Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আত-তুৰ   আয়াত:
أَمۡ تَأۡمُرُهُمۡ أَحۡلَٰمُهُم بِهَٰذَآۚ أَمۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ
Тескерисинче, акылдары аларга: «Ал көзү ачык жана жинди» – деп буйрук кылабы? Ошентип алар бир адамда болбогон нерсени бириктиришет. Алар чектен чыккан коом. Андыктан алар шариятка да, акылга да кайтышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ يَقُولُونَ تَقَوَّلَهُۥۚ بَل لَّا يُؤۡمِنُونَ
Же алар: «Мухаммад бул Куранды ойлоп тапкан, ал ага вахий кылынган эмес» – деп айтышабы? Жок! Алар ага ыйман келтиришпестен: «Ал аны ойлоп тапкан» – деп айтышат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَلۡيَأۡتُواْ بِحَدِيثٖ مِّثۡلِهِۦٓ إِن كَانُواْ صَٰدِقِينَ
Эгер алар ойлоп тапты деген сөздөрүндө чынчыл болушса, анда ушундай сөздү өздөрү ойлоп таап болсо да алып келишсинчи?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ خُلِقُواْ مِنۡ غَيۡرِ شَيۡءٍ أَمۡ هُمُ ٱلۡخَٰلِقُونَ
Же алар Жаратуучусу жок эле жаралып калышканбы? Же өздөрүн өздөрү жаратканбы? Жаратуучусуз эч бир макулук болушу мүмкүн эмес жана эч бир макулук жарата да албайт. Эми эмнеге алар Жаратуучусуна сыйынбай жатышат?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ خَلَقُواْ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۚ بَل لَّا يُوقِنُونَ
Же алар асмандар менен жерди жаратты беле? Жок! Алар Аллах Жаратуучусу экенине ишенишпейт. Эгер алар муну анык билишкенде, Аны жалгыздашмак жана Анын элчисине ыйман келтиришмек.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ عِندَهُمۡ خَزَآئِنُ رَبِّكَ أَمۡ هُمُ ٱلۡمُصَۜيۡطِرُونَ
Же алар өздөрү каалаганга ырыскы берип, өздөрү каалаганга пайгамбарчылыкты берип же тыйып койгудай Раббиңдин казынасы алардын колундабы? Же алар өздөрүнүн каалоолоруна жараша иш кылып, бийлик жүргүзгөрдөрбү?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ لَهُمۡ سُلَّمٞ يَسۡتَمِعُونَ فِيهِۖ فَلۡيَأۡتِ مُسۡتَمِعُهُم بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٍ
Же алар акыйкат жолдо деген Аллахтын вахийин уккудай асманга карай көтөрүлгөн тепкечи барбы? Алардын кимиси ал вахийди уккан болсо, анда алардын акыйкат жолдобуз деп айткан сөздөрүн тастыктаган ачык-айкын далил алып келсин.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ لَهُ ٱلۡبَنَٰتُ وَلَكُمُ ٱلۡبَنُونَ
Же силер жаман көргөн кыз балдар Аллахка, ал эми силер жакшы көргөн уул балдар силерге таандыкпы?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ تَسۡـَٔلُهُمۡ أَجۡرٗا فَهُم مِّن مَّغۡرَمٖ مُّثۡقَلُونَ
Оо, пайгамбар! Же сен Раббиң тараптан жеткирген нерсең үчүн алардан сыйлык акы сурап жатасыңбы? Ушундан улам алар чамасы жетпеген жүктү көтөрүшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ عِندَهُمُ ٱلۡغَيۡبُ فَهُمۡ يَكۡتُبُونَ
Же аларда кайып илими бар бекен, алар кайыптан билген нерселерди адамдарга жазып берип, алардын ичинен өздөрү каалагандарын гана кабарлайбы?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ يُرِيدُونَ كَيۡدٗاۖ فَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ هُمُ ٱلۡمَكِيدُونَ
Же ал жалганчылар сага жана диниңе каршы айла-амал кылып жатышабы? Сен эмес, Аллахка жана Анын элчисине каапырлык кылгандар айласы куругандар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
أَمۡ لَهُمۡ إِلَٰهٌ غَيۡرُ ٱللَّهِۚ سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يُشۡرِكُونَ
Же алардын Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудайы барбы? Аллах алардын кошкон шериктеринен аруу жана ыйык. Жогоруда келгендердин бири да болгон эмес жана аны элестетүү да мүмкүн эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِن يَرَوۡاْ كِسۡفٗا مِّنَ ٱلسَّمَآءِ سَاقِطٗا يَقُولُواْ سَحَابٞ مَّرۡكُومٞ
Эгер алар асман бөлүктөрү кулап келе жатканын көрүшсө: «Бул кадимки эле кармарлуу булуттар» – деп айтышат. Алар сабак алышпайт жана ыйман да келтиришпейт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَذَرۡهُمۡ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي فِيهِ يُصۡعَقُونَ
Оо, пайгамбар! Аларды азаптала турган кыямат күнгө чейин баш ийбестик кылып, каршы чыккан абалдарында тим кой.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ لَا يُغۡنِي عَنۡهُمۡ كَيۡدُهُمۡ شَيۡـٔٗا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ
Ал күнү аз болобу же көп болобу, алардын айла-амалдары пайда келтирбейт жана аларды азаптан куткаруу аркылуу жардам да көрсөтүлбөйт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ عَذَابٗا دُونَ ذَٰلِكَ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Ал эми өздөрүнө ширк жана күнөөлөрдү кылып зыян келтиргендерге акырет азабынан мурун бул дүйнөдө өлтүрүү жана туткунга алуу сыяктуу азаптар бар жана барзахта кабыр азабы бар. Бирок алардын көпчүлүгү муну билишпейт. Ошол себептен каапырлыктан кайтышпайт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱصۡبِرۡ لِحُكۡمِ رَبِّكَ فَإِنَّكَ بِأَعۡيُنِنَاۖ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّكَ حِينَ تَقُومُ
Оо, пайгамбар! Раббиңдин чечимине жана шарият өкүмүнө сабыр кыл! Чындыгында сен Биздин көз алдыбыздасың жана коргообуздасың. Уйкудан турганда Раббиңе мактоолорду айтып аруула.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمِنَ ٱلَّيۡلِ فَسَبِّحۡهُ وَإِدۡبَٰرَ ٱلنُّجُومِ
Түн ичинде Раббиңди аруула, Ал үчүн намаз оку жана күндүн жарыгы менен жылдыздар өчүп бараткан мезгилде багымдат намазын оку.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الطغيان سبب من أسباب الضلال.
Зулумдук кылуу – адашуунун себептеринен.

• أهمية الجدال العقلي في إثبات حقائق الدين.
Дин акыйкатын далилдөөдө акылдын негизинде талкуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгү.

• ثبوت عذاب البَرْزَخ.
Кабыр азабы анык экенин тастыктоо.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আত-তুৰ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ