Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Sura: El-Bekara   Ajet:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱلَّذِينَ هَادُواْ وَٱلنَّصَٰرَىٰ وَٱلصَّٰبِـِٔينَ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَلَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ عِندَ رَبِّهِمۡ وَلَا خَوۡفٌ عَلَيۡهِمۡ وَلَا هُمۡ يَحۡزَنُونَ
Чындыгында бул үммөттөн жана Мухаммадга чейинки мурунку коомдордон, жөөттөрдөн, христиандардан, сабийлерден (Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирген кээ бир пайгамбарлардын тобу) ким ыйман келтирсе, алар үчүн Раббисинин алдында сыйлыктар бар, алар акыретте боло турган нерселерден коркушпайт жана дүйнөдө өткөрүп жиберген нерселери үчүн өкүнүшпөйт.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَكُمۡ وَرَفَعۡنَا فَوۡقَكُمُ ٱلطُّورَ خُذُواْ مَآ ءَاتَيۡنَٰكُم بِقُوَّةٖ وَٱذۡكُرُواْ مَا فِيهِ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ
Биз силерден Аллахка жана Анын элчилерине ыйман келтирүү жөнүндө бекем убада алганыбызды эстегиле. Биз силерге түшүргөн Тооратты жалкоолонбостон жана кош көңүл карабастан, олуттуу жана тырышчаактык менен алууңарды буйруп, келишимди аткарууну таштабоо үчүн эскертүү жана коркутуу максатта үстүңөргө тоону көтөрүп койдук. Андагы айтылгандарды жаттагыла жана ал тууралуу ой жүгүрткүлө. Балким ушундай кылуу менен Аллахтын азабынан коркосуңар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
ثُمَّ تَوَلَّيۡتُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَۖ فَلَوۡلَا فَضۡلُ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡ وَرَحۡمَتُهُۥ لَكُنتُم مِّنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Силерден бекем убада алындан кийин жүз буруп жана баш ийбестик кылып кеттиңер. Эгерде Аллах айкөлдүк кылып силерди кечирбегенде жана ырайым кылып тообоңорду кабыл кылбаганда, анда жүз буруу жана баш ийбестик себептүү анык эле жоготууга учурагандардан болмоксуңар.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلَّذِينَ ٱعۡتَدَوۡاْ مِنكُمۡ فِي ٱلسَّبۡتِ فَقُلۡنَا لَهُمۡ كُونُواْ قِرَدَةً خَٰسِـِٔينَ
Силер мурунку ата-бабаларыңардын кабарын шек-күмөнсүз билдиңер. Анткени алар улоого тыюу салынган ишенби күнү чектен чыгышты. Алар мунун айласын таап, жума күнү торлорун сууга таштап, жекшенби күнү алышат эле. Ошондо Аллах аларды айла-амалдарынын жазасы катары таштанды маймылдарга айлантып койду.
Tefsiri na arapskom jeziku:
فَجَعَلۡنَٰهَا نَكَٰلٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهَا وَمَا خَلۡفَهَا وَمَوۡعِظَةٗ لِّلۡمُتَّقِينَ
Ошентип чектен чыккан бул айылды тегерегиндеги айылдарга сабак кылдык жана алардын кылганын кылып жазага татыктуу болбосун деп алардан кийинки келгендерге да сабак кылдык. Ошондой эле аны Аллахтын жазасынан жана Анын чектеринен чыккандарга болгон өч алуусунан корккондор үчүн эскертүү кылдык.
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَإِذۡ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِۦٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَأۡمُرُكُمۡ أَن تَذۡبَحُواْ بَقَرَةٗۖ قَالُوٓاْ أَتَتَّخِذُنَا هُزُوٗاۖ قَالَ أَعُوذُ بِٱللَّهِ أَنۡ أَكُونَ مِنَ ٱلۡجَٰهِلِينَ
Ата-бабаларыңардын Муса менен болгон окуясын эстегиле. Ал аларга Аллах бир уй союуну буйруганын айтканда, алар аны тез аткаруунун ордуна кыйкымчылдык кылып: «Сен бизди шылдыңдап жатасыңбы?» – дешти. Муса: «Аллахка жалаа жаап, адамдарды шылдыңдоодон кудай сактасын» – деди.
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا هِيَۚ قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٞ لَّا فَارِضٞ وَلَا بِكۡرٌ عَوَانُۢ بَيۡنَ ذَٰلِكَۖ فَٱفۡعَلُواْ مَا تُؤۡمَرُونَ
Алар Мусага: «Раббиңден бизге сурап бер, сойгула деп буйрулган уйдун сыпаттарын айтып берсин» – дешти. Ал аларга: «Аллах айтып жатат: «Ал уй картаң да эмес, жаш да эмес, орто жаштагы уй болсун. Раббиңердин буйругун тезинен аткаргыла» – деди.
Tefsiri na arapskom jeziku:
قَالُواْ ٱدۡعُ لَنَا رَبَّكَ يُبَيِّن لَّنَا مَا لَوۡنُهَاۚ قَالَ إِنَّهُۥ يَقُولُ إِنَّهَا بَقَرَةٞ صَفۡرَآءُ فَاقِعٞ لَّوۡنُهَا تَسُرُّ ٱلنَّٰظِرِينَ
Алар талаштарын, кежирликтерин токтотпой Мусага: «Бизге Раббиңден анын түсү кандай экенин сурап бер» – дешти. Муса аларга айтты: «Аллах айтып жатат: «Ал карагандардын баарысын суктандырган сапсары уй».
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• الحُكم المذكور في الآية الأولى لِمَا قبل بعثة النبي صلى الله عليه وسلم، وأما بعد بعثته فإن الدين المَرْضِيَّ عند الله هو الإسلام، لا يقبل غيره، كما قال الله تعالى: ﴿ وَمَنْ يَبْتَغِ غَيْرَ الْإِسْلَامِ دِينًا فَلَنْ يُقْبَلَ مِنْه ﴾ (آل عمران: 85).
Баштапкы аяттагы айтылган өкүм пайгамбардын пайгамбарчылыгына чейин болгон. Ал эми пайгамбарчылыктан кийин Аллах ыраазы болгон дин – Ислам жана андан башкасы кабыл кылынбайт. Аллах таала айткан: «Ким Исламдан башканы дин катары тутунса, анда кабыл кылынбайт». (Аалу Имран, 85-аят)

• قد يُعَجِّلُ الله العقوبة على بعض المعاصي في الدنيا قبل الآخرة؛ لتكون تذكرة يتعظ بها الناس فيحذروا مخالفة أمر الله تعالى.
Аллах адамдар сабак алып, Анын буйругуна каршы чыгуудан сак болуш үчүн акыретке чейин бул дүйнөдө кээ бир күнөөлөрдүн жазасын эртелетиши мүмкүн.

• أنّ من ضيَّق على نفسه وشدّد عليها فيما ورد موسَّعًا في الشريعة، قد يُعاقَبُ بالتشديد عليه.
Ким шарияттагы кеңири келген маселени өзүнө кыйындата берсе, ошол кыйындатканы себептүү жазаланышы мүмкүн.

 
Prijevod značenja Sura: El-Bekara
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvaranje