Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Ajet: (60) Sura: En-Nahl
لِلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ مَثَلُ ٱلسَّوۡءِۖ وَلِلَّهِ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ
Акыретке ыйман келтирбеген каапырларга балага болгон муктаждык, наадандык жана каапырлык сыяктуу эң төмөн сыпаттар таандык. Ал эми Аллахка улуулук, кемчилсиздик, беймуктаждык, илим сыяктуу мактоого арзыган бийик сыпаттар таандык. Ал Өз падышалыгында Кудуреттүү, Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт. Ал жаратууда, башкарууда жана өкүм кылууда Даанышман.
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• من جهالات المشركين: نسبة البنات إلى الله تعالى، ونسبة البنين لأنفسهم، وأَنفَتُهم من البنات، وتغيّر وجوههم حزنًا وغمَّا بالبنت، واستخفاء الواحد منهم وتغيبه عن مواجهة القوم من شدّة الحزن وسوء الخزي والعار والحياء الذي يلحقه بسبب البنت.
Мушриктердин наадандыктарынан – Аллахка кыздарды, ал эми өздөрүнө уул балдарды тийиштүү кылганы, кыздуу болууну жек көрүүлөрү, кыздуу болгону үчүн маанайы бузулуп жүздөрү кубаруусу жана кызы себептүү адамдардан уялып, кайгырып, айып көрүп, кордукка кабылгандай элге көрүнбөй жашынып жүрүүсү.

• من سنن الله إمهال الكفار وعدم معاجلتهم بالعقوبة ليترك الفرصة لهم للإيمان والتوبة.
Каапырларга мөөнөт берүү жана аларга ыйман келтирүүгө, тообо кылууга мүмкүнчүлүк бериш үчүн жазаны кечиктирүү – Аллахтын жолдорунан.

• مهمة النبي صلى الله عليه وسلم الكبرى هي تبيان ما جاء في القرآن، وبيان ما اختلف فيه أهل الملل والأهواء من الدين والأحكام، فتقوم الحجة عليهم ببيانه.
Пайгамбардын эң чоң милдети – Курандагы келген нерселерди түшүндүрүү жана башка диндерди жана өз каалоолорун ээрчигендердин дин жана шарият өкүмдөрү тууралуу талашып тартышкандарын баяндоо. Аны баяндаган соң алар кыяматта доомат коё алышпайт.

 
Prijevod značenja Ajet: (60) Sura: En-Nahl
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvaranje