Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আত-তুৰ   আয়াত:

Ат-Тур

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
الحجج والبراهين لرد شبهات المكذبين للنبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) жалганга чыгаруучулардын күмөндөрүн четке каккан далил, дайындар (айтылган).

وَٱلطُّورِ
Аллах Муса алайхи саламга сүйлөгөндө Муса турган тоого ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكِتَٰبٖ مَّسۡطُورٖ
Жазылган китепке ант берди
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِي رَقّٖ مَّنشُورٖ
Түшкөн китептер сыяктуу ачык, ачылган баракка
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلۡبَيۡتِ ٱلۡمَعۡمُورِ
Периштелер Аллахка ибадат кылып абад кылган асмандагы үйгө ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلسَّقۡفِ ٱلۡمَرۡفُوعِ
Жердин шыбы болгон көтөрүлгөн асманга ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلۡبَحۡرِ ٱلۡمَسۡجُورِ
Толуп-ташкан деңизге ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ عَذَابَ رَبِّكَ لَوَٰقِعٞ
Оо, элчи! Раббыңдын азабы каапырларга сөзсүз болот. Анда шек жок.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
مَّا لَهُۥ مِن دَافِعٖ
Ал азапты алардан эч бир кайтаруучу-тосуучу жок.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ تَمُورُ ٱلسَّمَآءُ مَوۡرٗا
Кыяматтын болоорун кабарлап асман катуу титиреген күндө.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَتَسِيرُ ٱلۡجِبَالُ سَيۡرٗا
жана тоолор ордуларынан жылып учканда
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَوَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күнү Аллахтын каапырларга убада кылган азабын жалганга чыгаргандарга өлүм, зыянга учуроо болсун!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي خَوۡضٖ يَلۡعَبُونَ
Алар кайра тирилүүнү да чогултулууну да эске албай (көңүл бурбай), жалган нерселерге чумкуп кирип, ойношот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَوۡمَ يُدَعُّونَ إِلَىٰ نَارِ جَهَنَّمَ دَعًّا
Ал күнү алар тозок отуна өтө катуу, оройлук түртүлүп киргизилет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هَٰذِهِ ٱلنَّارُ ٱلَّتِي كُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ
Аларды жемелеп айтылат: элчилериңер силерди коркутуп (эскерткенде) жалганга чыгарган тозок - ушул!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الكفر ملة واحدة وإن اختلفت وسائله وتنوع أهله ومكانه وزمانه.
Каапырлыктын себептери, эли, орду жана убактысы башка-башка болгонуна карабай, ал бир эле нерсе.

• شهادة الله لرسوله صلى الله عليه وسلم بتبليغ الرسالة.
Аллахтын, элчисинин динди жеткиргендигине күбөлүккө өтүүсү.

• الحكمة من خلق الجن والإنس تحقيق عبادة الله بكل مظاهرها.
Жин жана инсанды жаратуунун хикматы (максаты, себеби) Аллахка сыйынууну ишке ашыруу.

• سوف تتغير أحوال الكون يوم القيامة.
Кыямат күнү бул ааламдын абалы өзгөрөт.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আত-তুৰ
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ