты. Аллах алар айткан сөздөрүндө жана ушул анттарында жалганчылар экенин билет.
التفاسير العربية:
عَفَا ٱللَّهُ عَنكَ لِمَ أَذِنتَ لَهُمۡ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْ وَتَعۡلَمَ ٱلۡكَٰذِبِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга согушка барбай коюуга уруксат берүү тууралуу сенин кылган чечимиңди Аллах кечирди. Эмнеге сен аларга бул нерседе уруксат бердиң? Мындай кылганыңдын себеби алардын айткан шылтоолорунда кимиси чынчыл, кимиси жалганчы экенин ачык билип, анан ошого жараша алардын чынчылдарына уруксат берип, жалганчыларына уруксат бербейин дедиңби?
التفاسير العربية:
لَا يَسۡتَـٔۡذِنُكَ ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ أَن يُجَٰهِدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلۡمُتَّقِينَ
Оо, пайгамбар! Аллахка жана кыямат күнүнө чындап ыйман келтиргендер үчүн мал-жандары менен Аллах жолунда согушка барбай коюуга уруксат суроо алардын кылар иши эмес. Тескерисинче аларды согушка чакырган кезде алар мал-жандары менен чыгып согушуулары керек. Аллах такыба пенделерин жакшы билет. Алар сени менен согушка барууга тоскоол болгон кечиримдүү себептер болгондо гана сенден уруксат сурап келишет.
التفاسير العربية:
إِنَّمَا يَسۡتَـٔۡذِنُكَ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱرۡتَابَتۡ قُلُوبُهُمۡ فَهُمۡ فِي رَيۡبِهِمۡ يَتَرَدَّدُونَ
Оо, пайгамбар! Сенден согушка барбай коюуга уруксат сурагандар – Аллахка жана кыямат күнүнө ыйман келтирбеген эки жүздүүлөр. Алардын жүрөктөрүндө Аллахтын дини тууралуу шек бар. Алар өз шектеринде акыйкат жолго түшүшпөй темселеп адашып жүрүшөт.
التفاسير العربية:
۞ وَلَوۡ أَرَادُواْ ٱلۡخُرُوجَ لَأَعَدُّواْ لَهُۥ عُدَّةٗ وَلَٰكِن كَرِهَ ٱللَّهُ ٱنۢبِعَاثَهُمۡ فَثَبَّطَهُمۡ وَقِيلَ ٱقۡعُدُواْ مَعَ ٱلۡقَٰعِدِينَ
Эгерде алар силер менен Аллах жолунда согушка чыгууну каалайбыз деген сөздөрүндө чынчыл болушканда, анда алар сөзсүз согушка даярдык көрүшмөк. Бирок Аллах алардын сени менен баруусун жек көрдү. Ошондуктан алар үчүн согушка баруу оор болуп, үйлөрүндө калууну ыраа көрүштү.
التفاسير العربية:
لَوۡ خَرَجُواْ فِيكُم مَّا زَادُوكُمۡ إِلَّا خَبَالٗا وَلَأَوۡضَعُواْ خِلَٰلَكُمۡ يَبۡغُونَكُمُ ٱلۡفِتۡنَةَ وَفِيكُمۡ سَمَّٰعُونَ لَهُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ
Ошол эки жүздүүлөрдүн силер менен барышпаганы да жакшы. Эгер силер менен барышса, анда силерди бузуп, жардамсыз ташташат, шек салышат жана силерди бөлүп жарыш үчүн араңарга кирип ушак-айыңдарды таркатууга аракет жасашат. Эй, ыймандуулар! Араңарда алар таркаткан жалгандарга кулак салгандар бар. Алар аны туура кабыл алып, башкаларга айтышса, араңарда талаш-тартыштар жаралат. Аллах ыймандуулардын арасына шектерди, арам ойлорду таштаган эки жүздүүлөрдөн болгон залымдарды билет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب الجهاد بالنفس والمال كلما دعت الحاجة.
Зарылдык болгондо мал-жаны менен күрөшүүнүн милдеттиги.

• الأيمان الكاذبة توجب الهلاك.
Жалган ант берүү кыйроого учуратат.

• وجوب الاحتراز من العجلة، ووجوب التثبت والتأني، وترك الاغترار بظواهر الأمور، والمبالغة في التفحص والتريث.
Шашкалактыктан сак болуунун жана шашылбастан такташтыруунун милдетттиги. Ошондой эле сырткы көрүнүшүнө карап алданбоо жана шашылбастан дыккат текшерүү.

• من عناية الله بالمؤمنين تثبيطه المنافقين ومنعهم من الخروج مع عباده المؤمنين، رحمة بالمؤمنين ولطفًا من أن يداخلهم من لا ينفعهم بل يضرهم.
Эки жүздүүлөрдү ыймандуулар менен бирге баруусунан тосуп койгону – Аллахтын ыймандууларга болгон камкордугу. Ыймандууларга пайда бербестен, аларга зыян бергендерди аларга аралашууларынан тыюусу – Аллахтын ыймандууларга болгон мээримдүүлүгү жана ырайымдуулугу.

لَقَدِ ٱبۡتَغَوُاْ ٱلۡفِتۡنَةَ مِن قَبۡلُ وَقَلَّبُواْ لَكَ ٱلۡأُمُورَ حَتَّىٰ جَآءَ ٱلۡحَقُّ وَظَهَرَ أَمۡرُ ٱللَّهِ وَهُمۡ كَٰرِهُونَ
Мына ошол эки жүздүүлөр Табук согушунан алдын мусулмандардын сөзүн бөлүп, биримдигин ыдыратып аларды бузууга аракет кылышты. Эй, пайгамбар! Алар айла-амалдарды колдонуу менен сага иштерди ар кандай кылып көрсөтүшүп, алардын айла-амалдары сенин согушууга болгон чечимиңе таасир этет деп ойлошту. Акыры Аллахтын жеңиши жана колдоосу келди. Алар жаман көрүшсө дагы Аллах Өз динин кубаттуу жана душмандарына үстөм кылды. Анткени алар акыйкаттын үстүнөн жалгандын жеңишин каалашкан эле.
التفاسير العربية:
وَمِنۡهُم مَّن يَقُولُ ٱئۡذَن لِّي وَلَا تَفۡتِنِّيٓۚ أَلَا فِي ٱلۡفِتۡنَةِ سَقَطُواْۗ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةُۢ بِٱلۡكَٰفِرِينَ
Эки жүздүүлөрдүн арасында жалган шылтоолорду таап: «Оо, Аллахтын элчиси! Мага уруксат бер, согушка барбай эле коёюн. Сени менен барууга мажбур кылба. Анткени мен душмандын (Римдин) аялдарын көргөн кезде аларга азгырылып күнөөгө батып калышым мүмкүн» – дегендер бар. Алар өздөрү ойлогондон да чоң азгырыкка кабылышты. Ал – эки жүздүүлүк жана согушка барбаштын азгырыгы. Кыямат күнүндө тозок каапырларды чулгап алат. Андан эч ким качып кутулбайт жана андан качып чыгуу мүмкүн эмес.
التفاسير العربية:
إِن تُصِبۡكَ حَسَنَةٞ تَسُؤۡهُمۡۖ وَإِن تُصِبۡكَ مُصِيبَةٞ يَقُولُواْ قَدۡ أَخَذۡنَآ أَمۡرَنَا مِن قَبۡلُ وَيَتَوَلَّواْ وَّهُمۡ فَرِحُونَ
Оо, пайгамбар! Эгерде сага Аллах тараптан сени кубандырган жеңиш же олжо сыяктуу жакшылыктар жетсе, анда алар жаман көрүшүп, көңүлдөрү чөгөт. А эгер сенин башыңа катаалдык же душмандан жеңилүү сыяктуу кыйынчылыктар түшсө, эки жүздүүлөр айтышат: «Биз өз жаныбызды сактап калдык. Биз мусулмандарга кошулуп согушка барбайбыз деп чечкиндүүлүк кылдык. Эми алар болсо туткунга түшүштү, өлүмгө дуушар болушту». Андан соң ал эки жүздүүлөр аман калдык деп сүйүнгөн бойдон үйлөрүнө кайтып кетишти.
التفاسير العربية:
قُل لَّن يُصِيبَنَآ إِلَّا مَا كَتَبَ ٱللَّهُ لَنَا هُوَ مَوۡلَىٰنَاۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Ошол эки жүздүүлөргө айт: «Аллах бизге тагдыр кылган нерсе гана болот. Ал биздин башчыбыз, биздин баш калкалоочубуз, биз бардык ишибизде Ага гана таянабыз. Ыймандуулар бардык ишин жалгыз Ага гана тапшырышат. Ал аларга жетиштүү жана эң жакшы камкорчу».
التفاسير العربية:
قُلۡ هَلۡ تَرَبَّصُونَ بِنَآ إِلَّآ إِحۡدَى ٱلۡحُسۡنَيَيۡنِۖ وَنَحۡنُ نَتَرَبَّصُ بِكُمۡ أَن يُصِيبَكُمُ ٱللَّهُ بِعَذَابٖ مِّنۡ عِندِهِۦٓ أَوۡ بِأَيۡدِينَاۖ فَتَرَبَّصُوٓاْ إِنَّا مَعَكُم مُّتَرَبِّصُونَ
Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер биздин жеңишке жетишибизди же шейит болушубузду күтүп атасыңарбы? Биз болсо Аллах силерге Өз тарабынан азаптын түшүрүшүн күтүп жатабыз. Ал бизге силер менен согушууга уруксат бергенде силерди биздин колубуз менен азаптатып жана кыйроого учуратып тутканга түшүрөт же өлүмгө дуушар кылат. Биз кандай натыйжага жетерибизди күткүлө, биз да силердикин күтөбүз».
التفاسير العربية:
قُلۡ أَنفِقُواْ طَوۡعًا أَوۡ كَرۡهٗا لَّن يُتَقَبَّلَ مِنكُمۡ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айткыт: «Мал-дүнүйөңдү мажбур же ыктыярдуу садака кылгыла. Бирок каапырлыгыңар же Аллахка баш ийбегениңер үчүн силердин садакаңар эч качан кабыл кылынбайт».
التفاسير العربية:
وَمَا مَنَعَهُمۡ أَن تُقۡبَلَ مِنۡهُمۡ نَفَقَٰتُهُمۡ إِلَّآ أَنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِٱللَّهِ وَبِرَسُولِهِۦ وَلَا يَأۡتُونَ ٱلصَّلَوٰةَ إِلَّا وَهُمۡ كُسَالَىٰ وَلَا يُنفِقُونَ إِلَّا وَهُمۡ كَٰرِهُونَ
Садакаларынын кабыл болушуна үч нерсе гана тоскоол болду: Аллах жана Анын элчисине каапырлык кылышты; намаз окуганда жалкоолук жана кош көңүлдүк кылышты; алар мал-дүнүйөсүн өздөрү каалап эмес, мажбур түрдө садака кылышты. Анткени алар окуган намаздарында жана садака берүүдө сооп үмүт кылышпайт.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• دأب المنافقين السعي إلى إلحاق الأذى بالمسلمين عن طريق الدسائس والتجسس.
Тымызын тыңчылык кылуу жана арам ойлор аркылуу мусулмандарга зыян жеткирүүгө умтулуу – эки жүздүүлөрдүн адаттарынан.

• التخلف عن الجهاد مفسدة كبرى وفتنة عظمى محققة، وهي معصية لله ومعصية لرسوله.
Согушка барбай коюу – чоң бузукулук жана анык бүлгүн. Ал Аллахка жана Анын элчисине баш ийбестик.

• في الآيات تعليم للمسلمين ألا يحزنوا لما يصيبهم؛ لئلا يَهِنوا وتذهب قوتهم، وأن يرضوا بما قدَّر الله لهم، ويرجوا رضا ربهم؛ لأنهم واثقون بأن الله يريد نصر دينه.
Бул аяттарда мусулмандар үчүн сабактар бар. Алардын башына түшкөн кыйынчылык аларды алсыратып, күч-кубаттарын кетирбеш үчүн алар капаланбоолору керек жана Аллах аларга тагдыр кылганга ыраазы болушуп, Раббисинин ыраазылыгын үмүт кылуулары зарыл. Анткени алар Аллах Өз динин жеңишке жеткирет деп ишенишет.

• من علامات ضعف الإيمان وقلة التقوى التكاسل في أداء الصلاة والإنفاق عن غير رضا ورجاء للثواب.
Намазды жалкоолук менен окуу жана өзү каалабастан, сооп үмүт кылбастан садака кылуу – ыймандын алсыздыгынын жана такыбалыктын жоктугунун белгилеринен.

فَلَا تُعۡجِبۡكَ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَلَآ أَوۡلَٰدُهُمۡۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ لِيُعَذِّبَهُم بِهَا فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَتَزۡهَقَ أَنفُسُهُمۡ وَهُمۡ كَٰفِرُونَ
Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн мал-мүлктөрүнө жана бала-чакаларына суктанба, жакшы деп да ойлобо. Алардын мал-мүлктөрүнүн жана бала-чакаларынын акыбети жаман. Аллах булар менен аларды азапка салат. Аларга кыйналып, чарчап жетишет жана кайгы-балээлерге туш кылат. Бул нерсе Аллах аларды каапыр абалда жандарын алганга чейин уланып, алар тозоктун түбүндө түбөлүк азапталышат.
التفاسير العربية:
وَيَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ إِنَّهُمۡ لَمِنكُمۡ وَمَا هُم مِّنكُمۡ وَلَٰكِنَّهُمۡ قَوۡمٞ يَفۡرَقُونَ
Оо, ыймандуулар! Эки жүздүүлөр силерге касам ичишип: «Биз силерденбиз» – деп жалган айтышат. Бирок алар өздөрүн сыртынан силерденбиз деп көрсөтүшсө да ичтеринде силерден эмес. Бирок алар мушриктер кабылган өлүмгө, туткунга түшүү сыяктуу нерселерге кабылбайлы деп коркушат. Ошондуктан корккону үчүн өздөрүн мусулманбыз деп көрсөтүшөт.
التفاسير العربية:
لَوۡ يَجِدُونَ مَلۡجَـًٔا أَوۡ مَغَٰرَٰتٍ أَوۡ مُدَّخَلٗا لَّوَلَّوۡاْ إِلَيۡهِ وَهُمۡ يَجۡمَحُونَ
Эгерде ошол эки жүздүүлөр өздөрү коргоно турган сепил табышса, же тоолордо жашырына турган үнкүрлөрдү табышса, же кирип сактана турган жер астындагы жолдорду табышса, анда алар ал жакка далбастап киришмек.
التفاسير العربية:
وَمِنۡهُم مَّن يَلۡمِزُكَ فِي ٱلصَّدَقَٰتِ فَإِنۡ أُعۡطُواْ مِنۡهَا رَضُواْ وَإِن لَّمۡ يُعۡطَوۡاْ مِنۡهَآ إِذَا هُمۡ يَسۡخَطُونَ
Оо, пайгамбар! Сен садакаларды бөлүштүргөндө өз каалагандарына жетпей калган эки жүздүүлөр сени айыптай башташат. Эгерде алардын сураганын берсең, анда ыраазы болушат. А эгер алардын сураганын бербесең, анда нааразы болуп күңкүлдөй башташат.
التفاسير العربية:
وَلَوۡ أَنَّهُمۡ رَضُواْ مَآ ءَاتَىٰهُمُ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ وَقَالُواْ حَسۡبُنَا ٱللَّهُ سَيُؤۡتِينَا ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ وَرَسُولُهُۥٓ إِنَّآ إِلَى ٱللَّهِ رَٰغِبُونَ
Сени садакаларды туура эмес бөлүштүрдүң деп айыптаган ошол эки жүздүүлөр, Аллах аларга парз кылган нерсеге жана пайгамбар берген нерсеге ыраазы болушуп: «Бизге Аллах жетиштүү. Аллах бизге Өз жакшылыгынан каалаганын берет жана Анын элчиси да Аллах ага берген нерседен бизге берет. Чындыгында Аллах Өзү бизге жакшылыктарын берет деп үмүт кылабыз» – дешип ушундай кылышса, анда бул нерсе сени айыптагандарына караганда алар үчүн жакшыраак болмок.
التفاسير العربية:
۞ إِنَّمَا ٱلصَّدَقَٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَٱلۡمَسَٰكِينِ وَٱلۡعَٰمِلِينَ عَلَيۡهَا وَٱلۡمُؤَلَّفَةِ قُلُوبُهُمۡ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَٱلۡغَٰرِمِينَ وَفِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَٱبۡنِ ٱلسَّبِيلِۖ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Чындыгында парз зекеттер муктаж кедейлерге берилиши керек. Алардын иштеген иши же кесиби менен тапкан акчасы бар болсо да аларга жетпейт, алардын ал-акыбалдарын адамдар жакшы билишпейт. Ошондой эле колунда жок жана айткан сөзүнөн же шартынан эле адамдарга белгилүү болгон жакырларга берилет. Ошондой эле башчы зекет чогулткула деп жиберген жумушчуларга берилет. Ошондой эле каапырларды Ислам динине тартыш үчүн же ыйманы алсыздардын ыйманын көтөрүш үчүн же зыянынан коргош үчүн берилет. Ошондой эле кулдарды азат кылыш үчүн, ысырапсыз жана күнөөсүз жолдо карыз болуп карызынан кутулууга каражат таппагандарга берилет. Жоокерлерди Аллах жолундагы согушка даярдоого жана акчасы түгөнүп калган мусапырга берилет. Зекеттерди мына ушуларга берүү Аллах тараптан парз болду. Аллах пенделерине эмне пайдалуу экенин Билүүчү, шариятында жана башкаруусунда Даанышман.
التفاسير العربية:
وَمِنۡهُمُ ٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ ٱلنَّبِيَّ وَيَقُولُونَ هُوَ أُذُنٞۚ قُلۡ أُذُنُ خَيۡرٖ لَّكُمۡ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَيُؤۡمِنُ لِلۡمُؤۡمِنِينَ وَرَحۡمَةٞ لِّلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡۚ وَٱلَّذِينَ يُؤۡذُونَ رَسُولَ ٱللَّهِ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Эки жүздүүлөрдүн арасында сөзү менен пайгамбарга зыян бергендер бар. Алар анын токтоолугун көрүп: «Ал ар бир адамдан укканына эле ишене берет. Акыйкат менен жалганды айырмалай албайт» – дешет. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Чындыгында пайгамбар жакшылыкты гана угат, Аллахка ишенет жана чынчыл момундардын айткандарына ишенет, аларга ырайым кылат. Чындыгында анын пайгамбар болуп жиберилиши ага ыйман келтиргендер үчүн ырайым. Ал эми ага ар кандай түрдө зыян бергендер үчүн жан ооруткан азап бар».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الأموال والأولاد قد تكون سببًا للعذاب في الدنيا، وقد تكون سببًا للعذاب في الآخرة، فليتعامل العبد معهما بما يرضي مولاه، فتتحقق بهما النجاة.
Кээде мал-мүлк жана бала-чака бул дүйнөдөгү азапка себеп болот, кээде акыреттеги азапка себеп болот. Андыктан пенде бул экөөсүн Аллах ыраазы болгон жолдо пайдалануусу зарыл, ошондо алар себептүү азаптан кутулат.

• توزيع الزكاة موكول لاجتهاد ولاة الأمور يضعونها على حسب حاجة الأصناف وسعة الأموال.
Зекетти бөлүштүрүү башчылардын жеке кароосуна тапшырылган. Алар аны адамдардын түрлөрүнө жана акчанын көптүгүнө жараша бөлүштүрүшөт.

• إيذاء الرسول صلى الله عليه وسلم فيما يتعلق برسالته كفر، يترتب عليه العقاب الشديد.
Пайгамбарчылыкка байланыштуу иштерде пайгамбарга зыян берүү – каапырлык болуп эсептелет. Мунун жазасы катаал.

• ينبغي للعبد أن يكون أُذن خير لا أُذن شر، يستمع ما فيه الصلاح والخير، ويُعرض ترفُّعًا وإباءً عن سماع الشر والفساد.
Пенденин жакшылыкты уккан, жамандыктыкты укпаган кулагы болуш керек. Ал пайдалуу жана жакшы нерселерге кулак салып, пайдасыз жана жаман нерселерден кескин түрдө баш тартуусу зарыл.

يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ لَكُمۡ لِيُرۡضُوكُمۡ وَٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَحَقُّ أَن يُرۡضُوهُ إِن كَانُواْ مُؤۡمِنِينَ
Оо, ыймандуулар! Силерге эки жүздүүлөр Аллахка касам ичишип пайгамбарга зыян бере тургандай эч нерсе айткан жокпуз дешет. Алар муну силерди ыраазы кылыш үчүн айтышат. Бирок Аллах жана Анын элчисин ыраазы кылуу татыктуураак, эгер ыйман келтирип жана жакшылык иштерди кылып чыныгы ыймандуу болушса.
التفاسير العربية:
أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّهُۥ مَن يُحَادِدِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَأَنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدٗا فِيهَاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡخِزۡيُ ٱلۡعَظِيمُ
Эки жүздүүлөр бул кылган иши менен Аллах жана Анын элчисине душмандык кылып жатышканын жана ал экөөсүнө душмандык кылгандар кыямат күнү тозок отуна кирип ал жайда түбөлүк калышарын билишпейби?! Бул жеткен кордук жана кемсинтүү.
التفاسير العربية:
يَحۡذَرُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ أَن تُنَزَّلَ عَلَيۡهِمۡ سُورَةٞ تُنَبِّئُهُم بِمَا فِي قُلُوبِهِمۡۚ قُلِ ٱسۡتَهۡزِءُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ مُخۡرِجٞ مَّا تَحۡذَرُونَ
Эки жүздүүлөр жүрөктөрүндө жашырган каапырлыкты Аллах Өз элчисине сүрөө түшүрүү менен ыймандууларга билдирип коёбу деп коркушат. Оо, пайгамбар! Аларга айткын: «Эй, эки жүздүүлөр! Динди шылдыңдап кемсинткениңерди уланта бергиле! Аллах сүрөө түшүрүп же пайгамбарына ал тууралуу кабар берип силер корккон нерсени ачыкка чыгарат».
التفاسير العربية:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُمۡ لَيَقُولُنَّ إِنَّمَا كُنَّا نَخُوضُ وَنَلۡعَبُۚ قُلۡ أَبِٱللَّهِ وَءَايَٰتِهِۦ وَرَسُولِهِۦ كُنتُمۡ تَسۡتَهۡزِءُونَ
Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөр ыймандууларды сөгүп кемсинткендери тууралуу Аллах сага кабар бергенден кийин алардан бул тууралуу сурасаң: «Биз аны чын айткан эмеспиз, жөн эле тамашап айтып койгонбуз» – дешет. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Силер Аллахты, Анын аяттарын жана элчисин шылдың кылдыңарбы?!».
التفاسير العربية:
لَا تَعۡتَذِرُواْ قَدۡ كَفَرۡتُم بَعۡدَ إِيمَٰنِكُمۡۚ إِن نَّعۡفُ عَن طَآئِفَةٖ مِّنكُمۡ نُعَذِّبۡ طَآئِفَةَۢ بِأَنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Жалган актанууңарды айтып кечирим сурабай эле койгула! Силер каапырлыкты жашырып жүрүп бул шылдыңыңардан кийин ачыкка чыгардыңар. Биз силердин кээ бириңерди эки жүздүүлүктү таштап, тообо кылып, Аллахка ыкластуулук кылышканы үчүн кечиребиз. Кээ бириңерди эки жүздүүлүктөн кайтпаганы, ага тообо кылбаганы үчүн азаптайбыз.
التفاسير العربية:
ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتُ بَعۡضُهُم مِّنۢ بَعۡضٖۚ يَأۡمُرُونَ بِٱلۡمُنكَرِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَقۡبِضُونَ أَيۡدِيَهُمۡۚ نَسُواْ ٱللَّهَ فَنَسِيَهُمۡۚ إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Эки жүздүүлөр – булар эки жүздүүлүктө бириккен эркектер жана аялдар. Алар ыймандууларга каршы болушкан адамдар. Алар жамандыкка чакырып, жакшылыктан тыйышат, мал-мүлктөрүнө сараңдык кылып Аллах жолуна сарпташпайт. Алар Аллахка моюн сунуудан баш тартышты, Аллах да аларга ийгилик берүүдөн баш тартты. Чындыгында эки жүздүүлөр – Аллахка баш ийбегендер, акыйкат жолду таштап, адашуу жолуна түшкөндөр.
التفاسير العربية:
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡكُفَّارَ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ هِيَ حَسۡبُهُمۡۚ وَلَعَنَهُمُ ٱللَّهُۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّقِيمٞ
Аллах тообо кылбаган эки жүздүүлөр менен каапырларды түбөлүк кала турган тозок отуна киргизет. Ал аларды жазалоого жетиштүү. Аллах аларды Өз ырайымынан алыстатты жана алар үчүн түгөнбөгөн азаптар бар.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• قبائح المنافقين كثيرة، ومنها الإقدام على الأيمان الكاذبة، ومعاداة الله ورسوله، والاستهزاء بالقرآن والنبي والمؤمنين، والتخوف من نزول سورة في القرآن تفضح شأنهم، واعتذارهم بأنهم هازلون لاعبون، وهو إقرار بالذنب، بل هو عذر أقبح من الذنب.
Эки жүздүүлөрдүн жаман ойлору көп. Мисалы, жалган ыйман келтирүү, Аллах жана Анын элчисине душмандык кылуу, Куранды, пайгамбарды жана ыймандууларды шылдыңдоо, ошондой эле Куранда алардын анык жүзүн ачкан сүрөө түшүүсүнөн коркуу, биз ойноп тамашалап эле койгонбуз деп кечирим суроолору. Бул күнөөнү моюнга алуу дегендик, тескерисинче бул күнөөдөн да жаман болгон кечирим суроонун түрүнө жатат.

• لا يُقبل الهزل في الدين وأحكامه، ويعد الخوض بالباطل في كتاب الله ورسله وصفاته كفرًا.
Динге жана анын өкүм-буйруктарына карата айтылган шылдың кабыл кылынбайт. Аллахтын китеби, пайгамбарлары жана сыпаттары тууралуу жалган сөз айтуу каапырлык болуп эсептелет.

• النّفاق: مرض عُضَال متأصّل في البشر، وأصحاب ذلك المرض متشابهون في كل عصر وزمان في الأمر بالمنكر والنّهي عن المعروف، وقَبْض أيديهم وإمساكهم عن الإنفاق في سبيل الله للجهاد، وفيما يجب عليهم من حق.
Эки жүздүүлүк – бул адамзатта тамырлашып кеткен айыккыс оору. Бул ооруга чалдыккандар бардык учурда жана бардык заманда бири-бирине окшош. Алар жамандыкка чакырып, жакшылыктан тыйышат, Аллах жолунда согушууга мал-мүлктөрүн сарпташпайт жана аларга милдет кылынган акыларды аткарышпайт.

• الجزاء من جنس العمل، فالذي يترك أوامر الله ويأتي نواهيه يتركه من رحمته.
Жазалоо – кылынган иш-аракеттин түрүнө жараша болот. Аллахтын буйруктарын таштап, тыйгандарын кылган адамды Аллах да Өз ырайымынан алыстатат.

كَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ كَانُوٓاْ أَشَدَّ مِنكُمۡ قُوَّةٗ وَأَكۡثَرَ أَمۡوَٰلٗا وَأَوۡلَٰدٗا فَٱسۡتَمۡتَعُواْ بِخَلَٰقِهِمۡ فَٱسۡتَمۡتَعۡتُم بِخَلَٰقِكُمۡ كَمَا ٱسۡتَمۡتَعَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُم بِخَلَٰقِهِمۡ وَخُضۡتُمۡ كَٱلَّذِي خَاضُوٓاْۚ أُوْلَٰٓئِكَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡخَٰسِرُونَ
Эй, эки жүздүүлөр жамааты! Силер каапырлыкта жана шылдың кылууда силерден мурун келген жалганчы коомдорго окшошсуңар. Алар силерден да күчтүү, бай жана бала-чакалуу эле. Алар бул дүйнө жыргалчылыктарынан аларга жазылган өз насиптерин пайдаланышты. Эй, эки жүздүүлөр! Силерден мурунку жалганчы коомдор өз насиптерин пайдаланышкан сыяктуу силер дагы тагдырыңардагы өз насибиңерди пайдаландыңар. Алар акыйкатты жалганга чыгарып, өз пайгамбарларын жаманатты кылышкандай силер дагы аларга окшоп акыйкатты жалганга чыгарып, пайгамбарды жаманатты кылууга кирип кеттиңер. Ошондой терс сыпаттагы адамдар – Аллахтын алдында каапырлык кылып иш-аракеттери бузулган адамдар. Ошолор өздөрүн кыйроого учураткандар.
التفاسير العربية:
أَلَمۡ يَأۡتِهِمۡ نَبَأُ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ قَوۡمِ نُوحٖ وَعَادٖ وَثَمُودَ وَقَوۡمِ إِبۡرَٰهِيمَ وَأَصۡحَٰبِ مَدۡيَنَ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتِۚ أَتَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِۖ فَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيَظۡلِمَهُمۡ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Ал эки жүздүүлөргө жалганчы коомдордун жана аларга кандай жаза берилгендиги тууралуу кабар жеткен жокпу?! Алар Нухтун коому, Худдун коому, Салихтин коому, Ибрахимдин коому, Мадиян ээлери жана Луттун коому. Аларга пайгамбарлары ачык-айкын далилдер менен келишти. Аллах аларга зулумдук кылган жок. Аларга пайгамбарлары эскертишти. Бирок алар Аллахка каапырлык кылышып, пайгамбарларды жалганга чыгарышканы себептүү өздөрүнө зыян кылышты.
التفاسير العربية:
وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتُ بَعۡضُهُمۡ أَوۡلِيَآءُ بَعۡضٖۚ يَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَيُطِيعُونَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥٓۚ أُوْلَٰٓئِكَ سَيَرۡحَمُهُمُ ٱللَّهُۗ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Ыймандуу эркектер менен аялдардын ортосун ыйман бириктиргени үчүн алар бири-бирин колдошот жана жардамдашат. Алар жакшылыкка чакырышат жана ага Аллахты жалгыздоо, намаз окуу сыяктуу Аллах таала сүйгөн бардык ибадаттар кирет. Алар жамандыктан тыйышат жана ага каапырлык, сүткорлук кылуу сыяктуу Аллах таала жаман көргөн күнөөлөр кирет. Ошондой эле алар намазды толук аткарышат, Аллахка жана Анын элчисине моюн сунушат. Ошондой жакшы сыпаттарга ээ адамдарды Аллах Өз ырайымына жеткирет. Чындыгында Аллах кудуреттүү. Аны эч ким жеңе албайт. Ал Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
التفاسير العربية:
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَا وَمَسَٰكِنَ طَيِّبَةٗ فِي جَنَّٰتِ عَدۡنٖۚ وَرِضۡوَٰنٞ مِّنَ ٱللَّهِ أَكۡبَرُۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Аллах таала ыйман келтирген эркектер менен аялдарды кыямат күнү бейиштерге киргизүүнү убада кылды. Андагы кан сарайлардын алдыларынан дарыялар агып турат. Алар ал жайда түбөлүк калышат, эч качан өлүшпөйт жана алардын жыргалчылыктары бүтпөйт. Ошондой эле аларды бейиштеги эң сонун турак жайларга киргизүүнү убада кылды жана Аллахтын аларга болгон ыраазылыгы булардын баарысынан улук. Бул айтылган сыйлык – эч бир жеңиш тең келбегендей улуу жеңиш.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• سبب العذاب للكفار والمنافقين واحد في كل العصور، وهو إيثار الدّنيا على الآخرة والاستمتاع بها، وتكذيب الأنبياء والمكر والخديعة والغدر بهم.
Кайсы заманда болбосун каапырлар менен эки жүздүүлөрдүн азапка калышынын бир эле себеби бар. Ал – бул дүйнөнү акыреттен артык көрүү, дүнүйөгө берилүү, пайгамбарларды жалганга чыгаруу, аларга айлакерлик, алдамчылык, чыккынчылык кылуу.

• إهلاك الأمم والأقوام الغابرة بسبب كفرهم وتكذيبهم الأنبياء فيه عظة وعبرة للمعتبر من العقلاء.
Мурунку коомдордун каапырлык кылуусу жана пайгамбарларды жалганга чыгаруусу себептен кыйроого учурашында акыл жүгүрткөндөр үчүн сабактар бар.

• أهل الإيمان رجالًا ونساء أمة واحدة مترابطة متعاونة متناصرة، قلوبهم متحدة في التوادّ والتحابّ والتعاطف.
Ыймандуу эркектер менен аялдар бири-бирин колдоп көмөктөшкөн, тыгыз байланышта болгон бирдиктүү үммөт. Алардын жүрөктөрү бири-бирине болгон сүйүүдө жана мээримдүүлүктө бир.

• رضا رب الأرض والسماوات أكبر من نعيم الجنات؛ لأن السعادة الروحانية أفضل من الجسمانية.
Асмандар менен жердин Раббисинин ыраазылыгына жетүү – бейиш ырахаттарынан да чоң. Анткени руханий бактылуулук дене бактылуулугунан артык.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ جَٰهِدِ ٱلۡكُفَّارَ وَٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱغۡلُظۡ عَلَيۡهِمۡۚ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ
Оо, пайгамбар! Каапырларга каршы кылыч менен согуш! Эки жүздүүлөргө каршы тилиң менен жана далил менен согуш! Бул эки топко катаал бол! Алар ошого татыктуу. Кыямат күнү алардын барар жайы тозок болот. Алардын барар жайы кандай жаман!
التفاسير العربية:
يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ مَا قَالُواْ وَلَقَدۡ قَالُواْ كَلِمَةَ ٱلۡكُفۡرِ وَكَفَرُواْ بَعۡدَ إِسۡلَٰمِهِمۡ وَهَمُّواْ بِمَا لَمۡ يَنَالُواْۚ وَمَا نَقَمُوٓاْ إِلَّآ أَنۡ أَغۡنَىٰهُمُ ٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥ مِن فَضۡلِهِۦۚ فَإِن يَتُوبُواْ يَكُ خَيۡرٗا لَّهُمۡۖ وَإِن يَتَوَلَّوۡاْ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ عَذَابًا أَلِيمٗا فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۚ وَمَا لَهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ
Эки жүздүүлөр жалган касам ичишип, алардын сени сөккөндүгү жана диниңди кемсинткендиги тууралуу сага жеткен сөздөрдү айткан жокпуз деп чыгышат. Сен уккан сөздөрдү алар айтышканы анык. Бул аларды каапыр кылды жана алар ыйман келтиргенден кийин каапыр болушту. Алар пайгамбарды жок кылабыз деп ийгиликсиз ишке аракет жасашты. Ишке ашпай турганды ишке ашырабыз дешти. Ал эми Аллах болсо аларды Өзүнүн пайгамбарына берген олжолор менен байытып аларга жакшылык кылды. Эгерде алар Аллахка тообо кылышып эки жүздүүлүктөн кайтышса, анда алардын тообосу алардын ошол нерседе болгондугунан жакшыраак. А эгер алар Аллахка тообо кылуудан баш тартышса, анда Ал аларды бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткундоо менен жан ооруткан азапка салат. Ал эми акыретте тозок оту менен кыйнап азатпайт. Аларды азаптан куткарган эч бир дос болбойт жана аларды азаптан алыстаткан эч бир жардамды да болбойт.
التفاسير العربية:
۞ وَمِنۡهُم مَّنۡ عَٰهَدَ ٱللَّهَ لَئِنۡ ءَاتَىٰنَا مِن فَضۡلِهِۦ لَنَصَّدَّقَنَّ وَلَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ
Эки жүздүүлөрдүн кээ бирлери Аллахка убада берип: «Эгерде Аллах бизге Өз жакшылыктарын бергенде, анда биз муктаждарга сөзсүз жардам бермекпиз жана жакшы иштерди кылган жакшы адамдардан болмокпуз» – дешет.
التفاسير العربية:
فَلَمَّآ ءَاتَىٰهُم مِّن فَضۡلِهِۦ بَخِلُواْ بِهِۦ وَتَوَلَّواْ وَّهُم مُّعۡرِضُونَ
Качан Аллах аларга Өз жакшылыктарын бергенде, алар Аллахка берген убадаларын аткарышпады. Тескерисинче, малк-мүлктөрүн беришпей эч садака кылышпады жана ыймандан жүз буруп кетишти.
التفاسير العربية:
فَأَعۡقَبَهُمۡ نِفَاقٗا فِي قُلُوبِهِمۡ إِلَىٰ يَوۡمِ يَلۡقَوۡنَهُۥ بِمَآ أَخۡلَفُواْ ٱللَّهَ مَا وَعَدُوهُ وَبِمَا كَانُواْ يَكۡذِبُونَ
Аллах алардын акыбетин кыяматка чейин жүрөктөрүндө өзгөрбөй турган эки жүздүүлүк кылып койду. Бул жаза алар Аллахка берген убаданы бузуп жалган айтышкандары себептүү болду.
التفاسير العربية:
أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ سِرَّهُمۡ وَنَجۡوَىٰهُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ عَلَّٰمُ ٱلۡغُيُوبِ
Эки жүздүүлөр Аллах алардын чогулуштарында жашыруун кылган айла-амалдарын билбейт деп ойлошобу? Чындыгында Аллах кайыптарды Билүүчү. Алардын ар бир кылган иши Ага белгилүү. Ал үчүн аларды жакында жазалайт.
التفاسير العربية:
ٱلَّذِينَ يَلۡمِزُونَ ٱلۡمُطَّوِّعِينَ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ فِي ٱلصَّدَقَٰتِ وَٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ إِلَّا جُهۡدَهُمۡ فَيَسۡخَرُونَ مِنۡهُمۡ سَخِرَ ٱللَّهُ مِنۡهُمۡ وَلَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Ыймандуулардын арасында тапканы аз болсо дагы өз ыктыяры менен садака кылгандарын айыптап: «Булардын садакасы эмне пайда бермек эле?» – деп шылдың кылгандарды Аллах да жаза катары аларды шылдыңдады жана алар үчүн жан ооруткан азап бар.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب جهاد الكفار والمنافقين، فجهاد الكفار باليد وسائر أنواع الأسلحة الحربية، وجهاد المنافقين بالحجة واللسان.
Каапырлар жана эки жүздүүлөр менен согушуунун милдеттиги. Каапырлар менен согушуу кол менен жана ар кандай согуш куралдары менен болот. Ал эми эки жүздүүлөр менен согушуу тил менен жана далил менен болот.

• المنافقون من شرّ الناس؛ لأنهم غادرون يقابلون الإحسان بالإساءة.
Эки жүздүүлөр эң жаман адамдар. Анткени алар жакшылыкка жамандык менен жооп берген жүзү кара адамдар.

• في الآيات دلالة على أن نقض العهد وإخلاف الوعد يورث النفاق، فيجب على المسلم أن يبالغ في الاحتراز عنه.
Бул аяттар келишимди жана убаданы бузуу эки жүздүүлүктү пайда кыларына далил болот. Андыктан мусулман адам бул нерседен өтө сак болуусу зарыл.

• في الآيات ثناء على قوة البدن والعمل، وأنها تقوم مقام المال، وهذا أصل عظيم في اعتبار أصول الثروة العامة والتنويه بشأن العامل.
Аяттарда жакшылык иштин жана дененин күчтүүлүгүнө мактоолор айтылды жана бул нерсе мал-мүлккө барабар нерсе. Бул жалпы байлыктын негиздерин жана жакшылык кылган адамдын абалын эске алганда улуу негиз болуп эсептелет.

ٱسۡتَغۡفِرۡ لَهُمۡ أَوۡ لَا تَسۡتَغۡفِرۡ لَهُمۡ إِن تَسۡتَغۡفِرۡ لَهُمۡ سَبۡعِينَ مَرَّةٗ فَلَن يَغۡفِرَ ٱللَّهُ لَهُمۡۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, пайгамбар! Алар үчүн кечирим сура же сураба, сен жетимиш ирет сурасаң да, алардын көптүгү аларды эч качан Аллахтын кечиримине жеткирбейт. Анткени алар Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылышты. Аллахтын шариятынан атайлап чыгып кеткендерге акыйкатка жетүүгө ийгилик бербейт.
التفاسير العربية:
فَرِحَ ٱلۡمُخَلَّفُونَ بِمَقۡعَدِهِمۡ خِلَٰفَ رَسُولِ ٱللَّهِ وَكَرِهُوٓاْ أَن يُجَٰهِدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَقَالُواْ لَا تَنفِرُواْ فِي ٱلۡحَرِّۗ قُلۡ نَارُ جَهَنَّمَ أَشَدُّ حَرّٗاۚ لَّوۡ كَانُواْ يَفۡقَهُونَ
Кээ бир эки жүздүүлөр пайгамбарга каршы чыгып Аллах жолундагы Табук согушуна барбай коюшкандары үчүн сүйүнүштү. Алар ыймандуулар сыяктуу Аллах жолунда өз жандарын жана мал-мүлктөрүн аябастан согушууну жактырышпады. Алар өздөрүнүн эки жүздүү туугандарынын жолун тосуп: «Мындай ысыкта барбай эле койгула» – дешти. Табук согушу күн ысык учурда болгон. Эй, пайгамбар! Аларга айткын: «Эгер алар билишсе, эки жүздүүлөрдү күтүп жаткан тозок оту алар качып жаткан бул ысыктан да катуу».
التفاسير العربية:
فَلۡيَضۡحَكُواْ قَلِيلٗا وَلۡيَبۡكُواْ كَثِيرٗا جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Согушка барбаган ошол эки жүздүүлөр бул убактылуу дүйнө жашоосунда аз күлүп, түбөлүк акырет жашоосунда көп ыйлашсын. Бул алардын кылган каапырлыгы, күнөөлөрү жана жамандык иштеринин жазасы болот.
التفاسير العربية:
فَإِن رَّجَعَكَ ٱللَّهُ إِلَىٰ طَآئِفَةٖ مِّنۡهُمۡ فَٱسۡتَـٔۡذَنُوكَ لِلۡخُرُوجِ فَقُل لَّن تَخۡرُجُواْ مَعِيَ أَبَدٗا وَلَن تُقَٰتِلُواْ مَعِيَ عَدُوًّاۖ إِنَّكُمۡ رَضِيتُم بِٱلۡقُعُودِ أَوَّلَ مَرَّةٖ فَٱقۡعُدُواْ مَعَ ٱلۡخَٰلِفِينَ
Оо, пайгамбар! Эгер Аллах сени ошол эки жүздүүлүктөн кайтпаган эки жүздүүлөрдүн тобуна кайра кайтарса жана алар сени менен эмки согуштарга баралы деп уруксат сурашса, аларга айт: «Эй, эки жүздүүлөр! Силер мени менен эч качан Аллах жолундагы согушка барбайсыңар. Бул силердин жазаңар жана силер менен болгонумдагы зыяндардан болгон сактык. Ошондо силер Табук согушуна барбаганды жактырдыңар. Эми согушка барбаган оорукчандар, аялдар жана жаш балдар менен калгыла».
التفاسير العربية:
وَلَا تُصَلِّ عَلَىٰٓ أَحَدٖ مِّنۡهُم مَّاتَ أَبَدٗا وَلَا تَقُمۡ عَلَىٰ قَبۡرِهِۦٓۖ إِنَّهُمۡ كَفَرُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَمَاتُواْ وَهُمۡ فَٰسِقُونَ
Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөрдүн өлгөндөрүнө эч качан жаназа окуба, ал үчүн кечирим сурап мүрзөсүндө дуба кылып турба. Анткени алар Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылышты жана Аллахка баш ийбей өлүштү. Ким ушундай болсо, анда ага жаназа да окулбайт, дуба да кылынбайт.
التفاسير العربية:
وَلَا تُعۡجِبۡكَ أَمۡوَٰلُهُمۡ وَأَوۡلَٰدُهُمۡۚ إِنَّمَا يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُعَذِّبَهُم بِهَا فِي ٱلدُّنۡيَا وَتَزۡهَقَ أَنفُسُهُمۡ وَهُمۡ كَٰفِرُونَ
Оо, пайгамбар! Сени ал эки жүздүүлөрдүн байлыктары жана бала-чакалары суктандырбасын. Чындыгында Аллах аларды бул дүйнө жашоосунда ушул нерселер менен азаптоону каалайт. Аларга жетүү үчүн оор машакаттарды тартышат жана алар себептүү кыйынчылыктарга кабылышат. Ошондой эле аларды каапыр болгон абалда жандары чыгуусун каалайт.
التفاسير العربية:
وَإِذَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٌ أَنۡ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَجَٰهِدُواْ مَعَ رَسُولِهِ ٱسۡتَـٔۡذَنَكَ أُوْلُواْ ٱلطَّوۡلِ مِنۡهُمۡ وَقَالُواْ ذَرۡنَا نَكُن مَّعَ ٱلۡقَٰعِدِينَ
Эгерде Аллах Өзүнүн пайгамбары Мухаммадга “Аллахка ыйман келтиргиле жана Аллах жолунда согушка баргыла” деген буйругун камтыган сүрөө түшүрсө, анда алардын арасындагы байлары сени менен согушка барбай эле коёлу деп уруксат сурап: «Бизди жөн эле койчу. Биз алсыздар жана оорукчандар сыяктуу үзүрлүү адамдар менен чогу калалы» – дешет.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• الكافر لا ينفعه الاستغفار ولا العمل ما دام كافرًا.
Каапыр адам каапырлыгынан кайтганга чейин ал үчүн кечирим суроо да, жакшылык кылуу да пайда бербейт

• الآيات تدل على قصر نظر الإنسان، فهو ينظر غالبًا إلى الحال والواقع الذي هو فيه، ولا ينظر إلى المستقبل وما يتَمَخَّض عنه من أحداث.
Бул аяттар инсандын көз карашы тар экендигине далил болот. Ал көбүнчө учурдагы абалын гана көрөт, келечекти жана анын артынан пайда боло турган нерселерди көрө албайт.

• التهاون بالطاعة إذا حضر وقتها سبب لعقوبة الله وتثبيطه للعبد عن فعلها وفضلها.
Ибадаттын убактысы кирсе да ага кош көңүл кароо – Аллахтын жазасына себеп болот. Ошондой эле пендеге аны аткаруусун жана жакшылыгына жетүүсүн тосуп коёт.

• في الآيات دليل على مشروعية الصلاة على المؤمنين، وزيارة قبورهم والدعاء لهم بعد موتهم، كما كان النبي صلى الله عليه وسلم يفعل ذلك في المؤمنين.
Бул аяттар ыймандууларга жаназа окуу, алар өлгөндөн кийин алардын кабырларына баруу жана аларга дуба кылуу шариятта уруксат экендигине далил болот. Пайгамбар да ыймандууларга ушундай кылган.

رَضُواْ بِأَن يَكُونُواْ مَعَ ٱلۡخَوَالِفِ وَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَفۡقَهُونَ
Ал эки жүздүүлөр кечиримдүү себептерден улам согушка барбагандар менен согуштан калууну каалашкан кезде өздөрүнө кордукду жана төмөндүктү ыраа көрүштү. Аллах алардын каапырлыгы жана эки жүздүүлүгү үчүн жүрөктөрүнө мөөр басты. Эми алар кайсы нерсе аларга пайдалуу экенин билишпейт.
التفاسير العربية:
لَٰكِنِ ٱلرَّسُولُ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ جَٰهَدُواْ بِأَمۡوَٰلِهِمۡ وَأَنفُسِهِمۡۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ لَهُمُ ٱلۡخَيۡرَٰتُۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Ал эми пайгамбар жана аны менен бирге болгон ыймандуулар аларга окшоп Аллах жолундагы согушка барбай коюшкан жок. Алар өз жандарын жана мал-мүлктөрүн аябастан Аллах жолунда согушушту. Алардын Аллахтын алдындагы сыйлыктары – жеңишке жетүү, олжо алуу сыяктуу дүйнөлүк пайдаларга жетүү болду жана ошондой эле акыреттик пайдаларга жетүү болду, мисалы бейишке кирүү, көздөгөн максатка жетүү жана корккон нерседен кутулуу.
التفاسير العربية:
أَعَدَّ ٱللَّهُ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Аллах аларга кан сарайларынын алдыларынан дарыялар аккан бейиштерди даярдап койду. Алар ал жайда түбөлүк калышат. Эч качан жок болушпайт. Бул сыйлык – бир дагы ийгилик тең келбегендей чоң ийгилик.
التفاسير العربية:
وَجَآءَ ٱلۡمُعَذِّرُونَ مِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ لِيُؤۡذَنَ لَهُمۡ وَقَعَدَ ٱلَّذِينَ كَذَبُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥۚ سَيُصِيبُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِنۡهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ
Мединалык жана анын айланасындагы арабдардын бир тобу Аллахтын элчисине шылтоолорун айтып Аллах жолундагы согуштан калууга уруксат сурап келишти. Ал эми башка бир тобу уруксат сурабастан эле калып калышты. Анткени алар пайгамбарга ишенишпейт жана Аллахтын убадасына ыйман келтиришпейт. Алар жакында бул каапырлыктары себептүү жан чыдагыс азапка туш болушат.
التفاسير العربية:
لَّيۡسَ عَلَى ٱلضُّعَفَآءِ وَلَا عَلَى ٱلۡمَرۡضَىٰ وَلَا عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يَجِدُونَ مَا يُنفِقُونَ حَرَجٌ إِذَا نَصَحُواْ لِلَّهِ وَرَسُولِهِۦۚ مَا عَلَى ٱلۡمُحۡسِنِينَ مِن سَبِيلٖۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Ал эми аялдар, жаш балдар, оорукчандар, алсыздар, сокурлар жана согушка даярдык көрүүгө эч кандай каражат таппаган кедейлер сыяктуу адамдар согушка бара албай калышса күнөөкөр болушпайт. Анткени алардын үзүрлүү себептери бар. Эгерде алар Аллахка жана Анын элчисине чын ыкластуу болушса, Анын шариятын аткарышса, анда жакшылыктарды кылышкан мындай кечиримдүү себептери бар адамдардын жазаланышына эч кандай жол берилбейт. Аллах жакшылык кылуучулардын күнөөлөрүн Кечирүүчү, аларга Мээримдүү.
التفاسير العربية:
وَلَا عَلَى ٱلَّذِينَ إِذَا مَآ أَتَوۡكَ لِتَحۡمِلَهُمۡ قُلۡتَ لَآ أَجِدُ مَآ أَحۡمِلُكُمۡ عَلَيۡهِ تَوَلَّواْ وَّأَعۡيُنُهُمۡ تَفِيضُ مِنَ ٱلدَّمۡعِ حَزَنًا أَلَّا يَجِدُواْ مَا يُنفِقُونَ
Оо, пайгамбар! Ошондой эле сенден улоо таап беришиңди сурап келишкенде сен аларга: «Силер минип барганга эч кандай улоо таппай койдум» – деп айтканыңда алар артка бурулуп, сен тараптан же өздөрүнүн жанынан сарптаганга эч нерсе таппай калганына өкүнүп, ыйлаган бойдон артка кайтып согушка сени менен бара албай калгандар да күнөөкөр болушпайт.
التفاسير العربية:
۞ إِنَّمَا ٱلسَّبِيلُ عَلَى ٱلَّذِينَ يَسۡتَـٔۡذِنُونَكَ وَهُمۡ أَغۡنِيَآءُۚ رَضُواْ بِأَن يَكُونُواْ مَعَ ٱلۡخَوَالِفِ وَطَبَعَ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ فَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Үзүрлүү себептери бар адамдарга эч кандай жаза жок экенин ачык айткандан кийин ким жазалоого татыктуу экенин айтты: «Эй, пайгамбар! Чындыгында жаза сенден согуштан калууга уруксат сурап келгендерге берилет. Анткени алардын даярдык көрүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок алар өздөрүнө төмөндүктү жана кордукту ыраа көрүп, согушка барбагандар менен үйлөрүндө калышты. Аллах алардын жүрөктөрүнө мөөр басты. Эми аларга насаат да таасир бербейт. Алар бул мөөр себептүү тандайын дешсе эмне пайдалуу экенин билишпейт, алыстайын дешсе эмне зыяндуу экенин билишпейт».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• المجاهدون سيحصِّلون الخيرات في الدنيا، وإن فاتهم هذا فلهم الفوز بالجنة والنجاة من العذاب في الآخرة.
Аллах жолунда согушкандар бул дүйнөдө көптөгөн жакшылыктарга жетишет. А эгер алар буга жетпей калышса, анда акыретте бейишке жетишет жана азаптан кутулушат.

• الأصل أن المحسن إلى الناس تكرمًا منه لا يؤاخَذ إن وقع منه تقصير.
Негизи адамдарга берешендиги менен жакшылык кылган адам кемчилик кетирсе, анда ал жазаланбайт.

• أن من نوى الخير، واقترن بنيته الجازمة سَعْيٌ فيما يقدر عليه، ثم لم يقدر- فإنه يُنَزَّل مَنْزِلة الفاعل له.
Ким жакшылык кылууну ниет кылып, ошол бекем ниети менен колунан келишинче аткарууга аракет жасап, бирок аткара албай калса, анда ал ошону аткарган адамдын даражасында болот.

• الإسلام دين عدل ومنطق؛ لذلك أوجب العقوبة والمأثم على المنافقين المستأذنين وهم أغنياء ذوو قدرة على الجهاد بالمال والنفس.
Ислам дини адилеттик жана ой жүгүртүү дини. Мына ошондуктан уруксат сураган эки жүздүүлөрдү жазалоону талап кылды. Анткени алар өз жандары жана мал-мүлктөрү менен согушууга кудурети жеткен байлар эле.

يَعۡتَذِرُونَ إِلَيۡكُمۡ إِذَا رَجَعۡتُمۡ إِلَيۡهِمۡۚ قُل لَّا تَعۡتَذِرُواْ لَن نُّؤۡمِنَ لَكُمۡ قَدۡ نَبَّأَنَا ٱللَّهُ مِنۡ أَخۡبَارِكُمۡۚ وَسَيَرَى ٱللَّهُ عَمَلَكُمۡ وَرَسُولُهُۥ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Мусулмандар согуштан кайтып келишкенде согушка барбаган эки жүздүүлөр аларга негизсиз шылтоолорду айтып башташат. Аллах Өзүнүн пайгамбарын жана ыймандууларды аларга жооп кылдыртып айтат: «Жалган шылтооңорду айтып актанбай эле койгула. Силердин айткан сөзүңөргө ишенбейбиз. Аллах бизге силердин көкүрөгүңөрдөгү нерселерди билдирди. Аллах жана Анын элчиси көрүп турат. Силер тообо кыласыңарбы, Аллах тообоңорду кабыл кылсын же эки жүздүүлүк кылып жүрө бересиңерби? Кийин бардык нерсени билген Аллахка кайтасыңар, ошондо Ал кылган ишиңерден кабар берет жана ал үчүн сыйлык же жазаңарды берет. Андыктан тообо кылууга жана жакшы иштерди аткарууга шашылгыла».
التفاسير العربية:
سَيَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ لَكُمۡ إِذَا ٱنقَلَبۡتُمۡ إِلَيۡهِمۡ لِتُعۡرِضُواْ عَنۡهُمۡۖ فَأَعۡرِضُواْ عَنۡهُمۡۖ إِنَّهُمۡ رِجۡسٞۖ وَمَأۡوَىٰهُمۡ جَهَنَّمُ جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ
Оо, ыймандуулар! Силер ал эки жүздүүлөргө кайтып келгениңерде алар жалган шылтоолорун тастыктап Аллахка касам ичишет. Муну силердин жемеңерге калбаш үчүн кылышат. Аларды ачууланып таштагыла жана мамиле кылбагыла. Акыйкатта алар ичи бузук ыпыластар. Алардын барар жайы тозок болот. Бул алардын кылган эки жүздүүлүктөрү менен күнөөлөрүнүн жазасы.
التفاسير العربية:
يَحۡلِفُونَ لَكُمۡ لِتَرۡضَوۡاْ عَنۡهُمۡۖ فَإِن تَرۡضَوۡاْ عَنۡهُمۡ فَإِنَّ ٱللَّهَ لَا يَرۡضَىٰ عَنِ ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Оо, ыймандуулар! Ал эки жүздүүлөр силерди ыраазы кылыш үчүн жана алардын шылтоолорун туура кабылдооңор үчүн силерге касам ичишет. Аларга ыраазы болбогула! Алардан ыраазы болгонуңар Раббиңерге каршы чыкканыңар. Чындыгында каапырлык жана эки жүздүүлүк кылып Ага баш ийбеген адамдарга Аллах ыраазы болбойт. Эй, мусулмандар! Аллах ыраазы болбогон адамдарга ыраазы болуудан сак болгула!
التفاسير العربية:
ٱلۡأَعۡرَابُ أَشَدُّ كُفۡرٗا وَنِفَاقٗا وَأَجۡدَرُ أَلَّا يَعۡلَمُواْ حُدُودَ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ عَلَىٰ رَسُولِهِۦۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Көчмөн арабдар эгер каапырлык же эки жүздүүлүк кылышса, анда алардын каапырлыгы жергиликтүү арабдардын каапырлыгынан да күчтүү жана алардын эки жүздүүлүгү тигилердин эки жүздүүлүгүнөн да күчтүү болот. Алар динден таптакыр кабары жок. Алар пайгамбарга түшкөн парздарды, сүннөттөрдү, өкүмдөрдүн жол-жоболорун үйрөнүүгө татыктуу. Анткени алардын табиятында оройлук, одонолук бар жана адамдар менен көп аралашкан эмес. Аллах алардын абалдарын Билүүчү. Ага анын баары белгилүү. Ал Өз башкаруусунда жана шариятында Даанышман.
التفاسير العربية:
وَمِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ مَن يَتَّخِذُ مَا يُنفِقُ مَغۡرَمٗا وَيَتَرَبَّصُ بِكُمُ ٱلدَّوَآئِرَۚ عَلَيۡهِمۡ دَآئِرَةُ ٱلسَّوۡءِۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ
Чөлдө жашаган адамдардын арасында Аллах жолунда берген мал-мүлктү чыгаша же жоготуу деп ойлогон эки жүздүүлөр да бар. Алар садага берсем сооп болбойт, бербей койсом Аллах жазалабайт деп ойлойт. Бирок, кээде ага карабастан, элге көрүнүү үчүн же коркконунан улам садага берет. О, ыймандуулар! Алар силерге жамандык каалап, силерден кутулууну самайт. Аллах алардын ыймандууларга каалап жаткан арты жакшылыкка алып барбай турган жамандыгын жана замандын оомалуулугун ыймандуулардын башына эмес, тескерисинче, алардын өзүнүн башына түшүрөт. Аллах алардын айтканын Угуучу, жашырганын Билүүчү.
التفاسير العربية:
وَمِنَ ٱلۡأَعۡرَابِ مَن يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَيَتَّخِذُ مَا يُنفِقُ قُرُبَٰتٍ عِندَ ٱللَّهِ وَصَلَوَٰتِ ٱلرَّسُولِۚ أَلَآ إِنَّهَا قُرۡبَةٞ لَّهُمۡۚ سَيُدۡخِلُهُمُ ٱللَّهُ فِي رَحۡمَتِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Чөлдө жашагандардын арасында Аллахка жана акыретке ыйман келтиргендери бар. Алар Аллах жолунда берген мал-мүлктү Аллахка жакындаткан ибадаттардан жана пайгамбардын батасы менен кечирим дубасына жетиш үчүн кылышат. Албетте анын Аллах жолунда берген садакасы жана пайгамбардын ага кылган дубасы аны Аллахка жакындаткан ибадаттардан. Жакында анын сообун Аллахтын алдында алат. Аллах аны Өз кечиримин жана бейишин камтыган чексиз ырайымына киргизет. Чындыгында Ал тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• ميدان العمل والتكاليف خير شاهد على إظهار كذب المنافقين من صدقهم.
Эки жүздүүлөрдүн кайсы сөзү чын, кайсынысы жалган экени шарият өкүм-буйруктарын иш жүзүндө аткарууга келгенде ачыкка чыгат.

• أهل البادية إن كفروا فهم أشد كفرًا ونفاقًا من أهل الحضر؛ لتأثير البيئة.
Эгерде көчмөн арабдар каапырлык кылышса, анда алардын каапырлыгы менен эки жүздүүлүгү жергиликтүү арабдардыкынан да күчтүү болот. Анткени чөйрө таасир берет.

• الحض على النفقة في سبيل الله مع إخلاص النية، وعظم أجر من فعل ذلك.
Аллах жолунда чын ыкластан садака кылууга чакыруу жана аны аткарган адамдын сообу көптүгүн баяндоо.

• فضيلة العلم، وأن فاقده أقرب إلى الخطأ.
Илимдин артыкчылыгы. Аны жоготкон адам жаңылууга учурайт.

وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلۡأَوَّلُونَ مِنَ ٱلۡمُهَٰجِرِينَ وَٱلۡأَنصَارِ وَٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُم بِإِحۡسَٰنٖ رَّضِيَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ وَرَضُواْ عَنۡهُ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي تَحۡتَهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Өз мекенин таштап Аллахка карай көчкөн мухажирлерден эң алдыңкы болуп ыйманга шашылгандардан, пайгамбарды колдошкон ансарлардан жана ошондой эле ишенимде, сөздөрдө, иш-аракеттерде эң алдыңкылардан болуп ыйманга келишкен мухажирлер менен ансарларды ээрчигендерден Аллах ыраазы болду, алардын аткарган ибадаттарын кабыл кылды. Алар дагы Аллахтан ыраазы болушту. Анткени Ал аларга улуу соопторду берди жана алар үчүн кан сарайларынын алдыларынан аккан дарыялары бар бейиштерди даярдап койду. Алар ал жайда түбөлүк калышат. Мына ушул сыйлык – эң чоң ийгилик
التفاسير العربية:
وَمِمَّنۡ حَوۡلَكُم مِّنَ ٱلۡأَعۡرَابِ مُنَٰفِقُونَۖ وَمِنۡ أَهۡلِ ٱلۡمَدِينَةِ مَرَدُواْ عَلَى ٱلنِّفَاقِ لَا تَعۡلَمُهُمۡۖ نَحۡنُ نَعۡلَمُهُمۡۚ سَنُعَذِّبُهُم مَّرَّتَيۡنِ ثُمَّ يُرَدُّونَ إِلَىٰ عَذَابٍ عَظِيمٖ
Мединага жакын жашашкан көчмөн арабдардын арасында эки жүздүүлөр бар. Ошондой эле мединалыктардын арасында да эки жүздүүлөр бар. Алар эки жүздүүлүктөн кайтышпайт. Эй, пайгамбар! Сен аларды билбейсиң, аларды Аллах билет. Жакында Аллах аларды эки жолу азаптайт, биринчиси бул дүйнөдө алардын эки жүздүүлүгүн ачуу, аларды өлтүрүү жана туткунга алуу менен болот, экинчиси акыретте кабырда азапталуу, андан соң кыяматта тозоктун эң түбүндө чоң азапка салуу менен болот.
التفاسير العربية:
وَءَاخَرُونَ ٱعۡتَرَفُواْ بِذُنُوبِهِمۡ خَلَطُواْ عَمَلٗا صَٰلِحٗا وَءَاخَرَ سَيِّئًا عَسَى ٱللَّهُ أَن يَتُوبَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٌ
Мединалыктардын арасында кээ бир адамдар бар. Алар согушка себепсиз эле барбай коюшкан. Алар муну моюндарына алышат. Алар жалган шылтоолорун айтып келишкен жок. Алар Аллахка моюн сунуу, Анын шариятын кармануу жана Анын жолунда согушуу сыяктуу мурун кылышкан жакшылык иштерин жаман иштер менен аралаштырып жиберишти. Алар Аллахтан тооболорун кабыл кылуусун, аларды кечирүүсүн үмүт кылышат. Чындыгында Аллах тообо кылган пенделерине Кечиримдүү, аларга Мээримдүү.
التفاسير العربية:
خُذۡ مِنۡ أَمۡوَٰلِهِمۡ صَدَقَةٗ تُطَهِّرُهُمۡ وَتُزَكِّيهِم بِهَا وَصَلِّ عَلَيۡهِمۡۖ إِنَّ صَلَوٰتَكَ سَكَنٞ لَّهُمۡۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Оо, пайгамбар! Сен алардын мал-мүлктөрүнөн зекет ал. Бул аларды күнөөлөрдүн кирлеринен тазалайт, жакшылыктарынын көбөйүшүнө себеп болот. Алардан зекетти алгандан кийин аларга дуба кыл. Чындыгында сенин дубаң алар үчүн ырайым жана бейпилдик. Аллах сенин дубаңды Угуучу, алардын кылган иштерин жана ниеттерин Билүүчү.
التفاسير العربية:
أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ هُوَ يَقۡبَلُ ٱلتَّوۡبَةَ عَنۡ عِبَادِهِۦ وَيَأۡخُذُ ٱلصَّدَقَٰتِ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Согушка барбай койгондор жана Аллахка тообо кылгандар билишсин, Аллах тообо кылган пенделеринин тообосун кабыл кылат жана Ал сакадакаларды да кабыл кылат. Бирок Ал ага муктаж эмес. Садака берген адамга садакасы үчүн сооп берет. Чындыгында Аллах таала тообо кылган пенделеринин тообосун кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
وَقُلِ ٱعۡمَلُواْ فَسَيَرَى ٱللَّهُ عَمَلَكُمۡ وَرَسُولُهُۥ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۖ وَسَتُرَدُّونَ إِلَىٰ عَٰلِمِ ٱلۡغَيۡبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Мына ошол согушка барбай койгондорго жана күнөөлөрүнө тообо кылгандарга айт: «Ошол кетирген жоготуунун ордун толуктагыла, ар бир ишти Аллах үчүн чын ыкластан кылгыла, Аны ыраазы кылган иштерди аткаргыла. Мына ошондо Аллах, Анын элчиси жана ыймандуулар силердин кылган иштериңерди көрүшөт. Силер кыямат күнү баарын билген Раббиңерге кайтасыңар. Ошондо Ал силер жашырган жана айткан нерселердин баарысын билдирет. Бул дүйнөдө кылган иштериңердин кабарын берет жана силерди ал үчүн сыйлайт же жазалайт».
التفاسير العربية:
وَءَاخَرُونَ مُرۡجَوۡنَ لِأَمۡرِ ٱللَّهِ إِمَّا يُعَذِّبُهُمۡ وَإِمَّا يَتُوبُ عَلَيۡهِمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٞ
Табук согушуна барбай койгондордун кээ биринин эч кандай себептери болгон эмес. Мына ошолорго Аллахтын өкүмү кечиктирилет. Аллах аларга Өзү каалагандай өкүм чыгарат, эгер тообо кылышпаса аларды азаптайт, а эгер тообо кылышса тооболорун кабыл кылат. Аллах жазага жана кечиримге татыктууларды Билүүчү, Өз шариятында жана башкаруусунда Даанышман. Ал эми ал адамдар – Мурара ибн ар-Рабии, Кааб ибн Малик жана Хилал ибн Умейя.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• فضل المسارعة إلى الإيمان، والهجرة في سبيل الله، ونصرة الدين، واتباع طريق السلف الصالح.
Ыйманга шашылуунун, Аллах жолунда көчүүнүн, динди колдоонун, алгачкы таза муунду ээрчүүнүн артыкчылыгы.

• استئثار الله عز وجل بعلم الغيب، فلا يعلم أحد ما في القلوب إلا الله.
Кайып илимин Аллах Өзүнө гана жекелеген. Андыктан жүрөктөгү нерселерди Аллахтан башка эч ким билбейт.

• الرجاء لأهل المعاصي من المؤمنين بتوبة الله عليهم ومغفرته لهم إن تابوا وأصلحوا عملهم.
Эгерде мусулмандардын арасындагы күнөөкөрлөр тообо кылышып, жакшы иштерди кылышса, анда Аллах алардын тооболорун кабыл кылуусун, аларды кечирүүсүн каалоо.

• وجوب الزكاة وبيان فضلها وأثرها في تنمية المال وتطهير النفوس من البخل وغيره من الآفات.
Зекеттин парздыгы жана анын артыкчылыгын, ошондой эле анын мал-мүлктүн көбөйүшүнө таасир берүүсүн, жан дүйнөнү сараңдыктан ж.б. кесепеттерден тазартуусун баяндоо.

وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مَسۡجِدٗا ضِرَارٗا وَكُفۡرٗا وَتَفۡرِيقَۢا بَيۡنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَإِرۡصَادٗا لِّمَنۡ حَارَبَ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ مِن قَبۡلُۚ وَلَيَحۡلِفُنَّ إِنۡ أَرَدۡنَآ إِلَّا ٱلۡحُسۡنَىٰۖ وَٱللَّهُ يَشۡهَدُ إِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ
Эки жүздүүлөрдүн арасында дагы ушундай адамдар бар, алар Аллахка баш ийбестик үчүн мечит курушту. Алар муну мусулмандарга зыян бериш үчүн, эки жүздүүлөрдү кубаттандыруу менен каапырлыкты ачыкка чыгарыш үчүн, ыймандууларды бөлүп жарыш үчүн, ошондой эле мечит курулганга чейин Аллах жана Анын элчиси менен душмандашкандарды күтүп, согушка камдануу үчүн гана курушту. Ошол эки жүздүүлөр силерге касам ичишип: «Биздин көздөгөнүбүз – мусулмандарга жакшылык каалоо гана болчу» – дешет. Алар бул айткан сөздөрүндө жалганчылар экенине Аллах Өзү күбө.
التفاسير العربية:
لَا تَقُمۡ فِيهِ أَبَدٗاۚ لَّمَسۡجِدٌ أُسِّسَ عَلَى ٱلتَّقۡوَىٰ مِنۡ أَوَّلِ يَوۡمٍ أَحَقُّ أَن تَقُومَ فِيهِۚ فِيهِ رِجَالٞ يُحِبُّونَ أَن يَتَطَهَّرُواْۚ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُطَّهِّرِينَ
Оо, пайгамбар! Эки жүздүүлөр сени ушул сыпаттагы мечитте намаз окууга чакырса, аларга жооп бербе! Чындыгында каапырлыктын үстүнө курулган бул мечитке караганда тээ башынан эле такыбалыктын үстүнө курулган Кубаа мечитинде намаз окуганың артыгыраак. Кубаа мечитинде ыпыластыктан жана дааратсыздыктан суу менен тазаланганды, ошондой эле кечирим суроо жана тообо кылуу менен күнөөлөрдөн тазаланганды сүйгөн эркектер бар. Аллах дааратсыздыктан, ыпыластыктан жана күнөөлөрдөн тазалангандарды жакшы көрөт.
التفاسير العربية:
أَفَمَنۡ أَسَّسَ بُنۡيَٰنَهُۥ عَلَىٰ تَقۡوَىٰ مِنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٍ خَيۡرٌ أَم مَّنۡ أَسَّسَ بُنۡيَٰنَهُۥ عَلَىٰ شَفَا جُرُفٍ هَارٖ فَٱنۡهَارَ بِهِۦ فِي نَارِ جَهَنَّمَۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ
Аллахтын ыраазылыгын көздөп көптөгөн жакшылык иштерди жасап, Анын буйруктарына баш ийип, тыйгандарын таштоо менен Ага болгон такыбалыктын үстүнө имарат курган адамдар – мусулмандарга зыян бериш үчүн, каапырлыкты күчөтүш үчүн жана ыймандууларды бөлүп жарыш үчүн мечит курган адамдар менен кантип тең болушсун?! Алар эч качан тең болушпайт! Биринчиси кыналып курулган бекем имарат сыяктуу. Аны кулап калат деп коркпойсуң. Ал эми тигиниси болсо жардын кырына салынган имарат сыяктуу. Ал акыры бузулуп кулайт. Ошону менен ал имараты тозоктун түбүнө урап түшөт. Аллах каапырлык жана эки жүздүүлүк кылган залымдардын иштерин оңунан чыгарбайт.
التفاسير العربية:
لَا يَزَالُ بُنۡيَٰنُهُمُ ٱلَّذِي بَنَوۡاْ رِيبَةٗ فِي قُلُوبِهِمۡ إِلَّآ أَن تَقَطَّعَ قُلُوبُهُمۡۗ وَٱللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Алар зыян бериш үчүн курушкан мечити жүрөктөрүндө өчпөгөн эки жүздүүлүк бойдон кала берди. Бул абал алар кылыч менен өлтүрүлүп же өлүм келип жүрөктөрү тытылып кеткенге чейин уланат. Аллах пенделери кылган иштерин Билүүчү жана жакшылыкка сыйлык, жамандыкка жазаны өкүм кылууда Даанышман.
التفاسير العربية:
۞ إِنَّ ٱللَّهَ ٱشۡتَرَىٰ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ أَنفُسَهُمۡ وَأَمۡوَٰلَهُم بِأَنَّ لَهُمُ ٱلۡجَنَّةَۚ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَيَقۡتُلُونَ وَيُقۡتَلُونَۖ وَعۡدًا عَلَيۡهِ حَقّٗا فِي ٱلتَّوۡرَىٰةِ وَٱلۡإِنجِيلِ وَٱلۡقُرۡءَانِۚ وَمَنۡ أَوۡفَىٰ بِعَهۡدِهِۦ مِنَ ٱللَّهِۚ فَٱسۡتَبۡشِرُواْ بِبَيۡعِكُمُ ٱلَّذِي بَايَعۡتُم بِهِۦۚ وَذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ
Чындыгында ыймандуулардын жандары Аллахтын мүлкү болсо дагы Ал Өз айкөлдүгү менен бейишти берип алардын жандарын кымбат баага сатып алды. Анткени алар Аллахтын сөзү бийик болуш үчүн каапырлар менен согушту. Алар каапырларды өлтүрүштү жана каапырлардын колунан өлүштү. Бул үчүн Аллах аларга Мусанын китеби Тооратта, Исанын китеби Инжилде, Мухаммаддын китеби Куранда чыныгы убада берди. Ал эми убаданы аткарууда Аллахтан өткөн эч ким жок. Эй, ыймандуулар! Аллах менен кылган соодаңарга сүйүнгүлө! Силер бул аркылуу чоң киреше таптыңар. Мына ушул соодаңар – эң чоң ийгилик.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• محبة الله ثابتة للمتطهرين من الأنجاس البدنية والروحية.
Аллах руханий жана дене ыпыластарынан тазаланган адамдарды сүйөт.

• لا يستوي من عمل عملًا قصد به وجه الله؛ فهذا العمل هو الذي سيبقى ويسعد به صاحبه، مع من قصد بعمله نصرة الكفر ومحاربة المسلمين؛ وهذا العمل هو الذي سيفنى ويشقى به صاحبه.
Ар бир кылган ишинде Аллахтын ыраазылыгын көздөгөн адам менен каапырлыкты колдоп, мусулмандар менен согушкан адам бирдей эмес. Биринчисинин кылган иштери түбөлүк калат жана аны бактылуулукка жеткирет. Экинчисинин кылган иштери убактылуу калат жана аны бактысыздыкка алып барат.

• مشروعية الجهاد والحض عليه كانت في الأديان التي قبل الإسلام أيضًا.
Исламга чейинки диндерде да Аллах жолунда согушуу жана ага кызыктыруу уруксат болгон.

• كل حالة يحصل بها التفريق بين المؤمنين فإنها من المعاصي التي يتعين تركها وإزالتها، كما أن كل حالة يحصل بها جمع المؤمنين وائتلافهم يتعين اتباعها والأمر بها والحث عليها.
Мусулмандарды бөлүп жарууга алып барган кандай абал болбосун, ал күнөө болуп эсептелет. Аны таштоо жана жок кылуу милдет болот. Ошол сыяктуу эле мусулмандарды биримдикке алып барган кандай абал болбосун, аны аткаруу жана буйруу милдет болот.

ٱلتَّٰٓئِبُونَ ٱلۡعَٰبِدُونَ ٱلۡحَٰمِدُونَ ٱلسَّٰٓئِحُونَ ٱلرَّٰكِعُونَ ٱلسَّٰجِدُونَ ٱلۡأٓمِرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَٱلنَّاهُونَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَٱلۡحَٰفِظُونَ لِحُدُودِ ٱللَّهِۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Мындай сыйлыкка арзыгандар – алар Аллах жаман көргөн жана Анын каарын жараткан нерселерди таштап Ал сүйгөн жана ыраазы болгон нерселерге кайткандар. Алар Аллахтан коркуп, Ал үчүн жөнөкөй болуп өздөрүн кор тутушкандар, Ага моюн сунууда болгон аракетин кылышкандар, бардык абалда Раббисине шүгүр кылгандар, орозо туткандар, намаз окугандар, Аллахтын жана Анын элчисинин буйруктарына чакыргандар, Аллахтын жана Анын элчисинин тыюуларынан кайтаргандар, Аллахтын өкүм-буйруктарын аткаргандар, тыюуларын таштагандар. Эй, пайгамбар! Мына ушул сыпаттарга ээ болгон ыймандууларды бул дүйнөдө жана акыретте кубанычка сала турган кабарды жеткир.
التفاسير العربية:
مَا كَانَ لِلنَّبِيِّ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن يَسۡتَغۡفِرُواْ لِلۡمُشۡرِكِينَ وَلَوۡ كَانُوٓاْ أُوْلِي قُرۡبَىٰ مِنۢ بَعۡدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ
Мушриктер ширк кылып өлгөнү себептүү тозокко түшөрү анык болгондон кийин алар ыймандуулардын жакын туугандары болушса да пайгамбар менен ыймандууларга алар үчүн Аллахтын кечиримин суроого болбойт.
التفاسير العربية:
وَمَا كَانَ ٱسۡتِغۡفَارُ إِبۡرَٰهِيمَ لِأَبِيهِ إِلَّا عَن مَّوۡعِدَةٖ وَعَدَهَآ إِيَّاهُ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُۥٓ أَنَّهُۥ عَدُوّٞ لِّلَّهِ تَبَرَّأَ مِنۡهُۚ إِنَّ إِبۡرَٰهِيمَ لَأَوَّٰهٌ حَلِيمٞ
Ибрахим өз атасы үчүн Аллахтын кечиримин сурашышы – ал үчүн сөзсүз кечирим сураймын деген убадасы себептен гана болгон. Аны мусулман болот деп үмүттөнгөн. Ибрахимдин айткан насааты атасына эч пайда бербегени же Аллах тараптан аны каапыр болуп өлөт деген аянды билгени себептүү ал Аллахтын душманы экени ага маалым болгондо ал андан баш тартты. Ал үчүн Аллахтан кечирим сураганы – Аллах ага аян кылган өкүмдөн корккону үчүн эмес, өзү тараптан болгон чечимден улам болгон. Чындыгында Ибрахим Аллахка көп жалбарган жана залым элин көп кечирген адам эле.
التفاسير العربية:
وَمَا كَانَ ٱللَّهُ لِيُضِلَّ قَوۡمَۢا بَعۡدَ إِذۡ هَدَىٰهُمۡ حَتَّىٰ يُبَيِّنَ لَهُم مَّا يَتَّقُونَۚ إِنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٌ
Адамдарга ташташ милдет болгон арам нерселердин баарын Аллах баяндап берип туура жолго салгандан кийин аларды адашты деп өкүм берүүсү мүмкүн эмес. Эгер алар Аллах арам кылган нерселерди баяндагандан кийин кылышса, анда аларга адашты деп өкүм берет. Чындыгында Аллах баарын билет. Андан эч нерсе жашыруун эмес. Акыйкатта ал силерге билбегениңерди үйрөттү.
التفاسير العربية:
إِنَّ ٱللَّهَ لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۚ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ مِن وَلِيّٖ وَلَا نَصِيرٖ
Чындыгында жердеги жана асмандардагы бүткүл мүлк Аллахка гана таандык. Ал экөөсүндө Ага эч ким шериктеш эмес жана андагы эч бир нерсе Ага жашыруун эмес. Ал кимди кааласа тирилтет, кимди кааласа өлтүрөт. Эй, адамдар! Силердин ишиңерди жөнгө салган Аллахтан башка башкаруучу жок жана душманга каршы силерге жардам берген, силерди жамандыктан коргогон колдоочу жок.
التفاسير العربية:
لَّقَد تَّابَ ٱللَّهُ عَلَى ٱلنَّبِيِّ وَٱلۡمُهَٰجِرِينَ وَٱلۡأَنصَارِ ٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُ فِي سَاعَةِ ٱلۡعُسۡرَةِ مِنۢ بَعۡدِ مَا كَادَ يَزِيغُ قُلُوبُ فَرِيقٖ مِّنۡهُمۡ ثُمَّ تَابَ عَلَيۡهِمۡۚ إِنَّهُۥ بِهِمۡ رَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Аллах Мухаммад пайгамбардын тообосун кабыл кылды. Анткени ал эки жүздүүлөргө Табук согушуна барбай коюуга уруксат берип койгон эле. Ошондой эле мухажирлер менен ансарлардын да тооболорун кабыл кылды. Алар согуштан калышкан жок. Тескерисинче, алар катуу ысыкка, каражаттын аздыгына, душмандын күчтүүлүгүнө карабастан аны менен барышты. Бирок ара жолдо катаал кыйынчылыктарга туш болгондо алардын кээ топторунун жүрөктөрү согуштан кайтып кетүүгө ыктады. Андан соң Аллах аларга кайраттанууга жана согушка барууга ийгилик берди жана тооболорун кабыл кылды. Чындыгында Аллах аларга Кичипейил жана Мээримдүү. Аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берип, тооболорун кабыл кылуусу да – Анын ырайымдуулугунан.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• بطلان الاحتجاج على جواز الاستغفار للمشركين بفعل إبراهيم عليه السلام.
Ибрахим пайгамбардын атасы үчүн кечирим сураганы – мушриктер үчүн кечирим сураганга болот дегенге далил болбойт.

• أن الذنوب والمعاصي هي سبب المصائب والخذلان وعدم التوفيق.
Күнөөлөрдү кылуу – кыйынчылыктардын, жардамсыз калуунун жана ийгиликсиздиктин себеби.

• أن الله هو مالك الملك، وهو ولينا، ولا ولي ولا نصير لنا من دونه.
Аллах бүткүл мүлктүн Падышасы жана Анын Башкаруучусу. Биз үчүн Андан башка Башкаруучу да, Жардамчы да жок.

• بيان فضل أصحاب النبي صلى الله عليه وسلم على سائر الناس.
Пайгамбардын сахабалары бардык адамдардан артык экендигин баяндоо.

وَعَلَى ٱلثَّلَٰثَةِ ٱلَّذِينَ خُلِّفُواْ حَتَّىٰٓ إِذَا ضَاقَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلۡأَرۡضُ بِمَا رَحُبَتۡ وَضَاقَتۡ عَلَيۡهِمۡ أَنفُسُهُمۡ وَظَنُّوٓاْ أَن لَّا مَلۡجَأَ مِنَ ٱللَّهِ إِلَّآ إِلَيۡهِ ثُمَّ تَابَ عَلَيۡهِمۡ لِيَتُوبُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ
Аллах бул үч адамдын тооболорун да кабыл кылды. Алар Кааб ибн Малик, Мурара ибн ар-Рабии жана Хилал ибн Умейя. Алар пайгамбар менен Табук согушуна барбай коюшкандан кийин кылган тооболорунун кабыл кылынуусу кечиктирилгендер. Ошондон кийин пайгамбар адамдарга алар менен мамилени үзүүнү буйруду. Бул себептүү аларды кайгы-түйшүк басып, акыры алар үчүн кең жер да тарып кетти, жалгыздыктан көкүрөктөрү сыгылып кетти. Ошондо алар үчүн жалгыз Аллахтан башка баш калкалар эч ким жок экенин билишти. Аллах аларга тообо кылууга мүмкүнчүлүк берип ырайым кылды, кийин тооболорун кабыл кылды. Чындыгында Ал пенделеринин тооболорун кабыл кылуучу, аларга Ырайымдуу.
التفاسير العربية:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَكُونُواْ مَعَ ٱلصَّٰدِقِينَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер, пайгамбарды ээрчигендер жана Анын шариятын аткаргандар! Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстоо менен Аллахтан корккула! Ыймандарында, сөздөрүндө жана иштеринде чынчыл адамдар менен бирге болгула! Силер үчүн чындыктан башкада эч кутулуу жок.
التفاسير العربية:
مَا كَانَ لِأَهۡلِ ٱلۡمَدِينَةِ وَمَنۡ حَوۡلَهُم مِّنَ ٱلۡأَعۡرَابِ أَن يَتَخَلَّفُواْ عَن رَّسُولِ ٱللَّهِ وَلَا يَرۡغَبُواْ بِأَنفُسِهِمۡ عَن نَّفۡسِهِۦۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ لَا يُصِيبُهُمۡ ظَمَأٞ وَلَا نَصَبٞ وَلَا مَخۡمَصَةٞ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ وَلَا يَطَـُٔونَ مَوۡطِئٗا يَغِيظُ ٱلۡكُفَّارَ وَلَا يَنَالُونَ مِنۡ عَدُوّٖ نَّيۡلًا إِلَّا كُتِبَ لَهُم بِهِۦ عَمَلٞ صَٰلِحٌۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجۡرَ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Пайгамбар өзү баш болуп Аллах жолунда согушка чыкса, анда мединалыктар жана анын айланасында жашаган көчмөн арабдар үчүн андан калууга уруксат жок. Алар үчүн өз жандарын аяп, аны пайгамбардын жанынан да кастарлоого болбойт. Тескерисинче алар үчүн пайгамбардын жанынан да өз жандарын курман кылуу милдет. Мунун себеби эгер алар чаңкоого, чарчоого, Аллах жолунда ачкалыкка кабылышса, же кандайдыр бир жерге конушуп, алардын ошол жерде болушу каапырлардын кыжырын кайнатса, же душмандын колунан өлүмгө дуушар болуп, же туткундалып, же олжого ээ болуп, же жеңилүү ызасын тартышса, анда бул себептүү Аллах аларга сөзсүз кабыл кылынган жакшылык иштин сообун жазат. Чындыгында Аллах жакшылык кылуучулардын сообун жок кылбайт. Тескерисинче, аларга толук кылып жана көбөйтүп берет.
التفاسير العربية:
وَلَا يُنفِقُونَ نَفَقَةٗ صَغِيرَةٗ وَلَا كَبِيرَةٗ وَلَا يَقۡطَعُونَ وَادِيًا إِلَّا كُتِبَ لَهُمۡ لِيَجۡزِيَهُمُ ٱللَّهُ أَحۡسَنَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Аз болсо да, көп болсо да алар мал-мүлк сарпташса жана кайсы бир өрөөндү басып өтүшсө, анда Аллах алардын сарптаганы жана кылган сапары үчүн аларга сыйлык катары соопторду жазат жана акыретте кылган иштерине эң жакшы соопторду берет.
التفاسير العربية:
۞ وَمَا كَانَ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ لِيَنفِرُواْ كَآفَّةٗۚ فَلَوۡلَا نَفَرَ مِن كُلِّ فِرۡقَةٖ مِّنۡهُمۡ طَآئِفَةٞ لِّيَتَفَقَّهُواْ فِي ٱلدِّينِ وَلِيُنذِرُواْ قَوۡمَهُمۡ إِذَا رَجَعُوٓاْ إِلَيۡهِمۡ لَعَلَّهُمۡ يَحۡذَرُونَ
Ыймандуулардын бүт баары согушка кетүүсүнө уруксат жок. Анткени алар душманга жеңилип калышса, анда тукум курут болуп кетүүлөрү мүмкүн. Андыктан алардын бир бөлүгү согушка кетип, бир бөлүгү пайгамбар менен бирге калганы, андан шарият өкүмдөрүн жана Курандан укканы аркылуу динди терең үйрөнүшүп, кийин адамдар согуштан кайтып келишкенде үйрөнгөн нерселерин аларга үйрөтүшкөнү жакшы эмеспи?! Балким алар Аллахтын азабынан жана жазасынан коргонушар, Анын буйруктарына баш ийип, тыйгандарынан тыйылышар. Бул окуя Аллахтын элчиси сахабаларынан кээ бирлерин өзү тандап, чөлгө жоортулга жиберген аскерлерде болгон.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب تقوى الله والصدق وأنهما سبب للنجاة من الهلاك.
Аллахтан коркуунун жана чынчыл болуунун милдеттиги. Булар кыйроодон кутулууга себеп болот.

• عظم فضل النفقة في سبيل الله.
Аллах жолунда садака кылуунун артыкчылыгы.

• وجوب التفقُّه في الدين مثله مثل الجهاد، وأنه لا قيام للدين إلا بهما معًا.
Динди терең үйрөнүүнүн милдеттиги – Аллах жолунда согушуунун милдеттиги сыяктуу. Ал экөөсүз эч качан динди тургузуу мүмкүн эмес.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قَٰتِلُواْ ٱلَّذِينَ يَلُونَكُم مِّنَ ٱلۡكُفَّارِ وَلۡيَجِدُواْ فِيكُمۡ غِلۡظَةٗۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ
Аллах таала ыймандууларды айланасындагы каапырлар менен согушууга буйруду. Анткени алардын ыймандууларга жакын турушканы алар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондой эле аларды коркунуч салып, жамандыктарын алдын алыш үчүн аларга күч-кубаттуулукту жана кайраттуулукту көрсөтүүлөрүн буйруду. Аллах таала Өз жардамы жана колдоосу менен такыба ыймандуулар менен бирге.
التفاسير العربية:
وَإِذَا مَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٞ فَمِنۡهُم مَّن يَقُولُ أَيُّكُمۡ زَادَتۡهُ هَٰذِهِۦٓ إِيمَٰنٗاۚ فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فَزَادَتۡهُمۡ إِيمَٰنٗا وَهُمۡ يَسۡتَبۡشِرُونَ
Эгерде Аллах Өз элчисине сүрө түшүрсө, эки жүздүүлөрдүн кээ бирлери маскара шылдың кылышып: «Мухаммадга түшкөн бул сүрөө кимиңердин ыйманыңарды көбөйтүп жиберди?» – суроо ташташат. Ал эми сүрөөнүн түшүшү Аллахка ыйман келтирип, Анын элчисине ишенгендердин ыймандарына ыйман кошот жана түшкөн вахий себептүү алар кубанычка батышат. Анткени бул нерседе алар үчүн дүйнөлүк жана акыреттик пайдалар бар.
التفاسير العربية:
وَأَمَّا ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٞ فَزَادَتۡهُمۡ رِجۡسًا إِلَىٰ رِجۡسِهِمۡ وَمَاتُواْ وَهُمۡ كَٰفِرُونَ
Ал эми өкүмдөрдү жана окуяларды камтыган Курандын түшүшү эки жүздүүлөрдүн оорусуна оору, бузукулугуна бузукулук кошот. Себеби алар түшкөн нерсени жалганга чыгарышты. Ошондуктан Курандын түшүшү көбөйгөн сайын алардын жүрөктөрүндөгү оору да көбөйөт. Анткени алар ар бир түшкөн нерсеге шектеништи жана каапырлыкта өлүштү.
التفاسير العربية:
أَوَلَا يَرَوۡنَ أَنَّهُمۡ يُفۡتَنُونَ فِي كُلِّ عَامٖ مَّرَّةً أَوۡ مَرَّتَيۡنِ ثُمَّ لَا يَتُوبُونَ وَلَا هُمۡ يَذَّكَّرُونَ
Аллах эки жүздүүлөрдүн абалын жана эки жүздүүлүктөрүн ар жылы бир же эки жолу ачыкка чыгарып аларды сынап жатканын көрүп сабак алышпайбы?! Мына ошону кылып жаткан Аллах экенин билишкенден кийин да каапырлыктарын таштап Ага тообо кылышпады, эки жүздүүлүктөрүн да ташташпады жана алардын башына түшкөн нерсе Аллах тараптан болсо да сабак алышпады.
التفاسير العربية:
وَإِذَا مَآ أُنزِلَتۡ سُورَةٞ نَّظَرَ بَعۡضُهُمۡ إِلَىٰ بَعۡضٍ هَلۡ يَرَىٰكُم مِّنۡ أَحَدٖ ثُمَّ ٱنصَرَفُواْۚ صَرَفَ ٱللَّهُ قُلُوبَهُم بِأَنَّهُمۡ قَوۡمٞ لَّا يَفۡقَهُونَ
Эгерде Аллах Өз элчисине эки жүздүүлөрдүн абалдары тууралуу айтылган сүрөө түшүрсө, эки жүздүүлөр бири-бирин карап: «Силерди эч ким көргөн жокпу?» – деп сурашат. Эгер аларды эч ким көрбөсө, анда ал жерден тарап кетишет. Аллах алардын жүрөктөрүн туура жолдон жана акыйкаттан буруп койду жана алар түшүнбөгөн коом болушкан себептүү аларды жардамсыз калтырды.
التفاسير العربية:
لَقَدۡ جَآءَكُمۡ رَسُولٞ مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ عَزِيزٌ عَلَيۡهِ مَا عَنِتُّمۡ حَرِيصٌ عَلَيۡكُم بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ رَءُوفٞ رَّحِيمٞ
Эй, арабдар! Силерге өзүңөрдөн болгон пайгамбар келди. Ал дагы силерге окшогон эле араб. Силерге машакат жараткан нерсе аны да машакатка салат. Ал туура жолго түшүшүңөрдү ушунчалык каалайт жана силерге өтө камкор. Айрыкча ыймандууларга өтө кичипейил жана мээримдүү.
التفاسير العربية:
فَإِن تَوَلَّوۡاْ فَقُلۡ حَسۡبِيَ ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَهُوَ رَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ
Оо, пайгамбар! Эгерде алар сенден жүз буруп кетишсе жана сен алып келген нерсеге ыйман келтиришпесе, анда аларга айт: «Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу зат болбогон Аллах мага жетиштүү. Жалгыз Ага гана таянам. Ал улуу Арштын Раббиси».
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• وجوب ابتداء القتال بالأقرب من الكفار إذا اتسعت رقعة الإسلام، ودعت إليه حاجة.
Эгерде Ислам дининин мейкиндиги кеңейсе жана аны кеңейтүүгө зарылдык жаралса, анда согушту эң жакын каапырлардан баштоо милдет.

• بيان حال المنافقين حين نزول القرآن عليهم وهي الترقُّب والاضطراب.
Эки жүздүүлөр тууралуу Куран түшкөн кездеги алардын абалын баяндоо. Ал күтүү жана тынчсыздануу.

• بيان رحمة النبي صلى الله عليه وسلم بالمؤمنين وحرصه عليهم.
Пайгамбардын ыймандууларга болгон мээримдүүлүгүн баяндоо.

• في الآيات دليل على أن الإيمان يزيد وينقص، وأنه ينبغي للمؤمن أن يتفقد إيمانه ويتعاهده فيجدده وينميه؛ ليكون دائمًا في صعود.
Бул аяттар ыймандын көтөрүлүүсүнө жана түшүүсүнө далил болот. Ошондуктан ыймандуу адамдын ыйманы дайым көтөрүлүп туруусу үчүн ал ага өзгөчө көңүл бөлүп, аны жаңылап жана өстүрүп туруусу зарыл.

 
ترجمة معاني سورة: التوبة
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق