Check out the new design

আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ * - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ


অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-লাইল   আয়াত:

Лайл

ছুৰাৰ উদ্দেশ্য:
بيان أحوال الخلق في الإيمان والإنفاق وحال كل فريق.
Калайыктын ыймандагы жана мунафыктыктагы абалы жана ар биринин абалы баяндалган.

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ
Аллах асман менен жердин ортосун караңгылыгы менен каптаган түн менен ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ
Жана ачылган күндүз менен ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ
Ал эки түрдө жараткан эркек жана аял менен ант берди.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ
Оо, адамдар! Чындыгында силердин иш-аракеттериңер ар башка, алардын арасында бейишке кирүүгө себеп болгон жакшылык иштер бар жана тозокко кирүүгө себеп болгон жамандык иштер бар.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ
Кимде-ким зекет берүү, каржылоо жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон талаптар сыяктуу сарптоого милдеттүү болгон нерсени берсе, Аллах тыйган нерседен корксо,
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ
жана Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсеге ишенсе,
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ
анда Биз ага жакшылык иштерди кылууну жана Аллах жолуна сарп кылууну жеңил кылабыз.
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ
Ал эми ким мал-мүлкүнө сараңдык кылып, сарптоого милдеттүү болгон нерсени бербесе, байлыгы себептүү Аллахка муктаж эмесмин деп, Анын жакшылыктарынан эч нерсе сурабаса,
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ
Аллах ага убада кылган артында калуучу нерсени жана Анын жолуна сарптаган мал-мүлкүнүн сообун жалган десе,
আৰবী তাফছীৰসমূহ:
এই পৃষ্ঠাৰ আয়াতসমূহৰ পৰা সংগৃহীত কিছুমান উপকাৰী তথ্য:
• أهمية تزكية النفس وتطهيرها.
Жан дүйнөнү тазартуунун маанилүүлүгү.

• المتعاونون على المعصية شركاء في الإثم.
Күнөө иштерде бири-бирине жардам бергендер күнөөдө шерик болушат.

• الذنوب سبب للعقوبات الدنيوية.
Күнөөлөр дүйнөдөгү жазаларга себеп болот.

• كلٌّ ميسر لما خلق له فمنهم مطيع ومنهم عاصٍ.
Ар бир адам кайсы нерсе үчүн жаратылса, ал үчүн ошону кылуу жеңил болот, алардын арасында баш ийүүчүлөр бар жана күнөөкөрлөр да бар.

 
অৰ্থানুবাদ ছুৰা: আল-লাইল
ছুৰাৰ তালিকা পৃষ্ঠা নং
 
আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - আল-মুখতাচাৰ ফী তাফছীৰিল কোৰআনিল কাৰীমৰ কিৰগিজ অনুবাদ - অনুবাদসমূহৰ সূচীপত্ৰ

তাফছীৰ চেণ্টাৰ ফৰ কোৰানিক ষ্টাডিজৰ ফালৰ পৰা প্ৰচাৰিত।

বন্ধ