ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - فهرس التراجم


ترجمة معاني سورة: القدر   آية:

سورة القدر - кадыр

من مقاصد السورة:
بيان فضل ليلة القدر.
Кадыр кечесинин артыкчылыгы айтылган.

إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةِ ٱلۡقَدۡرِ
Чындыгында Биз Куранды дүйнө асманына жалпылай түшүрдүк. Ошол сыяктуу эле аны Рамазан айында Кадыр түндө пайгамбарга түшүрүп баштадык.
التفاسير العربية:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ
Оо, пайгамбар! Бул түндө кандай жакшылыктар жана берекелер бар экенин билесиңби?
التفاسير العربية:
لَيۡلَةُ ٱلۡقَدۡرِ خَيۡرٞ مِّنۡ أَلۡفِ شَهۡرٖ
Бул түн – улуу жакшылыктар түнү. Ал – ыйман келтирип, сооп үмүт кылуу менен намаз окуп тоскон адам үчүн миң айдан артык.
التفاسير العربية:
تَنَزَّلُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ فِيهَا بِإِذۡنِ رَبِّهِم مِّن كُلِّ أَمۡرٖ
Ал түнү ырыскыга же өлүмгө же төрөлүүгө же башка ушуга окшогон Аллах тагдыр кылган нерселерге байланыштуу ошол жылга карата өкүм кылынуучу бүткүл иштер боюнча Аллахтын уруксаты менен периштелер жана Жебреил түшөт.
التفاسير العربية:
سَلَٰمٌ هِيَ حَتَّىٰ مَطۡلَعِ ٱلۡفَجۡرِ
Бул куттуу түн – таң атканга чейин баштан-аяк бүт баарысы жакшылык.
التفاسير العربية:
من فوائد الآيات في هذه الصفحة:
• فضل ليلة القدر على سائر ليالي العام.
Кадыр түндүн жылдын бардык түндөрүнөн артыкчылыгы.

• الإخلاص في العبادة من شروط قَبولها.
Ибадаттагы ыкластуулук анын кабыл болуш шарттарынын бири.

• اتفاق الشرائع في الأصول مَدعاة لقبول الرسالة.
Шарияттардын түпкү негиздеринин бири-бирине дал келүүсү – пайгамбарчылыкты кабыл алууга негиз болуп саналат.

 
ترجمة معاني سورة: القدر
فهرس السور رقم الصفحة
 
ترجمة معاني القرآن الكريم - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - فهرس التراجم

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

إغلاق