Сага ант берген адамдар, чынында Аллахка ант беришти. Аллахтын Колу[1] алардын колунун үстүндө. Эми, кимде-ким убадасын бузса – ал өзүнүн зыянына бузганы. Жана кимде-ким Аллахка берген убадасын аткарса – ага Аллах тез аранын ичинде улук сооп берет.
[1] «Тафсирул Муяссарда» бул аят: «Оо, пайгамбар! Худайбияда сага кол узатып, сени менен бирге согушууга байат (ант) берген адамдар, чынында Аллахка байат берген сыяктуу. Аллахтын Колу алардын колунун үстүндө, Ал алар менен, алардын сөзүн угат, кайда болушса көрүп турат жана алардын ичи-тышын билип турат...» деп түшүндүрүлгөн.
Жакында сага (согуштан) калып калган бедуиндер «Бизди мал-мүлкүбүз жана үй-бүлөбүз бошотпой койду. Эми биз үчүн (Аллахтан) кечирим сура» - дешет. Алар жүрөгүндө жок нерсени тили менен айтышууда. Аларга айткын: «Эгер Аллах силерге бир зыян жеткирүүнү кааласа Аллахтан ким сактап калат? Же болбосо, (Аллах) силерге бир пайда (келишин) кааласа (аны ким токтото алат)?» Жок! Аллах силердин (бардык) ишиңерден кабардар!
Жок! Силер, Пайгамбар менен момундар эч качан үй-бүлөлөрүнө кайтып келбейт деп ойлогон элеңер. Силердин жүрөгүңөргө ушул нерсе (шайтан тарабынан) кооз көргөзүлгөн жана (натыйжада Аллахка да) жаман күмөн кылып, өлө турган коом болуп калган элеңер.
Асмандардын жана жердин мүлк-падышалыгы Аллахка таандык. Ал каалаган пендесин кечирет жана каалаган пендесин азапка салат. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
Силер олжолор[1] үчүн, аны алып келгени баратканыңарда (согуштан) калып калган адамдар: «Бизди да ээрчитип алгылачы?» – дешет. Алар Аллахтын Сөзүн өзгөртүүнү каалашат.[2] Айткын: «Бизге ээрчибегиле! Аллах мурун да ушундай деген». Анда алар «Жок, силер бизден кызганып жатасыңар» – дешет. Жок! (Андай эмес) алар (Шариятты) өтө аз түшүнүшөт.[3]
[1] Меккеге кире албай, ызага толгон жүрөктөрү менен Мединага кайтканда, Аллах алардын сабырдуулугуна сыйлык иретинде Хайбар деген жердеги яхуди каапырларынын үстүнөн жеңиш берип, көп олжолорго эгедер кылган. [2] Анткени, Аллах «Олжолор – Худайбияда ант бергендер үчүн гана» деп өкүм кылган. [3] Алар: «Эгер согуштан калган болсок, мунун жазасы Акыретте берилет. Эмнеге бизди олжого шерик кылбай жатасыңар» - дешти. Бул алардын шариятты жакшы түшүнбөгөнү. Шариятта күнөөлөр үчүн ушул дүйнөлүк жаза берүү да көргөзүлгөн. Алардын олжодон бейнасип кылынышы алар үчүн жаза эле.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Rezultati pretraživanja:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".