Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Tərcumənin mündəricatı


Mənaların tərcüməsi Surə: Məryəm   Ayə:

Мариям

Surənin məqsədlərindən:
إبطال عقيدة نسبة الولد لله من المشركين والنصارى، وبيان سعة رحمة الله بعباده.
Мушриктердин жана христиандардын Аллахка бала таандык кылган ишениминин батыл-жараксыздыгы жана Аллах Тааланын пенделерине ырайымы кенендиги (айтылган).

كٓهيعٓصٓ
Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген.
Ərəbcə təfsirlər:
ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ
Бул Раббиңдин пендеси Закарияга болгон ырайымдуулугун эскерүү. Андан сабак алуу үчүн аны сага баяндайбыз.
Ərəbcə təfsirlər:
إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيّٗا
Дуба тез кабыл болуусу үчүн Раббисине жашыруун дуба кылганын эсте.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبٗا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيّٗا
Ал мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Менин сөөктөрүм алсырап, чачымды ак басты. Мен Сага кылган дубамда бактысыз болбодум. Тескерисинче, менин ар бир кылган дубамды кабыл кылдың.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا
Туугандарым дүнүйө менен алек болушкандыктан алар мен өлгөндөн кийин диндин милдеттерин аткарбай коюуларынан коркомун, менин аялым төрөбөйт жана тукумсуз. Андыктан мага жардамчы боло турган Өзүң тараптан перзент бере көр.
Ərəbcə təfsirlər:
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنۡ ءَالِ يَعۡقُوبَۖ وَٱجۡعَلۡهُ رَبِّ رَضِيّٗا
Ал менден жана Якубдун үй-бүлөсүнөн пайгамбарлыкты мурас кылсын. Оо, Раббим! Аны дининде, кулк-мүнөзүндө жана илиминде башкалар андан ыраазы болгон адам кыла көр.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسۡمُهُۥ يَحۡيَىٰ لَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ مِن قَبۡلُ سَمِيّٗا
Аллах анын дубасын кабыл кылды жана аны мындай деп чакырды: “Эй, Закария! Биз сени кубанткан нерсени сага кабарлайбыз, дубаңды кабыл кылдык жана сага Яхья аттуу баланы бердик, бул ысымды буга чейин андан башка эч кимге ыйгарган эмеспиз.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا وَقَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ ٱلۡكِبَرِ عِتِيّٗا
Закария Аллахтын кудуретине таң калып мындай деди: «Аялым төрөбөйт жана тукумсуз, мен ал-күч кетип, картайып калдым, анан кантип балалуу болмок элем?!».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞ وَقَدۡ خَلَقۡتُكَ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ تَكُ شَيۡـٔٗا
Периште мындай деп жооп берди: “Абал, сен айткандай аялың төрөбөйт, сен да картайып өмүрүңдүн аягына жетип, алдан-күчтөн тайдың. Бирок Раббиң мындай деп айтты: “Яхьяны төрөбөс энеден жана өмүрүнүн аягына жетип калган атадан Раббиңдин жаратуусу жеңил. Оо, Закария! Мен сени бул нерселерден алдын жараттым. Анда сен эскериле тургандай эч нерсе эмес элең. Анткени сен анда жок болчусуң”.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٖ سَوِيّٗا
Закария (Аллахтын саламы болсун) мындай деп айтты: “Оо, Раббим! Периштелер мага сүйүнчүлөгөн нерсенин ишке ашуусун далилдеп, көңүлүмдү тынчтанткан мага бир белги бер” – деди. Аллах: «Сен сүйүнчүлөнгөн нерсенин ишке ашуусунун белгиси — сен эч себепсиз эле, ден соолугуң чың туруп эле, үч күн тилден каласың» – деди.
Ərəbcə təfsirlər:
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنَ ٱلۡمِحۡرَابِ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ أَن سَبِّحُواْ بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا
Ошентип Закария ибадатканадан элине чыгып, аларга: “Эртели-кеч Аллахты аруулагыла” – деп сөзү жок ишарат кылды.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• الضعف والعجز من أحب وسائل التوسل إلى الله؛ لأنه يدل على التَّبَرُّؤِ من الحول والقوة، وتعلق القلب بحول الله وقوته.
Алсыздык жана колдон келбегендик – бул Аллахка кайрылууда ортомчу кылына турган себептердин эң сүйүктүүлөрүнөн. Анткени бул абалда өзүнүн алсыз пенде экендигин моюндап, күч-кубаттуулукту Аллахка гана ыйгарып, Ага гана жүрөктүн байлануусуна алып барат.

• يستحب للمرء أن يذكر في دعائه نعم الله تعالى عليه، وما يليق بالخضوع.
Адам дуба кылуусунда Аллахтын ага берген жакшылыктарын жана Аллахка баш ийүүсүнө ылайык келген сөздөрдү айтуусу жакшыраак.

• الحرص على مصلحة الدين وتقديمها على بقية المصالح.
Диндин кызыкчылыгын аткарууга жана диндин кызыкчылыгын башка кызыкчылыктардын алдына коюуга умтулуу.

• تستحب الأسماء ذات المعاني الطيبة.
Жакшы маанини билдирген ысымдарды коюу жакшы көрүлгөн иштерден болуп саналат.

يَٰيَحۡيَىٰ خُذِ ٱلۡكِتَٰبَ بِقُوَّةٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡحُكۡمَ صَبِيّٗا
Ошентип, анын баласы Яхья төрөлдү. Ал балагатка жеткенде ага: “Оо, Яхья! Тооратты олуттуулук менен бекем кармангын” – деп айттык. Ал жаш кезинде эле Биз ага түшүнүк, илим, олуттуулук жана чечкиндүүлүк бергенбиз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَحَنَانٗا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةٗۖ وَكَانَ تَقِيّٗا
Аны Бизден болгон ырайымга бөлөдүк жана аны күнөөлөрдөн тазаладык. Ал Аллахтын буйруктарын аткарган жана тыюуларынан тыйылган такыба эле.
Ərəbcə təfsirlər:
وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَيۡهِ وَلَمۡ يَكُن جَبَّارًا عَصِيّٗا
Ал ата-энесин ыраазы кылып, аларга аяр мамиле жасаган, ар дайым жакшылык кылган, Аллахка жана аларга баш ийбей текеберленип, Раббисине же ата-энесине эч убакта күнөөкөр болгон эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
وَسَلَٰمٌ عَلَيۡهِ يَوۡمَ وُلِدَ وَيَوۡمَ يَمُوتُ وَيَوۡمَ يُبۡعَثُ حَيّٗا
Ал төрөлгөн жана өлгөн күнү, бул жашоодон чыккан күнү жана Кыямат күнү кайра тириле турган күнү ага Аллахтын саламы жана тынчтыгы болсун. Бул үч баскыч адам өтө турган эң кооптуу баскычтар. Эгерде ал бул жайларда коопсуз болсо, анда ага башка жайларда коркунуч болбойт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَرۡيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتۡ مِنۡ أَهۡلِهَا مَكَانٗا شَرۡقِيّٗا
Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Мариямдын кабарын эстегин. Ал үйүнөн алыстап чыгыш тараптагы бир жерде адамдардан бөлүнүп жалгыз болгон.
Ərəbcə təfsirlər:
فَٱتَّخَذَتۡ مِن دُونِهِمۡ حِجَابٗا فَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرٗا سَوِيّٗا
Ал Раббисине ибадат кылып жаткан абалында элге көрүнбөш үчүн, өзүнчө бөлүнүп өзү үчүн тосмо жасап алган. Ошондо Биз ага Жебирейилди жибердик. Ал кадимки эле жаратылган адамдын кейпинде келди. Анын ниети жаман окшойт деп коркуп кетти.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَتۡ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيّٗا
Көркөм келбетте жаратылган адамдын сүрөтүндө ага карай бет алып келе жатканын көрүп Мариям: “Эй, киши! Мен сенден жамандык жетүүсүнөн Чексиз Мээримдүү Аллахтын коргоосун сураймын, эгер сен Аллахтан корккон такыба болсоң, анда сен Аллахтан коркуп жаман ишке барбайсың” – деп айтты.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمٗا زَكِيّٗا
Жебирейил периште: “Мен адам эмесмин. Мен болгону сага жакшы жана табияты таза, берекелүү наристе белек кылуу үчүн Раббиңдин сага жиберген элчисимин”.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَتۡ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞ وَلَمۡ أَكُ بَغِيّٗا
Мариям таң калып: “Мага эркек да башка да жакындабаса жана менин боюмда бүткүдөй зынакор аял болбосом, анан кантип мен балалуу болмок элем” – дейт.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞۖ وَلِنَجۡعَلَهُۥٓ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِ وَرَحۡمَةٗ مِّنَّاۚ وَكَانَ أَمۡرٗا مَّقۡضِيّٗا
Жебирейил ага мындай деп айтты: “Туура, сен айткандай күйөө да жана башкасы да сага жолобогону анык, сен зынакор да эмессиң. Бирок сенин Раббиң мындай деп айтты: “Баланы атасыз жаратуу Мага жеңил. Андыктан сага берилген перзент Аллахтын кудуретине адамдар үчүн белги болуп калат жана Бизден сага жана ага ыйман келтиргендерге ырайым болот. Сенин бул балаңды жаратуу Сакталган Тагдыр китебинде жазылган Аллахтын буйруган тагдыры болду.
Ərəbcə təfsirlər:
۞ فَحَمَلَتۡهُ فَٱنتَبَذَتۡ بِهِۦ مَكَانٗا قَصِيّٗا
Периште үйлөгөндөн кийин боюнда болуп, адамдардан алыс болгон жерге кетти.
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَجَآءَهَا ٱلۡمَخَاضُ إِلَىٰ جِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ قَالَتۡ يَٰلَيۡتَنِي مِتُّ قَبۡلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسۡيٗا مَّنسِيّٗا
Анан анын толгоосу кыйнап, аны курма дарагынын өзөгүнө алып келди. Мариям (ага Аллахтын саламы болсун) ага: «Аттиң, бул күнгө чейин өлүп калсам кана! Мен тууралуу жаман ой болбостугу үчүн, эч бир эскерилбегендерден болсом кана!» – деди.
Ərəbcə təfsirlər:
فَنَادَىٰهَا مِن تَحۡتِهَآ أَلَّا تَحۡزَنِي قَدۡ جَعَلَ رَبُّكِ تَحۡتَكِ سَرِيّٗا
Бутунун астынан Иса Мариямга мындай деп кайрылды: “Кайгырба, Раббиң сенин астыңда иче турган суу арык кылды.
Ərəbcə təfsirlər:
وَهُزِّيٓ إِلَيۡكِ بِجِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ تُسَٰقِطۡ عَلَيۡكِ رُطَبٗا جَنِيّٗا
Курманын өзөгүн кармап туруп кыймылдатсаң, сага жаңы бышкан курмалар түшөт. Ошол замат курмалар күбүлүп түштү.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• الصبر على القيام بالتكاليف الشرعية مطلوب.
Шарият буйруктарын аткарууга сабыр кылуу милдеттүү нерсе.

• علو منزلة بر الوالدين ومكانتها عند الله، فالله قرنه بشكره.
Аллахтын алдында ата-энеге жакшылык кылуунун даражасы жана орду бийик. Анткени аны Аллах Өзүнө шүгүр кылуу сөзү менен бирге эскерди.

• مع كمال قدرة الله في آياته الباهرة التي أظهرها لمريم، إلا أنه جعلها تعمل بالأسباب ليصلها ثمرة النخلة.
Мариямга көрсөткөн таң калтырган Аллахтын керемет-белгилериндеги Аллахтын улуу кудурети. Бирок Аллах курманын мөмөсүнө жетүү үчүн Мариямга себептерин аткартты.

فَكُلِي وَٱشۡرَبِي وَقَرِّي عَيۡنٗاۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ ٱلۡبَشَرِ أَحَدٗا فَقُولِيٓ إِنِّي نَذَرۡتُ لِلرَّحۡمَٰنِ صَوۡمٗا فَلَنۡ أُكَلِّمَ ٱلۡيَوۡمَ إِنسِيّٗا
Жаңы бышкан курмадан же, суудан ич, балаң менен кубанычка батып, эч капаланба! Эгер адамдарга жолугуп калып, алар сенден бала тууралуу сурашса, аларга: «Раббим үчүн эч бир сөз сүйлөбөйм деп өзүмө-өзүм сөз бердим. Андыктан бүгүн эч кимге сүйлөбөймүн»,– деп жооп бер.
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَتَتۡ بِهِۦ قَوۡمَهَا تَحۡمِلُهُۥۖ قَالُواْ يَٰمَرۡيَمُ لَقَدۡ جِئۡتِ شَيۡـٔٗا فَرِيّٗا
Мариям баласын көтөрүп алып элине келди. Эли аны жактырбай: «Оо, Мариям! Кайдагы бир атасы жок баланы алып келгениң өтө жийиркенерлик уят иш!» – дешти.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأُخۡتَ هَٰرُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ ٱمۡرَأَ سَوۡءٖ وَمَا كَانَتۡ أُمُّكِ بَغِيّٗا
Оо, Харунга окшоп ибадат кылган карындашы! (Харун такыба адам болгон.) Сенин атаң да апаң да зынакор эмес болчу. Сен такыбалыгы менен белгилүү үй-бүлөдөнсүң. Анан кантип атасы жок баланы алып келдиң?!
Ərəbcə təfsirlər:
فَأَشَارَتۡ إِلَيۡهِۖ قَالُواْ كَيۡفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِي ٱلۡمَهۡدِ صَبِيّٗا
Ал бешикте жаткан баласы Исаны жаңсап көрсөттү. Ошондо эл таң кала: «Бешикте жаткан бала менен кантип сүйлөшмөк элек?!» – деди.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ إِنِّي عَبۡدُ ٱللَّهِ ءَاتَىٰنِيَ ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلَنِي نَبِيّٗا
Иса (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун): «Чындыгында мен Аллахтын кулумун. Ал мага Инжилди берип, мени пайгамбар кылды.
Ərəbcə təfsirlər:
وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيۡنَ مَا كُنتُ وَأَوۡصَٰنِي بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمۡتُ حَيّٗا
Кайда барбайын мени адамдарга пайдалуу, берекелүү кылды. Ал мага өмүр өткүчө намаз окууну жана зекет берүүнү буйруду.
Ərəbcə təfsirlər:
وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَتِي وَلَمۡ يَجۡعَلۡنِي جَبَّارٗا شَقِيّٗا
Ошондой эле энеме жакшы мамиле кылууну буйруду жана Ал мени ибадатта текеберленген, күнөөкөр болгондордон кылбады.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱلسَّلَٰمُ عَلَيَّ يَوۡمَ وُلِدتُّ وَيَوۡمَ أَمُوتُ وَيَوۡمَ أُبۡعَثُ حَيّٗا
Мен туулган, өлгөн жана кыяматта кайра тирилген күндөрдө мага шайтан менен анын жан-жөкөрлөрүнөн коргоо болсун! Жалгыздыкта калган мына ушул үч жайда шайтан мага эч зыян келтирген жок».
Ərəbcə təfsirlər:
ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَۖ قَوۡلَ ٱلۡحَقِّ ٱلَّذِي فِيهِ يَمۡتَرُونَ
Мына ушул сыпаттар таандык болгон адам – Иса пайгамбар. Бул айтылган сөз дагы Акыйкат Аллахтын сөзү. Иса тууралуу шектенип талашып тартышып адашкандардын айткан сөзү эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٖۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
Балалуу болуш Аллахка ылайык эмес! Ал мындан таза жана аруу! Эгер Ал бир нерсени кааласа, анда ага «бол!» деп айтып койгону эле жетиштүү, ал нерсе ошол замат сөзсүз ишке ашат. Ким ушундай болсо, анда ал балалуу болуштан аруу.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِنَّ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ
Чындыгында Аллах – менин Раббим жана баарыңардын Раббиңер! Ага гана чын ыкластан ибадат кылгыла! Мен силерге айткан нерсе – мына ушул Аллахтын ыраазылыгына жеткирген туура жол.
Ərəbcə təfsirlər:
فَٱخۡتَلَفَ ٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَيۡنِهِمۡۖ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن مَّشۡهَدِ يَوۡمٍ عَظِيمٍ
Кийин алар Иса тууралуу талашып тартышып отуруп, эл ичинде топторго бөлүнүп кетишти. Кээ бирлери ага ыйман келтирип, “ал пайгамбар” дешти, жөөттөргө окшогон башкалары ага каапырлык кылышты. Ошол сыяктуу кээ бир топтор “ал кудай” дешти. Башкалары болсо ал “кудайдын баласы” дешти. Аллах бул нерселерден аруу! Улуу кыямат күнүндө күбөлөр болгондо ал тууралуу талашып тартышкандарга азап болсун! Анткени ал күндө ар кандай көрүнүштөр, сурак жана жаза болот.
Ərəbcə təfsirlər:
أَسۡمِعۡ بِهِمۡ وَأَبۡصِرۡ يَوۡمَ يَأۡتُونَنَا لَٰكِنِ ٱلظَّٰلِمُونَ ٱلۡيَوۡمَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Ал күндө алар даана көрүшөт жана даана угушат. Ал кезде угушса дагы укканы пайда бербейт, көрүшсө дагы көргөнү пайда бербейт. Бирок залимдер бул дүйнөдө туура жолдон анык эле адашууда. Аларга акырет капыстан келгенге чейин зулумдук кылганын токтотмок турсун, эч даярдык көрүшпөйт.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• في أمر مريم بالسكوت عن الكلام دليل على فضيلة الصمت في بعض المواطن .
Мариямдын эч сүйлөбөстөн унчукпай койгону – кээ бир жерлерде унчукпай коюунун артык экендигинин далили.

• نذر الصمت كان جائزًا في شرع من قبلنا، أما في شرعنا فقد دلت السنة على منعه.
Сүйлөбөй коюуну назири кылуу мурдаг шарияттарда уруксат болгон, биздин шариятыбызда андайга тыюу салынган.

• أن ما أخبر به القرآن عن كيفية خلق عيسى هو الحق القاطع الذي لا شك فيه، وكل ما عداه من تقولات باطل لا يليق بالرسل.
Иса пайгамбардын жаралышы тууралуу Куранда айтылган сөздөр эч бир шек-күмөнү жок айкын чындык. Ал эми андан башка айтылган сөздөрдүн баарысы жалган. Ал сөздөр пайгамбарларга ылайык келбейт.

• في الدنيا يكون الكافر أصم وأعمى عن الحق، ولكنه سيبصر ويسمع في الآخرة إذا رأى العذاب، ولن ينفعه ذلك.
Каапыр адам бул дүйнөдө акыйкатка карата дүлөй жана сокур. Ал эми акыретте азапты көргөндө угуп-көрүп калат. Бирок мунун эч кандай пайдасы тийбейт.

وَأَنذِرۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡحَسۡرَةِ إِذۡ قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ وَهُمۡ فِي غَفۡلَةٖ وَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
Оо, пайгамбар! Адамдарга өкүнүч күндү эскерт! Пенделердин китептери ачылып, сурак берип бүткөндө жана ар бир адам кылган ишинин акыбетин көргөндө жамандык кылган адам кылган күнөөлөрүнө өкүнөт, жакшылык кылган адам көп ибадат кылбай калганына өкүнөт. Алар бул жашоодо дүйнөгө азгырылып, акыретке жеңил карап жана кыямат күнүнө ыйман келтиришкен эмес эле.
Ərəbcə təfsirlər:
إِنَّا نَحۡنُ نَرِثُ ٱلۡأَرۡضَ وَمَنۡ عَلَيۡهَا وَإِلَيۡنَا يُرۡجَعُونَ
Чындыгында бүткүл жаратылыш жок болгондон кийин Биз Өзүбүз калабыз, жерди жана жер бетинде алар жок болуп Биз калгандан кийин андагы нерселерди Өзүбүз мураска алабыз. Биз аларга ээликке бергенбиз, аларга Өзүбүз каалагандай иш жүргүзгөнбүз. Эми алар сурак берип жаза-сыйлыгын алыш үчүн Бизге гана кайтат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِبۡرَٰهِيمَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقٗا نَّبِيًّا
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) тууралуу кабарды эстегин. Чындыгында ал өтө чынчыл жана Аллахтын аяттарына анык ишенген Аллах тараптан келген пайгамбар эле.
Ərəbcə təfsirlər:
إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ لِمَ تَعۡبُدُ مَا لَا يَسۡمَعُ وَلَا يُبۡصِرُ وَلَا يُغۡنِي عَنكَ شَيۡـٔٗا
Ал атасы Азарга айтты: «Оо, атаке! Эмнеге Аллахтан башка кудайларга сыйынып жатасыз? Алар сиздин кылган дубаңызды да угушпайт, кылган ибадаттарыңызды да көрүшпөйт, сизди зыяндан коргоп, сизге пайда да келтире алышпайт го?.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَبَتِ إِنِّي قَدۡ جَآءَنِي مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَمۡ يَأۡتِكَ فَٱتَّبِعۡنِيٓ أَهۡدِكَ صِرَٰطٗا سَوِيّٗا
Оо, атаке! Сизге келбеген нерсе мага вахий жолу аркылуу илим болуп келди. Мени ээрчисеңиз сизге туура жолду көргөзөм.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَبَتِ لَا تَعۡبُدِ ٱلشَّيۡطَٰنَۖ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ كَانَ لِلرَّحۡمَٰنِ عَصِيّٗا
Оо, атаке! Шайтанга баш ийип сыйынбаңыз! Чындыгында шайтанды Адамга сажда кыл деп буйруганда, ал Чексиз Ырайымдуу болгон Аллахка каршы чыккан.
Ərəbcə təfsirlər:
يَٰٓأَبَتِ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يَمَسَّكَ عَذَابٞ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيۡطَٰنِ وَلِيّٗا
О, атаке! Эгер каапыр боюнча өлсөңүз, сизге Ырайымдуунун азабы болорунан корком. Анда шайтанды дос кылганыңыз үчүн азапта аны менен бирге болосуз.
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ أَرَاغِبٌ أَنتَ عَنۡ ءَالِهَتِي يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ لَأَرۡجُمَنَّكَۖ وَٱهۡجُرۡنِي مَلِيّٗا
Азар баласы Ибрахимге айтты: «Эй, Ибрахим! Сен мен сыйынган кудайларымдан баш тартып жатасыңбы? Эгерде кудайларымды сөккөнүңдү токтотпосоң, таш менен уруп өлтүрөм. Узак убакка чейин көзүмө көрүнбө, мага эч сүйлөбө, жаныма жакын жолобо!».
Ərəbcə təfsirlər:
قَالَ سَلَٰمٌ عَلَيۡكَۖ سَأَسۡتَغۡفِرُ لَكَ رَبِّيٓۖ إِنَّهُۥ كَانَ بِي حَفِيّٗا
Ибрахим (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) атасына айтты: «Саламатта калыңыз! Мен сизге зыян келтирбейм. Раббимден сиз үчүн кечирим жана туура жол сурайм. Чындыгында Ал мага өтө Мээримдүү.
Ərəbcə təfsirlər:
وَأَعۡتَزِلُكُمۡ وَمَا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَأَدۡعُواْ رَبِّي عَسَىٰٓ أَلَّآ أَكُونَ بِدُعَآءِ رَبِّي شَقِيّٗا
Мен силерди жана силер сыйынып жаткан Аллахтан башка кудайыңарды таштап кетем жана бир гана Раббиме дуба кылам жана Ага эч бир нерсени шерик кылбайм. Эгер Ага дуба кылсам, ал дубамды кабыл кылбай коюп, ал себептүү бактысыз болуп калбаймын деп үмүттөнөм».
Ərəbcə təfsirlər:
فَلَمَّا ٱعۡتَزَلَهُمۡ وَمَا يَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَهَبۡنَا لَهُۥٓ إِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَۖ وَكُلّٗا جَعَلۡنَا نَبِيّٗا
Аларды жана алар сыйынган Аллахтан башка кудайларын таштап кеткенде ал жоготкон үй-бүлөсүнүн ордуна баласы Исхакты жана андан небереси Якубду бердик. Ал экөөнү тең пайгамбар кылдык.
Ərəbcə təfsirlər:
وَوَهَبۡنَا لَهُم مِّن رَّحۡمَتِنَا وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ لِسَانَ صِدۡقٍ عَلِيّٗا
Биз аларга пайгамбарлык менен бирге Өз ырайымыбыздан көптөгөн жакшылыктарды берип, аларга адамдар ар дайым мактоо сөздөрдү айта тургандай кылып койдук.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مُوسَىٰٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ مُخۡلَصٗا وَكَانَ رَسُولٗا نَّبِيّٗا
Оо, пайгамбар! Сага түшкөн Курандагы Муса тууралуу кабарды эсте. Чындыгында ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• لما كان اعتزال إبراهيم لقومه مشتركًا فيه مع سارة، ناسب أن يذكر هبتهما المشتركة وحفيدهما، ثم جاء ذكر إسماعيل مستقلًّا مع أن الله وهبه إياه قبل إسحاق.
Ибрахимдин өз элинен кетүүсү Сара менен биргеликте болгону үчүн бул жерде ал экөөнө берилген бала менен небересин эскерүү жөндүү болду. Андан кийин Аллах аны Исхактан мурун берген болсо дагы Исмаил тууралуу өзүнчө айтылды.

• التأدب واللطف والرفق في محاورة الوالدين واختيار أفضل الأسماء في مناداتهما.
Ата-эне менен сүйлөшкөндө адептүү, мээримдүү жана сылык болуу абзел. Аларды чакырганда эң жакшы ысымдар менен чакыруу.

• المعاصي تمنع العبد من رحمة الله، وتغلق عليه أبوابها، كما أن الطاعة أكبر الأسباب لنيل رحمته.
Күнөөлөр пендени Аллахтын ырайымынан тосот жана ага анын эшиктерин жабат. Ошол сыяктуу эле Аллахка баш ийүү Анын ырайымына жетүүнүн эң чоң себептеринен болуп саналат.

• وعد الله كل محسن أن ينشر له ثناءً صادقًا بحسب إحسانه، وإبراهيم عليه السلام وذريته من أئمة المحسنين.
Аллах жакшылык кылган ар бир адамга анын жакшылыгына жараша ал тууралуу чын дилден мактоо сөздөрү айтыларын убада кылды. Ибрахим жана анын урпактары жакшылык кылуучулардын үлгүлүү башчыларынан.

وَنَٰدَيۡنَٰهُ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ ٱلۡأَيۡمَنِ وَقَرَّبۡنَٰهُ نَجِيّٗا
Биз Муса турган жерден алганда тоонун оң тарабынан аны чакырдык. Аллах ага сөзүн угузуш үчүн акырын үн менен чакырып аны Өзүнө жакындатты.
Ərəbcə təfsirlər:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥ مِن رَّحۡمَتِنَآ أَخَاهُ هَٰرُونَ نَبِيّٗا
Муса өз Раббисинен дуба кылып сурагандыгы үчүн Биз ага Өз ырайымыбыз жана жакшылыгыбыз менен жооп катары бир тууганы Харунду пайгамбар кылып бердик.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِسۡمَٰعِيلَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صَادِقَ ٱلۡوَعۡدِ وَكَانَ رَسُولٗا نَّبِيّٗا
Эй, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Исмаилдин (ага Аллахтын саламаттыгы, тынчтыгы болсун) кабарын эсте. Чындыгында ал убадасына бекем, кандай гана убада бербесин, аны сөзсүз аткарган элчи-пайгамбар эле.
Ərəbcə təfsirlər:
وَكَانَ يَأۡمُرُ أَهۡلَهُۥ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ وَكَانَ عِندَ رَبِّهِۦ مَرۡضِيّٗا
Ал өз элине намаз окууну жана зекет берүүнү буйруган. Ал өз Раббисинин ыраазылыгына ээ болгон.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِدۡرِيسَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقٗا نَّبِيّٗا
Оо, пайгамбар! Сага түшүрүлгөн Курандагы Идристин кабарын эстегин. Чындыгында ал аябай чынчыл жана Раббисинин аяттарын тастыктаган Аллахтын пайгамбарларынан эле.
Ərəbcə təfsirlər:
وَرَفَعۡنَٰهُ مَكَانًا عَلِيًّا
Биз ага пайгамбарчылык берген себептүү анын кадырын көтөрдүк. Анын даражасы жогору болду.
Ərəbcə təfsirlər:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِن ذُرِّيَّةِ ءَادَمَ وَمِمَّنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوحٖ وَمِن ذُرِّيَّةِ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡرَٰٓءِيلَ وَمِمَّنۡ هَدَيۡنَا وَٱجۡتَبَيۡنَآۚ إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُ ٱلرَّحۡمَٰنِ خَرُّواْۤ سُجَّدٗاۤ وَبُكِيّٗا۩
Бул сүрөөдө эскерилген пайгамбарлар Закариядан баштап, Идрис пайгамбар менен аяктайт. Аллах Адам атанын урпактарынын кээ бирине жана Нух пайгамбар менен кемеге түшкөн адамдардын урпактарынын айрымдарына, ошондой эле Ибрахим менен Якубдун урпактарынын кээ бирине пайгамбарлыкты жакшылык кылып берди. Биз алардын кээ бирлерин туура жолго багыттап, Исламга киргиздик. Биз алардан адамдарды тандап, пайгамбар кылдык. Алар Аллахтын аяттары окулганын укканда, Аллахтан коркуп ыйлаган абалда сажда кылышат.
Ərəbcə təfsirlər:
۞ فَخَلَفَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ خَلۡفٌ أَضَاعُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّبَعُواْ ٱلشَّهَوَٰتِۖ فَسَوۡفَ يَلۡقَوۡنَ غَيًّا
Бул тандалган пайгамбарлардан кийин жамандыкты ээрчиген жана туура жолдон адаштырган адамдар келген. Алар намазды Аллах талап кылгандай аткарбай калышты, зына жана башка напсилери каалаган күнөө иштерди кылгандыктан, алар жакында жамандыкка жана өкүнүчкө дуушар кылуучу тозокто болушат.
Ərəbcə təfsirlər:
إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا
Ал эми ким кылган кемчилиги жана кош көңүлдүк кылгандыгы үчүн тообо кылып Аллахка ыйман келтирип, жакшы иштерди жасап, ушул сыпаттар менен сыпатталса, анда алар бейишке кирет. Алардын кичинеби, чоңбу жакшылык иштеринин соопторунан эч нерсеси кемибейт.
Ərəbcə təfsirlər:
جَنَّٰتِ عَدۡنٍ ٱلَّتِي وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ عِبَادَهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ إِنَّهُۥ كَانَ وَعۡدُهُۥ مَأۡتِيّٗا
Ырайымдуу Аллах ыймандуу пенделерин түбөлүк кала турган бейиштерге киргизем деп кайыптан убада кылды. Алар аны көрбөсө дагы ага ыйман келтиришти. Аллахтын бейиш тууралуу убадасы кайып болсо дагы сөзсүз келет.
Ərəbcə təfsirlər:
لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوًا إِلَّا سَلَٰمٗاۖ وَلَهُمۡ رِزۡقُهُمۡ فِيهَا بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا
Алар ал жактан ашыкча жана бузуку сөздөрдү угушпайт. Тескерисинче, бири-бирине берген саламды жана периштелердин аларга айткан саламдарын гана угушат. Ал жайда алар каалаган тамак-аш эртели-кеч даяр турат.
Ərəbcə təfsirlər:
تِلۡكَ ٱلۡجَنَّةُ ٱلَّتِي نُورِثُ مِنۡ عِبَادِنَا مَن كَانَ تَقِيّٗا
Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон бейишти буйруктарга баш ийген жана тыюуларды таштаган пенделерибизге мурас кылып беребиз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمۡرِ رَبِّكَۖ لَهُۥ مَا بَيۡنَ أَيۡدِينَا وَمَا خَلۡفَنَا وَمَا بَيۡنَ ذَٰلِكَۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيّٗا
Оо, Жебрейил! Мухаммадга айт: «Чындыгында периштелер өз билемдиги менен түшпөйт. Алар Аллахтын буйругу менен гана түшүшөт. Биз келечекте көрө турган акырет иштери, артта калтырган дүйнө иштери жана акырет менен дүйнөнүн ортосундагы иштер Аллахка гана таандык. Эй, пайгамбар! Раббиң эч бир нерсени унутпайт».
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• حاجة الداعية دومًا إلى أنصار يساعدونه في دعوته.
Ыйманга чакыруучу адам дайым ага жардам берген колдоочуларга муктаж.

• إثبات صفة الكلام لله تعالى.
Аллах таала сүйлөө сыпатына ээ экендигин билебиз.

• صدق الوعد محمود، وهو من خلق النبيين والمرسلين، وضده وهو الخُلْف مذموم.
Убадага чынчыл болуу мактоого арзыган жана пайгамбарлар менен элчилердин сыпаттарынан. Ал эми анын карама-каршысы айткан убаданы аткарбоо — бул жаман сыпаттардан.

• إن الملائكة رسل الله بالوحي لا تنزل على أحد من الأنبياء والرسل من البشر إلا بأمر الله.
Чындыгында периштелер вахий-кабар менен түшкөн Аллахтын элчилери. Алар кайсы пайгамбарга же элчиге түшсө, Аллахтын гана буйругу менен түшөт.

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا فَٱعۡبُدۡهُ وَٱصۡطَبِرۡ لِعِبَٰدَتِهِۦۚ هَلۡ تَعۡلَمُ لَهُۥ سَمِيّٗا
Ал асмандар менен жердин Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Жана экөөсүнүн ортосундагылардын Жаратуучусу, Падышасы жана Башкаруучусу. Андыктан Ага гана сыйын! Ал Өзү гана сыйынууга татыктуу. Ага ибадат кылууда бекем тур! Сыйынууда шерик боло тургандай Ага теңдеш жок.
Ərəbcə təfsirlər:
وَيَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوۡفَ أُخۡرَجُ حَيًّا
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган каапыр адам шылдың кылып: «Эгер мен өлсөм, кийин экинчи жолу да кайра тирилип кабырдан чыгат бекенмин?!» — деп айтат.
Ərəbcə təfsirlər:
أَوَلَا يَذۡكُرُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ يَكُ شَيۡـٔٗا
Кайра тирилүүнү жокко чыгарган ошол адам ойлонбойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес болгон кезинде жаратканбыз го?! Ал абалкы жаратууну экинчи жаратууга далил кылып жатат. Бирок Аллах үчүн экинчи жаратуу жеңил жана оңой.
Ərəbcə təfsirlər:
فَوَرَبِّكَ لَنَحۡشُرَنَّهُمۡ وَٱلشَّيَٰطِينَ ثُمَّ لَنُحۡضِرَنَّهُمۡ حَوۡلَ جَهَنَّمَ جِثِيّٗا
Оо, пайгамбар! Раббиңе ант, Биз аларды адаштырган шайтандары менен кошо кабырларынан сөзсүз чыгарып, сурак майданына чогултабыз. Андан соң аларды кордолгон, чөгөлөгөн абалда тозоктун эшиктерине айдап барабыз.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمۡ أَشَدُّ عَلَى ٱلرَّحۡمَٰنِ عِتِيّٗا
Андан соң адашкан ар бир топтун арасынан баш ийбей аша чапкан башчыларын катуулук менен күчкө салып сууруп чыгабыз.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ لَنَحۡنُ أَعۡلَمُ بِٱلَّذِينَ هُمۡ أَوۡلَىٰ بِهَا صِلِيّٗا
Анан Биз алардын кимиси тозокко кирүүгө жана анын ысыгынын азабына канчалык татыктуу экендигин жакшы билебиз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِن مِّنكُمۡ إِلَّا وَارِدُهَاۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتۡمٗا مَّقۡضِيّٗا
Эй, адамдар! Силердин ар бириңер сөзсүз түрдө тозоктун үстүнө курулган Сырат көпүрөсү аркылуу өтөсүңөр. Бул өтүүңөр Аллах өкүм кылган кескин өкүм. Анын өкүмүн эч ким жокко чыгара албайт.
Ərəbcə təfsirlər:
ثُمَّ نُنَجِّي ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّنَذَرُ ٱلظَّٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيّٗا
Андан соң Биз Сыраттан өтөөрдө Раббисинин буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап, Андан корккондорду куткарып, ал эми залимдерди чөгөлөгөн абалда калтырабыз. Алар андан эч кайда кача алышпайт.
Ərəbcə təfsirlər:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَيُّ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ خَيۡرٞ مَّقَامٗا وَأَحۡسَنُ نَدِيّٗا
Биздин элчибизге түшкөн ачык-айкын аяттарыбыз адамдарга окулганда каапырлар мусулмандарга: «Кимибиздин жашаган, отурган, чогулган жайы жана жамааты жакшыраак? Силердикиби же биздикиби?» – деп айтышат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَحۡسَنُ أَثَٰثٗا وَرِءۡيٗا
Байлыктарынын көптүгүнө чиренип жаткан бул каапырлардан мурда булардан да байыраак, кийимдеринин кымбаттыгы жана дене-мүчөлөрүнүн сымбаттыгы жактан булардан да мыкты болгон канчалаган коомдорду кыйратып жок кылганбыз.
Ərəbcə təfsirlər:
قُلۡ مَن كَانَ فِي ٱلضَّلَٰلَةِ فَلۡيَمۡدُدۡ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ مَدًّاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ إِمَّا ٱلۡعَذَابَ وَإِمَّا ٱلسَّاعَةَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ هُوَ شَرّٞ مَّكَانٗا وَأَضۡعَفُ جُندٗا
Оо, пайгамбар! Айткын: «Кимде-ким адашып, темселеп жүрсө, анын адашуусу дагы күч алыш үчүн Ырайымдуу Аллах аны тим коёт. Качан алар убада кылынган азаптын бул дүйнөдө эрте келгенин же кыяматта кечигип келгенин көрүшкөндө гана алар тараптынбы же мусулмандар тараптынбы кимисинин даражасы төмөнүрөөк, колдоочусу азыраак экенин билишет».
Ərəbcə təfsirlər:
وَيَزِيدُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ هُدٗىۗ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٞ مَّرَدًّا
Аллах залимдерди күч алган адашууга таштаган болсо, ал эми ыйман келтирип туура жолго түшкөндөрдүн ыйманын, ибадатын көбөйтөт. Оо, пайгамбар! Түбөлүк бакытка жеткирген жакшылык иштер – сыйлык жана натыйжа жактан Аллахтын алдында пайдалуураак.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• على المؤمنين الاشتغال بما أمروا به والاستمرار عليه في حدود المستطاع.
Мусулмандар өздөрүнө буйрулган иштер менен алек болуусу жана аларды колунан келишинче үзбөй аткаруусу милдет.

• وُرُود جميع الخلائق على النار - أي: المرور على الصراط، لا الدخول في النار - أمر واقع لا محالة.
Бардык инсандар тозоктун үстүнөн келишет, тагыраак айтканда, тозоктун ичине эмес, Сырат көпүрөсүнүн үстүнөн өтүү үчүн келишет. Бул эч күмөнсүз боло турган иш.

• أن معايير الدين ومفاهيمه الصحيحة تختلف عن تصورات الجهلة والعوام.
Диний туура ченемдер жана түшүнүктөр наадандардын жана илимсиз адамдардын түшүнүктөрүнөн айырмаланып турат.

• من كان غارقًا في الضلالة متأصلًا في الكفر يتركه الله في طغيان جهله وكفره، حتى يطول اغتراره، فيكون ذلك أشد لعقابه.
Кимде-ким адашууга батып, каапырлыкка сүңгүп кирип кетсе, анда Аллах аны каапырлыгында жана наадандыгында аша чаптырып таштап коёт. Ошентип анын азгырылуусу узакка созулуп, катаал жазага туш кылат.

• يثبّت الله المؤمنين على الهدى، ويزيدهم توفيقًا ونصرة، وينزل من الآيات ما يكون سببًا لزيادة اليقين مجازاةً لهم.
Аллах ыймандууларды туура жолдо бекем кылат, аларды көп ийгиликке жеткирет жана колдойт, ошондой эле аларга сыйлык катары ишенимдери күч алыш үчүн аяттарды түшүрөт.

أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي كَفَرَ بِـَٔايَٰتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالٗا وَوَلَدًا
Оо, пайгамбар! Биздин далилдерибизге каапырлык кылып жана аларга азап болуусуна берген убадабызды четке кагып: “Эгерде мен өлүп кайра тирилсем, анда мага сөзсүз көптөгөн байлык жана бала-чака берилет” деп жаткан адамды көрбөйсүңбү?!
Ərəbcə təfsirlər:
أَطَّلَعَ ٱلۡغَيۡبَ أَمِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحۡمَٰنِ عَهۡدٗا
Эмне, ал сөзүн далил менен айткандай кайыпты билип алыптырбы?! Же Аллахтын алдында аны сөзсүз бейишке киргизет жана ага сөзсүз байлык, бала-чака берет деген келишими бар бекен?!
Ərəbcə təfsirlər:
كَلَّاۚ سَنَكۡتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُۥ مِنَ ٱلۡعَذَابِ مَدّٗا
Ал ойлогондой эмес! Биз анын айткандарын жана кылгандарын жазып коёбуз. Жана жалган айткандыгы үчүн катуу азап тарттырабыз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَنَرِثُهُۥ مَا يَقُولُ وَيَأۡتِينَا فَرۡدٗا
Биз аны жок кылгандан кийин анын байлыгы жана бала-чакасы Бизге мурас болот. Кыямат күнү алар бизге жалгыз мурда жыргап пайдаланган байлыгы жана бийлиги тартылып алынган абалда келишет.
Ərəbcə təfsirlər:
وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةٗ لِّيَكُونُواْ لَهُمۡ عِزّٗا
Мушриктер өздөрүнө жардамчы жана колдоочу болот деп Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышты.
Ərəbcə təfsirlər:
كَلَّاۚ سَيَكۡفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمۡ وَيَكُونُونَ عَلَيۡهِمۡ ضِدًّا
Алар ойлогондой болбойт! Алар Аллахтан башка сыйынып жаткан кудайлары кыямат күнү алардын сыйынгандарын четке кагышат, алардан баш тартышат жана аларга душман болушат.
Ərəbcə təfsirlər:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّآ أَرۡسَلۡنَا ٱلشَّيَٰطِينَ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ تَؤُزُّهُمۡ أَزّٗا
Оо, пайгамбар! Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз шайтандарды жиберип, аларды каапырлардын үстүнөн башкартып койдук. Аларды күнөө кылууга жана Аллахтын дининен тосууга козутушат.
Ərəbcə təfsirlər:
فَلَا تَعۡجَلۡ عَلَيۡهِمۡۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمۡ عَدّٗا
Оо, пайгамбар! Аллахтан аларды тезирээк кыйратуусун сурап шаштырба! Чындыгында Биз алардын өмүрүн тактык менен эсептеп койдук. Качан аларга берилген убакыт бүткөндө татыктуу жазасын беребиз.
Ərəbcə təfsirlər:
يَوۡمَ نَحۡشُرُ ٱلۡمُتَّقِينَ إِلَى ٱلرَّحۡمَٰنِ وَفۡدٗا
О, пайгамбар! Кыямат күндү эсте, ал күндө Раббисинин буйругун аткарган, тыюусунан тыйылган такыбаларды ызат-сыйдын үстүнө чогултабыз.
Ərəbcə təfsirlər:
وَنَسُوقُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرۡدٗا
Каапырларды болсо чаңкаган абалда тозокко алып барабыз.
Ərəbcə təfsirlər:
لَّا يَمۡلِكُونَ ٱلشَّفَٰعَةَ إِلَّا مَنِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحۡمَٰنِ عَهۡدٗا
Ал каапырлар бири-бирине шапаат кыла алышпайт. Бул дүйнөдө Аллахка жана пайгамбарларга ыйман келтирип Анын алдында убада алгандар гана шапаат кыла алышат.
Ərəbcə təfsirlər:
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗا
Жөөттөр, христиандар жана кээ бир мушриктер: «Ырайымдуу Аллахтын баласы бар» – дешти.
Ərəbcə təfsirlər:
لَّقَدۡ جِئۡتُمۡ شَيۡـًٔا إِدّٗا
Эй, ушул сөздү айтып жаткандар! Силер өтө коркунучтуу нерсени айттыңар.
Ərəbcə təfsirlər:
تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرۡنَ مِنۡهُ وَتَنشَقُّ ٱلۡأَرۡضُ وَتَخِرُّ ٱلۡجِبَالُ هَدًّا
Бул коркунучтуу сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор кулап бытырап кетчүдөй болуп турат.
Ərəbcə təfsirlər:
أَن دَعَوۡاْ لِلرَّحۡمَٰنِ وَلَدٗا
Мына ушунун баарысы алар «Ырайымдуунун баласы бар» дегендери үчүн! Аллах бул нерседен аруу жана жогору.
Ərəbcə təfsirlər:
وَمَا يَنۢبَغِي لِلرَّحۡمَٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا
Ырайымдуу Аллах бул нерседен аруу болгону үчүн Анын бала асыроосу туура эмес!
Ərəbcə təfsirlər:
إِن كُلُّ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ إِلَّآ ءَاتِي ٱلرَّحۡمَٰنِ عَبۡدٗا
Чынында, асмандардагы бардык периштелер, адамдар жана жиндер кыямат күнү Раббисине моюн сунуп келишет
Ərəbcə təfsirlər:
لَّقَدۡ أَحۡصَىٰهُمۡ وَعَدَّهُمۡ عَدّٗا
Аллах аларды толук билет жана алардын так эсебин алган. Алардын эч бир нерсеси Ага жашыруун эмес.
Ərəbcə təfsirlər:
وَكُلُّهُمۡ ءَاتِيهِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَرۡدًا
Алардын ар бири кыямат күнү эч бир колдоочусу жок, байлыгы жок жалгыз келет.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• تدل الآيات على سخف الكافر وسَذَاجة تفكيره، وتَمَنِّيه الأماني المعسولة، وهو سيجد نقيضها تمامًا في عالم الآخرة.
Бул аяттар каапыр адамдын кем акылдыгын, ойлорунун тайкылыгын жана курулай кыялдарга ээрчигендигин билдирет. Ал акыретте мунун карама-каршысына туш болот.

• سلَّط الله الشياطين على الكافرين بالإغواء والإغراء بالشر، والإخراج من الطاعة إلى المعصية.
Аллах каапырларды шайтандарга башкартып койду. Шайтандар аларды жамандыкка жана Аллахка баш ийбей каршы чыгууга азгырат.

• أهل الفضل والعلم والصلاح يشفعون بإذن الله يوم القيامة.
Ардак, илим жана жакшылык ээлери кыямат күнү Аллахтын уруксаты менен шапаат кылышат.

إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَيَجۡعَلُ لَهُمُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وُدّٗا
Чындыгында Аллахка ыйман келтирип жана Ал ыраазы болгон жакшы иштерди жасагандар үчүн Өзүнүн жана пенделердин аларга болгон сүйүүсүн жаратат.
Ərəbcə təfsirlər:
فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ ٱلۡمُتَّقِينَ وَتُنذِرَ بِهِۦ قَوۡمٗا لُّدّٗا
Оо, пайгамбар! Чындыгында Биз бул Куранды тилиңе жеңил кылдык. Аны буйруктарды аткарган, тыюуларды таштаган такыбаларга куш кабар беришиң үчүн жана акыйкатка моюн сунбай текеберлик кылгандарды, аша чаап душмандык кылган адамдарды коркутуп-эскертүүң үчүн түшүрдүк.
Ərəbcə təfsirlər:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هَلۡ تُحِسُّ مِنۡهُم مِّنۡ أَحَدٍ أَوۡ تَسۡمَعُ لَهُمۡ رِكۡزَۢا
Биз сенин коомуңдан мурун нечендеген коомдорду кыйратып жок кылганбыз. Сен бүгүн ал коомдордун бирөөсүн болсо да сездиңби?! Же алардын шыбыр эткен үндөрүн уктуңбу?! Аллах каалаган учурда алардын башына түшкөн нерсе башкалардын да башына түшүшү мүмкүн.
Ərəbcə təfsirlər:
Bu səhifədə olan ayələrdən faydalar:
• ليس إنزال القرآن العظيم لإتعاب النفس في العبادة، وإذاقتها المشقة الفادحة، وإنما هو كتاب تذكرة ينتفع به الذين يخشون ربهم.
Ыйык Куран ибадат кылууда жанды кыйнаш үчүн же ага ашыкча машакаттарды жаратыш үчүн түшкөн эмес. Чындыгында ал Раббисинен корккондор пайда алган эскертме Китеп.

• قَرَن الله بين الخلق والأمر، فكما أن الخلق لا يخرج عن الحكمة؛ فكذلك لا يأمر ولا ينهى إلا بما هو عدل وحكمة.
Аллах жаратуу менен буйрук берүүнү бирге айтты. Жаратуу даанышмандык чегинен чыкпаган сыяктуу эле Аллах эмнеге буйрубасын же эмнеден тыйбасын, ошол нерсе да адилеттик жана даанышмандык болуп эсептелет.

• على الزوج واجب الإنفاق على الأهل (المرأة) من غذاء وكساء ومسكن ووسائل تدفئة وقت البرد.
Күйөө үчүн аялын тамак-аш, кийим-кечек, турак-жай жана суукта жылытуу менен аны камсыздоо парз болуп саналат.

 
Mənaların tərcüməsi Surə: Məryəm
Surələrin mündəricatı Səhifənin rəqəmi
 
Qurani Kərimin mənaca tərcüməsi - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Tərcumənin mündəricatı

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Bağlamaq