Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আৰ-ৰহমান   আয়াত:
مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ
Аллах туздуу жана тузсуз эки деңизди аралаштырды, алар көзгө көрүнгөн абалда жолугушат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٞ لَّا يَبۡغِيَانِ
Алардын туздуусу туздуу бойдон, тузсузу тузсуз бойдон калуулары үчүн ал экөөнүн ортосунда бири-бирине өтүп кетүүгө тоскоол болгон тосмо бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ
Ал эки деңизден тең чоң жана кичине берметтер чыгат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ
Деңизде сүзгөн тоодой кемелерди башкаруу да жалгыз Аллах таалага таандык.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٖ
Жер бетиндеги бүткүл макулуктар сөзсүз жок болот.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ
Оо, пайгамбар! Улуулук, жакшылык жана пенделерине карата айкөлдүк Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк калат. Ал эч качан жок болбойт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٖ
Асмандагы периштелердин жана жердеги жиндер менен адамдардын баарысы муктаждыктарын Андан сурашат. Ал күн сайын тирилтүү, өлтүрүү, ырыскы берүү жана башка ушул сыяктуу пенделеринин иштери менен алек.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ
Оо, адамдар жана жиндер! Биз силерди суракка алуу үчүн бошойбуз жана ар бирине татыктуу болгон сыйлыкты же жазаны беребиз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٖ
Аллах кыямат күнү жиндер менен адамзатты чогултканда айтат: «Эй, жиндер жана адамзат жамааты! Эгерде силер асмандар менен жердин бир тарабынан чыгуунун жолун тапсаңар, анда ошондой кылгыла. Бирок силер муну күчсүз жана далилсиз эч качан кыла албайсыңар. Силер муну кантип кылмак элеңер?».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٞ مِّن نَّارٖ وَنُحَاسٞ فَلَا تَنتَصِرَانِ
Эй, жиндер жана адамдар! Ал силерге түтүнсүз оттун жалынын жана жалынсыз түтүндү жиберет. Силер андан коргоно албай каласыңар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةٗ كَٱلدِّهَانِ
Периштелер түшүүсү үчүн асман жарылганда, ал ачык түстөгү май сыяктуу кызыл болуп калат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَيَوۡمَئِذٖ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٞ وَلَا جَآنّٞ
Ошол улуу күнү адамдардан да, жиндерден да күнөөлөрү тууралуу суралбайт. Анткени Аллах алардын иш-аракеттерин билет.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ
Кыяматта күнөөкөрлөр жүздөрү карайган жана көздөрү көк болгон белгилери менен таанылып турат. Алар маңдай көкүлүнөн таманына чейин бүктөлүп, тозокко ыргытылат.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• الجمع بين البحر المالح والعَذْب دون أن يختلطا من مظاهر قدرة الله تعالى.
Туздуу деңиз менен тузсуз деңиздин бири-бири менен аралашпастан биригүүсү – Аллахтын кудуреттүүлүгүнүн көрүнүштөрүнөн.

• ثبوت الفناء لجميع الخلائق، وبيان أن البقاء لله وحده حضٌّ للعباد على التعلق بالباقي - سبحانه - دون من سواه.
Бүткүл макулуктардын жок болушун тастыктоо жана түбөлүктүүлүк Аллахка гана таандык экенин баяндоо аркылуу пенделерди түбөлүк калуучу Аллахтын Өзүнө гана байланууга үндөө.

• إثبات صفة الوجه لله على ما يليق به سبحانه دون تشبيه أو تمثيل.
Аллах таала жүз сыпатына ээ экендигин эч нерсеге окшоштурбастан жана мисал келтирбестен, Ага гана ылайык келген деңгээлде тастыктоо.

• تنويع عذاب الكافر.
Каапырга түрдүү азаптардын берилүүсү.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আৰ-ৰহমান
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ