Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আঝ-ঝুখৰূফ   আয়াত:
وَإِنَّهُۥ لَعِلۡمٞ لِّلسَّاعَةِ فَلَا تَمۡتَرُنَّ بِهَا وَٱتَّبِعُونِۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ
Чындыгынды Иса улуу кыяматтын белгилеринен. Ал акыр заман келгенде түшөт. Силер кыямат кайымдын болорунан шек санабагыла. Мен силерге Аллах тараптан алып келген нерседе мени ээрчигиле. Мен силерге алып келген бул нерсе эч кандай бурмалануусу жок туура жол.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَا يَصُدَّنَّكُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُۖ إِنَّهُۥ لَكُمۡ عَدُوّٞ مُّبِينٞ
Шайтан силерди азрыгуу жана адаштыруу менен туура жолдон чыгарып жибербесиң. Чындыгында ал силерге анык душман.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَمَّا جَآءَ عِيسَىٰ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ قَالَ قَدۡ جِئۡتُكُم بِٱلۡحِكۡمَةِ وَلِأُبَيِّنَ لَكُم بَعۡضَ ٱلَّذِي تَخۡتَلِفُونَ فِيهِۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُونِ
Иса өз элине анын пайгамбар экендигин билдирген ачык-айкын далилдер менен келгенде аларга айтты: «Мен силерге Аллах тараптан даанышмандык менен жана ошондой эле силер диниңерде талашып-тартышкан кээ бир нерселерди баяндаш үчүн келдим. Эми силер Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккула жана мен силерге буйруган жана тыйган нерселерде мага моюн сунгула!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ رَبِّي وَرَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ
Чындыгында Аллах менин жана силердин Раббиңер. Биз үчүн Андан башка Рабби жок. Андыктан Ага гана чын ыкластан сыйынгыла. Бул жалгыз кудайга сыйынуу – эч кандай бурмалануусу жок туура жол.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَٱخۡتَلَفَ ٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَيۡنِهِمۡۖ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ ظَلَمُواْ مِنۡ عَذَابِ يَوۡمٍ أَلِيمٍ
Христиан жамааттар Иса тууралуу талашып-тартышты. Кээ бирлери «ал – кудай» дешсе, кээ бирлери «ал кудайдын баласы» дешти, кээ бирлери болсо «ал энеси экөөсү кудай» дешти. Исаны кудай же анын баласы же ыйык үчилтик деп сыпаттоо менен өздөрүнө зыян келтиргендерге кыяматта аларды күткөн кыйноочу азап-тозок болсун!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّا ٱلسَّاعَةَ أَن تَأۡتِيَهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Иса тууралуу талашып-тартышкан ал жамааттар кыяматтын келгенин сезбей калган абалда аларга капыстан келүүсүн күтүп жатышабы? Эгерде ал алардын каапырлык абалында келсе, анда алардын барар жайы кыйноочу азап болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلۡأَخِلَّآءُ يَوۡمَئِذِۭ بَعۡضُهُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوٌّ إِلَّا ٱلۡمُتَّقِينَ
Каапырлыкта жана адашууда дос болгондор кыямат күнү бири-бирине душман болушат. Бирок Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштаган такыбалар гана андай болушпайт. Алардын достугу түбөлүк.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰعِبَادِ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡكُمُ ٱلۡيَوۡمَ وَلَآ أَنتُمۡ تَحۡزَنُونَ
Аллах аларга айтат: «Оо, пенделерим! Бүгүн силерге мындан ары эч кандай коркунуч болбойт жана силер өткөрүп жиберген дүйнө ырахаттары үчүн кайгырбайсыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَكَانُواْ مُسۡلِمِينَ
Алар пайгамбарына түшкөн Куранга ыйман келтиришти жана Куранга ээрчип, анын буйруктарын аткарышты жана тыйгандарын ташташты.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ أَنتُمۡ وَأَزۡوَٰجُكُمۡ تُحۡبَرُونَ
Силер жана силерге окшогон ыймандуулар бейишке киргиле! Силер эч качан бүтпөгөн жана түгөнбөгөн түбөлүктүү жыргалчылыктарды көрүп кубанасыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يُطَافُ عَلَيۡهِم بِصِحَافٖ مِّن ذَهَبٖ وَأَكۡوَابٖۖ وَفِيهَا مَا تَشۡتَهِيهِ ٱلۡأَنفُسُ وَتَلَذُّ ٱلۡأَعۡيُنُۖ وَأَنتُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Аларды кызматчылары алтын идиштер жана кармоочсуз чөйчөктөр менен айланып турушат. Бейиште көңүлдөр самаган, көздөр караганда ырахаттанган нерселер бар. Силер ал жакта түбөлүк жашайсыңар, ал жактан эч качан чыкпайсыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَتِلۡكَ ٱلۡجَنَّةُ ٱلَّتِيٓ أُورِثۡتُمُوهَا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Силерге сыпатталган мына ошол бейиш – Аллах Өз жакшылыгы менен силерге кылган иш-аракеттериңер үчүн мурас кылды.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
لَكُمۡ فِيهَا فَٰكِهَةٞ كَثِيرَةٞ مِّنۡهَا تَأۡكُلُونَ
Ал жакта силер жешиңер үчүн түгөнбөгөн мөмө-жемиштер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• نزول عيسى من علامات الساعة الكبرى.
Иса пайгамбардын түшүүсү – кыяматтын чоң белгилеринен.

• انقطاع خُلَّة الفساق يوم القيامة، ودوام خُلَّة المتقين.
Кыяматта бузукулардын достугунун бүтүүсү жана такыбалардын достугунун түбөлүк улануусу.

• بشارة الله للمؤمنين وتطمينه لهم عما خلفوا وراءهم من الدنيا وعما يستقبلونه في الآخرة.
Аллах ыймандуулар дүйнөдө артта калтырган жана акыретте жете турган нерселерди айтып сүйүнчүлөөсү жана алардын көңүлүн сооротуусу.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আঝ-ঝুখৰূফ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ