কুরআনুল কারীমের অর্থসমূহের অনুবাদ - الترجمة القيرغيزية * - অনুবাদসমূহের সূচী

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

অর্থসমূহের অনুবাদ আয়াত: (38) সূরা: সূরা আল-মায়েদা
وَٱلسَّارِقُ وَٱلسَّارِقَةُ فَٱقۡطَعُوٓاْ أَيۡدِيَهُمَا جَزَآءَۢ بِمَا كَسَبَا نَكَٰلٗا مِّنَ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Уурулук кылган эркек жана аялды кылмышына жараша Аллах тарабынан (белгиленген) азап-жаза болуу үчүн колдорун кескиле! Аллах - Жеңүүчү, Даанышман.[1]
[1] Араб тилинде уурулук “сарика” деп аталат. Бул сөздүн мааниси “коргоого алынган мүлктүн белгилүү бөлүгүн билдирбей алуу”. Демек, коргоого алынбаган мүлктөн алуу Ислам шариятында катуу жаза берилчү уурулук болуп эсептелбейт. Уурулук кылган адам, эркекпи, аялбы, эгер балакат (эрезе) жашына жеткен, акыл-эси ордунда болсо, оң колу билегинен кесип таштоо менен жазаланат. Бирок, төмөндөгүчө шарттарда кол кесилбейт. (Андан башка жеңилирээк жаза колдонулат): 1. Мал-мүлк коргоого алынбаган болсо. 2. Баасы бир динардын төрттөн бир бөлүгүнчө же болбосо он дирхам-тенгеден төмөн болсо. 3. Кадыры жок, арзыбаган буюм болсо. Эгер бир жолу уурулук кылып, сазайын алган адам, эгер адатын дагы кайталаса, сол буту кесилет. Дагы (үчүнчү ирет) кайталаса, ага эки түрдүү жазанын бири колдонулат. Же оң буту анан сол колу кесилет. Же болбосо, өмүр бою (өлгөнгө чейин) түрмөгө өкүм кылынат. Мына ушундай өкүмдөрдү парыз кылган Аллах Тааланын Даанышмандыгын даңктап, даңазаланга арзыйт.
আরবি তাফসীরসমূহ:
 
অর্থসমূহের অনুবাদ আয়াত: (38) সূরা: সূরা আল-মায়েদা
সূরাসমূহের সূচী পৃষ্ঠার নাম্বার
 
কুরআনুল কারীমের অর্থসমূহের অনুবাদ - الترجمة القيرغيزية - অনুবাদসমূহের সূচী

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

বন্ধ