Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আঝ-ঝুখৰূফ   আয়াত:
وَلِبُيُوتِهِمۡ أَبۡوَٰبٗا وَسُرُرًا عَلَيۡهَا يَتَّكِـُٔونَ
Биз аларды акырындык менен жазалап жана сынаш үчүн алардын үйлөрүндө эшиктерди жана жөлөнүп отурган сөрүлөрдү кылдык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَزُخۡرُفٗاۚ وَإِن كُلُّ ذَٰلِكَ لَمَّا مَتَٰعُ ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَاۚ وَٱلۡأٓخِرَةُ عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُتَّقِينَ
Жана Биз аларга алтындарды кылдык. Мына ушулардын баарысы дүйнө жашоосундагы гана ырахаттар. Алар убактылуу болгону үчүн пайдасы аз. Оо, пайгамбар! Ал эми Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар үчүн Раббиңдин алдындагы акыреттеги жыргалчылыктар жакшыраак.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَن يَعۡشُ عَن ذِكۡرِ ٱلرَّحۡمَٰنِ نُقَيِّضۡ لَهُۥ شَيۡطَٰنٗا فَهُوَ لَهُۥ قَرِينٞ
Кимде-ким Куранга чын көңүлдөн назар салбай, аны жүз бурган абалга жеткирсе, анда ага жаза катары аны шайтанга башкартып коёбуз, ал анын жанынан калбай адашканын күчөтөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّهُمۡ لَيَصُدُّونَهُمۡ عَنِ ٱلسَّبِيلِ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُم مُّهۡتَدُونَ
Курандан жүз бургандардын үстүнөн башкартып коюлган жандооч шайтандар аларды Аллахтын дининен тосушат. Алар Анын буйруктарын аткарышпайт, тыйгандарын ташташпайт жана өздөрүн акыйкат жолдобуз деп ойлошот. Ошол себептен алар адашкандарына тообо кылышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
حَتَّىٰٓ إِذَا جَآءَنَا قَالَ يَٰلَيۡتَ بَيۡنِي وَبَيۡنَكَ بُعۡدَ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ فَبِئۡسَ ٱلۡقَرِينُ
Аллахты эстөөдөн жүз бурган адам кыяматта акыры Бизге келген кезде үмүттөнө: «Эй, жандоочу! Аттиң, сен экөөбүздүн ортобуздагы аралык чыгыш менен батыштай болгондо кана! Сен эң жаман жандоочусуң!» – деп айтат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَن يَنفَعَكُمُ ٱلۡيَوۡمَ إِذ ظَّلَمۡتُمۡ أَنَّكُمۡ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ
Кыямат күнү Аллах каапырларга айтат: «Силер ширк жана күнөөлөрдү кылып өзүңөргө зулумдук кылдыңар. Бүгүн силерге азапта шериктеш болгонуңар эч пайда бербейт. Ал шериктериңер силердин ордуңарга азабыңарды эч качан көтөрбөйт».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَفَأَنتَ تُسۡمِعُ ٱلصُّمَّ أَوۡ تَهۡدِي ٱلۡعُمۡيَ وَمَن كَانَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Чындыгында алар акыйкатты угаарга келгенде дүлөй, аны көрөөргө келгенде сокур. Оо, пайгамбар! Сен дүлөйгө угуза аласыңбы же сокурду тууралыкка багыттай аласыңбы же акыйкат жолдон ачык эле адашып кеткенди туура жолго сала аласыңбы?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَإِمَّا نَذۡهَبَنَّ بِكَ فَإِنَّا مِنۡهُم مُّنتَقِمُونَ
Эгерде Биз аларды азаптаганга чейин жаныңды алуу менен сени алып кетсек, анда Биз аларды дүйнөдө жана акыретте азаптап өч алабыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَوۡ نُرِيَنَّكَ ٱلَّذِي وَعَدۡنَٰهُمۡ فَإِنَّا عَلَيۡهِم مُّقۡتَدِرُونَ
Же Биз аларга убада кылган кээ бир азаптарды сага көргөзөбүз. Аларга Биздин күчүбүз жетет. Алар Бизге эч бир нерседе үстөмдүк кыла алышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱسۡتَمۡسِكۡ بِٱلَّذِيٓ أُوحِيَ إِلَيۡكَۖ إِنَّكَ عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ
Оо, пайгамбар! Раббиң сага вахий кылган нерсени бекем карма! Сен эч кандай адашуусу жок акыйкат жолдосуң.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّهُۥ لَذِكۡرٞ لَّكَ وَلِقَوۡمِكَۖ وَسَوۡفَ تُسۡـَٔلُونَ
Чындыгында бул Куран сен үчүн жана сенин коомуң үчүн кадыр-барк. Жакында кыямат күнү силер ага ыйман келтиргениңер, анын жол-жобосун ээрчигениңер жана ага даават кылганыңар тууралуу сураласыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَسۡـَٔلۡ مَنۡ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رُّسُلِنَآ أَجَعَلۡنَا مِن دُونِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ءَالِهَةٗ يُعۡبَدُونَ
Оо, пайгамбар! Биз сенден мурун жиберген пайгамбарлардан сурачы, Биз Ырайымдуудан башка сыйынуу үчүн кудайларды кылган бекенбиз?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا مُوسَىٰ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ وَمَلَإِيْهِۦ فَقَالَ إِنِّي رَسُولُ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Биз Мусаны аят-белгилерибиз менен Фараонго жана анын элиндеги башчыларга жибердик. Ал аларга: «Чындыгында мен бүткүл макулуктардын Раббисинин элчисимин» – деп айтты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلَمَّا جَآءَهُم بِـَٔايَٰتِنَآ إِذَا هُم مِّنۡهَا يَضۡحَكُونَ
Качан аларга Биздин аят-белгилерибиз келгенде алардын үстүнөн маскаралап жана шылдыңап күлүштү.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• خطر الإعراض عن القرآن.
Курандан баш тартуунун коркунучу.

• القرآن شرف لرسول الله صلى الله عليه وسلم ولأمته.
Куран – Аллахтын элчиси жана анын үммөтү үчүн кадыр-барк.

• اتفاق الرسالات كلها على نبذ الشرك.
Бардык пайгамбарчылыктар ширкти таштоого каршы бирдиктүү ойдо.

• السخرية من الحق صفة من صفات الكفر.
Акыйкатты шылдыңдоо каапырлыктын сыпаттарынан.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আঝ-ঝুখৰূফ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ