Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov * - Sadržaj prijevodā

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Prijevod značenja Sura: En-Nisa   Ajet:
وَإِنِ ٱمۡرَأَةٌ خَافَتۡ مِنۢ بَعۡلِهَا نُشُوزًا أَوۡ إِعۡرَاضٗا فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَآ أَن يُصۡلِحَا بَيۡنَهُمَا صُلۡحٗاۚ وَٱلصُّلۡحُ خَيۡرٞۗ وَأُحۡضِرَتِ ٱلۡأَنفُسُ ٱلشُّحَّۚ وَإِن تُحۡسِنُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِمَا تَعۡمَلُونَ خَبِيرٗا
Эгер бир аял күйөөсүнүн көңүлсүздүгүнөн жана таштап кетүүсүнөн корксо, эр-аял экөөсү (аялдын демилгеси менен) бир келишимге келүүсүндө күнөө жок. Келишим жакшы нерсе. Жана жүрөктөр кызганычка даяр турат. Эгер жакшылык кылсаңар жана Аллахтан корксоңор, Аллах бардык ишиңерден кабардар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَن تَسۡتَطِيعُوٓاْ أَن تَعۡدِلُواْ بَيۡنَ ٱلنِّسَآءِ وَلَوۡ حَرَصۡتُمۡۖ فَلَا تَمِيلُواْ كُلَّ ٱلۡمَيۡلِ فَتَذَرُوهَا كَٱلۡمُعَلَّقَةِۚ وَإِن تُصۡلِحُواْ وَتَتَّقُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا
(О, эркектер!) Канчалык умтулсаңар да, аялдар арасында адилдик кылууга кудуретиңер жетпейт. Бирок, (жүрөгүңөр умтулганына) берилип албагыла жана (көңүлсүз болгонуңарды) күйөөсү таштап кеткен аял сыяктуу таштап койбогула. Эгер араны оңдосоңор жана такыба болсоңор, Албетте, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِن يَتَفَرَّقَا يُغۡنِ ٱللَّهُ كُلّٗا مِّن سَعَتِهِۦۚ وَكَانَ ٱللَّهُ وَٰسِعًا حَكِيمٗا
Эгер (жубайлар) ажырашып кетчү болсо, Аллах алардын ар бирин Өзүнүн Кеңдиги (пазилети) менен беймуктаж кылат. Аллах артыкчылыгы Кең, Даанышман Зат.[1]
[1] Жогоруда Аллах өз Даанышмандыгы менен үй-бүлөнүн бүтүндүгүн, тынчтыгын кепилдей турган эреже-мыйзамдарды көргөздү. Эрди-катын аларды сактап түтүн булатса го, жакшы. Ал эми бир себеп менен ынтымак бузулуп, эки тарап элдешкис болуп калса, айласыздан ажырашууга туура келет. Ажырашуу - трагедия. Бирок, жашоо токтоп калбайт. Аллахтын ырайым-даргөйү кенен. Анысына да мунусуна да дагы бир жерден бак буюруп, беймуктаж кылып коюуу Ал үчүн оңой эле.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَلَقَدۡ وَصَّيۡنَا ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ وَإِيَّاكُمۡ أَنِ ٱتَّقُواْ ٱللَّهَۚ وَإِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ غَنِيًّا حَمِيدٗا
Асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. (Оо, момундар) Биз силерге да, силерден мурун китеп берилген элдерге да “Аллахтан корккула” деп буюрганбыз. Эгер каапыр болсоңор (билип алгыла), асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү! Аллах Беймуктаж жана Макталган!
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلًا
Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. (Бардыгы Аллахка таянат) жана Аллах жетиштүү Сактоочу.[1]
[1] Аллах, Аллах болгону үчүн ошончолук чексиз, кенен ааламдарды сактап (Вакил) болуп турат. Ал эми бул үчүн чексиз илим, чексиз кудурет, чексиз даанышмандык зарыл. Аллахтан башка эч кимде жана эч бир нерседе мындай сыпаттар табылбайт.
Tefsiri na arapskom jeziku:
إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ أَيُّهَا ٱلنَّاسُ وَيَأۡتِ بِـَٔاخَرِينَۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلَىٰ ذَٰلِكَ قَدِيرٗا
О, адамдар! Эгер кааласа (Аллах) силерди (дүйнөдөн) кетирип, ордуңарга башкаларды алып келет. Аллах буга Кудуреттүү.[1]
[1] Аллахка кулчулук кылбасаңар, кимге кулчулук кыласыңар, эй адамдар?! Эгер Ал кааласа, силерди көз ачып жумгуча жер менен жексен кылып коюуга Кудуреттүү! Бирок, Ал бизге мөөнөт берип атат. Ойлонсун деп, Өзүмө кайтсын деп...
Tefsiri na arapskom jeziku:
مَّن كَانَ يُرِيدُ ثَوَابَ ٱلدُّنۡيَا فَعِندَ ٱللَّهِ ثَوَابُ ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۚ وَكَانَ ٱللَّهُ سَمِيعَۢا بَصِيرٗا
Ким дүйнө сообун кааласа,.. Дүйнөнүн да, Акыреттин да сообу Аллахтын алдында. Аллах Угуучу, Көрүүчү.
Tefsiri na arapskom jeziku:
 
Prijevod značenja Sura: En-Nisa
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod na kirgiski jezik - Šemsudin Hakimov - Sadržaj prijevodā

Preveo Šemsudin Hakimov Abdulhalik, pregledano od strane Prevodilačkog centra Ruvvad.

Zatvaranje