Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আৰ-ৰহমান   আয়াত:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي يُكَذِّبُ بِهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ
Аларга жемелөө катары айтылат: «Каапырлар дүйнөдө жалганга чыгарышкан мына бул тозок – алардын көз алдында турат, алар аны четке кага алышпайт».
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
يَطُوفُونَ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَ حَمِيمٍ ءَانٖ
Алар аны менен катуу кайнаган суунун ортосунда ары-бери жүрүшөт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَلِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ جَنَّتَانِ
Акыретте Раббисинин алдында туруудан корккон, ыйман келтирген жана жакшылык иштерди кылгандар үчүн эки бакча даярдалган.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
ذَوَاتَآ أَفۡنَانٖ
Бул эки бакчанын жапжашыл жана мөмөлүү чоң бутакчалары бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِيهِمَا عَيۡنَانِ تَجۡرِيَانِ
Ал эки бакчада агып турган эки булак бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِيهِمَا مِن كُلِّ فَٰكِهَةٖ زَوۡجَانِ
Ал экөөндө жей турган бардык мөмө-жемиштердин эки түрү бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ فُرُشِۭ بَطَآئِنُهَا مِنۡ إِسۡتَبۡرَقٖۚ وَجَنَى ٱلۡجَنَّتَيۡنِ دَانٖ
Алар ички бети майда жибектен болгон төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Ал эми эки бакчанын бышкан мөмө-жемиштерин үзүп алуу турган, олтурган жана жамбаштап жаткан адам үчүн жакын.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِيهِنَّ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٞ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنّٞ
Ал жакта күйөөлөрүн гана караган аялдар бар. Алардын кыздык абийирине күйөөлөрүнөн мурда адам да, жин да тийген эмес.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
كَأَنَّهُنَّ ٱلۡيَاقُوتُ وَٱلۡمَرۡجَانُ
Алар сулуулук жана тунуктук жактан жакут менен маржан сыяктуу.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
هَلۡ جَزَآءُ ٱلۡإِحۡسَٰنِ إِلَّا ٱلۡإِحۡسَٰنُ
Раббисине моюн сунуп жакшылык кылган адамдын сыйлыгы – Аллахтын ага кылган эң жакшы сыйлыгы менен гана болот эмеспи?
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, адамзат жана жиндер жамааты! Аллахтын силерге берген көптөгөн жакшылыктарынын кайсы бирин жалган дей аласыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمِن دُونِهِمَا جَنَّتَانِ
Бул айтылган эки бакчанын алдында башка дагы эки бакча бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
مُدۡهَآمَّتَانِ
Ал экөө тең кочкул жашыл түстө.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِيهِمَا عَيۡنَانِ نَضَّاخَتَانِ
Бул эки бакчада суусу атылып чыккан эки булак бар. Алардын суусунун буркулдаганы токтобойт.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فِيهِمَا فَٰكِهَةٞ وَنَخۡلٞ وَرُمَّانٞ
Бул эки бакчада көптөгөн жемиштер, чоң курмалар жана анарлар бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ
Оо, жиндердин жана адамдардын тобу, Аллахтын көп нээматтарынан кайсы бирин жалганга чыгарасыңар?!
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أهمية الخوف من الله واستحضار رهبة الوقوف بين يديه.
Аллахтан коркуунун маанилүүлүгү жана Анын алдында туруунун коркунучун элестетүү.

• مدح نساء الجنة بالعفاف دلالة على فضيلة هذه الصفة في المرأة.
Бейиш аялдарынын абийирдүүлүгүн мактоо – бул сыпаттын аялзатында болуусунун артыкчылыгын билдирет.

• الجزاء من جنس العمل.
Жаза-сыйлык иштин түрүнө жараша болот.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আৰ-ৰহমান
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ