Check out the new design

Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. * - Sadržaj prijevodā


Prijevod značenja Sura: Alu Imran   Ajet:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِن تُطِيعُواْ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يَرُدُّوكُمۡ عَلَىٰٓ أَعۡقَٰبِكُمۡ فَتَنقَلِبُواْ خَٰسِرِينَ
Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, эгер яхуди, христиан же бутпарас каапырларга баш ийсеңер, ыйманыңардан кийин силерди өздөрүнүн каапырлыгына тартат, анан дүйнө, акыретте өкүнүүчүлөрдөн болосуңар
Tefsiri na arapskom jeziku:
بَلِ ٱللَّهُ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَهُوَ خَيۡرُ ٱلنَّٰصِرِينَ
Ал каапырлар силер аларга баш ийсеңер да жардам бербейт. Ал эми Аллах душманыңарга каршы силерге жардам берүүчү, Ага баш ийгиле, Ал Кемчиликсиз Аллах жардам берүүчүлөрдүн эң жакшысы, Андан кийин эч кимдин жардамына муктаж болбойсуңар
Tefsiri na arapskom jeziku:
سَنُلۡقِي فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلرُّعۡبَ بِمَآ أَشۡرَكُواْ بِٱللَّهِ مَا لَمۡ يُنَزِّلۡ بِهِۦ سُلۡطَٰنٗاۖ وَمَأۡوَىٰهُمُ ٱلنَّارُۖ وَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلظَّٰلِمِينَ
Каалоолорун ээрчип, эч далили жок эле Аллахка башка нерселерди шерик кылып, анан ага сыйынганы үчүн каапырлардын жүрөгүнө катуу коркунуч салабыз. Анан силер менен согушууда туруштук бере албайт. Алардын акырете тура турган жайлары тозок. Зааламдардын жайы болгон тозок кандай жаман
Tefsiri na arapskom jeziku:
وَلَقَدۡ صَدَقَكُمُ ٱللَّهُ وَعۡدَهُۥٓ إِذۡ تَحُسُّونَهُم بِإِذۡنِهِۦۖ حَتَّىٰٓ إِذَا فَشِلۡتُمۡ وَتَنَٰزَعۡتُمۡ فِي ٱلۡأَمۡرِ وَعَصَيۡتُم مِّنۢ بَعۡدِ مَآ أَرَىٰكُم مَّا تُحِبُّونَۚ مِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلدُّنۡيَا وَمِنكُم مَّن يُرِيدُ ٱلۡأٓخِرَةَۚ ثُمَّ صَرَفَكُمۡ عَنۡهُمۡ لِيَبۡتَلِيَكُمۡۖ وَلَقَدۡ عَفَا عَنكُمۡۗ وَٱللَّهُ ذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ
Ухуд күнү Аллахтын уруксаты менен силер каапырларды кырып-жоюп киргениңерде, Аллах Таала силерге жеңиш берем деген убадасынын үстүнөн чыккан болчу. Кийин силер Аллахтын элчиси силерди буйруган иште алсыздык кылып жана ордуңарда калуу же ордуңарды таштап, олжо жыюуга киришүү жөнүндө талаштыңар. Абал кандай өзгөрсө да ээлеген ордуңардан жылбагыла деген Аллахтын элчисине күнөөкөр болдуңар. Бул, силер душманыңарды жеңүүнү каалап турганыңардан кийин болду. Силердин араңардагы дүйнө олжосун каалагандар, ээлеген орундарын таштап коюшту. Ал эми акырет сообун каалагандар, Аллахтын элчисине баш ийип орундарында калышты. Андан кийин Аллах Таала силерди сыноо үчүн аларды силерге үстөм кылып койду. Башына келген балээге алы жетпей, кадамы титиреп чыныгы сабырдуу ыймандуулар ачык болду. Анан Аллах Таала пайгамбардын буйругун аткарбай койгонуңарды кечирди. Аллах Таала ыймандууларга ушундай артыкчылык кылат, аларды ыйманга баштайт, күнөөлөрүн кечирет, кыйынчылыктан чыгарат.
Tefsiri na arapskom jeziku:
۞ إِذۡ تُصۡعِدُونَ وَلَا تَلۡوُۥنَ عَلَىٰٓ أَحَدٖ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ فِيٓ أُخۡرَىٰكُمۡ فَأَثَٰبَكُمۡ غَمَّۢا بِغَمّٖ لِّكَيۡلَا تَحۡزَنُواْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا مَآ أَصَٰبَكُمۡۗ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ
Оо, ыймандуулар, эстегиле, Ухуд күнү согушка чыкканыңарда, Аллахтын элчиси айткан ишти кылбай кыйынчылыкка кабылып, бири-бириңе карабай качып жөнөгөнүңөрдө, Аллахтын элчиси силердин артыңарда силер менен бутпарастардын ортосунда калып, силерге: эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла! Эй, Аллахтын кулдары! Мага кайткыла деп кыйкырып жатты. Жеңишти жана олжону өзүңөр колдон чыгарып алганынар үчүн Аллах ушинтип ыза, кыйынчылык менен жазалады. Ал аз келгенсип, араңарда пайгамбар өлтүрүлдү деген кеп тарады. Бул силер жанагы колдон чыгарган жеңиш менен олжого жана өлгөндөр менен жараткаттангандарга өкүнбөшүңөр үчүн болду. Качан Аллахтын элчиси тирүү экенин укканыңарда кайгы-капа, өкүнүчтүн баары унутулду. Аллах Таала силердин кылган ишиңерден кабардар. Жүрөктөгү ниеттер да, сырткы иш-аракеттер да Аллахка жашыруун калбайт
Tefsiri na arapskom jeziku:
Poruke i pouke ajeta na ovoj stranici:
• التحذير من طاعة الكفار والسير في أهوائهم، فعاقبة ذلك الخسران في الدنيا والآخرة.
Каапырларга баш ийүүгө жана алардын каалоо-тилектерине ортоктош болууга болбойт. мындай кылгандардын акыбети бул дүйнөдө да, акыретте да өкүнүч

• إلقاء الرعب في قلوب أعداء الله صورةٌ من صور نصر الله لأوليائه المؤمنين.
Аллахтын душмандарынын жүрөгүнө киргизилген чочулоо, Аллахтын момун досторуна берилген жеңиш

• من أعظم أسباب الهزيمة في المعركة التعلق بالدنيا والطمع في مغانمها، ومخالفة أمر قائد الجيش.
Казатта жеңилип калуунун негизги себеби, дүнүйөгө берилип олжого чуркоо жана аскер башчынын буйругуна баш ийбөө

• من دلائل فضل الصحابة أن الله يعقب بالمغفرة بعد ذكر خطئهم.
Сахабалдын артыкчылыгы жана өзгөчөлүгү, Аллах Таала алардын катасын эскерткенден кийин күнөөлөрүн кечиргендигинде

 
Prijevod značenja Sura: Alu Imran
Indeks sura Broj stranice
 
Prijevod značenja časnog Kur'ana - Prijevod djela "Skraćeni tefsir Kur'ana" na kirgiski jezik. - Sadržaj prijevodā

Izdavač: centar za kur'anske studije "Tefsir".

Zatvaranje