Prijevod značenja časnog Kur'ana - الترجمة القيرغيزية * - Sadržaj prijevodā

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Prijevod značenja Sura: Sura Lukman   Ajet:

Лукман

الٓمٓ
Алиф, Лаам, Миим.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
Tefsiri na arapskom jeziku:
تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡحَكِيمِ
Бул даанышман китептин аяттары.
Tefsiri na arapskom jeziku:
هُدٗى وَرَحۡمَةٗ لِّلۡمُحۡسِنِينَ
Жакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол!
Tefsiri na arapskom jeziku:
ٱلَّذِينَ يُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَيُؤۡتُونَ ٱلزَّكَوٰةَ وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ
Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет.
Tefsiri na arapskom jeziku:
أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ
Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَشۡتَرِي لَهۡوَ ٱلۡحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًاۚ أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ عَذَابٞ مُّهِينٞ
Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү[1] сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!
[1] Маанисиз сөздөр – бул пендени Аллахтын ибадатынан тосо турган кыйбат, ушак сыяктуу сөздөр жана ар кандай көңүл ачуучу нерселер.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا وَلَّىٰ مُسۡتَكۡبِرٗا كَأَن لَّمۡ يَسۡمَعۡهَا كَأَنَّ فِيٓ أُذُنَيۡهِ وَقۡرٗاۖ فَبَشِّرۡهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
Качандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!
Tefsiri na arapskom jeziku:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ جَنَّٰتُ ٱلنَّعِيمِ
Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٗاۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.
Tefsiri na arapskom jeziku:
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيۡرِ عَمَدٖ تَرَوۡنَهَاۖ وَأَلۡقَىٰ فِي ٱلۡأَرۡضِ رَوَٰسِيَ أَن تَمِيدَ بِكُمۡ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٖۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوۡجٖ كَرِيمٍ
(Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.
Tefsiri na arapskom jeziku:
هَٰذَا خَلۡقُ ٱللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ ٱلَّذِينَ مِن دُونِهِۦۚ بَلِ ٱلظَّٰلِمُونَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا لُقۡمَٰنَ ٱلۡحِكۡمَةَ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِلَّهِۚ وَمَن يَشۡكُرۡ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ حَمِيدٞ
Биз акыйкатта Лукманга даанышмандык бердик (жана ага айттык): «Аллахка шүгүр кыл. Ким шүгүр кылса, өзүнүн пайдасына шүгүр кылат. Ал эми, ким (жакшылыктарга) шүгүр кылбаса, Аллах муктаж эмес, мактоого татыктуу.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذۡ قَالَ لُقۡمَٰنُ لِٱبۡنِهِۦ وَهُوَ يَعِظُهُۥ يَٰبُنَيَّ لَا تُشۡرِكۡ بِٱللَّهِۖ إِنَّ ٱلشِّرۡكَ لَظُلۡمٌ عَظِيمٞ
Бир кезде Лукман[1] баласына насаат кылып, (мындай) деди: «Оо, балам Аллахка шерик кошпогун! Чындыгында ширк деген – бул чоң зулум!
[1] Лукман көпчүлүк тафсирчи улумалардын пикири боюнча пайгамбар эмес, даанышмандыгы менен гана атактуу болгон киши. Даанышмандык бул аалымдыктан жогорку даража. Даанышман адам иштердин өтө назик, кылдат сырларын (келечектен башка) билип турат. Иштердин, пейилдердин, сөздөрдүн ордун билет, билгенине дайым амал кылат. Сөзү менен иши бир болот. Аллах Лукманга ушул касиетти (нээматты) берип: «Шүгүр кыл» деп буюрууда. Шүгүр - бул нээмат Ээсине (нээмат бергенге) ыраазычылык билдирүү. Ал эми, Аллахга ыраазычылык билдирүү Анын жалгыз Өзүнө ибадат кылуу менен гана болот.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَوَصَّيۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيۡهِ حَمَلَتۡهُ أُمُّهُۥ وَهۡنًا عَلَىٰ وَهۡنٖ وَفِصَٰلُهُۥ فِي عَامَيۡنِ أَنِ ٱشۡكُرۡ لِي وَلِوَٰلِدَيۡكَ إِلَيَّ ٱلۡمَصِيرُ
«Биз инсанга ата-энесине (жакшылык) кылууну осуят (буйрук) кылдык. Энеси аны машакат үстүнө машакат менен (курсагында) көтөрүп жүрөт. (Төрөлгөн соң) аны (көкүрөктөн) ажыратуу (убактысы) эки жыл. (Оо, инсан!) «Мага жана ата-энеңе шүгүр кыл! Мага гана кайтасыңар!»
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِن جَٰهَدَاكَ عَلَىٰٓ أَن تُشۡرِكَ بِي مَا لَيۡسَ لَكَ بِهِۦ عِلۡمٞ فَلَا تُطِعۡهُمَاۖ وَصَاحِبۡهُمَا فِي ٱلدُّنۡيَا مَعۡرُوفٗاۖ وَٱتَّبِعۡ سَبِيلَ مَنۡ أَنَابَ إِلَيَّۚ ثُمَّ إِلَيَّ مَرۡجِعُكُمۡ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
«(Оо, инсан!) Эгер сенин ата-энең сени өзүң билбеген нерселерди мага ширк келтирүүгө мажбурласа, аларга моюн сунбагын! Жана дүйнөдө ал экөөнө жакшы мамиледе бол! Мага тообо кылып, кайткан адамдарды ээрчигин! (Өлгөндөн) кийин Мага кайтасыңар. Анан Мен силерге эмне иш кылганыңардын кабарын билдиремин».
Tefsiri na arapskom jeziku:
يَٰبُنَيَّ إِنَّهَآ إِن تَكُ مِثۡقَالَ حَبَّةٖ مِّنۡ خَرۡدَلٖ فَتَكُن فِي صَخۡرَةٍ أَوۡ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ أَوۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ يَأۡتِ بِهَا ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَطِيفٌ خَبِيرٞ
Оо, уулум! Чынында ал (сен жасаган жакшы же жаман иш) сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (майда) нерсе болуп, чоң аска таштын ичинде (калып калган) же болбосо, асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келе алат. Аллах (абдан) Кылдат, (бардыгынан) Кабардар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
يَٰبُنَيَّ أَقِمِ ٱلصَّلَوٰةَ وَأۡمُرۡ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَٱنۡهَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَٱصۡبِرۡ عَلَىٰ مَآ أَصَابَكَۖ إِنَّ ذَٰلِكَ مِنۡ عَزۡمِ ٱلۡأُمُورِ
Оо, уулум! Намазды (ар дайым) окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен кыйынчылыктарга сабырдуу бол! Чынында бул (сабырдуулук) тырышып, умтулуп аткарылчу иштерден.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَا تُصَعِّرۡ خَدَّكَ لِلنَّاسِ وَلَا تَمۡشِ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَرَحًاۖ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٖ
Адамдардан жүзүңдү бурбагын! Ошондой эле, жер бетинде текеберленип, обочолонуп баспагын! Аллах текебер, мактанчаактардын эч кимисин сүйбөйт!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَٱقۡصِدۡ فِي مَشۡيِكَ وَٱغۡضُضۡ مِن صَوۡتِكَۚ إِنَّ أَنكَرَ ٱلۡأَصۡوَٰتِ لَصَوۡتُ ٱلۡحَمِيرِ
Басканда кичипейилдик менен бас, (сүйлөгөндө) добушуңду көтөрбө! Добуштардын эң жаманы эшектин добушу.
Tefsiri na arapskom jeziku:
أَلَمۡ تَرَوۡاْ أَنَّ ٱللَّهَ سَخَّرَ لَكُم مَّا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ وَأَسۡبَغَ عَلَيۡكُمۡ نِعَمَهُۥ ظَٰهِرَةٗ وَبَاطِنَةٗۗ وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يُجَٰدِلُ فِي ٱللَّهِ بِغَيۡرِ عِلۡمٖ وَلَا هُدٗى وَلَا كِتَٰبٖ مُّنِيرٖ
(О, инсандар!) Көрбөй жатасыңарбы, Аллах силерге асмандардагы жана жердеги нерселерди моюн сундуруп, силерди көрүнгөн-көрүнбөгөн жакшылыктарга бөлөдү?! Адамдардын арасында же илими, же (Аллахтан келген) нурдуу китеби, же (пайгамбар көргөзгөн) туура жолу болбосо да Аллах жөнүндө талашып-тартыша берген кишилер бар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱتَّبِعُواْ مَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ بَلۡ نَتَّبِعُ مَا وَجَدۡنَا عَلَيۡهِ ءَابَآءَنَآۚ أَوَلَوۡ كَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ يَدۡعُوهُمۡ إِلَىٰ عَذَابِ ٱلسَّعِيرِ
Качан (мушриктерге): “Аллах түшүргөн нерсеге (Куран өкүмдөрүнө) ээрчигиле” - деп айтылса, алар: “Жок, биз ата-бабаларыбызды кайсы жолдун үстүндө тапсак, ошого гана ээрчийбиз” дешет. Шайтан аларды тозок азабына чакырып жатса дагыбы ( ошого да ээрчий беришеби)?!
Tefsiri na arapskom jeziku:
۞ وَمَن يُسۡلِمۡ وَجۡهَهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ وَهُوَ مُحۡسِنٞ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰۗ وَإِلَى ٱللَّهِ عَٰقِبَةُ ٱلۡأُمُورِ
А кимде-ким (Аллахка Аны көрүп тургандай) ибадат кылып, жүзүн (өзүн) Аллахка толук моюн сундура алса анда ал бекем тутканы кармаптыр![1] Иштердин акыбети Аллахка таандык!
[1] Аллахтан келген Жол - Куранды кармагандар гана эки дүйнөлүк азап-тозоктон кутулат. Анткени, бул жол ажырап, тытылып, үзүлүп кетпей турган бекем аркан сыяктуу. Кармаган адам кутулат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَمَن كَفَرَ فَلَا يَحۡزُنكَ كُفۡرُهُۥٓۚ إِلَيۡنَا مَرۡجِعُهُمۡ فَنُنَبِّئُهُم بِمَا عَمِلُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ
(Оо, Мухаммад!) Ким каапыр болсо, анын каапырлыгы сени капа кылбасын. Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан Биз аларга эмне кылгандыгы тууралуу кабар беребиз. Аллах көкүрөктөрдөгү нерселерди Билүүчү.
Tefsiri na arapskom jeziku:
نُمَتِّعُهُمۡ قَلِيلٗا ثُمَّ نَضۡطَرُّهُمۡ إِلَىٰ عَذَابٍ غَلِيظٖ
Биз аларды (бул дүйнөдө) бир аз пайдалантабыз. Кийин (акыретте) катуу азап тартууга мажбур кылабыз.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُۚ قُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِۚ بَلۡ أَكۡثَرُهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ
Эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» дешет. Сен «Аллахка мактоо болсун» дегин.[1] Жок! Бирок алардын көпчүлүгү билишпейт.
[1] Мушриктер «Асмандар менен жерди Аллах жараткан» дегени менен мактоо-ибадатты Аллахтын Өзүнө арнабай, башка кудайларга арнашат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ
Асмандар жана жерде болгон нерсенин бардыгы Аллахтын мүлкү. Чынында, Аллахтын бир Өзү гана Беймуктаж, мактоого (ибадатка) татыктуу.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَوۡ أَنَّمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ مِن شَجَرَةٍ أَقۡلَٰمٞ وَٱلۡبَحۡرُ يَمُدُّهُۥ مِنۢ بَعۡدِهِۦ سَبۡعَةُ أَبۡحُرٖ مَّا نَفِدَتۡ كَلِمَٰتُ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Эгер жер бетиндеги бардык дарактар калемсап болсо жана деңиз (сыя болсо) бул деңиздин артында дагы жети деңиз жардамдашып (сыя болуп) турса да Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт! Чынында, Аллах Кудуреттүү, Даанышман![1]
[1] Аллахтын Өзүн, сөзүн, сыпатын, илимин жазса ааламдагы бардык сыя-деңиздер түгөнөт, бирок, Аллахтын сөздөрү түгөнбөйт!
Tefsiri na arapskom jeziku:
مَّا خَلۡقُكُمۡ وَلَا بَعۡثُكُمۡ إِلَّا كَنَفۡسٖ وَٰحِدَةٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ سَمِيعُۢ بَصِيرٌ
Силердин жаралышыңар жана кайрадан тирилишиңер бир жанды тирилткен сыяктуу эле. Аллах Угуучу, Көрүүчү.
Tefsiri na arapskom jeziku:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِيٓ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى وَأَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٞ
Көрбөй жатасыңбы, Аллах түндү күндүзгө, күндүздү түнгө (кантип) киргизгенин? Күн менен Айды (адамзатка кантип) кызмат кылдырып койгонун? Алардын бардыгы белгиленген мөөнөткө (кыяматка) чейин айланат. Аллах силердин эмне жасаганыңардан Кабардар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ
Анткени, Аллах акыйкат. Ал эми, Андан башка, (мушриктер) дуба кылып сыйынып жаткандары жалган (кудайлар). Жана Аллахтын бир Өзү гана эң Жогору, Улук!
Tefsiri na arapskom jeziku:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّ ٱلۡفُلۡكَ تَجۡرِي فِي ٱلۡبَحۡرِ بِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ لِيُرِيَكُم مِّنۡ ءَايَٰتِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّكُلِّ صَبَّارٖ شَكُورٖ
Деңиздеги кемелер Аллахтын жакшылыктары себептүү сүзүп жүргөнүн көрбөй жатасыңарбы?! Бул силерге Аллахтын белгилерин көргөзүш үчүн. Чынында бул нерседе сабыр кылуучу, шүгүр кылуучу адамдарга чоң белгилер бар!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذَا غَشِيَهُم مَّوۡجٞ كَٱلظُّلَلِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ فَمِنۡهُم مُّقۡتَصِدٞۚ وَمَا يَجۡحَدُ بِـَٔايَٰتِنَآ إِلَّا كُلُّ خَتَّارٖ كَفُورٖ
Качан аларды(н кемелерин) тоодой толкундар ороп калган кезде Аллахтын жалгыз Өзүнө дуба кылышат. Ал эми, (балээден) куткарып кургактыкка чыгарып койсо, алардын (көпчүлүк) бөлүгү Аллахга карабай калышат. Биздин керемет-белгилерибизди кыянатчы, шүгүр кылбаган адамдар гана четке кагышат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمۡ وَٱخۡشَوۡاْ يَوۡمٗا لَّا يَجۡزِي وَالِدٌ عَن وَلَدِهِۦ وَلَا مَوۡلُودٌ هُوَ جَازٍ عَن وَالِدِهِۦ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ وَعۡدَ ٱللَّهِ حَقّٞۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا وَلَا يَغُرَّنَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ
Оо, адамдар! Раббиңерден корккула! Жана атасы баласына, баласы өз атасына эч бир жардам бере албай турган күндөн корккула! (Ал күндүн келишин Аллах убада берген). Аллахтын убадасы – акыйкат! Силерди дүйнө жашоосу(нун убактылуу арам жыргалдары) азгырып койбосун! Силерди азгыруучулар Аллах(тын кечиримдүүлүгү) менен азгырып койбосун![1]
[1] Көпчүлүк адамдарды адамдан, шайтандан жана жиндерден болгон азгыруучулар: «Аллах кечирет. Күнөө ишиңди жасай бер. Азыр жашсың. Ойноп-күлүп ал. Арам-адал деп өзүңдү түйшөлтпө. Карыганда деле тообо кылганга үлгүрөсүң. Бир гана тообо менен бардыгын Аллах кечирип жиберет» - деп азгырат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
إِنَّ ٱللَّهَ عِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِ وَيُنَزِّلُ ٱلۡغَيۡثَ وَيَعۡلَمُ مَا فِي ٱلۡأَرۡحَامِۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسٞ مَّاذَا تَكۡسِبُ غَدٗاۖ وَمَا تَدۡرِي نَفۡسُۢ بِأَيِّ أَرۡضٖ تَمُوتُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرُۢ
Кыямат качан болушун бир Аллах гана билет. Ал (асмандан) жамгыр жаадырат. (Бир Өзү гана) жатындагы түйүлдүктү(н тагдырын) билет. Эч бир жан эртең эмне иш жасаарын биле албайт. Жана эч ким кай жерде (кантип) өлүшүн да биле албайт. Чынында, бир Аллах гана (бардыгын) Билүүчү, (бардыгынан) Кабардар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
 
Prijevod značenja Sura: Sura Lukman
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - الترجمة القيرغيزية - Sadržaj prijevodā

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Zatvaranje